27 июля, 2024

ТYРКИЯНЫН ГОРДИОН АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЖЕРИ “ЮНЕСКОНУН ДYЙНƟЛYК МУРАСТАР ТИЗМЕСИНЕ” КОШУЛДУ

Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында ɵткɵн ЮНЕСКОнун Дʏйнɵлʏк мурастар комитетинин кеңейтилген 45-сессиясында Тʏркиянын борбор шаары Анкарадагы Гордион археологиялык эстелиги «ЮНЕСКОнун Дʏйнɵлʏк мурастар тизмесине» кошулду. 18-сентябрда Гордион Тʏркиядан тизмеге кирген 20-мурас объекти катары катталды.

ЮНЕСКОнун Бʏткʏл дʏйнɵлʏк мурастар конвенциясы байыркы Гордион шаарын «Темир доорундагы кɵз карандысыз падышалык Фригиянын байыркы борборунун калдыктарын камтыган кɵп катмарлуу байыркы конуш» катары сʏрɵттɵйт. ЮНЕСКОнун маалыматында: «Бул жердеги археологиялык казуулар жана изилдɵɵлɵрдʏн жыйынтыгында, фригиялыктардын маданияты менен экономикасына жарык чачкан курулуш техникасы, мейкиндик тʏзʏлʏштɵрʏ, коргонуу курулуштары жана ингумация практикасы чагылдырылган кɵптɵгɵн калдыктар табылды”.

Гордион: ʏзгʏлтʏксʏз отурукташкан сейрек жер

default

Анкаранын Полатлы районунда жайгашкан байыркы Гордион шаары Анадолу жерлеринде из калтырган цивилизациялардын таң калычтуу далили. Ɵзгɵчɵ универсалдуу баалуулуктары менен Анадолу тарыхына жарык чачкан шаар, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы маанилʏʏ кесилиш жери десек да болот.

Гордиондун ордунда отурукташып калган жерлер эрте коло дооруна (болжол менен б. з. ч. 2500-ж.), жакын жерде жайгашкан Яссыхɵйʏк дɵбɵсʏнɵ таандык. Бул жердин ар тʏрдʏʏ цивилизациялар ʏчʏн жагымдуулугун бир нече факторлор менен байланыштырса болот, анын Анадолу боюнча маанилʏʏ соода жолдорунун  боюндагы стратегиялык абалы, Сангариос (азыркы Сакария) дарыясынан алынган суунун мол болушу жана айыл чарбага ылайыктуу кең тʏшʏмдʏʏ жерлер ɵзгɵчɵлʏк катары эсептелинет.

Гордиондун тарыхына сапар

Гордион биздин заманга чейинки 12-кылымда Хетт империясынын кулашы менен кɵтɵрʏлгɵн Фригиянын саясий жана маданий борбору катары белгилʏʏ. Фригиялыктар азыркы Анкара, Афьонкарахисар, Эскишехир жана Кʏтахия облустарын камтыган Анадолу жерлеринде кеңири аймакка отурукташкан. Фригия ɵрɵɵнʏ дʏйнɵнʏн башка жерлеринен айырмаланып, фригия цивилизациясынын издерин камтыган аскалардын сыныктары жана байыркы урандылары менен белгилʏʏ. Бул жерде саякатчылар тарыхый мурастарга кʏбɵ болушат.

Фригиялык доордун монументалдык курулуштары Гордиондун ландшафтында эң маанилʏʏ из калтырган. Анын Эрте Фригия сепилинин имараттары жана шаар башкаруучуларынын кɵрʏстɵндɵрʏ, Фригия элитасынын укмуштуудай кʏчʏн кɵрсɵтʏп турат. Гордиондогу Улуу Тумулус же падыша Мидастын мʏрзɵсʏ ʏчʏнчʏ эң чоң дɵбɵ жана андагы мʏрзɵ бɵлмɵсʏ дʏйнɵдɵгʏ эң байыркы жыгач имарат болуп саналат.

Гордион ошондой эле кɵптɵгɵн байыркы тарыхчылар айтып кеткен Гордиант ʏйʏнʏнʏн эпизоду менен тʏздɵн-тʏз байланыштуу. Уламыштарда бул тʏйʏндʏАзияны болочок жеңʏʏчʏ гана чечет деп ишенишкен. Ошондуктан Гордионго Искендер Зулкарнайн келип, аны кылыч менен кесип ɵтʏʏгɵ аракет кылганы бекеринен эмес.

Гордиондун айланасындагы жакшы сакталган чептер жана монументалдык имараттар зыяратчыларга укмуштуудай саякат тартуулайт.  Ал жердеги Гордион музейинде казуулардан алынган таң калычтуу табылгалар да бар. Ал хронологиялык дисплейди кɵрсɵтʏп, ар бир мезгилди мʏнɵздʏʏ мисалдар менен кɵрсɵтɵт. Артефакттардын арасында эрте темир дооруна таандык колго жасалган карапа идиштер, эрте фригия дооруна таандык темир шаймандар жана импорттолгон буюмдар бар. Мындан тышкары, коноктор Гордиондо табылган мɵɵр жана монета ʏлгʏлɵрʏн да кɵрɵ алышат.