22 октября, 2024

Кыргызстанда динозаврлар калдыктары бар 20дан ашуун жер белгилүү

Өткөн доор – тирүүлөргө дайым табышмак болуп келген. Айталык, миллион жыл мурда адамдар, жаныбарлар, өсүмдүктөр кандай көрүнүштө болгону, кандай жашоо кечиргендери кызык. Жаныбарлардын айрым түрлөрү таптакыр жоголуп, тукум курут болгону да белгилүү. Мисалы, биз кино, мультфильмдерден көрүп жүргөн динозаврлар, мамонттор жана башка жаныбарлар. Фильмди экрандаштыргандар алардын сырткы келбетин көргөн эмес албетте, болгону тирүү организмдердин табылган калдыктары алардын өткөн турмушу тууралуу ачыктап берет. Мына ошол калдыктарды кимдер изилдеп чыгары жөнүндө уктуңуз беле? Анда палеонтолог Айзек Бакиров менен палеонтология илими жөнүндө сөз кылабыз.

Бакиров Айзек Асанбекович, улук илимий кызматкер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М. Адышев атындагы геология институтунун окумуштуу катчысы. Юра мезгилинин ратиграфиясын жана омурткалуу жаныбарлардын калдыктарын изилдөө менен алектенет.

-Алгач палеонтология илими жөнүндө кенен айтып берсеңиз?

-Палеонтология өткөн геологиялык мезгилдердеги жашоо жөнүндөгү илим. Ал организмдердин эволюциясын жана алардын айлана-чөйрө менен болгон байланышын аныктоо үчүн байыркы организмдердин калдыктарын изилдейт. Организмдердин ташка айланган калдыктары жана алардын издери байыркы жашоонун негизги далили болуп саналат. Палеонтологиялык байкоолор биздин заманга чейинки 5-кылымда эле документтештирилген. Палеонтология илим катары 18-кылымда Жорж Кювьенин салыштырма анатомия боюнча эмгегинин натыйжасында пайда болуп, 19-кылымдан бери тез өнүгүп келе жатат.

Палеонтология геология менен катар өткөн доордогу кубулуштарды сүрөттөө жана алардын себептерин кайра курууга багытталган. Мындан палеонтологиянын үч негизги элементи келип чыгат: өткөндүн кубулуштарын сүрөттөө, ар кандай түрдөгү өзгөрүүлөрдүн себептери жөнүндө жалпы теорияны иштеп чыгуу жана бул теорияларды конкреттүү фактыларга колдонуу.

Палеонтология биология менен геологиянын чек арасында жайгашкан. Мисалы, биостратиграфия — стратиграфиянын (палеонтологиялык ыкма) бир бөлүгү, ал жер катмарларын аныктоо жана салыштыруу, жана алардагы организмдердин калдыктарынын таралышын изилдөө жолу менен чөкмө тектердин салыштырмалуу геологиялык жашын аныктоо менен алектенет.

-Кесибиңиз сизге эмнеси менен кызыктуу?

-Мектепте окуп жүргөндө эле биологияга кызыгып, кошумча адабияттарды окуп, биология боюнча олимпиадаларга катышчумун. КУУнун биология факультетине тапшырдым. Ал жерде омурткалуу жаныбарлардын зоологиясы, салыштырма анатомия, эволюция теориясы жана Жер илимдери предметтери мага байыркы жаныбарлар, алардын түзүлүшү, өнүгүшү, эволюциясы жана систематикасы жөнүндө көбүрөөк маалымат берди. Университетте палеонтология предмети жок болгон, бирок мен байыркы организмдерди, өзгөчө динозаврларды изилдөөгө кызыгып калган элем. Ошол кезде палеонтологдордун дүйнөнүн ар кайсы аймактарында динозаврлардын жаңы түрлөрүн ачуулары менен бирге алар тууралуу илимий-популярдуу тасмалар тартылып чыга баштаганы (мисалы, “Парк юрского периода” кийинчерээк “Прогулки с динозаврами” ж.б.) мени Кыргызстандын аймагынан динозаврлардын калдыктарын таап, изилдөөгө ого бетер кызыктырган. Университетти аяктагандан кийин Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун аспирантурасына тапшырып, кесиптик ишмердүүлүгүм башталды.

