8 сентября, 2024

“Мыйзам ишке кирсе, ата-эне айына 1200 сомдон тɵлɵйт”

Бала жылмайса – аалам жылмаят. Жакшы тамактанган бала оорудан оолак болот. Аш турган жерге дарт турбайт дейт.  Учурда бала бакчада баланын тамак-ашын ата-эне тɵлɵйт деген тема актуалдуу болуп барып басылды сыягы. Коомчулукта ар кандай пикир жаратып жаткандыктан атайын адистерден жооп издедик.

Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын кызматкери Темирбек Турдуев:

“Жергиликтʏʏ бюджеттен берилип жаткан акча токтотулсун деген кат келген”

-Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ жɵнʏндɵгʏ, мыйзамынын жаңы редакциясында, 28-берененин 6-пунктунда “балдар бакчасындагы тамак-ашты уюштуруу баланын ата-энесинин (мыйзамдуу ɵкʏлдɵрʏнʏн) эсебинен жʏргʏзʏлɵт” деген жери кошулуп калган. Ошонун негизинде президенттик аппараттан, финансы министрлиги тарабынан Ош шаардык каржы башкармалыгына, мэрияга кат жɵнɵтʏлгɵн. Ал катта мыйзамга таянып жергиликтʏʏ бюджеттен берилип жаткан акча токтотулсун деп келип жатат. Азыркы кʏндɵ 3 жашка чейинки балдарга 13 сом, 3 жаштан жогорку балдарга 18 сомдон бɵлʏнɵт. Ошол каттын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров 17-октябрь кʏнʏ протоколдук жыйын ɵткɵрдʏ. Жыйында бардык бала бакчалардын башчылары, Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын башчысы, каржы башкармалыгы, экономикалык бɵлʏмдʏн башчысы баары чогулуп, жогорудагы маселе кɵтɵрʏлдʏ. Жергиликтʏʏ бюджеттен бɵлʏнгɵн акча айына 394 сом болот. Андан сырткары ата-энелер бир балага 800 сомдон берип келет. Эгерде баланын тамак-ашын камсыздоо толук ата-эненин мойнуна жʏктɵлсɵ, жергиликтʏʏ бюджеттен бɵлʏнгɵн акча токтотулуп, ата-эне мурда берип жʏргɵн 800 сомго кошуп, мамлекет тɵлɵгɵн 400 сомдой акчаны да берʏʏгɵ милдеттʏʏ болот. Ошондо жалпы бир айга бир бала ʏчʏн ата-эне 1200 сом тɵлɵɵ керек. Эгер жергиликтʏʏ бюджеттен берилген акча токтотулуп калса, кандай иштерди алып барабыз, эмне аткарабыз деген темалардын тегерегинде жыйын ɵткɵрʏлдʏ. Буйрук чыгарылып, ар бир бала бакчаларга тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлдʏ.

“Азырынча мурда кандай болсо, ошол бойдон калат”

-Бирок, ɵзʏңʏздɵргɵ белгилʏʏ Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо бул мыйзамда туура эмес болуп калганын айтып, мыйзамды кайрадан карап, ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ жана толуктоолорду киргизʏʏгɵ жɵнɵтɵбʏз деп жатат. Бул нерсе бизде азыркы учурда токтотулуп турат. Акча каражаты жергиликтʏʏ бюджеттен бɵлʏнʏʏдɵ. Бакчаларда ата-энелерге жʏктɵлгɵн сумма мурдагы бойдон калды. Бул жылы ошол бойдон калат. Кийинки жылдан жергиликтʏʏ бюджеттен бɵлʏнгɵн акча токтотулуш керек деген маселе кɵтɵрʏлʏп калса, тоткотулуп калышы мʏмкʏн. Бирок, мыйзамдын 64-беренесинде бул мыйзам кʏчʏнɵ кириш ʏчʏн Министрлер Кабинети укуктук актыларын шайкеш келтириш керек экен.  Атайын токтомдор мыйзамга шайкеш келтирилсе, 2024-жылдын 11-августунда гана кʏчʏнɵ кирет. Ага чейин мурда кандай болсо, ошол бойдон калат.

“Бала бакчага барбай атканынын себеби акча, же кошумча тɵлɵмдɵргɵ такалбайт”

-Тамак-ашка жеңилдик жок. Тамак-аштын негизги бɵлʏгʏ ата-энелерден кетип жатат. Бирɵɵнʏн баласынын эсебинен бирɵɵнʏн баласына жардам бере албайт. 2001-жылы чыккан токтом бар. Шаар жеринде бакчанын материалдык-техникалык  базасын чыңдоо ʏчʏн жылына бир жолудан жыйын болуп, 544 сом каралат. Жеңилдик кылып 3 баласы, 2 баласы бала бакчага баргандар ʏчʏн чыгарса болот. Анда да бир балага жеңилдик кылып бериши мʏмкʏн. Балдарды бакча менен камсыздоо боюнча иштер тынымсыз жʏрʏп жатат. Жаңы имараттар курулуп жатат. Айрым эски имараттарды оңдоп бала бакчага пайдаланууга берилип жатат. Бул боюнча атайын адистер иштеп жатышат. Азыр Ош шаарында менин билишимче, эгер адашпасам 38 пайыз бала бала бакча менен камсыздалып, калган 62 пайыз бала бакчага бара албай жатышат. Анын эң негизги себеби бакча жетишпейт. Балдардын бакчага барбай атканынын себеби акчага, кошумча тɵлɵмдɵргɵ такалбайт.

№17 “Ак ниет-Ош” мектепке чейинки билим берʏʏ мекемесинин директору Назира Утурова:

“Бизде балдардын тамак-ашын ата-энелер кɵзɵмɵлдɵйт”

-Бизде ата-энелерден тамак-ашка акча чогултуу боюнча сɵз боло элек. Себеби, бул маселе кɵтɵрʏлгɵн менен токтом чыга элек. Эгерде токтом чыгып, ишке кирип калса да биздин ата-энелер жакшы кабыл алат деген ойдомун. Анткени, биздин ата-энелер балдардын тамак-ашын ɵздɵрʏ кɵзɵмɵлдɵйт. Биз дагы ошого кɵнʏп калганбыз. Балдардын тамак-ашына ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруп, активдʏʏ, жоопкерчиликтʏʏ мамиле кылышат. Ɵз каалоолору менен кошумча жардамдарды беришет. Азыр базар экономикасын баары эле кɵрʏп-билип атышпайбы. Бардык нерсе кымбат. Баланын тамагы жакшы болсо эле болду. Кʏзгʏ, жазгы маал витаминдʏʏ тамактарды берʏʏ керек. Ушул кездерде оорулар кʏчɵйт. Жакшы тамак жеген баланын иммунитети жогору болот. Кымбаттап кетти деп эле арзанына кача бергенде баланын ден соолугу эмне болот.

Бʏкалча Маматали кызы