18 октября, 2024

Стоматологиялык кабинеттерге текшерʏʏ жʏргʏзʏлʏʏдɵ

Мамлекеттин эң чоң байлыгы – анын эли. Ошондуктан элдин билимдʏʏлʏгʏ менен катар ден соолугунун бекем болушу баарынан маанилʏʏ. Дени сак эл гана ɵлкɵнʏн гʏлдɵп ɵсʏшʏнɵ кепилдик боло алат. Демек, калктын саламаттыгы ʏчʏн тийиштʏʏ тараптар милдетин так аткарууга тийиш. Шаарыбыздагы стоматологияларга жʏргʏзʏлʏп жаткан текшерʏʏлɵр тууралуу Ош шаары боюнча оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун санитардык дарыгери Бексултан Камчыбек уулу тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду.

“65 тиш дарылоочу бɵлмɵлɵргɵ 424 500 сом ɵлчɵмʏндɵ айып пул салынды”

-Учурда канча тиш дарылоо бɵлмɵлɵрʏ текшерилди?

-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2023-жылдын 1-ноябрында атайын жеке менчик тиш дарылоо кабинеттерди текшерʏʏ жɵнʏндɵ буйрук келген. Ошол буйруктун негизинде Ош шаарында 100дɵн ашуун стоматологиялык кабинеттер текшерилип, 65 тиш дарылоочу бɵлмɵлɵргɵ 424 500 сом ɵлчɵмʏндɵ айып пул салынды. Андан сырткары ар бирине айтылган кемчилдиктерди аткарганга чейин ишмердʏʏлʏгʏн убактылуу токтотуп туруу боюнча сунуш кат (санитардык кɵрсɵтмɵ) берилди.

“Айрым тиш дарылоочу жайлардын эч кандай уруксат кагазы жок”

-Текшерʏʏ учурунда мыйзам бузуунун кандай тʏрлɵрʏ аныкталды?

-Алгач текшерʏʏнʏн максаты тууралуу айта кетейин, бʏгʏнкʏ кʏндɵ тиш дарылоо бɵлмɵлɵрʏнʏн канчалык деңгээлде уруксат кагаздары бар жана кɵрсɵтʏлгɵн талаптардын эмнелери аткарылбай жаткандыгын аныктоо. Кɵпчʏлʏк стоматологиялык кабинеттер уруксат кагазын (лицензия) бир отургучка (креслого) алган болсо, текшерʏʏ учурунда эки же андан кɵп кресло орнотулгандыгы аныкталды. Экинчи мыйзам бузуу лицензия алынган стоматологиялык кабинет менен факт жʏзʏндɵ иштеп жаткан врачтын маалыматтары, башкача айтканда диплому, аты-жɵнʏ же жайгашкан дареги туура келбеген учурлардын катталуусу. ʏчʏнчʏсʏ эч кандай уруксат кагазы жок бир дагы санитардык талаптарга туура келбеген стом кабинеттер иштеп жаткандыгы аныкталды. Бул боюнча биз министрликке маалымат бердик жана укук коргоо органдарына мыйзам чегинде чара кɵрʏʏ боюнча кызматтык кат даярдап жатабыз. Сиздерге бул тууралуу дагы маалымат беребиз.

-Текшерʏʏ качанга чейин уланат?

-Текшерʏʏ бʏгʏнкʏ кʏндɵ толук бʏтɵ элек. Текшерʏʏлɵр бардык стоматологиялык кабинеттерди толук санитардык талаптарга туура келтирмейинче токтотулбайт. Учурда биз болгону айып пул салдык жана ишмердʏʏлʏгʏ убактылуу токтотулсун деп сунуш берип жатабыз. Контролдук текшерʏʏ сɵзсʏз турдɵ уланат. Ошол учурда айтылган сунушка карабай иштерин улантса анда ИИМ жана прокуратура кызматкерлерине ɵткɵрʏлʏп берилет.