Палеонтологдордун иш чөйрөсү абдан кеңири. Алар талаада да, лабораторияларда да иштешет. Ошол эле учурда ачык жерлерде гана эмес, үңкүрлөрдө, тоолордо, жадакалса суу чөйрөсүндө да изилдөө жүргүзүү зарыл болот. Ар кандай жаныбардын табылган калдыктары боюнча палеонтолог алардын жашоосу жөнүндө айтып бере алат, сырткы көрүнүшүн калыбына келтирет. Палеонтолог изилдөө үчүн негизги материалды экспедицияларда алат. Алыскы же жакынкы командировкаларга жиберилет, ал жерде казуу, издөө, талаа жумуштарын жүргүзөт. Казуу учурунда табылган материал фотосүрөткө тартылып, өлчөнүп, номерленип жана андан ары изилдөө үчүн лабораторияга жеткирилет. Материалдардын үстүндө иштөө лабораторияларда улантылып, алар изилденип, кеңири баяндалат. Андан кийин экспонаттар институттун (музейдин) чогултуу фондуларында сактоого же экспозицияга даярдалат. Ошондой эле палеонтолог биология, геология, география, экология жана башка табигый илимдер боюнча кеңири билимге ээ болушу керек. Байыркы оганизмдердин калдыктарын издөө иши өтө түйшүктүү, кылдаттыкты жана жоопкерчиликти талап кылат. Казуу иштерине келгенде, палеонтолог ар кандай аба ырайынын шарттарында иштөөгө даяр болуусу зарыл. Бул түздөн-түз чаң жана кир жумуш. Бул адистер үчүн аналитикалык ой жүгүртүү, салыштыруу жана жалпылоо ыктары да абдан маанилүү. Чет тилдерди билүү палеонтологго башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен баарлашуу жана алардын эмгектерин изилдөө үчүн пайдалуу болот. Жогорудагы иш-аракеттердин баары өтө кызыктуу, албетте жагат, романтикалуу деп айтсам дагы болот.

-Кыргызстандын аймагынан табылган динозаврлардын калдыктары тууралуу тарых булактары эмне дейт, калдык сөөктөр азыр кайда?

-Бизде динозаврлардын калдыктарынын 20дан ашык жери белгилүү (1-сүрөт). Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Кажысай тилкесинде, астыңкы юралык Көктуу свитасында динозаврдын сөөгүнүн бирден-бир ишенимдүү сыныгы табылган. Бул Кыргызстандагы динозаврлардын эң байыркы табылгасы.

1-сүрөт. Динозаврлардын Кыргызстандагы негизги жерлери. Юра мезгили: 1 – Кажысай,  2 — Сарыбулак, 3 — Ничке, 4 — Сарыкамышсай, 5 — Чангет, 6 — Уурусай, 7 — Балапансай, 8 — Жийдесай; Бор мезгили: 9 — Чангет, 10 – Кара-Үңкүр, 11 – Абшыр, 12 — Куршаб, 13 — Кылоджун, 14 – Чангет, 15 — Кара-Алма, 16 — Гүлчө, 17 – Сопу-Коргон, 18 – Кара-Кулжа, 19 — Сузак, 20 — Кемпир-Рават, 21 — Ноокат, 22 — Чангет, 23 — Көк-Мойнок.

Ортоңку юралык динозаврларынын табылгалары кыйла көп, алардын баары Фергана ойдуңунун чыгышында жана түндүгүндө топтолгон. Бул жерде, Көкарт дарыясынын бассейнинде (Сары-Булак, Ничке), Балабансай свитасынын астыңкы бөлүгүнүн катмарларында орнитоподдордун жана майда тероподдордун сейрек обочолонгон сөөктөрү жана тиштери табылган. Динозаврлардын ар түрдүү калдыктары Фергананын чыгышындагы жана түндүк-чыгышындагы (Сарыкамышсай, Чангет, Уурусай, Жийдесай) Балабансай  свитасынын жогорку бөлүгүндөгү катмарлардан  келип чыгат. Бул жерлерде зауроподдордун (Camarasauridae), майда тероподдордун (Coeluridae), ири тероподдордун (Megalosauridae же Ceratosauria), стегозаврлардын фрагменттүү калдыктары табылган. Эң кызыктуу табылгалар Ташкөмүр шаарынан түндүк-батышында Балабансай свитасынын жогорку орто бөлүгүнүн катмарларынан кездешкен. Бул жерден 1967-жылы Н.Н.Верзилин жетектеген Ленинград университетинин отряды жарым-жартылай зауроподдун скелетин табышкан. Андан бир жыл мурун Н.Н.Верзилин Балапансайдын башка капталынан алп зауроподдун дагы толук скелетин тапкан. Скелетти А.К.Рождественскийдин жетекчилиги астында Орус илимдер академиясынын Палеонтологиялык институтунун отряды казган (2-сүрөт). Скелеттин басымдуу бөлүгү казылган, бир гана баш сөөгү жана куйругунун бир бөлүгү сакталган эмес. Бул үлгү Кыргызстанда табылган эң толук динозавр скелети болуп саналат. Ал көпкө чейин изилденбеген бойдон калган, 2003-жылы гана анын систематикалык позициясы так аныкталып, неозауроподдордун жаңы түрү (Ferganasaurus verzilini) катары бөлүнүп чыккан. Анын сырткы көрүнүшүн реконструкциясы (3-сүрөт). Булзауроподдун кашка жилигинин сөөгү азыр Москвадагы Ю.А. Орлов атындагы палеонтологиялык музейдин витринасын кооздоп турат.

