27 июля, 2024

Кыздын калыңы кымбаттады

«Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз  болбойт» деп алып эле каадага шылтап калыңды сураган калкпыз. Учурда бизде эле эмес, дʏйнɵдɵ кымбатчылык, баары кымбаттады. Жок деп алып дʏркʏрɵтɵ той берип, той сезону бизде тɵрт мезгилде деле боло берет. ʏйлɵнʏʏ тойлор кʏркʏрɵгɵн кʏздɵ башталып, учурда кыздын калыңы да кымбаттаган убак.

Суранчы Жетимишов, кыргыз Эл жазуучусу:

“Барчылык болгон сайын каадабыз ɵзгɵрʏп, калыңды акчага айландырып алышты”

-Калың берʏʏ илгерки ата-бабаларыбыздан калган каада салт. Себеби кыз баланын кадыр баркы аябай бийик. Ата-эне кыздын тагдырын ойлоп, жанар тоо болуп, бардык шартын тʏзʏп берген. Ошол себептен сеп беришкен. Камдуу ата-эне септи баш аягынан бери жасап, боз ʏйдʏн ичин толтуруп, жууркан, кийиз, тɵшɵгʏнɵн бери тигип берген. Барган жеринде кызым кыйналбасын деген. Бул ата-эненин балага болгон камкордугу. Кыз баланы алган киши дагы кадырлап- баалаган. Биздин кызыбызды канчалык деңгээлде баалайсың, эмне бере аласың десе, илгери малды кɵп баккандыктан жылкы, жандык деп айтышкан. Малды илгери товар катары пайдаланышканы, бир чети жаңы ʏй-бʏлɵгɵ болгон жардам болгон. Учурда барчылык болгон сайын каадабыз ɵзгɵрʏп, акчага айландырып алышты. Канча акча бересиң? Эмне бересиң? — дешет. Кээ бир ата-эне жаштарга ʏй, машина, турмуш тиричилигине керектʏʏ буюмдарды алып беришет. Бирок булардын кадыр- баркы азыркы учурда жоголуп бара жатат. От тамызгыдан баштап баарын эки жаш ɵздɵрʏ баштаса,   буюму, тапкан нерсеси ɵздɵрʏ ʏчʏн  барктуу болот эле. Азыркы учурдагы ажырашууларлардын да кɵптʏгʏ ошол себептен. Шарттарды тʏзʏп беришсин, бирок ɵздɵрʏнʏн оюна коюшсун. Алган нерсесинин баасына жетип, тапкан нерсесин бааласа анан эки жаш ынтымактуу болот. Эки жаштын ынтымакчылыгы болсо, бири-бирин жакшы тʏшʏнсɵ, саякаттап кɵңʏл ачып келсин деген жакшы шарт. Бирок эки жаш ошону тʏшʏнʏп, ата-эне берген каражатты туура пайдаланышы керек.

Буюм алганы бир топ туура деп ойлойм. Маселен кир жуугуч алса келинге пайдалуураак болот кирин жууйт, газ плита алса тамагын жасайт. Эгер турмуш шарты кем болсо кыйналышат, акчасын, продуктасын бардык жактан ʏнɵмдɵшɵт. Ал эми акчалуулар машина алып берип жатышат, ɵзʏ маңдай тери менен таап албаса, бирɵɵ алып бергендин баркы деле жок болот. Биздин салтта эки жаштын турмуш тиричилигине бул нерсе ашыкчараак деп ойлойм.

