8 сентября, 2024

Калаада кышка камылга кандай?

Ɵткɵн жылы кыш мезгили жылдагыга салыштырмалуу бир топ суук болду. Быйыл деле синоптиктер суук болот дегендей айтып башташты. Ал эми шаарда тийиштʏʏ ишканалар ɵз ишин алда качан баштап, жылытуу сезонуна даярдыкты дээрлик аятап калышты.

Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары:

“18 жерде кɵмʏр саттуу пункттары уюштурулду”

-Кʏз-кыш мезгилине даярдык боюнча атайы штаб тʏзʏлгɵн. ʏч жолу чоң штаб ɵткɵргɵнбʏз. Ош шаарын Ош жылуулук электр борбору жана Ош муниципалдык жылуулук деп аталган эки чоң мекеме тейлейт. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ график боюнча негизги жумуштар жасалып жатат. Мындан сырткары элге кɵмʏр даярдоо боюнча тапшырма муниципалдык аймактык башкармалыктарга жеткирилип, шаардын аймагында 18 жерде кɵмʏр саттуу пункттары уюштурулду. Калк тарабынан 22800 тонна кɵмʏр даярдалыш керек болсо, бʏгʏнкʏ кʏндɵ 13928,0 тонна кɵмʏр даярдалып, 61,08%ды тʏздʏ. Учурда кɵмʏрдʏн 1 тоннасынын баасы сапатына жараша 6000-6800 сом болууда. Монополияга каршы кызмат менен биргеликте баа боюнча кийинки апта рейд жʏргʏзɵбʏз. “Кыргыз кɵмʏр” ишканасы менен сʏйлɵшʏп, кɵмʏрдʏ арзан алуу ʏчʏн карьерден тʏз алып келʏʏнʏ карап жатабыз. Ɵткɵн жылы да Бакытбек Жеңишбековичтин тапшырмасына ылайык элди кɵмʏр менен камсыз кылуу максатында карьерден кɵмʏр алып келген элек. Азыр арзан мезгилинде алып алгыла деп айтып жатабыз, бирок, баарынын шарты бирдей эмес, ошондуктан айрымдар кымбаттаганда алууга аргасыз болушат, алар ʏчʏн да арзан кɵмʏр алып келʏʏнʏ караштыруудабыз. Мындан сырткары жылда декабрь айларында миң тоннага жакын кɵмʏрдʏ социалдык жактан мʏмкʏнчʏлʏгʏ аздарга акысыз таратып келебиз. 

Газ, свет жана жол маселелери

-Ош шаарында 700дɵн ашуун кɵп кабаттуу ʏйдʏн тургундарына убакыттан пайдаланып айткым келет, жер тɵлɵдɵгʏ тʏтʏктɵргɵ жакшы маани беришсе. Союз мезгилинен берки ʏйлɵр бар, жер тɵлɵдɵгʏ жылуулук тʏтʏктɵрʏ толуп калса ысытпайт. Тʏшʏнгɵндɵр эрте жаздан эле алмаштырып баштады, айрым кɵп кабаттуу ʏйлɵр дале алмаштыра элек. Алдыда дагы бир айча убакыт бар. Ɵткɵн жылы жакшы ысыбаган ʏйлɵр болсо тʏтʏктɵрдʏ каратып, ички батарейкаларды жылда жууп туруу керек.

Ачыгын айтуу керек, газ боюнча маселе бар. Былтыры Ɵзбекстандын ɵзʏндɵ катуу суук болгондо газды бере албай калышты. Газдан басымы кышында тʏшʏп кетет. Ошондуктан элге альтернатива катары кɵмʏргɵ ɵткʏлɵ деп айтып жатабыз. Газга толук ишенʏʏ кыйын. Электр энергиясына келе турган болсок, ɵчʏрʏлбɵйт деп жатышат. Бирок, ɵткɵн жылы кышта мезгилдʏʏ ɵчʏп, авариялык учурлар катталган. ОЗПда жолдорго туз себʏʏ боюнча да пункт бар. Ош шаарынын жолдоруна туз себʏʏ, кардан тазалоону Тазалык, Жашылдандыруу, шаардык жолдор башкармалыгы карайт. Учурда туздардын запасын камдап, техникаларды даярдап жатабыз. 

