7 декабря, 2024

Аборттун аялдын ден соолугуна жана психологиялык абалына тийгизген таасири

Эч ким кʏтпɵй жаткан баланын оор тагдырга кептелʏʏ ыктымалдуулугу жогору. Аны алдырып  салууну ойлошот. Эгер алынса, али адам кейпине келе элек нерсе о дʏйнɵгɵ кете бериши мʏмкʏн, бирок аял ден соолугунан канчалык деңгээлде жабыркарын элестете аласызбы, ал тургай болочоктогу эне баланы жарыкка алып келе албаганы ʏчʏн ɵзʏн кʏнɵɵлɵп ɵтɵт экен. Теманы улай тиешелʏʏ адистерге бир нече суроолорду узатканбыз.

Жаңылай Мадакимова, акушер-гинеколог, эндокринолог:

“Жаш кыздар арасында бойдон алдыруу кɵп катталат”

-Фарм аборт менен аспирациялык аборттун айырмасы эмнеде?

-Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ жаш кыздар арасында бойдон алдыруу кɵп катталат. Алар кɵпчʏлʏк учурда кош бойлуу экенин кечирээк байкап калып, баланы тʏшʏрʏʏ максатында дарыканалардан ɵз алдынча дарыларды алып иче башташат. Тʏйʏлдʏктʏ дары менен тʏшʏрʏʏ фарм аборт деп аталат. Дарыларды ичкенде бала толук тʏшпɵй, жарым-жартылай тʏшʏп, кан кетип кайра ооруканага кайрылган учурлар арбын. Азыркы жаш кыздардын кɵбʏ фарм аборт жасатса ден соолукка эч кандай терс таасири тийбейт деп ойлошот.  Жок, бул туура эмес. Фарм абортпу же болбосо атайы гинекологиялык бɵлʏмгɵ барып, вакуум аспирация жолу менен жасалабы баары ден соолукка сɵзсʏз зыянын тийгизет. Эндокринологиялык системага жана аялдардын ички жыныстык органдарына ɵтɵ зыян. Мисалы, элестиңиздер жатында тʏйʏлдʏк пайда болду, ал ɵрчʏп баштаганда, эненин организми ошого кɵнʏп баштайт. Кɵнʏп баштаган организмге доо кетирип, тʏйʏлдʏктʏ алып койсо эндокринологиялык, психологиялык жактан ɵзгɵрʏʏлɵргɵ дуушар болот. Психологиялык бузулуу болгондо аял кɵп ыйлап, стресс болуп, организм ɵзʏнʏн калыбына келги чейин кыйналат. Биз азыр психологиялык жагынан гана карадык. Ал эми аялдардын ички жыныстык органында, жатын тʏтʏкчɵсʏндɵ, жатында сезгенʏʏлɵр пайда болот. Дегеле аборттон кийин сезгенʏʏлɵрдʏ жок кылуучу дарыларды ичип, врачтын кɵзɵмɵлʏнɵн ɵтʏʏ зарыл.

-Бойдон алдыруунун кийинки тɵрɵткɵ таасири кандай?

-Медикаментоздук аборт же жогоруда айтып ɵткɵнʏмдɵй фарм аборт жасагандан кийин сактанбай коюп 2-3 айдын ичинде кайрадан боюна бʏтʏп, тилекке каршы, аны да алдырткандар бар. Мындай кескин кадамдар кийинки кош бойлуулукта айына жетпей тɵрɵлʏʏгɵ, бойдон тʏшʏп калуусуна, балдардын аномалияларына(кемтик) алып келиши мʏмкʏн. Айрыкча фарм абортто таблеткалар балага олуттуу зыян келтирет. Кɵп аборт жасаткан аялдарда биринчиден, жатындын былжырлуу челкабыгынын бири-бирине жабышып калган учурлары кɵп кездешет. Илимдин тилинде бул синехия делип кийинки кош бойлуулукка тоскоол болот. Экинчиден, жатын тʏтʏкчɵлɵрʏнʏн бири-бирине жабышып калуусунан, былжырлуу челдин сезгенʏʏсʏнɵн кийин такыр бойго бʏтпɵй калат. Бизге аборттон кийин боюнда болбой жаткан аялдар да кɵп кайрылат.

-Аял ɵз каалоосу менен бойдон алдыра алабы же кʏйɵɵсʏнʏн, жакындарынын макулдугу сɵзсʏз керекпи?

-Биздин ɵлкɵдɵ жакындарынан же жолдошунун уруксаты жок эле аялдар аборт жасата алышат.

-Кээде аялдын ден соолугу начар болуп, аборт жасатуу сунушталган учурлар да болот да?

