27 июля, 2024

Алопеция — чачтын тʏшʏʏсʏ, андан арылуу жолдору

Ар бир айым чачын бат жана кооз ɵстʏргʏсʏ келет. Бул ʏчʏн кандай каражаттарды колдонууга болот, кандайларынан баш тартуу керек, аны кантип жууш керек, кантип тароо керек? Ушул сыяктуу суроолорго тɵмɵнкʏ макаладан жооп ала аласыз.

Бегимай Молдобаева,чач боюнча тажрыйбалуу мастер:

-Ар бир адамдын чачы ар тʏрдʏʏ болот. Калың, катуу, кургак, суюк, жумшак, майлуу. Заманыбыз ɵнʏгʏп, чачка керектелʏʏчʏ каражаттар кɵбɵйʏʏдɵ. Бирок алардын 70% химикат болгондуктан, ʏй шартында дагы чачка маска жасаса болот. Универсалдуу рецепттин деле кереги жок. Чачтын активдʏʏлʏгʏнɵ тамак-аш да таасир этет. Ар бир адам ɵзʏнɵ керектелʏʏчʏ тамак-ашты тандап, азык тʏлʏктʏн балансын сактоосу зарыл. Ал ʏчʏн витаминдер жана микроэлементтер керектелет. Азыктар белокко жана кальцийге бай болушу керек. Чачтарыңыз катуу, кайраттуу болуп ɵсʏп баштайт. Чачыңызга атайын даярдалган маскалардан колдонуңуз. Элдик ыкмаларды жасап, башыңызга массаж жасап турууну унутпаңыз. Жуугандан кийин сɵзсʏз тʏрдɵ муздагыраак суу менен чайкап коюңуз. Бул чачты жоготуудан сактайт.

“Мезгилдин ɵзгɵрʏʏсʏ чачтын бузулушуна алып келет”

-Ызгаардуу суук, ысык температура чачтын тʏшʏʏсʏнɵ, сынышына жана ачакей болуусуна, чачтын кʏлдɵɵсʏнɵ алып келет. Кышында сыртка жылаң баш чыккандагы температуранын тɵмɵндʏгʏ да чачка терс таасирин берет. Белгилʏʏ болгондой кээ бириңиздер ʏй шартында чач боёгондо клеёнка менен дымдап коёсуздар. Краска химикат болгондуктан температура жогорулап, чачтын бузулушуна алып келʏʏсʏ мʏмкʏн. Ал эми бɵлмɵ температурасында 23 градустан жогору же тɵмɵн кылбоо зарыл.

Пайдалуу сунуштар

-Сульфатсыз шампун, сульфаты бар шампунга караганда алда канча жакшы. Бул боюнча практика жʏзʏндɵ иш жасап кɵргɵнбʏз. Эженин чачы абдан кургак болчу. Бир жума ичи кадимки эле тамакка кошуучу май менен маска жасап кɵрдʏ. Натыйжада чачтын абалы жакшырган жана кургоо, сынуу болбой калган. 

• TNL, профессионалдык шампунь.

• Alps, чачтын активдʏʏлʏгʏн жакшыртат.

• Vitex, Gs чачтын ɵсʏшʏн бекемдейт.

• OZ! Organic Zone чачтын тʏшʏшʏнɵ каршы интенсивдʏʏ ɵстʏрʏʏчʏ шампунь.

• Junlove чачты ɵстʏрʏʏчʏ жана бекемдɵɵчʏ шампунь.

• Kompliment Naturalis деген маска чачтын ɵсʏшʏнɵ чоң жардам берет. Эки жумада жыйынтыгын кɵрсɵтɵт.

Чачтын учунун эки ачакей болуусунун себептери

-Кʏлдɵгɵн чачтар — чачка кандай кам кɵрʏлгɵндʏктʏн белгиси. Алдын алуу ʏчʏн ар эки ай сайын чачтын учун кыркып туруу кажет. Эгер ɵстʏрʏʏнʏ кааласаңыз, анда туура кам кɵрʏңʏз. Чачтын бузулушунун себептери тɵмɵнкʏлɵр:

•      Чачты туура эмес тароо, катуу темир тарак менен тароо.

•      Туура эмес тамактануу.

•      Ар кандай оорулар жана стресс.

•      Ысыкта кʏнгɵ кɵпкɵ жʏрʏʏ.

