19 мая, 2024

Эгемен элдин эгемендиги тʏбɵлʏк болсун!

Кыргызстанды, ɵлкɵнʏн эгемендигин даңктаган ырлардын ичинен экинчи гимн аталып жʏргɵн “Кыргыз жери” жана уккан кишини толкунданткан “Алга, Кыргызстан” ырлары жɵнʏндɵ маалымат жыйнадык. Эгемен элдин эгемендиги тʏбɵлʏк болсун! Элибиз жаркын ɵмʏр кечирсин! Майрамың менен, эгемендʏʏ Кыргызстан!

«Улуусуң кыргыз жери нурдан бʏткɵн,

Сулуусуң кыргыз жери ырдан бʏткɵн”

Сɵзʏ: Т. Байзаковдуку

Обону: А. Жайнаковдуку

Ала тоо ак калпагын кийген кезде,

Аскасы кɵк асманга тийген кезде,

Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,

Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.

Улуусуң кыргыз жери нурдан бʏткɵн,

Сулуусуң кыргыз жери ырдан бʏткɵн.

Ысык-Кɵл –жердин кɵзʏ, кырлар – кашы,

Адырлар – кɵкʏрɵгʏ, токой – чачы,

Дайралар – кан тамыры, чоку – таажы,

Седеби, топчулары – ар бир ташы.

Кең тʏздʏʏ, гʏл денелʏʏ кыргыз жери,

Кʏн жʏздʏʏ, берекелʏʏ кыргыз жери.

Жылдыздар кɵк бетинен ɵчкɵн кезде,

Жарык нур жер жамалын ɵпкɵн кезде,

Кɵл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,

Дил жаркып, таң кʏлкʏсʏн чачкан кезде,

Кɵркʏңɵ кɵрк кошулат кыргыз жери,

Сезилет ата мээри, эне мээри.

Улуусуң кыргыз жери нурдан бʏткɵн,

Сулуусуң кыргыз жери ырдан бʏткɵн.

Акын Тʏмɵнбай Байзаковдун жɵнɵкɵй, бирок терең ыкластан жаралган бул ыры жɵнʏндɵ акын Токтосун Самудинов жазгандай, “Ала тоо ак калпагын кийген кезде, аскасы кɵк асманга тийген кезде” деген саптар музыканын коштоосунда жаңыра баштаганда жʏрɵгʏбʏз бир башкача кубанычтуу сезимдерге балкып, касиеттʏʏ Ала тоонун кулуну экенибизге сыймыктанып кетебиз. Дээрлик 30 жылдан ашуун мезгилден бери кыргыз элинин гимни сыяктуу ырдалып келаткан ырдын текстинин автору Тʏмɵнбай Байзаков, ал эми обонун Апаз Жайнаков жаратып, ырды келиштире, кɵркʏнɵ чыгара аткарган булбул ʏндʏʏ ырчы Саламат Садыкова болду.

“Кыргыз жери” кеминде он беш жыл бою жаңы мамлекет тʏптɵп, анын азабы менен тозогун тартып аткан кыргыз эли ʏчʏн ɵзʏнчɵ эле бир гимн болду. Кудайдын буйругу менен ошол ырдын биринчи бет ачарында дал Тʏмɵнбай Байзаков ɵзʏ да катышып, чекеси нымшып кубанып, филармониянын чоң залында аты зор сыймык менен аталды”-деп эскерген адабиятчы Осмонакун Ибраимов.

Эл артисти Саламат Садыкова:

“Кыргыз жери” ыры менен таңда да, кечте да элдин батасын алып кɵкɵлɵп турдук”

-Мен сɵзгɵ аябай маани берген кишимин. Карасам, Тʏмɵнбай Байзаков адам менен табияттын ортосундагы сулуулукту, керемет картинаны жазып коюптур.  Сɵздɵрʏн карасаңыз “Ысык-Кɵл –  жердин кɵркʏ, кырлар – кашы, адырлар – кɵкʏрɵгʏ, чоку -таажы” дейт. “Эмне деген сʏрɵттɵɵ!” деп таң калганмын. Биринчи 1988-жылы мамлекеттик телеканалда, концертте комуз менен ырдап чыкканмын. Бизде анда цензура кʏчтʏʏ эле. Бул ырды жолотпой, “ырдаба” деген сɵздɵр айтылган. Ал кезде кɵркɵм кеңеште эмнени ырдаарыбызды текшерип туруп анан сахнага чыгарат эле. Бул жерде мактанчаактык эмес, менин дагы чечкиндʏʏлʏгʏм, кɵрɵгɵчтʏгʏмдʏн артынан бул чыгарманын багы ачылып кетти десем болот.  Анан Жумакуловдон: “ушул ырды жасап бериңиз, чоңдор катышкан концертте ырдабасам да, башка концерттерде ырдап жʏрɵйʏн, мага аябай жагып калды” деп сурандым. Жакшы тилек – жарым ырыс дейт. Апаз Жайнаков дагы ушул чыгарманын арты менен “Эл артисти” наамын алды. Бу дʏйнɵдɵн эрте кеткени менен арманы жок кетти.  Сɵɵгʏ таза чыгарманын, эл алкыштап бата берип турган чыгарманын багы ачылат экен. Бата деген укмуш болот экен да. “Кыргыз жери” ыры аркылуу таңда да, кечте да элдин батасын алып кɵкɵлɵп турдук.