-Биздин практикада абортко сунуштаган учурлар ɵтɵ аз кездешет. Тескерисинче, биз элдин саламаттыгын чыңдап, ʏй-бʏлɵнʏ пландаштыруу боюнча иш алып баргандыктан, эртерээк кайрылган жаштарга кеп-кеңешибизди айтып, ʏй-бʏлɵнʏ пландоого жардам беребиз. Мисалы, бизге жакында бир кыз кайрылган, башында кистасы бар экен. Башын дарылаганга кʏчтʏʏ дары-дармектерди ичʏʏ керек болуп жатыптыр. Ушундай учурларда эгерде кокусунан боюна бʏтʏп, ден соолугу начар болсо, ага атайы кɵрсɵтмɵлɵр бар, ошол кɵрсɵтмɵлɵрʏ болсо гана тиешелʏʏ анализдердин негизинде аборт жасатуу сунушталат.

-Пландаштырылган кош бойлуулук боюнча ата-энелерге сунушуңуз?

-Жаш кыз-жигит болобу, жаш жубайлар болобу ʏй-бʏлɵнʏ атайы пландаштырганы жакшы. Каалоосу жок кош бойлуулуктан алыс болушса дейт элем. Негизи балдардын аралыгы ʏч жылдан кем болбоосу керек. Ошондо эне да, бала да дени сак болот. Азыр ɵзʏңɵр байкагандай тубаса кемтик оорулар менен тɵрɵлгɵн балдар кɵп. Баласы бирге чыкпай эле кайрадан боюнда болгон учурда же катуу грипп себеп болуп балдар кемтик оорулары менен тɵрɵлʏп калууда. Пландаштырылбаган кош бойлуулукта 2-3 ирет аборт жасатып, врачтын кɵзɵмɵлʏнɵн ɵтпɵстɵн сезгенʏʏлɵр кɵп болсо, акырындык менен жаш ɵткɵндɵ жатын моюнчасынын рагына алып келиши мʏмкʏн.

Адина Шʏкʏрбек кызы, психолог:

 “Сенден мурда да боюмда болгон” деп кийинки балага айтуу керек”

-Бир жолку же бир нече жолку аборт жасатканда эненин психологиялык абалы кандай ɵзгɵрɵт, эмнелерди ойлонорун айтып кайрылышат?

-Адамда аң сезим жана тʏпкʏ аң-сезим деген болот. Тʏпкʏ аң-сезимде ошол алдырылган баланын алдында кʏнɵɵлʏʏ сезим калып калат. Жаш кезде билинбеши мʏмкʏн, бирок 40 жаштан ɵткɵндɵн кийин аялдар жабыркап баштайт. Жыныстык органдагы ар кандай кɵйгɵйлɵр жаралып, айрым учурда баланын алдындагы кʏнɵɵлʏʏ сезим, акча, мамиле жаатына, бʏт сферага таасирин тийгизет. Мисалы, кʏйɵɵсʏ менен жашап жʏрʏп баласын алдырды дейли, аял ɵзʏ байкабаган абалда баланын бул жашоого келбей калганы ʏчʏн тʏзмɵ-тʏз кʏйɵɵсʏн кʏнɵɵлɵп баштайт. Мисалы, “жолдошум жакшы иштегенде, жакшы шарт тʏзгɵндɵ ушул баламы тɵрɵмɵкмʏн” деген сыяктуу ойлор кетип, кʏнɵɵнʏ ɵзʏ алгысы келбей кʏйɵɵсʏнɵ оодара салууну оң кɵрʏшɵт. Мындай нерсе ɵмʏр бою уруш-талаш менен жашоого же акыр тʏбʏ ажырашууга чейин жеткириши мʏмкʏн.

-Алдырылган балдардын да, тɵрɵлгɵн балдардын да ордун так аныктап жʏрʏʏ зарыл дейт экен?

-Ооба, мисалы бир аялдын тɵрт баласы бар дейли, биринчи баласын тɵрɵп экинчи баласын алдырып койду, ʏчʏнчʏ, тɵртʏнчʏ балдары тɵрɵлдʏ. Ал тɵрɵлгɵн балдарын гана эсептеп, ʏч ирет гана боюна бʏткɵндɵй эсептеп алышы мʏмкʏн. Бирок орду боюнча адаштырбоо керек, ар бир бала эненин жан дʏйнɵсʏнɵ, жатынына келет. Адамдар ордунда болбогондо ордун таппай, ʏй-бʏлɵ курганда да бир нерсе жетишпегендей кыйнала беришет. Учурда баары эле ɵзʏнʏн ордун издеп жʏргɵндɵй, бул актуалдуу темага айланды десем жаңылбайм. Буга чейин психология кенен жеткиликтʏʏ болбогондуктан, балким билген эместирбиз. Бизден кийинки балдар жабыркабаш ʏчʏн балдарды ɵз ордуна коюшубуз керек. Кантип коюу керектиги тууралуу психологияда атайы практикалар, ыкмалар колдонулат.

 Айжылдыз Тойчиева