27 июля, 2024

ТИЛИМ – ДИЛИМ

Кыргызстандын мамлекеттик тили – Кыргыз Республикасында мамлекеттик иш кагаздарын алып барууда, жалпы билим берʏʏчʏ орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жʏргʏзʏʏдɵ бир ɵлкɵдɵ милдеттʏʏ колдонулуучу тил.

Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылдын 23-сентябрында “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили  мыйзам кабыл алынып, андан  кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Кыргыз тили мамлекеттик тил статусун алуу менен, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдерине кам кɵрʏʏ Конституцияда, тил мыйзамында баса кɵрсɵтʏлгɵн. Ошондуктан, мектептерде орус, ɵзбек, казак, дунган жана башка тилдерде окутуу жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

Кыргыз тилине мамлекеттик статусунун берилиши-адилеттʏʏлʏктʏ калыбына келтирʏʏгɵ карай жасалган тарыхый зор кадам, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна багыт алуусу.

Тил ар кандай эле улуттун баа жеткис зор байлыгы. Тил- руханий курал, ал улуттун мʏнɵзʏн, ɵз алдынчалыгын айкындайт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили – кыргыз тили бардык мекеме-ишканаларда, уюмдарда, билим берʏʏдɵ, маданият, массалык маалымат каражаттарында, байланыш тармактарында, илимде, мамлекетте, ɵкмɵттʏк башкаруу органдарында, коомдук уюмдарда жана жеке менчик тармактарында, жыйындарда жана соодада, транспортто, саламаттыкты сактоо, тейлɵɵ ишканаларында колдонулат.

 ТИЛ УЛУТ МЕНЕН КОШО ЖАРАЛАТ, БИРГЕ  ƟНYГƟТ

Чыңгыз Айматовдун “Тил –улуттун автопортрети менен бейнеси. Ошондуктан, биз мамлекеттик тилибизге болгон камкордугубуз аркылуу мамлекетке болгон мамилебизди билдиребиз”,-деп айтканы бар. Мезгилдин талабы, доордун кʏʏсʏнɵ жараша, кɵпчʏлʏк чыгармаларын орус тилинде жазып, кыргыз тилине которткон дʏйнɵлʏк жазуучу кыргыз тилинде кандай таза жана  маданияттуу сʏйлɵгɵнʏ замандаштарынын эсинде сакталуу.

Улуттук тил негизинен эки формада жашайт: озеки жана жазуу. Улуттук тил  улут менен  кошо пайда болуп, бирге калыптанат. Бир жагынан караганда улуттук тил улуттун калыптануу ʏчʏн ɵбɵлгɵ, шарт катары да кызмат кылат. Ал эми экинчи жагынан ал ошол процесстин, башкача айтканда, улуттун калыптануу процессинин туундусу жана жыйынтыгы да болуп саналат, анткени улут жаралышы ʏчʏн улуттук тил  болушу керек жана жаралган улут менен кошо улуттук тил жаралат. Бул эки категория бири-бирисиз жашай албаган бирин-бири шарттап турган, эки жактуу карым-катышта турган категориялардан болуп саналат.

Улуттук тил ɵзʏнʏн функционалдык жана ички структуралык мʏмкʏнчʏлʏгʏ боюнча жалпы элдик тилдин кийинки ɵнʏгʏшʏ катары аныкталышы шарт. Анткени, кандай гана улуттук тил болбосун анын жаралышы ʏчʏн маңыз-мааниси ар дайым туруктуу болуп, бирок эволюциялык мʏнɵздɵ ɵнʏгʏп-ɵзгɵрʏп келген, маани-маңызы ɵркʏндɵɵнʏн натыйжасында жогорку деңгээлге жеткен, улуттук тил болгонго чейин эле муун менен муунду байланыштырып, ошол тилде жаралган маданий-тарыхый дɵɵлɵттɵрдʏ, баалуулуктарды сактап келген жалпы элдик тил жашаары тил илиминде далилденген. Улуттук тил ошол жалпы элдик тилдин негизинде, анын базасында жогорулайт. Бул жалпы философиялык негизде ɵзгɵрʏлмɵлʏʏлʏк менен туруктуулуктун, жаңынын жаралуусу менен айрым эскинин жоголуусунун, бирок мурункунун сакталуусу, улануусу  сыяктуу категориялар аркылуу шартталган.  

Улуттук тил тʏшʏнʏгʏ тилдин ички структурасына, маңыз-мазмунуна, функциясына анча таасир деле этпеген, бирок тилдин жашоо, атоо формасын кɵрсɵткɵн тʏшʏнʏк.

Тил ар кандай аталыштардын жашоо формасында колдонулушу мʏмкʏн. Маселен, уруу тили, элдик тил, адабий тил, улуттук тил дегенибизде улуттук тил анын сырткы гана формасын, анын атоо гана формасын чагылдырып турат. Бул жерде албетте, уруу тилине караганда элдик тилдин, ага караганда адабий тилдин мʏмкʏнчʏлʏгʏ жогору болору талашсыз. Бирок, аталган тилдердин ички маңызы бири-биринен анча ɵзгɵчɵлɵнбɵйт.

