8 сентября, 2024

 Айгʏл Жумагулова: “Мультфильмдин айта турган акылы, бере турган тарбиясы арбын”

Кыргызча тартылган, кыргыздар тарткан мультфильмдердин аздыгы ай! Японияда бала 12 жашка толгончо жалаң эне тилинде сʏйлɵп, эне тилинде окуйт экен. А кыргыз бɵбɵктɵрʏнʏн  тили кыргызча чыгып жатабы? Алар тɵрɵлгɵндɵн баштап кандай мультфильмдерди кɵрʏп атышат? Ал балдар кыргыз болуп чоңоюшабы? Бɵбɵктɵрдʏн камын ким кɵрɵт, качан кɵрɵт? Суроо кɵп. Жооп…

— Алгач окурмандарга ɵзʏңʏз жɵнʏндɵ маалымат айтып кетсеңиз.

— УТРКга 1998-жылы  штаттан тышкаркы кабарчы болуп келип, ошондон бери ушул жердин жʏгʏн тартышып иштеп келе жатам. Котормо студиясы алгач “Дɵɵлɵт” студиясы болуп ачылып, 2005-жылы ɵз ишмердʏʏлʏгʏн баштаган. Орозбек Мусакеев агай болуп, алгач бир компьютер менен ишибизди баштадык эле. Азыр кудайга шʏгʏр, 7 монтаждык столубуз бар. Мен ушул студияда котормочу-редактормун. Бизге эл аралык бɵлʏм алып келип берген илимий-таанып билʏʏ, документалдык фильмдерди, кино тасмаларды, мультфильмдерди которобуз. Азыркы кʏндɵ биздин студияны Нурдин Тɵрɵбеков жетектеп жатат. Мени менен бирге Чынара Сопиева, Жазгʏл Имакова деген котормочулар бар. Айнаш Ашированы таанысаңар керек, белгилʏʏ артист, эмгек сиңирген ишмер. Ал эжебиз режиссер, аны менен бирге Ширин Бʏтɵрбекова деген кызыбыз бар, ал да режиссер. Артисттерди бирде мышык, бирде чычкан, бирде арстан кылып ʏндɵрʏн коштоткон ушул экɵɵ. Андан тышкары Акмарал, Айдай, Саткынбʏбʏ, Самара, Айжамал, Айсулуу деген кыздарыбыз ʏнʏ коштолгон мультфильмдери монтаждап, дапдаяр кылып эфирге беришет.

—  Балдар дʏйнɵсʏ сизди эмнеси менен тартат? Кантип бул чɵйрɵгɵ келип калдыңыз?

— Баарыбыз бала болгонбуз. Баарыбыз саат алтыны тынымсыз кʏтʏп, кечки мультфильмди жантыгыбыздан жата калып кɵрчʏ элек. Анан, “Бɵбɵк сенин жомогуң”. Биздин убакта ушул эки эле учур  балдарга арналчу. Азыркыдай ченемсиз мультфильм кɵрʏʏ деген жок болчу да. Ошондо мʏмкʏн мультфильмге тойбой калсам керек. Албетте, тамаша дечи. Бирок,  жакшы мультфильм болсо азыр да турбай отуруп кɵрɵм. Анткени, мультфильмдин айта турган акылы, бере турган тарбиясы арбын. Ал эми бул чɵйрɵгɵ келип калганым – капысынан болгон десем да болот. Жаңы эле бала багуу боюнча  ɵргʏʏдɵн келип, Жаштар жана балдар студиясында иштеп жатсам эле, Орозбек Мусакеев котормочу издеп жатат деп калышты. Агайга барып, мени албайсызбы десем, агай дароо эле: “Кел, мына бул мультфильмди котор” — деп “Карлик нос” деген мультфильмди кармата салды. Аны “Эргежээл мурун” деп которуп, жапжаңы тармакка кадам таштадым десем болот. Мына ошондон бери дээрлик 19 жыл ɵттʏ. Буга чейин Балдар редакциясында “Силер билесиңерби?”, “Укук таануу”, “Наристе дʏйнɵсʏ” ж.б. кɵрсɵтʏʏлɵрдʏ эфирге даярдап, студияда кɵрсɵтʏʏлɵрʏмдʏ тартып, кадимки эле теле журналист болчумун да. Анан котормочу болуп кеттим. Азыр ɵкʏнбɵйм, мен ɵз ордумду таба алдым десем да болот.