•      Бассейнге чачты жаппай тʏшʏʏ.

•      Химиялык тармалдатуу.

•      Катуу резинка тагынуу.

•      Мокок кайчы менен кырктыруу.

•      Суюктукту аз ичʏʏ.

•      Е витамининин жетишсиздиги.

“Чачтын тʏшʏʏсʏ жашоо образыбыздан кɵз каранды”

-Организмде витаминдердин жетишсиздигинен чач кɵйгɵйлɵрʏ пайда болот. Чачтын кургашы, сынышы, жана какачтоосу. Кɵбʏнчɵсʏ чач тʏшʏʏ кɵйгɵйʏ менен кайрылышат. Чачтын тʏшʏʏсʏ кɵпчʏлʏктʏн нааразы болгон оорусу. Чачыбыздын сырткы кɵрʏнʏшʏ генибизден, ден соолугубуздан жана жашоо образыбыздан кɵз каранды. Кʏтʏлбɵгɵн жерден тʏшʏʏсʏ стресске жооп катары да пайда болушу мʏмкʏн. Кɵбʏнчɵсʏ аялдардын тɵрɵттɵн кийинки абалында чачтын тʏшʏʏсʏ кʏчɵйт жана кош бойлуу мезгилинде, бала талпынгандан кийин кɵбɵйɵт. Диетаны туура эмес кармагандыктан да болот.

“Мастер тажрыйбалуу болуусу керек”

-Замандын талабына ылайык краскалардын тʏрлɵрʏ абдан кɵп. Ооба, зыяны бар, кээ бир краскалардын аммиагы кɵп болгондуктан  чачка терс таасирин тийгизет. Аммиаксыз краска жана хна менен боёону сунуштайт элем. Азыркы учурда чачты ар кандай тʏскɵ боёо мода болуп кетти. Ачык тʏскɵ боёо ʏчʏн кʏйгʏзʏʏ зарыл. Негизи чачты кʏйгʏзʏʏдɵ 1, 5%, 3%, 6%, 9%, 12% оксиденттер колдонулат. Кʏйгʏзʏʏдɵ мастер тажрыйбалуу болгон жакшы. Эгер туура эмес колдонулган болсо чачтын курамы толугу менен ɵлɵт жана пружина болуп калат. Аны кыркып гана жок кылууга болот. Туура колдонгон учурда чачтын тʏшʏʏсʏнɵ, сынуусуна алып келбейт. Болгону кʏйгʏзʏлгɵн соң сɵзсʏз тʏрдɵ бальзам колдонуу керек, бальзам чачты жумшартууга жардам берет.

Чач боюнча кызыктуу фактылар

Орточо эсеп менен чач бир ай ичинде 20 ммге ɵсɵт. Бирок туура кам кɵрʏʏдɵ бʏл процессти бир топ ылдамдатууга болот.

Чачты тез ɵстʏрʏʏ ʏчʏн ɵтɵ катуу байлоого, чач жасалгаларын жасоого болбойт.

Башты жууган сайын чач кичине кургай баштаганда атайын калыбына келтирʏʏчʏ май колдонуу сунушталат.

Кошумча жыт бергичтер аралашпаган натуралдуу йогуртту же чийки жумуртканы сʏйкɵсɵ пайдалуу.

Чачка кам кɵрʏʏ ʏчʏн тишчелери жыгачтан жасалган таракты колдонуу сунушталат.

Чачтын ɵз табийгый ɵңʏн сактап, жалтыратыш ʏчʏн ромашканын ысык кайнатмасында чайкоо сунуш кылынат.

Чачты кара кʏрɵңгɵ боёш ʏчʏн грек жаңгагынын жашыл кабыгын, жалбырагын, сабагын пайдаланышат.

Чачына эрте ак тʏшʏп бара жаткан жаштар чалкандын жалбырагы менен тамырын колдонсо болот.

Коңур кʏрɵң чачтын ɵңʏн бузбай жакшы сакташ ʏчʏн аны 1 кʏндɵ 1 мертебе кʏнкарама кайнатмасына чайкоо керек.

Чачы жыдып, кашка баш боло баштаган адам кʏнʏгɵ кечинде чачын самынсыз, чалкандын кайнатмасына жууш керек.

Чач тʏшɵ баштаганда элдик медицинада розмарин жалбырагынын кайнатмасын колдонсо болот.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы