23 мая, 2024

АЙДАН АЯНТЧА: ДYҢYНƟН ЖАНА ЧЕКЕНЕ БААДА

Жердин жандоочусу айдын табигый ресурсу болжол менен 14 квадриллион долларга жакын деп эсептелет. Мындай цифраны кɵз алдыга келтирʏʏ татаал. Бирок,ал байлыкты алуу чындап келгенде  анча деле оордукту талап кылбайт. Учуу, айга конуу, базаны куруу, албетте, оңой оокат эмес. Бирок, андан аркысы жепжеңил кетээрин бɵркʏңдɵй кɵр. Эч кандай шахта-махтанын кереги жок: бардык байлык ʏстʏңкʏ катмарда жатат, болгондо да  сейрек металлдар таптаза тʏрʏндɵ!

 КYН СИСТЕМАСЫНДАГЫ ЭҢ БАЙ АДАМ

90-жылдарда айдын бир кертимин сатып алуу деген кызыктуу бир оюн чыккан. Адатта кимдир-бирɵɵлɵргɵ белекке деп сатып алышчу. Кызык эле да…

Айдан участок алып, кожоюн болуп калуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ балким, бʏгʏн деле бардыр?

Интернеттен тиешелʏʏ сайтты тапса болот. Анда сизди дароо  ишендиришет: баары жайында, баары мыйзамдуу. Соода келишими тиешелʏʏ документациясы менен эл аралык Ай реестрине катталат. Анан эскертишет: буюртма абдан кɵп, кечиресиз, келишим тɵрт кʏндɵн кийин гана таризделет. Ɵзʏңʏздɵр тʏшʏнʏп турасыздар, индиялык “Чандрян-3 планеталар аралык станциясы эми эле олтурду…

Айдан участок тандоону билбей жатсаңыз, биз жардам беребиз.

Диалог экранынан жазуу чыгат: “Эмне кылгыңыз келет? Жашайсызбы? Туризм? Кен казуубу?” Участокту менчиктɵɵ тибине жараша баа аныкталат. Баа арзыбаган эле тыйын. Акр- (жарым гектардан аз-маз кем аянт-36 доллар. Дʏңʏнɵн абдан эле арзан: 10 акрлык мʏлк– болгону 28 доллар. Айдын аймактарын сатуу боюнча сайттар кɵп. Бирок, бул тʏйʏндɵрдʏн башында бир гана киши – Денис Хоуп турат. Кʏн системасындагы эң бай адам. Ал аны соодалоо менен тиричилик кылат.

1980-жылдардын башында Хоуп кыймылсыз мʏлктɵрдʏн соодасы менен алпурушкусу келген. Терезеден караса, ай калкып жʏрɵт. А эмнеге болбосун? 1967-жылкы Космос жɵнʏндɵгʏ келишимден жолун тапты: бир дагы ɵлкɵ айга ээ чыга албайт. Физикалык тарапчы?  Хоуп БУУга бул жагдайда кат жолдоду: тʏшʏндʏрмɵ бериңиздер деп. Жооп келген жок. Ажеп болду, ɵзʏңɵргɵ эле кыйын. Унчукпоо-макулдуктун белгиси.

Андан бери Хоуп айдын 611 миллион акр аянтын сатып жиберʏʏгɵ ʏлгʏрдʏ. Бир акр-орточо 20 доллар. Бирок, Рональд Рейганга мʏлк ʏчʏн 250 миң долларга участок  саткан. Дагы Буш-атасына, Картерге ошол эле баада участокторду сатып жиберген. Рейганга бʏтʏндɵй Плутон да сунушталган, бирок ал негедир мурдун чʏйрʏп койгон.

Кандай эсеп менен экени белгисиз, бирок Хоуп айдын бир нече аянттарын корук деп жарыялап, ал жайларда эч нерсе сатылбайт. Айтымында, бул аянттар алгачкы станциялар жана полюстар ʏчʏн ыңгайлуу деп саналган участоктор! Жакында Хоупка бир топ кишилер келип айдын Тʏндʏк полюсун сатып алууга 50 миллион доллар сунушташыптыр. “Мен ишенип турам, мынча акча аларда бар, бирок мен баш тарттым. Бул жайлар коомдун жалпы байлыгы бойдон кала берʏʏгɵ тийиш”,-дейт ал.

Хоуптун позициясы тʏшʏнʏктʏʏ эле: “Ай меники, учуп келгиле, изилдегиле, бирок эч кандай туруктуу база курбагыла!” Кытай айда тезинен база курууну пдандаштырганда, Хоуп Кытайдын Баш катчысына: эсиңерде болсун, мен ал жакка кое бербейм”,-деген катты жɵнɵткɵн.

Албетте, анын ишмердʏʏлʏгʏ “кʏлкʏ келээрлик” деп билдирген 2019-жылы эле Космостук укуктун эл аралык институту. Адамдар жок нерсеге акча тɵлɵшʏʏдɵ. БУУ жооп берген жок, неге дегенде жинди менен нени сʏйлɵшмɵк?

А жинди дегендери жинди эмес болуп чыкпадыбы, акылдуулардан акча иштеп таап.

ДАГЫ ЭМНЕНИ САТЫШТЫ?