Абдуашим Туркменов, Ош шаардык жылуулук электр борборунун башкы инженери:

“Буу казандар оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵтʏп колдонууга даяр турат”

-Ош жылуулук электр борборунда кышка даярдык 2022-2023-жылдардагы жылуулук сезону бʏткɵндɵн кийин эле башталган. Тагыраагы, жылытуу мезгили март айында аяктаса, биз апрелден тарта кышка камылга кɵрɵбʏз. Ага чейин аткарыла турган иш-чаралардын планы кагаз тʏрʏндɵ даярдалат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жазылган пландардын баары дээрлик аткарылды. Учурда Ош шаарындагы Курманжан Датка кɵчɵсʏндɵ, мурдагы Алай мейманканасынан баштап Бɵрʏбаев кɵчɵсʏнɵ чейинки аралыкта магистралдык жылытуу тʏтʏктɵрʏ алмаштырылып жатат. Ишти 10-сентябрда баштаганбыз, 10-октябрга чейин бир ай мɵɵнɵт берилген. Шаар мэри текшерʏʏ учурунда шаар кʏнʏнɵ чейин бʏтʏргʏлɵ деген тапшырманы койду. Ошондой эле 25-сентябрдан баштап магистралдык кварталдык жылуулук тʏтʏктɵрʏнɵ гидравликалык сыноо жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Этап менен гидравликалык сыноодо тʏтʏктɵргɵ жогорку басымдагы сууну берип, текшеребиз. Эгер мʏчʏлʏштʏктɵр жарала турган болсо, аларды кыш келгенге чейин оңдоп-тʏзɵɵ чаралары кɵрʏлɵт. ʏч буу казаныбыз жана химиялык жабдуулар, электр жабдуулары толук оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵтʏп, колдонууга даяр турат.

“Газ менен мазут отунун ташып келʏʏгɵ келишимдер тʏзʏлдʏ”

-Биздин мекеме “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна карайт. Жыл сайын акционердик коомдун буйругунун негизинде кышка даярдыкты текшерʏʏ боюнча комиссия келет. От казандарыбызга газ отуну менен мазут отуну жагылат. Жылытуу мезгилинин бир сезонуна 4 миллион куб газ сатып алуу ʏчʏн “Газпром Кыргызстан” ишканасы менен келишим тʏзʏлгɵн. Ал эми “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен 20 миң тонна мазутту ташып келʏʏгɵ келишим тʏзʏлдʏ. Биздин кампада бʏгʏнкʏ кʏндɵ 16 800 тонна мазут даяр. Калганын графиктин негизинде аталган ишкана алып келет.

“Тʏтʏктɵрдʏн диаметрин кеңейтип, насостук станциялардын кубаттуулугун жогорулатуу керек”

-Учурда шаарда ЖЭБ жылыткан 346 кɵп кабаттуу ʏй бар. Быйыл жылуулук борборуна 2 гана ʏй кошулду. Жылдан-жылга абоненттер кɵбɵйʏп жатат. От казандардын кубаттуулугу жетиштʏʏ эле, бирок, магистралдык тʏтʏктɵрдʏн сыйымдуулугу абоненттер кɵбɵйгɵн сайын сууну да кɵп талап кылат. Ошондуктан магистралдык жылуулук тʏтʏктɵрʏнʏн диаметрлерин чоңойтуубуз керек. Курманжан Датка кɵчɵсʏндɵгʏ иштер да ушуга байланыштуу, диаметри 400 миллиметр болгон тʏтʏкчɵнʏ 500 миллиметрге алмаштырып жатабыз. Мындан сырткары шаардагы насостук станциялардын да кубаттуулугун жогорулатуубуз зарыл. 

Бекмурза Эргешов, “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын директору:

“88 откананын баары даяр”

-2023-2024-жылдын кʏз-кыш мезгилдерине карата даярдыктар 95% бʏттʏ десек жаңылбайбыз. 88 откананын баары даяр. Анын ичинен 20 откана электр отуну менен, 68 откана кɵмʏр отуну менен жылытылат. Кɵмʏрлɵрдʏ тендерден уткан компаниялар алып келʏʏдɵ. Планга ылайык ай сайын 2 жарым миң тонна келтирилсе, эки айда 5 миң тонна кɵмʏр келип тʏштʏ. Мектеп, бала бакчалардын баарына даярдык боюнча билдирʏʏ бердик. Ɵзʏңʏздɵргɵ маалым болгондой, биз мектеп, бала бакчалардын элеваторуна чейин жылуулукту алып барып беребиз, ал эми ички тутумдарын ɵздɵрʏ кɵзɵмɵлгɵ алат. Биздеги технадзор бɵлʏмʏ билдирʏʏ берип ошонун негизинде кайрадан текшерет. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ алар да 50% жумушун бʏтʏп калышты.

