8 сентября, 2024

Акын Абдилаат Дооров: “Ыр дʏйнɵсʏ ырахат”

Абдилаат Дооров – кыргыз акыны, “Ата-Журт Лейлек” гезитинин 28 жылдан берки башкы редактору, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Баткен облустук бɵлʏмʏнʏн тɵрагасы. 30 жылдан бери ʏзгʏлтʏксʏз ɵткɵрʏлʏп келе жаткан “Лейлек Поэзия кʏнʏнʏн” негиздɵɵчʏсʏ жана уюштуруучусу. “Миң Тамыр”, “Гʏл-Гʏл”, “Ак булут”, “Мɵл Тунук” ырлар жыйнактарынын жана улуттук лидер Исхак Раззаков жɵнʏндɵ биографиялык “Исхак Раззаков – Аруулук асманы” китебинин автору. “Маданияттын мыкты кызматкери” тɵш белгисинин ээси, Кыргыз Республикасынын, Жогорку Кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланган. 12-декабрь адабият кʏнʏнɵ карата акын Абдилаат Дооров менен курган маегибизди сунуштайбыз.

— Арыбаңыз, аба! Сиздин жашооңузда чыгармачылыктын орду канчалык?

— Чыгармачылык чын сɵзʏм айтсам менин канымда 24 саат айланып турат. Кɵбʏнесе тʏшʏмдɵ да ыр изденип, жазып же окуп тʏйшɵлʏп чыгам. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ ойгонуп таппай калам.

Узундан узун жол жʏрʏп,

Узактан-узак ой сʏрʏп,

Учурга келдим мɵл тунук –деп жазганым бар.

— Жолон Мамытов менен жакын болгонуңузду айткан элеңиз. Жолон акын, кыргыз поэзиясы  жана сиздин жаштыгыңыз жɵнʏндɵ айтып бериңизчи.

— Аяш аталарым атам Али аксакалды да мукамдуу ырдап, кичине тɵкмɵчʏлʏгʏ да бар эле дешчʏ. Алгачкы ырым райондук гезитке 6-классымда жарык кɵрдʏ. “Кыргызстан пионеринин” да активдʏʏ кабарчысы элем. Колумдан адабий китеп тʏшчʏ эмес. 1969-жылы 8-сыныпты бʏтʏп, Жалал-Абаддын Зооветеринардык техникумуна тапшырарым менен Ош радиосунда иштеп,ошол кезде “Отту сʏйɵм” китеби чыгып дʏң болуп турган Жолон Мамытовго 18 ырымды кат аркылуу жолдодум. Ал киши кыргыз адабияты менен гана чектелбей  орус, дʏйнɵ адабиятын окуп-ʏйрɵнʏʏнʏ сунуштап жазыптыр.  Бара-бара биздин ага-инилик ымалабыз абдан ысык болуп кетти. Бир ирет 1980-жылдары болсо керек, 7-8 акын-жазуучулардын бет алдында “мен дʏйнɵлʏк сɵздʏ жазам деп жаза албадым. Бир жазса, Абдилаатбек гана жазат” дегени бар. Кийин республикалык гезиттерге  “Дʏйнɵлʏк сɵз. Жолон” аттуу акын жɵнʏндɵ адил баам-пикиримде дʏйнɵлʏк сɵздʏ Жолон  ага ɵзʏ эле 60-70-80-жылдары жазып салганын баян кылганмын. Менин бактыма ошол мезгилде  Оштон дʏрʏлдɵп Сʏйɵркул, Курбаналы, Калдыбай, Карымшак, Турдалы, Тургунбай, Бишкектен Турар, Табылды, Сагын жана башкалар менен жаңы поэтикалык толкун келбедиби. Ар биринин ɵз-ɵзʏнчɵ табылгаларынын  кайталангыс таасири бар эле да.

— Азыркы жаш калемгерлерде орус адабиятынын  таасири барбы? Кандай ойлойсуз?

— Ооба, абдан. Алтынбек Исмаилов, Зайырбек Ажыматов, Максат Жангазиев, Нуриза Ɵмʏрбаева, Нарсулуу Гургубаева орус эле эмес, дʏйнɵлʏк адабияттын ааламынан аба жутуп, мʏрɵк суу ичишкен инсандар. Алар бизден бир топ кеңири машстабда ойлоно билип, жазып да жатышат.

— Акынды тиричилик кɵп алаксытып,  кɵп убактысын алып коёт окшойт. Бирок тиричиликтен  оолактап  кетип да акын болуш кыйын го. Карбалас Бакиров гезит кɵп кʏчʏмдʏ алып коёр  эле дептир.  Сизде кандай болду?

— Менин ондогон жылым ʏй-бʏлɵ тʏйшʏгʏ, мал чарба кызматына байланды. Отуз жылдан ашуун гезитте иштедим. Бирок, ыр дʏйнɵсʏнɵн кол ʏзбɵдʏм. Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот дейт элде. Ыр дʏйнɵсʏ ырахат эмеспи.