1993-жылы “Сотбис” аукционунда 68,5 миң долларга советтик “Лунаход-2” сатылган. Башкача айтканда, сатып алуучу “Лунаход-2” эми аныкы деген кагазга ээ болгон. Машина болсо ошол эле бойдон айда турат. Аны ишкердин уулу, астронавт Ричард Гэрриот сатып алган. Кийинчерээк ал космостук турист катары, “Союз” кораблинде МКСке да учуп барганы менен белгилʏʏ. Лунаходду ким, кандай негизде сатты жана эмне ʏчʏн ушундай болуп калды, ушул кʏнгɵ дейре белгисиз. Сооданын мыйзамдуулугу да тʏшʏнʏксʏз. 1967-жылкы мыйзам боюнча, Лунаход СССРге (эми Россияга) таандык. Бул мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча ал бʏткʏл дʏйнɵлʏк мурастардын обьектисине кирип, ордунан козгоого тыюу салынган. Бирок, бул жагдай сатуучуну да, сатып алуучуну да ойлондуруп-кызыктырган жок.

Ошол эле “Сотбис” аукционунда ошол эле жылы сатууга 1970-жылы планеталар аралык “Луна-16”станциясы алып келген айдын бир нече грамм топурагы да коюлган. 2018-жылы лот кайрадан аукционго тʏшʏп, бул жолкусунда 855 миң долларга сатылып кеткен. Аны ким соодалаганы да белгисиз.

КОСМОСТОН КАТ

Америкалык астронавттар да эс-акылынын жетишинче космостон пайда шилеп калуунун айдан ачык аракеттерин кɵрʏшкɵнʏ жашыруун эмес. Эң эле дʏңгʏрɵгɵн окуя… конверттер менен байланышкан. Филателист Герман Зигер “Аполлон-15”тин экипажын  бортко 400 конвертти жашыруун жол менен сала кетʏʏгɵ, кайткандан кийин кайра ɵзʏнɵ берʏʏгɵ кɵндʏргɵн. Дизайнын ал ɵзʏ жасаган. Конверттерге космос темасында маркалар жабыштырылып, экипаждын учуу датасы белгиленген штемпель басылган. Жасалган жумуш ʏчʏн экипаждын ар бир мʏчɵсʏ 7 миң доллардан жана конверттер сатылгандан тʏшʏʏчʏ пайдадан ʏлʏш  алууга макул болушкан. Иштин баары пландалгандагыдай кеткен. Зигер конверттердин ар бирин 1 жарым миң доллардан саткан. Кийинчерээк бул иш ачыкка чыгып кетип, НАСА бул шылуундарды алар ишкерге алган акчаларын кайтарып беришкенине карабастан, космонавттар отрядынан айдап жиберʏʏгɵ аргасыз болгон.

 Айдын топурактарына байланышкан да кʏңʏрт тарых бар. “Аполлон” космос кораблдери аркылуу андай топурактардан жʏздɵгɵн килограммдар алынып келинген. Бʏгʏн бул топурактар атмосфералык кирге толуп, илимге жараксыз болуп калган. АКШ           ал турсун айдын орустар алып келген таптаза топурагын сатып алууга аргасыз  болгон. Астронавттарга келсек, алып келген ай топурактарын оңго-солго соодалап жиберʏʏнʏ адатка айландырышкан. Таң калычтуусу, сатылган жана белекке берилген андай топурактын кɵбʏ  жасалма болуп чыккан. Андайга мисал, Голландиянын улуттук музейинин директоруна “Аполлон-11”дин баатырлары жердин эле катып калган эски жыгачынын бир кесимин кармата беришкен.

АМЕРИКАЛЫКТАРГА БААРЫ МYМКYНБY?

1967-жылы дʏйнɵнʏн жетектɵɵчʏ ɵлкɵлɵрʏ Космос жɵнʏндɵгʏ келишимге кол коюшуп, ага космоско учуу али эртелик кылат деп эсептеген ɵлкɵлɵр да кошулган. Документтин маңызы абдан кыска жана нуска: Ай жана андагы кен байлыктар бʏткʏл адамзатка таандык. ай топурагын соодалаганга болбойт, адамдарга да, фирмаларга да айдын аянттарын ээлɵɵгɵ болбойт.

Бирок, олжо ɵзʏнɵ абдан эле арбайт да, турат. “Моон Экспресс” компаниясы АКШ ɵкмɵтʏнɵн “Ачык барак: Эмне тапсаң, сеники кыязындагы кагазды алды. Стоп! “А эмнеге АКШ ɵкмɵтʏ айга ээлик кылып жатат?”деген суроону башка ɵлкɵлɵр эле эмес, айдан участок алган “бактылуулар” да ɵздɵрʏнɵ беришʏʏдɵ.

2020-жылы  Дональд Трамп жеке менчик компанияларга айдын аймактарында  иш жʏргʏзгɵнгɵ уруксат берген буйрукка кол койгон. Аргумент бир: 1967-жылкы келишим алкактык жана туш тарабы тешик эки: 1979-жылы  АКШ ай жɵнʏндɵгʏ келишимди ратификациялаган эмес; ʏч: 2015-жылы АКШ Конгресси АКШнын жеке менчик компанияларына айда жана астероиддерде иштɵɵгɵ уруксат берди. Мунсуз, мисалы, Илон Маск космос тарапты бир карап да коймок эмес дешет.

Мындай чечимди башка ɵлкɵлɵр тааныбай турушат. Бирок, америкалыктарда чегинейин деген ой  да жок. Мындан чыкты, айды тынчтык жолу менен ɵздɵштʏрʏʏ дегенди адамзат кɵрбɵсɵ керек.

Абдираим Мамытов