“Болду, сонун!” демейинче, бир эле сʏйлɵм бир нече ирет окулат”

—  Биз кичинекейибизде «Керемет кɵчтʏ» кʏтʏп кɵрɵт элек. Кыргызча болгону ʏчʏн айылда ɵскɵн балдарга аябай кызыктуу эле. Азыр да сериал мультфильмдер бар. Бирок котормо. Бул кыргыз тилдʏʏ балдар ʏчʏн канчалык сиңимдʏʏ деп ойлойсуз?

— Эң негизгиси, кыргыз тилинде кетип жаткандагысы. Албетте, “Керемет кɵч” сыяктуу нукура кыргыз колоритин камтыган мультфильмдер болгону абдан жакшы дечи. Бирок, биздин студиябыз мультфильм тартуу эмес, аларды которуу менен алектенет.  Дʏйнɵлʏк мультфильмдерди да кыргыз тилине которуп, алыскы айылдагы балдардын ар бирине кыргыз тилинде жеткире билʏʏнʏн ɵзʏ эле канчалык эмгек. Орус  тилиндеги мультфильмди котормочу которуп, анын артикуляциясын келтирип, артисттер окуганга даяр кылып режиссерго берет. Режиссер алып, андагы ар бир каарманды карап чыгып, ал кимге ылайыктуу, анын ʏнʏн,  мʏнɵзʏн  кайсы артист ачып бере алат?  Ошого карап, ролдорду бɵлʏштʏрɵт. Анан, артисттерди чакырып, ʏндɵрʏн коштоо иши башталат. Бул да бир эле кʏндɵ бʏтɵ калчу иш эмес. Аны улам-улам окуп, качан “Болду, сонун!” демейинче, бир эле сʏйлɵм бир нече ирет окулат. Бардык каармандар коштолуп бʏткɵндɵн кийин монтажердун иши башталат. Ар бир сɵздɵрдʏ ордуна коюп, музыкасын коюп, интершум деп коёт, аларды тууралап монтаждап чыгат. Бир эле серия мультфильмди жасоо канчалаган адамдын  талыкпаган эмгегинен улам эфирге даяр болот.

“18 жылда миңдеген  мультфильмдерди, кɵркɵм фильм, илимий — таанып билʏʏ фильмдерин котордук”

— Балама мультфильм коюп берейин десем «Баластан» каналынын  ɵзʏндɵ кɵп мультфильмдер орусча. Ютубда да 2-3 жаштагы балдар ʏчʏн мультфильмдер орусча. «Синий трактор», «Cocomelon» ж.б. Эмне ʏчʏн кыргыз балдары ʏчʏн сʏйʏп кɵрɵ турган  кыргызча мультфильмдер аз?

— Биздин студиянын ачылганына 18 жыл болду. Ушул аралыктын ичинде биз миңдеген  мультфильмдерди, кɵркɵм фильм, илимий — таанып билʏʏ фильмдерин котордук. Бирок, ошол мультфильмдерди да кечке эле кайталап берʏʏгɵ болбойт. Анткени, улам жаңы чыгып жаткан, орус тилдʏʏ кызыктуу мультфильмерди да кичинекей бɵбɵктɵргɵ берʏʏ керек. Биздин эл аралык бɵлʏм да аракет кылып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте кызыктуу сериалдарды алып келʏʏгɵ аракет кылып жатышат. Аны биздин Котормо студиясы которот да, «Баластан» каналы аркылуу кичинекей кɵрɵрмандарга тартуулап жатабыз.