Жер тɵлɵлɵрдɵгʏ тутумдарды алмаштыруу

-Мындан сырткары ʏйдʏн ички тутумдарын да колго алганбыз, буга 1 сом 14 тыйындан ɵзʏнчɵ тариф бекитилген. Эки жыл болду, арада тʏшʏнбɵстʏктɵр да катталды. Бекитилген тарифтин негизинде жылда оңдоп-тʏзɵɵ жʏрʏп, пайдубалындагы кемчиликтери, жылуулугу, элеватор жана башка тетиктерин ɵзʏбʏз кɵзɵмɵлдɵп, чогулган акчалардын эсебинен кызмат кɵрсɵтɵбʏз. Андан сырткары капиталдык ремонт бар, учурда 4 ʏй капиталдык ремонттон ɵтʏʏдɵ, былтыр 10 ʏй ɵткɵн болчу. Бул жылдан-жылга жакшы кɵрʏнʏш. Эгер ушул темпте барсак, отуз жылдан бери алмашылбаган жер тɵлɵлɵрдɵгʏ тутумдар алмашылса жылуулукту сапаттуу, 100% ала алышат. Мурда бир жарым миңдеп арыздар келсе, бʏгʏн ʏч жʏздʏн тегерегинде келет. Кɵйгɵйдʏн баары ошол жер тɵлɵлɵрдɵ болгон. ʏйдʏн ичиндеги тутумдар накипь, туздуу суу менен толуп калганда циркуляция тɵмɵндɵп, жылуулук азаят.

“Абоненттердин саны 14 417 ге жетти”

-Биздин ишкана 306 кɵп кабаттуу ʏйдʏ, 36 мектепти, 29 балдар бакчасын, 11 медициналык мекемени, 9 жогорку окуу жайды, 2 кесиптик лицейди, 7 административдик мекемесин, 3 китепкана, 1 атайы кɵзʏ азиз жана начар кɵргɵн балдар интернатын, “Боорукердик ʏй” интернатын, дагы башка 98 мекемени жылуулук менен камсыздайт. Абоненттердин саны 14 417ге жетти. Ɵткɵн жылы жылуулук 22-октябрда бергенбиз, быйыл аба-ырайына карап беш кʏн катары менен +8 градуска чейинки кɵрсɵткʏч болсо, мэрия тарабынан чыгарылган буйруктун негизинде беребиз. Учурда жаңы салынган мектептерди кабыл алуу иштерин жасап жатабыз. Ошондой эле экология кɵйгɵйʏн эске алуу менен жылда тендер ɵткɵндɵ сапаттуу кɵмʏр алуу ʏчʏн атайы критерийлер каралат. Мындан сырткары тʏтʏн соргучтарды колдонуп, абага ыштын азыраак ɵлчɵмдɵ чыгуусу ʏчʏн иш-аракеттерди жасап келебиз.

Кулактандыруу!!!

Урматтуу Ош шаарынын Т.Кулатов, Тɵлɵйкɵн, Анар, Курманжан-Датка, Достук, Черемушки кичи райондорунун, Туран, Кɵкʏм-Бий, Авиагородок, МЖК-2 конуштарынын, Алимбеков, Ленин кɵчɵлɵрʏнʏн жана Жийделик №70 кɵп кабаттуу турак ʏйʏнʏн жашоочулары!

Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы ушул жылдын 26-сентябрынан 17-октябрына чейин абоненттерге жылуулук энергиясын жеткирʏʏчʏ тʏтʏктɵрдʏ жогорку басым менен гидравликалык сыноо жʏргʏзɵт.

Жукарган тʏтʏктɵрдɵн жана батирлердеги радиаторлордон суу чыгып кетʏʏ менен авариялык жагдайды пайда кылышы мʏмкʏн. Ошондуктан, жогоруда кɵрсɵтʏлгɵн кʏндɵрдʏ эске алып, мʏмкʏн болушунча ʏйʏңʏздɵрдɵ болууңузду суранабыз, жумушуңуздар болсо, жакындарыңыздарга дайындап, батирди кɵзɵмɵлсʏз калтырбаңыздар.

Авариялык учурга Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы жооп бербейт!

Байланыш телефондору:

+996 551 113 371,

+996 777 113 371,

(03222) 5 07 90.