27 июля, 2024

Карт тарыхтуу калаадагы алгачкы курулуштар

Калаадагы Мырзалы Аматов кɵчɵсʏндɵгʏ кызыл кирпичтен курулган бир кабаттуу аскерий казарма Оштогу алгачкы административдик курулуш экенин билет белеңиз? Ошол эле кɵчɵнʏн Алиев кесилишинен ɵткɵндɵн кийинки бɵлʏгʏндɵгʏ “пьян базарычы?” ал жерде эч кандай базар деле жок, анда эмнеге мындай аташат? Биздеги сакталып калган бир нече тарыхый курулуштар жɵнʏндɵ тарыхчы Кеңешбек Казакбаев айтып берет.

Шаарыбыз 130-140 жыл илгери…

-Карт тарыхтын 30 кылымдык кʏбɵсʏ катары Ош шаары нечендеген замандарды карытып келип, мына бʏгʏнкʏ кʏндɵ эгемендʏʏ мамлекетте ɵзʏнʏн 3023 жылдыгында жашап жатат. Азыркыдай кулпурган шаарыбыздын жашоо айдыңында не деген опурталдуу бурулуштар болуп, саясий майдандагы бийлик ээлеринин кыл чайнашып, бой тирешʏʏлɵрʏнɵ, кандуу кармаштарга жең ичиндеги кара максаттарын ишке ашырууга далбас урган тɵбɵлдɵрдʏн кутумдарынын кʏбɵсʏ болгон. Эмесе ордолуу Ош шаарыбыздын мындан 130-140 жыл илгери, тактап айтканда, Орус империясы шаарды каратып алгандан кийинки тарыхына кɵз чаптырып, орус бийлигинин шаарга карата мамилеси тууралуу азын-оолак сɵз кылсак.

Ош шаары Фергана чɵлкɵмʏндɵгʏ жети чоң деп эсептелген шаарлардын бири болгон. Шаар 1878-жылы Тʏркестан крайынын генерал-губернатору Орон-Кауфмандын буйругу менен Ош уездинин борбору болуп калат. Ташкенттен чыккан “Тюркестанские Ведомости” журналынын билдиргенине караганда, XIX кылымдын 90-жылдарынын башында шаар калкынын саны 20 миңдин айланасында деп кɵрсɵтʏлгɵн.

Алымбек Датканын “Ак медресеси” Шейит-Дɵбɵдɵ болгон

-Ал кезде орус бийлиги Ош шаарын эки бɵлʏктɵн турат деп эсептеген. Алар эски жана жаңы шаар бɵлʏгʏ. Эски шаардын чек арасы болжол менен азыркы Араван аялдамасы тарап. Андан ылдыйда Ак-Буура дарыясынын ɵйʏз-бʏйʏзʏнɵ жайланышкан базар, кербен сарай, чайхана, соода-сатык дʏкɵндɵрʏ болгон. Ошондой эле Сулайман-Тоонун тескей капталындагы Шейит-Дɵбɵ жана башка ызы-чуулуу таш тɵшɵлбɵгɵн ийри-буйру тар кɵчɵлɵрдɵн, Алымбек Датканын “Ак медресеси” баш болуп бир нече медресе, мечиттер орун алган аймак эсептелген.