“»Беш кʏндʏк ɵмʏрʏмдɵгʏ,

Бейишим менин Кыргызстан!”

Сɵзʏ:  Мырзайым Айтимбетованыкы

 Обону:  Азиз Батыровдуку

Алга, Кыргызстан

 Ала-Тоо ɵлкɵм – Кыргызстан,

Ажайып кɵркɵм Кыргызстан.

Укмуштун баары табылган

Уютку чɵлкɵм Кыргызстан.

Кыргызстан, демим Кыргызстан,

Кылымдык кебим Кыргызстан.

Беш кʏндʏк ɵмʏрʏмдɵгʏ,

Бейишим менин Кыргызстан.

Кайырма:

Кыргызстан, алга, Кыргызстан!

Кыргызстан, жаша Кыргызстан!

Сен гʏлдɵп ɵсɵ бересиң,

Кыз-уулуң барда, Кыргызстан!

Эх, кандай кенен Кыргызстан,

Экинчи энем Кыргызстан.

Туйлаган тулпар уулуңмун,

Туу кармап берем, Кыргызстан.

Кыргызстан, ɵсчʏ, Кыргызстан,

Кыйла алга кɵччʏ, Кыргызстан.

Ак калпак элим байырлап,

Ансайын кɵрктʏʏ Кыргызстан.

Ɵзʏнчɵ дʏйнɵ Кыргызстан,

Кɵрʏнсʏн кɵркʏң жылдыздан.

Кубалап бакыт шаштырсын,

Кут даарып кʏндɵ Кыргызстан.

Кыргызстан, демим Кыргызстан,

Кылымдык кебим Кыргызстан.

Ала-Тоо койнун ээлеген,

Эгемен элим Кыргызстан.

Маданияттын мыкты кызматкери Азиз Батыров:

“Сахнада ырдап атканда толкунданып, кɵзʏмɵ  жаш толуп кетет”

-2018-жылы Казакстанда 25 мамлекет катышкан конкурста 2-орунду алып калдым. Эмнегедир аябай ызаландым. Конкурс жыйынтыкталып, унаага отуруп чек араны кɵздɵй келатабыз. Ичимден “Алга, Кыргызстан!” деп кʏбʏрɵнʏп атам. Кыргызстанды уят кылдым деп кɵзʏмɵ жаш алып ыйлап да алдым. Ошентип “Алга, Кыргызстан” деп келатып 2 сап пайда болду. Обону да келип калды. Кыргызстанга келдим. Тʏнкʏ 12лер чамасы. Акын Мырзайым Айтимбетовага тʏн экенине карабай телефон чалдым. Акын мени тʏшʏндʏ. Мени мендей тʏшʏнʏп, дал мен ойлогондой кылып жазып берген Мырзайымдын кыйындыгы экен да.  Бул ырды биринчи жолу ырдап сахнага чыккандагы сезим кʏчтʏʏ болгон. Андан бери беш жыл ɵттʏ. Ар жолу сахнага чыкканда ошондогудай толкундануу менен кɵзʏмɵ жаш толуп, мекенге болгон сʏйʏʏм ашып ырдайм. Элдин мени сʏрɵп, колдоп атканы, алар да мекенди сʏйгɵнʏ кɵздɵрʏнɵн кɵрʏнʏп турганы мени кубандырат. Ыр аркылуу болсо да мекенге болгон сʏйʏʏсʏн козгой алганым ʏчʏн Жаратканга ыраазы болом. Бардык мамлекеттик иш-чараларда ырдалат, коюлат. Кыргызстанды сагынып жʏргɵн алыстагы мекендештерибиздин сагынычын козгогон чыгарма болду. Ырдоого уруксат сурагандардын баарына ырдай бериңиздер деп айтам. Ушул чыгарма ʏчʏн далай кишилер атайын коноктоп сыйлады, кɵп жакшылыктарга жеттим, ыраазымын элиме. Чет элде жʏргɵн мекендештер чалып ыраазычылык билдиришет. Тамактанып отурсам менин ордума тɵлɵп, эсепти жаап, “Алга, Кыргызстан” ʏчʏн” деп жазып кеткендер болот. Мени кɵкɵлɵтʏп, эрке уулу кылган элиме рахмат. Абдан ыраазымын.

Ыр аркылуу мекенге болгон сʏйʏʏмдʏ кɵрсɵтʏʏ, кыргызмын, кыргызстандыкмын деген ар бир инсандын патриоттук сезимин ойготуу башкы максатым болгон.  Мекенди сʏйʏʏ – ыймандан. Кайсыл жердин суусун ичип чоңойсоң, ошол элдин ырын ырда, ошол элди-жерди ардакта.

Жалпы кыргыз журтчулугун эгемендʏʏлʏк майрамы менен чын жʏрɵгʏмдɵн куттуктайм! Мекенибизди кɵздʏн карегиндей коргойлу. Кыргызстаным гʏлдɵгɵн турмушта ɵмʏр сʏрʏʏсʏн каалайм! Майрамың менен, урматтуу Кыргызстан!

Бʏкалча Маматали кызы