Салт буюмга байланды

-Азыркы мезгилде кудалашкан адамдар мынча сом, мынча кыл куйрук деп соодалашып калышты. Илгери айтышчу эле, энесинин акысы, дагы майда чʏйдɵ салттар бар эле, азыр алар буюмдарга айланып  кетти. Маселен кɵрпɵчɵ берсе пахтасын, аш кылса майын, кʏрʏчʏн, союшун бересиң дешет. Бирɵɵдɵн артык той ɵткɵрɵм деген туура эмес, ар бир жан ɵзʏнʏн шартына ылайыктуу эл той берсе болот. Менин кɵңʏлʏмɵ жакпаганы ресторанга той берип жатышканы. Ага кеминде 500-600 киши келет. Столду жасоо эле аябай чоң чыгым. Бул атаандашууну да жаратат. Кɵп чыгымдын баары эле тамада менен ырчыларга кетип калып жатат. Айта турган нерсем ырчылар да, тематикага ылайыктуу ырларын ырдаса бизге жакмак. Алып баруучуларда чар жайыт, болбогон нерседен оюн ойнотуп уят болуп, интернетке чыгып жʏргɵндɵр да жок эмес да. Отургандарды кʏлдʏрɵм деп шылдың болуп жатат. Алып баруучу элге ылайыкташтырып уюштуруп койсо болот. Таланттуу адамдын ички дʏйнɵсʏнɵн сɵз чыгышы керек, куттуктоолор чыгышы керек. Жаттап алып, бирɵɵлɵрдʏ туураганы алып баруучунун да аброюн кетирип коюп жатат. Маданияттуу адамдар бул нерсеге канааттанбайт. Алып баруучулар ɵздɵрʏнʏн баасын кɵтɵргɵндɵн кɵтɵрʏп бара жатышат. Башта 5 миң болсо, азыр 10-25 миңден ашып калды. Ал эми ырчылар бир эле сɵздɵн кайталанма ырын ырдап кетишет, элге анын музыкасы, бийи керек. Ал кандай ырдайт, ырдын мааниси кандай кетип жатат, ага маани деле беришпейт. Анын ордуна элге жугумдуу элдик ырларды койсо болот.

Бата эмне себептен айтылат?

— Бата-насаат. Бата бер десе эле чыгып алып, кандай адам болбосун бере беришет. Батаны да ылайыктуу, абройлуу киши бериши керек. Кɵптʏ билген, кɵптʏ тʏшʏнгɵн пенде болсо, анын батасы жугумдуу болот. Кээ бир мас кишилер деле чыгып алышат же сɵзʏн таппайт. Азыркы тойлордо  ызы-чуу менен аякталып, чурулдашып, тойдун этеги деле батасыз аяктап жатканы чындык.

Таалайбек Алымов, Ɵзгɵн районунун тургуну:

“Балабыз ʏчʏн баарын жасайт экенбиз да…”

-Жайында карындашым кызын узатканда куда таанышуу болуп барып калдык. Кудалар калыңдан сɵз баштала электе эле  мал, пахтасы биригип 500 000 сом беребиз деди. Чынында кызга той берет, башка кылат мындан кɵп сумма кетет. Макулдаштык, ошондон баштап эле мен да уулумдун тоюна кам кɵрʏп баштадым. Кудаларыбыз менен таанышуу болду, калыңына ʏч жʏз миң берем десем, кудалар “аз, дагы кош” дешти. Аябай эле тартыштык, ошентип 300  000 сом калың, кыз тоюна жылкыга деп 100 000, эне сʏтʏ, пахта, матасына 100 000, жалпы беш жʏз миң сом бердим.  Мындан сырткары уулума 600 адамды чакырып той берем,  ресторан акысы, кой-жылкы, азык-тʏлʏк болуп атып бир топ эле акча кеткидей. ʏч балама мынча кетпеди эле деп отурсам, келинчегим “кыздарыма жетимиш миң эле калың алган экем” деп отурат. Азыркы экономикалык шартта кыйын албетте, кичʏʏ балам болгондуктан, ʏй-жайыбыз бар, ошон ʏчʏн бир чыдап коёюн дедим. Бала ʏчʏн баарын жасайбыз. Эң негизгиси балдарыбыз бактылуу болушсун.

Алиман Кожоева, Ноокат районунун тургуну:

“Кожо кɵрсʏн кылып  ашыкча чыгым кылуунун кажети жок”

-Августта кызымды узаттым, ʏйгɵ эле кыз тоюн бердик, кудалар тарап да ʏйʏндɵ уул тоюн ɵткɵрʏштʏ. 250 000 сом калың беришти болду, мал жандык сурабадык. Эми бул акча чынында жетпейт деле, тɵшɵк-жууркан, жыгач-тиричилик техникалары эле бир канча сумма болду. Улуу кызыбыз болгондуктан баарын жасап бердик. Кызым бой жеткенде эле тɵшɵк-жуурканды ɵзʏм тигип баштадым, ошол жакшы болгон экен, азыр кымбаттап кетпедиби материалдар деле. Анан балдарыбыз да он-жыйырмадан машине менен оюн-кʏлкʏгɵ чыгышпады. Той кɵйнɵктʏ кызым ɵзʏ чебер болгондуктан ɵзʏ тигип алды. Мен ойлойм, ашыкча чыгым кетирип кожо кɵрсʏн кыла берсек ɵзʏбʏзгɵ эле зыян. Ошондуктан биздин ойлогонубузду балдарыбыз да колдоп, жакшынакай кылып баш кошушту. Багын тилеп отурабыз. Экɵɵ тең иштешет, кем-карчысын ɵздɵрʏ толуктап алар.

