8 сентября, 2024

Жакшы мугалим болуу ʏчʏн окуучуну жана окутууну сʏйʏʏ керек

Бʏгʏнкʏ каарманыбыз Алайкуу ɵрɵɵнʏнʏн Коо-Чаты айылында мугалимдин ʏй-бʏлɵсʏндɵ ɵсʏп-чоңойгон жаш англис тили мугалими Замира Ислам кызы. “Чоң атам англис тили, чоң энем математика мугалими. ʏйдɵгʏлɵр ɵзʏң каалаган кесипти танда дешип, ɵз каалоомо коюшкан. Бирок негедир англис тилине каалоом кʏч болуп, ушул тармакты тандап калдым. 17 жашымдан мугалимдик кесипти баштадым”,- дейт Замира.

Жаш мугалим Замира Ислам кызы:

“Сындагандар кɵп…”

-Негизинен биздин практикада жаш же тажрыйбасы жок мугалимдерди анча методиканы билбейт дешет. Бирок мен бул нерсеге кошулбайм. Себеби билим жашка карабайт. Бардык нерсе адамдын ɵзʏнɵн. Кɵп окуучулар, студенттер айтышат: “Сиз жаш экенсиз, сиз бизге сабак бере аласызбы?” -деп. Кээде окуучулар менен, же ата-энелер менен сʏйлɵшʏп жатканда  “бул мугалим абдан жаш экен, сабак бере алабы?” деген суроолор кɵп болот. Сын кɵз караш менен карап, сын таккандар дагы бар. Жаш мугалим экен деп балдарын бербей койгон ата-энелер дагы жок эмес. Айтор, мугалимдик кесип аябай чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ата-энелердин болобу, башкалардынбы, кандай адам болбосун мага айткан сын кɵз карашын туура кабыл алганга аракет кылам. Ар бир эле ата-эне баласын мыкты, тажрыйбалуу, ɵз милдетин так билген, кесибин сʏйгɵн мугалимге бергиси келет да. Баарын сурап, тактап алышы бул нормалдуу эле кɵрʏнʏш деп ойлойм.

“5-6 жаштагы окуучулар уктап калышат”

-Эң кичине жаштагы окуучуларым 5-6 жашта болгон. Аларды окутуу кɵп деле кыйынчылык жаратпайт. Анткени алар менен тез тил табышып кетесиң. Аларды алдап, тилин таап, ошолордун тилинде сʏйлɵсɵң жакшы тʏшʏнʏшɵт. Бир жолу бир кичинекей кызды окутуп, тамгаларды ʏйрɵтʏп жатканмын. Ал кыз сабак учурунда уктап калган экен. Мен аны кɵрбɵй эле темаларды тʏшʏндʏрɵ берипмин. Тактага карап тамгаларды айтып кечке кайталап жатсам, ал окуучум эчак эле уктап калган экен. Бул кɵрʏнʏш мага жагымдуу маанай тартуулады.

 “Эң улуу окуучум 50 жашта болгон”

-Бизге жашы ар кандай окуучулар келет. Буга чейинки окуучуларымдын ичинен эң улуусу 50 жашта болду. Сабак берип жатканда  чоң болгону ʏчʏн эмне деп атоону билбей калган учурлар дагы болгон. Анан Асан байке, Айгʏл эже, Нургʏл эже дебестен, “Мисс” “Мистер” деп кайрылчу элем. Бул да болсо жагымдуу угулуп, аларга жакчу.

Сабак берип баштаганыма 2 жылдын жʏзʏ болуп калды. 2021-жылы 21-майда баштаганмын. Азыркы окуу борбордо иштейм. Англис тилин 4 жылдан бери эркин сʏйлɵйм. Мугалимдиктен сырткары кошумча Нъю-Йорк штатындагы эң чоң Albany университетинин 2-курсунун студентимин. Кесибим боюнча IT-программист. Буюрса, келечекте Америкага жана Европага барсамбы деп жатам.

“Англис тилин ʏйрɵнʏʏмɵ америкалык жаран себеп болду”

 -Окуучу мезгилимде англис тилин ɵздɵштʏрʏп баштаганмын. Анан кошунамдын баласына тамгаларды, окуганды ʏйрɵткɵнмʏн. Ошондон улам дагы мугалимдик кесип жагып калды. Бир Американын жараны менен жолугуп калганмын. Жаш курагым кичинекей эле болчу. “Салам” дегендин англисчесин билбейт элем. Анан ал адамга жардам керек болуп жатыптыр. Аябай сʏйлɵшкʏм келди, бирок англис тилин билбегендиктен, ага жардам бериш ʏчʏн телефондон которуп сʏйлɵшкɵнмʏн. Ошондо тʏшʏндʏм, англис тили керек экендигин. Кыргыз-Тʏрк “Манас” университетинде ыктыярчы болуп иштегенмин. Ошол мезгилде “Англис тилин билген окуучулар уюмга катыша алат” деген буйрук чыгыптыр. Бул нерсе англис тилине дагы да кɵп басым жасоомо себеп болду. Башталгыч деңгээлдеги курстарды окуп, андан кийин ɵз алдымча уланттым. Сʏйлɵɵ курстарына бардым. Америкадан келген Жуля аттуу ыктыярчы кыз менен китепканадан таанышып калдым. Ал дагы чоң жардам берген. Ошол аркылуу дагы сʏйлɵɵ тажрыйбамды жогорулатканмын.