Азыркы Ленин, Курманжан Датка кɵчɵлɵрʏнʏн иретке келтирилиши

-Ал эми жаңы шаар деп аталган бɵлʏгʏнɵ бийликтин атайы тапшырмалары менен тʏз кɵчɵлɵр (азыркы Ленин, Курманжан-Датка) салынып, шагыл таштар тɵшɵлɵ баштаган. Келгендерге ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏ максатында административдик имараттар, почта, чиркɵɵ, аскердик казарма, бак-дарактар, дарыя боюна парк (азыркы Токтогул эс алуу багы) иретке келтирилет. Токтогул паркынын ичиндеги айрым кайыңдар жʏз жылдан ашуун доорду кɵргɵн. Алардын кɵпчʏлʏгʏн тамыры чирип кеткендиктен кыйышкан, калганы жашап жатат. Бул бак да орус бийлиги келген маалда эгилгенин айтсак болот. Мындан сырткары аскердик-лазарет, оорукана, анан орус базары (пьян базар) иштей баштаган. Шаардын жаңы бɵлʏгʏн мындай иретке келтирилиши 1891-1894-жылдарда Фергана облусунун Ош уездинин начальниги болуп Бронислав Громбчевский иштеп турган учурга туш келет. Ош уездинин алгачкы начальниги болуп капитан М.Е. Ионов, андан кийин орус армиясынын подполковниги А.Н. Дейнбер 1891-жылга дейре иштеген. Айтмакчы Б.Громбчевский Тʏркестанда кызмат ɵтɵгɵн жылдары расмий никеси жок болсо да кыргыз аял менен кɵп жыл чогуу жашаган. Ортодо кыздуу болушкан, булар жɵнʏндɵ дагы бир сɵз келгенде кеп кылабыз.

Басмачылардын аскерий казармага кол салышы

-Бронислав Громбчевский шаардын ошол кездеги биринчи мэри болуп турганда курулган административдик имараттын бири аскерий казарма болуп эсептелет. Ал жерге кийин Кызыл армиянын аскерлери жайланышат. 1919-жылы командир Владимир Голубев да ушул аскерий казармадан качкан. Окуянын чоо жайын айта кетсем, аскерий казарманын коменданты Мойдунбекке сатылып кетет. Мойдунбек Ноокаттан чыккан басмачылардын башчысы болгон. Шаарды биринчи ирет 1919-жылы басып алат. Ал аскерий казарманын комендантына “бизге аскерий казарманын эшигин ачып берсең жаныңы аман алып калабыз” деген. Ошентип комендант эшикти ачып салат, аларга каршы салгылашкан В. Голубевди Мойдунбектин басмачылары азыркы Токогул паркынын башына чейин кубалап келип, акыры атышат. Жарадар болгон командирди кармашып, ошол жерден мууздап салышкан. Азыркы парктагы эстелиги ошол ɵлгɵн жерине тургузулган.

Тарых булактарына кайрыла турган болсок аскерий казарманын курулушу 1917-1919-жылдар аралыгында толук бʏткɵрʏлгɵн. Баамдаган адамга кирпичтери да ɵзгɵчɵ. Учурда имарат Ош облустук ички иштер башкармалыгынын милициясынын кайгуул кʏзɵт кызматынын ɵзгɵчɵ батальону катары иштеп келет.

Кызыктуу тарыхы бар “Пьян базары”

-Кыргыздар азыркы М. Аматов кɵчɵсʏнɵн атчан, эшекчен орус базарынын жанынан ары-бери ɵтʏп калышат. Базарды айланта орустун кемпирлери каздын, ɵрдɵктʏн жумурткаларын жана дагы башка нерселерди сатышкан. Кызыгы, ошол базардын ортосунда жыгачтан жасалган чоң бочке турар эле. Кɵрсɵ ал жыгач бочкеде сыра (пиво) бар экен. Аны орустун эркектери тегеректеп алып сыра ичип отура беришкен. Жɵн отурбастан кээде мушташа кетишет. Ушунун баарын кɵрʏп жʏргɵн кыргыздар анан ал жерди мастардын базары (пьяный базар) деп атап коюшкан. Пьян базар деген аталыштын тарыхы мына ушундай. Азыр деле карыган кишилер бул жерди “пьян базар” деп айтышат.

Михайло-Архангель чиркɵɵсʏ – Оштогу жалгыз орус православ архитектурасынын эстелиги

Ошондой эле алгачкы административдик курулуш катары Ленин кɵчɵсʏндɵ жайгашкан “Кыргыз почтасын” жана Курманжан Датка кɵчɵсʏндɵгʏ Михайло-Архангель чиркɵɵсʏн айта кетпесек болбойт. Учурда чиркɵɵ иштейт, Оштогу жалгыз орус православ архитектурасынын эстелиги болуп саналат.  

Айжылдыз Тойчиева