Манас баатырдын Каныкейге берген калыңы

Махр маселеси чыкканда баары эле Манастан баштап ким эмне берген деп санап баштабадыбы. Анын сыңары Манас китебинен Манас баатыр Каныкейге ʏйлɵнгɵндɵ канча мал-жандык бергенин карап кɵрʏп, бʏгʏнкʏ баага эсептегенде бир топ эле кымбатка тʏшкɵн экен. Ал эми ошол жоокерчилик заманда тɵрт тʏлʏк баасы кымбат-арзан болгону белгисиз. Букардын ханы Темирканга хан Жакып кудалыкка келгенде Санирабига кызын Манаска берʏʏгɵ макул болбой баш тартмак болот.  Букар ханы кɵп суммада  калың сурап, мындай шарт аны кыздан баш тарттырат деп ойлойт. Бирок кыргыздар алар айткандан ʏч эсе кɵп калың жыйнап, жер жайнаган мал менен барат. Андан сырткары, алтын-кʏмʏштʏ кошо жʏктɵй барат. Эпосто айтылгандай:

•      3 миң жылкы

•      400 баш уй

•      200 бука

•      30 миң баш кой

•      200 айры ɵркɵч тɵɵ жетелеп барган.  Эми ɵзʏңʏз эсептей бериңиз, канча сумма болорун.

Гʏлзада Эшалиева, №113 Т. Алтыбаев атындагы кесиптик лицейдин директору:

“Калыңсыз кыз болбойт”

-Мен 3 келиниме тең калың бергенмин.

Калың берʏʏ элибизде салтка айланган, каадасыз эл болбойт, калыңсыз кыз болбойт дегендей бул эми каада- салт деп тʏшʏнɵмʏн.

Бирок, ар бир нерсенин чегин билгенибиз, сактаганыбыз туура, салт деп эле чегинен ашып кеткен учурлар аябай кɵбɵйдʏ. Калыңдын кɵлɵмʏн аябай кɵбɵйтʏп, ага удаа септин кɵлɵмʏ андан озуп, ага жетем деген кур намыс менен инсан кредит алып, бул жакшылыкка алып келбейт деп ойлоймун.

Арыпбек Айтбаев, Ош шаардык Кеңешинин депутаты:

“Калың маанилʏʏ эмес мен ʏчʏн”

-Арыпбек ага, келинчегиңизге канча калың бергенсиз?

-Так эсимде жок, 3000 сом берсек керек.

-Кызыңыз бар да, жуучу келсе канча калың сурайсыз?

-Эл катары эле сурайм го дейм. “Калыңсыз келген” деп кээ бир учурда келиндерди кайын журту кеп кылышкан окуялар  биздин коомдо кɵп. Сɵзгɵ сɵлтʏк кылып коебу дейм. Негизи калың анчалык мааниге ээ эмес мен ʏчʏн. Башкысы, кʏйɵɵ бала ыймандуу, жакшы жигит болсо болду. Кээ бирлери ɵзʏн кɵрсɵтʏʏ ʏчʏн кɵп акча берип, бизге силерден эч нерсе(сеп) кереги жок дегендерди угуп жатам. Кайын жуту “супер современный” болгон кʏндɵ деле мʏмкʏнчʏлʏгʏ болуп турса сɵзсʏз сеп кылып бериш керек. Кыз киши ɵмʏрʏ кɵрбɵгɵн чоочун ʏйгɵ барат, абысын,кошуна-колоң бар дегендей, анча-мынча жерден кемсинип калып кɵңʏлʏ чɵкпɵш керек.

P.S: Учурда Ош облусунда кыз калыңы жʏз миң сомдон башталып, алты жʏз миңге чейин болуп жатканын сурамжылоодо билдик. Ар ким мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ жараша беришʏʏдɵ.