2-сүрөт. Экспедиция мүчөлөрү Ташкөмүр шаарынын жанындагы динозавр скелетинин казылган бөлүгүнүн жанында отурушат. 08.24.1969.

3-сүрөт. Ferganasaurus verzilini, сырткы көрүнүшүнүн реконструкциясы.

Кыргызстандагы бор мезгилиндеги динозаврлардын калдыктары кеңири таралган, бирок өтө фрагменттүү. Чыгыш Ферганада (Чангет) Ходжиабад свитасынын жогорку бөлүгүнөн жырткыч динозаврдын калдыктары табылган. Кыргызстандын түштүгүндөгү Ходжаосман свитасынын астыңкы бөлүгүндө Караүңкүр жана Каракулжа дарыяларынын ортоңку аймагында динозаврдын омурткасы табылган. Динозаврлардын калдыктары Фергананын түштүгүндөгү Ош шаары менен Эски-Ноокат шаарынын ортосундагы Аламышык свитасынан табылышы мүмкүн. Алай кырка тоосундагы Токубай свитасында аныкталбаган динозаврлардын сөөктөрү табылган (Абшир).

Динозаврлардын толугураак калдыктары Кыргызстандын үстүңкү бор катмарларында кездешет, бирок дээрлик баардык табылгалар изилденбеген жана алдын ала аныкталган бойдон калууда. Динозаврдын сөөктөрүнүн чоң топтолушун 1962-жылы Гүлчө шаарына жакын жайгашкан Шарихан формациясынын астыңкы бөлүгүндө Г.Г.Мартинсон тарабынан изилденген. Мүмкүн, бул жерде зауроподдордун сөөктөрү кездешет. Чоң корнозаврдын кашка жилигинин сөөгү Сопукоргондун аймагында Шарихан свитасында П.В.Федоров тарабынан табылган. Каракулжа дарыянын аскасынын кызыл түстүү катмарларында чоң гадрозавриддин шыйрагынын бир бөлүгү табылган. Кыргызстандын бор чөкмөлөрүндөгү динозаврдын эң толук табылгасы, зауропод скелетинин  бир бөлүгү А.К. Рождественскийдин отряды тарабынан изилднген. Кемпир-Рават айылынын жанында динозаврдын сөөктөрүнүн сыныктарынан турган сөөктүү брекчия бар. Бул жер 1928-жылы П.Д.Трусов тарабынан ачылган, бул республиканын аймагындагы динозаврлардын эң биринчи жолку ачылышы болуп саналат. Динозаврдын калдыктары Ноокат ойдуңундагы Яловач свитасынын  үстүңкү бөлүгүндө катталган. Фергананын чыгышында (Чангет) Яловач свитасында тираннозавриддердин, гадрозавриддердин жана зауроподдордун тиштери табылган. Бор мезгилинин динозаврларынын калдыктары Кыргызстандын түндүгүндөгү Чүй дарыясынын Боом капчыгайынын чыгыш жарымында (Көк-Мойнок) палеогендик Сулуутерек свитасына кайрадан жайгаштырылган болушу мүмкүн.