“Балдардын тили орусча чыгып жатканы ар  бир кыргыз жаранын ойлондура турган   маселе”

—  Мультфильмдин баланын сɵз байлыгына, тарбия, жʏрʏш-турушуна таасири канчалык?

— Азыр интернет айдыңында орус тилинде  кызыктуу контент кɵп. Бул эч кимге жашыруун сыр эмес. Балдар тили чыга электе эле ошолорду кɵрʏп жатып, тили орус тилинде чыгып жатканы азыр ар  бир кыргыз жаранын ойлондура турган терең маселе. Эгер ошол интернетте кыргыз тилинде кооз тартылган, кɵрʏмдʏʏ, таптаттуу бала тили менен жазылган кыргыз тилиндеги мультфильмдер, кичинекей блогерлердин атайын баракчалары болсо, балдар кызыгып ошолорду кɵрмɵк да, тили кыргызча чыкмак. Азыр менин кызым деле “А4- Владды” кɵрɵт. Орус тилинде тʏш жоруйт.  Анан, байкасаңар, азыркы балдар таптакыр башкача. Алар эркин, айтайын деген оюн ачык айтышат, ɵздɵрʏнɵ ишенимдʏʏ. Тапкан сɵздɵрʏн угуп отурсаң, атайын ʏйрɵтʏп койгондой сʏйлɵшɵт. Ошонун баарына интернеттен кɵргɵндɵрʏ да таасирин тийгизбей койгон жок да. Мына ошондуктан, кыргыз тилинде кызыктуу мультфильмдерди кɵбɵйтсɵк, жɵн гана айтпай, балдар кɵрɵ турган, алардын табитиндегилерди таба алсак, ошондо балдарды тарта алабыз.

“Жаштардын арасынан балдар ʏчʏн сонун мультфильмдерди тарта турган сʏрɵтчʏлɵр, аниматорлор чыкса болмок”

— Жаңы, заманбап кыргызча мультфильмдерди тартканга эмне кедерги? Эмнеге бизде жок?

— Бул эми албетте, абдан орчундуу маселе. Аны мен, же дагы бирɵɵ отуруп эле чечип, талкуулап коё албайбыз. Бул мамлекеттик деңгээлде, канчалаган каражат, канчалаган мыкты адис, аниматор, техниканын жардамы менен тартыла турган ɵтɵ масштабдуу нерсе. Баланын тилинде балдар кызыга турган мыкты мультфильмдерди жаратсак кана.  Азыр балдар башкача мультфильмдерди кɵрʏшɵт, баягы советтик мультфильмди эч ким кɵрбɵйт. Ошондуктан, балдардын да табитин эске алуу керек. Айтор, бул маселе дагы кɵп кɵтɵрʏлɵт. Замандын талабы. Жаштардын арасынан, креативдʏʏ кɵз караш менен балдар ʏчʏн сонун мультфильмдерди тарта турган сʏрɵтчʏлɵр, аниматорлор чыкса баарыбыз ʏчʏн жакшы болмок.

“Акырында баары бир жакшылык жеңет”

— Мультфильм менен балдарды эле эмес, чоңдорду да тарбияласа  болобу? Кандай ойлойсуз?

— Албетте.  Азыркы мультфильмдерди карап отурсаң, кино кɵргɵндɵй болосуң. Мааниси терең, философиялык кɵз караш менен укмуштуудай кɵркɵм, таасирдʏʏ тартылган. Ар бир тасмада терс, анан оң каарман бар. Анан, акырында баары бир жакшылык жеңет. Ушунун ɵзʏ эле канчалык философия. ʏмʏтсʏз – шайтан! Ар бир жамандыктын артынан сɵзсʏз жакшылык болот! Адам жакшылыкка ʏмʏт кылып жашаш керек.

Бʏкалча Маматали кызы