7 декабря, 2024

МЕНИН БИРИНЧИ МУГАЛИМИМ

Мугалимдер кʏнʏн утурлай ар тармактын ɵкʏлдɵрʏнʏн биринчи мугалимдери жɵнʏндɵ айтып берʏʏсʏн ɵтʏндʏк. Сиз да биринчи мугалимиңиз жɵнʏндɵ айтып бергиңиз келсе, редакцияга кайрылыңыз. Мугалим деген сɵзгɵ комментарий бериштин ɵзʏ артык. Мугалим деген мугалим! Болду!

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, профессор Бекмурза Зулуев:

“Агай  “нан кордогон кор болот”  дечʏ”

-Менин биринчи мугалимим  Жакыпбаев Абдрай агай болгон. Ал учурда жакшы билесиңер советтик идеология кʏчʏндɵ. Азыр да эсимде, “ʏй боорунда бек кадалып турган кимдин сʏрɵтʏ, баарыбызга жʏзʏ жарык Владимир Ильич Ленин” деп ырдатат эле. Бизге Ленин башында турган коммунисттер билим алууга шарт тʏзʏп берди дечʏ. Агайдын дагы бир сɵзʏ эсимде, “нан кордогон кор болот” –деп  нанга ɵзгɵчɵ урмат кылууга чакырат эле.Тарбияга кɵп кɵңʏл бурчу. Мектебибиз 4 жылдык болгондуктан, айланасына дарак эктирип,  кийин “биз эккенбиз” деп эстеп жʏрɵсʏңɵр дечʏ. Агай бизди эмгекке, чынчылдыкка, жакшы окууга кɵп чакырчу. Коммунизмди силердей жаштар курат дечʏ. Жаш кезимде мугалимдерге сый урмат кʏчтʏʏ болгондуктан мугалим болууну кыялданчумун. Агай тиллеке каршы азыр арабызда жок. Абдрай агай бизге алгачкы билим, тарбия берген, асыл инсан эле. Агайдан кɵп шыктандырган, алдыга сʏрɵгɵн жакшы сɵздɵрдʏ угуп тарбияландык. Агайга алкыштан башка айтар сɵз жок. Мугалимдик кесипти ардактап, кесип кылган агай эжекелерге ыраазычылык. Жаш муунду тарбиялоодо кʏжʏрмɵндʏк каалайм. Ар бир баланын тагдыры, келечеги биздин колдо экендигин унутпасак.

Ош шаардык Кеңешинин депутаты Болот Баетов:

“Мугалимдик кесип бардык кесиптердин башаты”

-Биринчи мугалимим Нарматова Кичайым Бʏркʏтовна деген эжеке болгон. Биз мектепке барган жылдарда мектепке чейинки даярдоо классы жок болчу. Эжекебиз биздин жашообузда тамганы биринчи ʏйрɵткɵн, билим деген нерсени алгач баштап, бизди улуу жолго салган. “Мектеп, парта, китеп, алиппе, окуу” дегендерди Кичайым эжеке аркылуу тааныганбыз. Эжекебиз азыр небере кɵрʏп, очор-бачарлуу байбиче болуп калды. Биздин айылдан башка айылга кɵчʏп кеткендиктен кɵптɵн бери байланышыбыз болбой калган. Кудай буюрса 20 жылдык жолугушууда чакырып, жолугабыз деген ниеттебиз. Бала кезимде врач болом дечʏмʏн. Азыр юридика багытын туура эле тандапмын деп ойлойм. Кесибимди аябай жакшы кɵрɵм.

Мугалимдик кесип бардык кесиптердин башаты.  Атактуу, сыймыктуу, берекелʏʏ кесип. Жашоодо кандай кесиптин ээси болбосун бардыгы барып биринчи мугалимдин кɵрсɵткɵн тарбиясына барып такалат. Мени 1-класста тамга таанытып окуткан Нарматова Кичайым эжекемди  мугалимдер кʏнʏ менен чын жʏрɵктɵн куттуктаймын! Оорубай  балдарынын сый-урматында жʏрʏшʏн каалайм.

Ош шаардык Кеңешинин депутаты Айгʏл Атабекова:

“Эжекемдин эне тилде таза сʏйлɵɵмɵ таасири чоң”

-Менин биринчи мугалимим Гульчач Исакова болгон. Эжекем жаш кезинде бизди 1- класска кабыл алган. Чачы узун, жапжаш кези болчу. Биринчи мугалимим ɵз эне тилимде таза сʏйлɵɵдɵ, сɵз чеберчилигимди ɵстʏрʏʏдɵ чоң таасир калтырган. Балким ошондуктан журналистикага тапшырсам керек. Гульчач эжеке ар дайым мыкты, сулуу, таланттуу, тыкан. Мен ʏчʏн ɵз орду бар адам. Аял катары, эне катары, мээримдʏʏ жар катары ʏлгʏлʏʏ.  Эжекеме алдыда дɵɵлɵтʏʏ карылык, берекелʏʏ  ырыскы, ооматтуу жашоо, оорубай, жакшылыктардын кʏбɵсʏ болуп, сонун ɵмʏр сʏрʏшʏн каалайм.