Кыргыздын улуттук тил формасынын жаралышы анын структуралык, семантикалык, функционалдык ɵнʏгʏшʏнʏн жогорку деңгээли катары аныкталат. Анткени, улуттук тил базасында улуттук адабий тил калыптанат. Улуттук тил сыяктуу эле улуттук адабий тил да ɵзʏнчɵ бир тил эмес, уруу тилинин, жалпы элдик тилдин нормалаштырылган, иштетилген, ɵркʏндɵтʏлгɵн, кодификациялаштырылган, сапаттык ɵнʏгʏʏгɵ учурап, колдонулуу алкагы кеңейип,стилдик жиктелʏʏсʏ артып, ийкемдʏʏлʏктɵ колдонулган жогорку формасы.

Улуттук тил тʏшʏнʏгʏ тиги же бул улуттун бардык тилдеринин концентрациясын билдирет. Ар бир улуттук тил аймактык, этностук диалект тʏрʏндɵгʏ тил, жалпы элдик тил, адабий тил деген тʏшʏнʏктɵрдʏ туюнткан тилдерди ɵз курамына камтыйт. Мунун далили – улуттук тилде жазылган кандай гана кɵркɵм чыгармаларды албайлы, анда говордук, диалектилик кɵрʏнʏштɵрдɵгʏ элементтер да, адабий тилдик нормаларга жатпаган да элементтер да, кодификацияланбаган  бирдиктер да учурай берет.

Кыргыздын улуттук тили кыргыз улуту жаралганда кошо жаралды, бирок адабий тили оозеки да, жазуу формасында да андан алда канча мурда пайда болгондугун тарых танбайт. Бул ɵңдʏʏ карым-катыштарды изилдɵɵ улуттук тил проблемасынын так аныкталышына ɵбɵлгɵ болору шексиз деп эсептешет тил окумуштуулары.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛБИ ЖЕ РАСМИЙБИ?

Мамлекеттик тил кʏнʏнʏн белгилɵɵдɵ бир жагдайды эске алып коюу артыкчылык кылбайт: Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил менен расмий тил тʏшʏнʏгʏ бирдей мааниде эле каралып келе жаткандыгын такыр танууга мʏмкʏн эместей сезилет. Анткени, расмий (официалдуу) тил дегенде мамлекетте же эл аралык уюмдарда атайын мыйзам менен артыкчылык статусу берилген тилди тʏшʏнʏʏ зарылдыгы айтылат. Бирок, кɵпчʏлʏк учурларда айрым ɵлкɵлɵрдʏн башчылары жана ɵкмɵттʏк институттары буларды чектɵɵгɵ алуу талабын коюп жатышканына карабастан, тигил же бул мамлекет расмий тилге карата мамлекеттик деген терминди колдонуп жʏргɵнʏ да белгилʏʏ.

Мамлекеттик тил дегенде биринчи кезекте ошол мамлекеттин Конституциясы жазылган тил эсепке алынат жана ошол себептен кодификацияланган Конституциясы жок мамлекеттерде мамлекеттик тил деген термин да колдонулбайт. Кɵпчʏлʏк учурларда мамлекеттик (официалдуу) тил катары тигил же бул мамлекетте басымдуу кɵпчʏлʏк сʏйлɵгɵн тил саналат.

ЮНЕСКОнун эксперттери мамлекеттик тил тʏшʏнʏгʏ менен  официалдуу тил тʏшʏнʏгʏн ажыратып-айырмалоо сунушун 1953-жылы эле айтып  чыгышкан. Анда мындай белгиленген:

-Мамлекеттик тил – мамлекетин алкагында  саясий, социалдык, маданий жактан интеграциялык функцияны аткарган, ошол мамлекеттин символу сыпатында чыга турган тил болуп саналат.

-Официалдуу тил – мамлекеттик башкаруунун, мыйзамдын, соттук ɵндʏрʏштʏн тили болуп саналат.

Бул эки аныктама бардык ɵлкɵлɵр ʏчʏн милдеттʏʏ эмес, тʏшʏндʏрмɵ-сунуштама катары кабыл алынууга тийиш.

Мамлекеттик тилди жана улуттук азчылыктын баары тааныган официалдуу тилди айырмалай билʏʏ керек. Дʏйнɵнʏн 178 ɵлкɵсʏндɵ мамлекеттик жана официалдуу тилдер бар. Айрымдарында (мисалы, Албания, Франция, Украина, Германия, Латвия, Швеция) мамлекеттик тил бирɵɵ гана. Башкаларында (мисалы, Афганистан, Белоруссия, Бельгия, Боливия, Индия, Финляндия, Швейцария, ТАР, жакынкы эле мезгилге чейин Израиль) мамлекеттик тил бирден кɵп.

 Айрым бир ɵлкɵлɵрдɵ, мисалы, Кытай, Россия, Испания, Италия бир гана мамлекеттик тилге кошумча мамлекеттик тил катары башка тил да кабыл алынган (башкыр, татар, чуваш баск, уйгур ж.б.) АКШ, Улуу Британия, Япония, Австралия сыяктуу ɵлкɵлɵрдɵ мамлекеттик тил деген тʏшʏнʏк жок. Ирландияда болсо ирланд тилинде ɵлкɵ калкынын ʏчтɵн бири гана сʏйлɵгɵнʏнɵ карабастан, ɵркʏнʏ ɵссʏн деген максатта болсо керек, ал мамлекеттик тил статусуна ээ. Ирландиянын калкынын басымдуу кɵпчʏлʏгʏ сʏйлɵгɵн англис тили бул ɵлкɵдɵ экинчи мамлекеттик тил деп саналат.

Абдираим Мамытов