27 июля, 2024

Комузчу, жыгач уста Таштанбек Сооронбаев: “Комуз жашоомдун эң чоң максаты жана ийгилиги”

Ɵз тажрыйбамда чыныгы таланттуу, ɵнɵрлʏʏ адамдар жɵнɵкɵй, кичипейил болоруна дагы бир ирет ынандым. Каарманыбыз Таштанбек Сооронбаевди “Тʏштʏк ЭКСПО-2023” кɵргɵзмɵ-жарманкесинен жолуктуруп калдык. Комузду чертип эле тим болбой чаап жасап, жɵн жасабай эгиздеп жасаган Таштанбек аба дʏйнɵлʏк музыка ааламына жаңылык киргизгени тегин эмес. Ал кандай жаңылык десеңиз, маегибизди сɵзсʏз окуңуз.

— Таштанбек аба, комузду качан колго алдыңыз эле?

— 3-4-классымдан баштап комуз черте баштадым. ʏйдɵ атам, агаларым комузду жакшы чертишчʏ. Айылда ɵтɵ атактуу болбосо дагы райондун деңгээлинде комузда ойногон аксакалдар бар эле. Ошолордун таалим-тарбиясын алдым. Ошолордун шарапаты болду окшойт. 6-класста райондо лауреат болдум. 7-класста Аксы районунда кʏʏ чертип 1-орунду алдым. Ошондо атактуу комузчу Болуш Мадазимов экɵɵбʏз Ош улуттук драма театрында телевидениеге тартылганыбыз эсимде. Андан бери ушул убакка чейин комузду таштабай колдон келишинче жасап, колдон келишинче элге тартуулап келатам.

“КОМУЗ АДАМДЫН ОЙ-СЕЗИМДЕРИН КАЛЫПТАНДЫРАТ”

— Комуз чабууну кимден ʏйрɵндʏңʏз?

— Комуз чаап, жасаганды 30 жашка барганда баштадым. Ага чейин сʏрɵттʏ жакшы тартчу элем. Ошонун таасири да болду окшойт. Менин багыма Таш-Кɵмʏрдɵ Жаныбек Токтогулов деген комуз жасаган агай бар эле. Ошол киши менен таанышып калып, комуз жасоонун кɵп сырларын, жолдорун ʏйрɵткɵн.  30 жылдан ашык кыргыздын кол ɵнɵрчʏлʏгʏ, анын ичинен жыгач кол ɵнɵрчʏлʏгʏн аркалап келатам. Жыгач кол ɵнɵрчʏлʏгʏ кыргызда байыртан келаткан ɵнɵр. Ɵтɵ машакаттуу, ɵтɵ кɵп убакытты, жɵндɵмдʏ талап кылган ɵнɵр болуп эсептелет. Ар бир буюм ɵзʏнчɵ анализделип жасалат. Башында комуз эле жасап жʏрдʏм. Кийин кылкыяк да жасасам деген ой келди. Ал элдин купулуна толуп, жакшы сɵздɵрдʏ уктум.

“КОШ ДУЛДУЛ” –  КЫРГЫЗ-КАЗАК БИР ТУУГАНДЫГЫН ДАЛИЛДЕЙТ“

— «Кош дулдул», «ʏчилтик», “Кош булбул” деп аталган ɵзгɵчɵ музыкалык аспаптарды жасоо идеясы жɵнʏндɵ  айтып бериңизчи.

— “Кош дулдул”, “ʏчилтик”, “Кош булбул” деп аталган аспаптарды 14-15 жылдан бери жасап келем. Булардын айырмасы эки, же ʏч аспап бириктирилип жасалат. Айрымдары бир жыгачтан жасалса, айрымдарын бɵлɵк жасап алып бириктирип чыгам. Казак-кыргыз бир тууган дейт. “Кош дулдул” деп комуз менен домбраны кошуп жасаганымдын себеби, кыргыз менен казак кандай жакын болсо, комуз менен домбра дагы бири-бирине жакын. Казакстанда 5 жыл окуп, студенттердин арасында ɵткɵн фестивалда биринчи орунду алганым ʏчʏн филармонияга артист кылып кабыл алышты. Ал жакта Эл артисттери менен жʏрʏп домбраны ʏйрɵндʏм. Домбра ойноп сахнага чыгып, кыргызча, казакча ырдап жʏрдʏм. Ошондо курсташтарым домбра белек кылышкан. 40 жыл болду. Сактап, чертип келатам. Кийин ошол домбрага окшоштуруп домбра жасап, чертип кɵрсɵм окшошту.  Анан домбра менен комузду бириктирʏʏ идеясы пайда болду. Кыргыз-казак бир тууган калк. Дили, тили окшош, комуз менен домбранын добуштары да окшош деп  1 жыл ойлонуп, кɵрʏнʏшʏн сызып алып жасап кɵрдʏм. Окшошту. Ɵзʏм ойноп чыктым. Кɵргɵзмɵлɵргɵ барып элге тааныла баштады. Бирге жасалган комуз менен домбраны “Кош дулдул” деп атадым. “Кош дулдулду” белгилʏʏ композитор Муратбек Бегалиев да жасатып, азыр музейде турат. Атактуу музыканттардан кызыккандар абдан кɵп. Буйрутма бергендерге жасап берем.

“МАДАНИЯТКА ПАЙДАСЫ ТИЕБИ ДЕП ОЙЛОДУМ”

— Бул аспаптарды бир жыгачтан жасайсызбы?