№37 Гапар Айтиев атындагы орто мектептин англис тили мугалими Элнура Алекова:

“Апам менин эң алгачкы жана эң сʏйʏктʏʏ мугалимим”

-Менин биринчи мугалимим ɵзʏмдʏн апам болду. Апамдын аты-жɵнʏ: Калбаева Гулсура. Кандайча апаңыз дешиңиз мʏмкʏн. Апам Ош шаарындагы Керме-Тоо орто мектебинде башталгыч класс мугалими болуп иштечʏ. Апамды ээрчип мектепке барып калганмын. Апам мени алыс болсун деп 1-б класска киргизген. Ал эми ɵзʏнʏн классы 1-е класс эле. 1-б класс эрте менен окуп, 1-е класс тʏштɵ болуп калгандыктан,  мени ташып убара болуп калат экенмин деп кайра ɵзʏнʏн классына которгон. Апамды мектепте апа катары эмес, мугалим катары кɵрɵр элем. Апам сабактарга даярданам деп мектепке эртерээк кетчʏ. Бир жолу апам ишке кеткенде таенем ʏйгɵ келип калды. Анан алар: “Бʏгʏн сабакка барбай эле тур, апаң го келсе биз айтып коёбуз”- деп калышты. “Эжекем урушат” деп кɵнбɵй мектепке барып, апамдан: “эжеке, ʏйгɵ таенемдер келип калды. Жооп берип туруңузчу”- деп жооп сураганымды эстеп алып кʏлɵ берем. Ушунчалык аралык сакталчу коңгуроо кагылган  маалда да “апа” деп эркелеп барчу эмесмин. Апам менин эң алгачкы жана эң сʏйʏктʏʏ мугалимим. Ар дайым мугалимдик сапатын баалайм жана кеп-кеңештерин алам. Бала кезимде эле мугалим болгум келчʏ. Класста 30 окуучу болсо  бир гана мен эссе жазганда “Мен келечекте мугалим болом” деп баштачумун. Биринчи мугалимиме чоң ыраазычылык билдирем. Ар дайым аман болуңуз! Жаш муундарга талыкпай билим берип жʏрɵ бериңиз. Мен сизди жакшы кɵрɵм, эжеке.

Тɵкмɵ акын Нурайым Бактияр кызы:

“Эжекемдин  “Чык, Нурай, ырдап кой” дегени жакчу”

-Биринчи мугалимим Мусабекова Максуда эжеке болгон. Бизди башка мугалимдер сыяктуу урушуп, катуу тилдеген эмес. Аябай жумшак болчу. Ар бир окуучунун психологиясын окуй алат эле. Эжекенин жумшактыгы, берген тарбиясы мага ɵтɵ чоң дем болду десем жаңылышпайм. Себеби ар дайым “Нурай, Нурай” деп тапшырмаларды берип, дилбаяндарды жаздырып, ыр берип, жаттатып, анан “Чык, Нурай, ырдап кой” деп доскага чыгарып ырдата берчʏ. Ырдап кой деген сайын ырдаганды жакшы кɵргɵн жаным сʏйʏнʏп ырдай берчʏмʏн. Кийин башка жакка кɵчʏп кеткен экен. 11-классты бʏткɵнʏбʏздɵ бʏтʏрʏʏ кечеге келген. Башталгыч класста окуткан мугалимдерден Максуда эжекем жылуу сезимдер менен эсимде калды. Мээримдʏʏлʏгʏ, балдарындай камкор мамилеси менен айырмаланып турчу. Бала кезимде комузду, кʏʏлɵрдʏ, дастандарды аябай жакшы кɵрчʏмʏн. 6-7-класстан комузга барып, уккан дастан, кʏʏлɵрдʏ чертип ырдай баштадым. Ал кезде кайсыл кесиптин ээси болорумду билчʏ эмесмин. Кɵпчʏлʏктʏн, элдин алдында жʏргɵнʏмдʏ элестете берчʏмʏн. Кийин журналист болгум келди. ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бʏтʏрдʏм. Бирок, мени ɵнɵр тартып кетти.

Окуйм, мектепке барам деп жаңы кийимдерди даярдап алып кʏткɵн сʏйʏнʏч менен кɵздɵрʏ жалындаган бɵбɵктɵрдʏ коомго сабаттуу кылып, чоң максатка умтулган жаштарды тарбиялаган биринчи мугалимиме аябай ыраазычылык билдирем. Сабатымды ачты, талантыма дагы салым кошту, колдоду.  Жаштарды тарбиялоодо талыкпасын. Ар дайым башыбызды ийип таазим этебиз. Эл ичинде аман болуңуз, эжеке!

Бʏкалча Маматали кызы