— Жаштыгыңызда жасаган иштериңизге,  жазган ырларыңызга  ыраазы болосузбу?

— Менин алгачкы 45 жашымда жарык кɵргɵн “Миң тамыр” ырлар жыйнагымдагы 70-80% ырлар 20-30 жашымда жазылган. Алар менин жʏрɵгʏмɵ абдан жакын, жылдызы жарык, ырайы ысык туюлат.

— Бурулкан Карагулова  “Айгʏл Узакованын ырларынан кийин сʏйʏʏ жɵнʏндɵ ачык жаза баштаганбыз”  деп эскерген  экен. Сизде кандай болду? Кимди устат  туттуңуз?

— Башкасын айтпасам да, 1980-жылдары Бишкектен жаш акындар ʏчʏн альманах чыгып турчу.  “Жʏгɵрʏдɵй бала кармап алыпсың” аттуу ырымды башка ырларым менен жети жыл кайра-кайра басышты. “Жаз” аттуу ырымды “Ала-Тоо” журналы 1982-жылы алгачкы бетине жаш акындар жɵнʏндɵгʏ ой-пикирлерге сынчы ʏлгʏ кылып кɵрсɵткɵн. Ошол жылы жаз жɵнʏндɵгʏ ырлар жамгырлаган. Менде устат кɵп. Кимден жакшы нерсени кабылдасам, ал мени бʏтʏнчʏлɵп турган устатым.

— Агай, сиздин жан дʏйнɵңʏздʏ  аябай тынч элестетем. 

— Мен ʏй-бʏлɵмɵ да, ырларыма да атамын. Сыртымдан бейкам кɵрʏнгɵнʏм менен ичимде тынчы жок, кыймылдуу, шарпа-шурп дʏйнɵ жашайт. Бир кыз, тɵрт уулум бар. Чоң уулум Прагадагы “Азаттык” кеңсесинде  казак берʏʏсʏнʏн жетекчиси. Эки уулум сʏрɵтчʏ. Жубайым музыка сабагынын мугалими. Албетте, ʏй-бʏлɵ, балдарыма, ырларыма, эл-журтума эсендик, тынчтык, Алланын жакшылыктарын каалайм.

—  Баткен. Абдилаат Дооров. Поэзия.  Тынчтык. Сиздин поэзияңыз, ыр жазуу стилиңиз  кайдан  таасирленет?

— Менин поэзия стилим экинчи жыйнагым “Гʏл-гʏлдɵн” соң ɵзгɵрдʏ. Мага Басё, Ли Бо, Сай Го жана кытай акындарынын жазгандары жагат. Мен кыргыз ʏчтʏктɵрʏнʏн (хокку) топтомун жаратуу ниетиндемин. Окуганга жеңил, ой-ɵрʏшʏ кең болсо дейм.

— ʏй-бʏлɵ, тиричилик,  жумуш. Азыркы Абдилаат  Дооровду  кантип бул жогорку  деңгээлге алып чыктыңыз?

— Ким кɵп мээнеттенсе,  деңгээл ɵзʏ жарала берет. Акынды да дыйкан катары баалоо туура го… Бирок ɵзʏмдʏ али жогорку деңгээл жараттым дегенден таптакыр алысмын.

— Адабият кʏнʏнɵ карата жаш калемгерлерге  ак батаңызды  берсеңиз.

— Бʏгʏнкʏ кʏн мобилдик байланыштын  барып турган бийик чегинде десек болот. Мурда биз жарды китепкана, анан калса, гезит-журналдар менен гана чектелсек, учур укмуштай бай маалыматтык доорду сʏрʏп жатат. Жаштарга биринчи кезекте бекем ден соолук, максаттуу багыт, жигердʏʏ аракет, дем каалайм. Элибизге тынчтык, жерибизге береке, жаштарда  жан дʏйнɵнʏн аруулугу арта берсин!

ЖʏГƟРʏДƟЙ БАЛА КАРМАП АЛЫПСЫҢ

Биз окууну бʏтɵр жылкы жайында,

асфальт жолдо окуудан соң кечке маал

аяр басып келгенибиз айылга

– Эсиңдеби, аяйым?…

Ажарданып кызыл нур жʏзʏң

айтаарындай кызык сыр

Акырын ийилдиң да дедиң сен:

«Жʏгɵрʏлɵр бала байлап калыптыр».

Андан бери…

Жʏгɵрʏлʏʏ жай канчасын узатып,

канча аяздын каарына карыктым.

Жʏрʏп-жʏрʏп…

Жолугуштук жолдо шо

Жʏгɵрʏдɵй бала кармап алыпсың.

Жаз

Ак капрон кɵйнɵк кийип,

Эшикти тырс-тыр уруп,

Мен сени келдиби деп

 Энтеңдеп атып туруп,

Карасам,

Бʏт денеси шɵмтʏрɵп,

Бʏтʏгʏй кɵз, бʏчʏр гʏл,

Карек толо жамгыр жаш,

Кулак толо кʏрʏ-гʏʏ

Келиптир – жаз!

Бʏкалча Маматали кызы