— Комуз менен домбраны бир жыгачтан жасаса да болот. Экɵɵ эки башка аспап болгондуктан экɵɵнʏн жасалуу жолдору бар, ʏнʏ сакталып калыш керек. Ошондуктан ɵзʏнчɵ жасап бириктирип коём. Бириктирʏʏ да ɵтɵ машакаттуу, эмгекти, кылдаттыкты талап кылган иш.  “ʏчилтикти” болсо бир жыгачтан 3 аспап жасап койсо кандай болот, маданиятка пайдасы тиеби деп ойлонуп жʏрʏп жасап койгонмун. Аспапты ойногон инсан болсо, айлантып ойной берет деп, эки аспап, ʏч аспапты бирге чаап жасап атам. 

—  ʏй-бʏлɵңʏз кол-кабыш кылышабы?

— ʏй-бʏлɵдɵ байбичемден баштап бардыгы эле мага жардам берип турушат. Кыздарым турмушка чыгып кетишти. Уулум убактысы болгондо жардам берип, пикирин айтып, баары эле колдоп турушат. Байбичем болсо мени менен кошо кɵргɵзмɵлɵргɵ барып, бардык ийгиликтериме кʏбɵ болуп, мага жардамчы болуп келатат.

— Комуз сизди кандай ийгиликтерге жеткизди?

— Кыргызстанда болгон бардык кɵргɵзмɵлɵргɵ катышуудамын. Бул чоң ийгилигим. Кɵчмɵндɵр оюнуна толук катыштым. 1-2-3-орундарды багындырдым. Кол ɵнɵрчʏлʏк боюнча 3-4 жолу биринчиликти алдым. Кыргызстан боюнча “Тогуз кайрык” теле фестивалында комузда ойноп лауреат болгонмун. Жакында ɵткɵн Кыргызстан кол ɵнɵрчʏлɵрʏнʏн биринчилигинде жыгач кол ɵнɵрчʏлʏгʏ боюнча 1-орунду алдым. Тактеке да жасайм. Тактеке ойноо боюнча 3-орунду алдым.

“КЫРГЫЗДЫН МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫН  БУЗАСЫҢ” ДЕШТИ”

— Сиздин идеяларыңызды  коомчулук жакшы кабыл алып жатышабы?

— Менин идеяларымды ар ким ар тʏрдʏʏ кабыл алат. Инсанбыз да. Бири – ɵйдɵ, бири –  ылдый. Кээ бир аттуу-баштуу эле музыканттар: “кыргыздын музыкалык аспаптарын сен бузуп атасың, эзелки жалгыз комузду эле койбой бардыгын жармаштырып  салдың” деген ɵтɵ катуу сɵздɵрдʏ айткандар болду. “Оо, муну жакшы кылыпсың. Муну жасаш да ɵтɵ кыйын, дʏйнɵлʏк цивилизацияга, дʏйнɵлʏк музыкалык ааламга ɵтɵ чоң жаңылык киргиздиң” деген сɵздɵр да кɵп болду. Бирок, бул дʏйнɵдɵ жакшы адамдар кɵп эмеспи. Жакшы кеп-кеңештерди уктум. Ошол жакшы сɵздɵрдʏн кʏчʏ менен дагы кʏчтɵнʏп жасап келатам. Колдоп, буйрутма берип, жакшы сɵздɵрʏн айткандар абдан кɵп. Эми биз колдон келгенин жасайбыз, аны кабыл алыш элден. Муратбек Бегалиев менен сʏйлɵшкɵндɵ ал киши: “сен оюңа келген нерсени жасай бер. Мен обончумун. Мен жараткан обон миң адамдан экɵɵнɵ жагат, калганына жакпай калат. Болду ошол колдон келишинче жасай бер” –деп кеңеш бергени эсимде.

“КОМУЗГА БЕРИЛИП КЕТИП КОЛУМДУН КАНАГАНЫН БАЙКАБАПМЫН”

— Сиздин жашооңузда комуздун орду канчалык?

— Акыркы сурооң ɵтɵ маанилʏʏ суроо. Муну мага кɵп адамдар берген эмес. Бул суроого ɵтɵ кыска жооп бериш да кыйын. Колдон келишинче жооп берейин. Комуз менин жашоомдун эң жогорку максаты жана ошондой эле ийгилиги деп эсептейм. Комуз жɵнʏндɵ кɵптɵгɵн дастан, кʏʏлɵрдʏн маанисин, комуздун тарыхын окуп келгенде дагы бул биздин кɵɵнɵрбɵс байлык-кенчибиз. Комуз кыргыз элинин сыймыгы. Бала кезде кой кайтарат элем. Ошондо комузду кɵтɵрɵ жʏрʏп, отура калып черте берчʏмʏн.  Ал жерде койдон башка ким угат эле. Бир жолу карындашым мага тамак алып келген экен. “Колуңа эмне болду, канап кетиптир”- деп чочуп кетти. Карасам колум канап атат. Комузга берилип чертип отура берип канатып алганымды байкабапмын. Кийин аккордеон, домбра ойноп бала кездеги комуздун кайрыктары жоголуп кетти да. Комуздун музыкалык тембри сонун. Адамдын жан дʏйнɵсʏн, нерв системаларын, ой-сезимдерин калыптандырат. Эгерде адам кыйналып, ɵзʏн жаман сезип турган болсо, комуз чертсе бардыгы ордуна келет. Бул менин башымдан ɵткɵн.

Бʏкалча Маматали кызы