Жогоруда айтылгандай, табылгалардын негизги бөлүгү Фергана жана Алай ойдуңдарынын айланасында топтолгон. Динозаврлардын табылгаларынын көбү фрагменттүү материал менен берилгенине карабастан, алар юра жана бор мезгилинин көптөгөн стратиграфиялык деңгээлдеринде табылган. Бул келечекте Кыргызстандын аймагында бири-бирин ырааттуу алмаштырып турган бай динозавр фауналары ачылат деп үмүт кылууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын динозаврлар фаунасын изилдөөдө үч этапка бөлүүгө болот:

1. Орус геологдорунун (1928-1969 жж.) иштери менен байланышкан, алар геологиялык изилдөө жана чалгындоо иштеринин жүрүшүндө динозаврлардын калдыктарын табышкан. Эң маанилүү табылгаларды ленинграддык геолог Н.Н. Верзилин жана лимнолог Г.Г. Мартинсон жасаган. Бул этапта Ферганадагы динозаврларды максаттуу издөөнү А.К. Рождественскийдин жетекчилиги астында Орус илимдер академиясынын Палеонтологиялык институттун отряды Н.Н. Верзилин жана Г.Г. Мартинсондун отряддары менен тыгыз байланышта жүргүзгөн.

2. Кийинки этап (1970-1992 жж.) көрүнүктүү орус палеозологу Л.А. Несовдун жана анын жардамчыларынын (М.Н. Казнышкин, П.В. Федоров, А.О. Аверьянов жана башкалар) Кыргызстанда жана Орто Азиянын башка аймактарында, Казакстанда, Россияда мезозой омурткалууларынын калдыктары үчүн системалуу жана максаттуу узак мөөнөттүү издөө иштерин жүргүзгөн эмгектери менен аныкталат. Бул изилдөөлөрдүн негизги жыйынтыктары Л.А.Несовдун монографияларында жарык көргөн.

3. 2000-жылдардан баштап Кыргызстандын мезозойдогу динозаврлар фаунасын жана баардык омурткалуу жаныбарларын изилдөөнүн жаңы этабы башталган. Бул этаптын аныктоочу белгилери болуп кеңири эл аралык кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда биргелешкен экспедициялык иштерин жүргүзүү, маалыматтарды биргелешип иштеп чыгуу жана натыйжаларды жарыялоо, ошондой эле Кыргызстанда омурткалуулар боюнча  палеонтологдордун улуттук кадрларын даярдоо болуп келет.

-Буга чейинки изилдөөлөрүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

-Түндүк жана Түндүк-Чыгыш Ферганада эл аралык (Кыргызстан-Россия-Германия) палеонтологиялык экспедициялар уюштурулуп, аларга мен да катыштым. Биз, жерде-сууда жашоочулардын, хористодерлердин, птерозаврлардын, динозаврлардын (тероподдор Tetanurae indet.), пахицефалозаврлардын (жаңы түр), стегозаврлардын (Stegosauria indet., зауроподдордун (Neosauropoda indet.) жана сүт эмүүчүлөрдун (10-дон ашуун таксон) сөөк калдыктарын чогултуп, изилдеп чыктык.

Ташкөмүр шаарына жакын жерде ортоңку юра омурткалууларынын калдыктары камтылган эки жаңы жерди (Сарыкамышсай, Уурусай) таптым. 2005-2017-жылдары мен жетектеген жаңы жерлердеги кийинки казууларда динозаврдын скелетинин жарым-жартылай калдыктары табылган. Балабансай свитасынын үстүнкү (кызыл түстүү) бөлүгүндөгү тилкеден Кыргызстанда стегозаврлардын биринчи так катталганы аныкталган.  Мындан тышкары, зауроподдунбут сөөктөрү, кабыргалары жана 12 муундашкан омурткаларынын катары, тероподдордун жана крокодилдердин тиштери жана көптөгөн фрагменттүү балык калдыктары табылган. Материал даярдоо жана изилдөө стадиясында турат.

        Уурусайдагы тилкеден, Балабансай свитасынын үстүңкү (кызыл түстүү) бөлүгүнөн 2006-жылы автор динозаврдын бут сөөктөрүн жана омурткаларын тапкан. 2014-2017-жылдары бул тилкени кеңейтилген жана тереңдетилген казууда анатомиялык тартипте бут-колдун кээ бир сөөктөрүн, омурткаларын, кабыргаларын жана обочолонгон тиштерин алууга мүмкүн болгон (сүрөт 4 А, Б). Алдын ала скелет калдыктары бир кыйла чоң жырткыч динозаврга таандык деп айтууга болот. Бул жерде мындан аркы казуулар менен, динозаврдын жаңы түрүн чагылдырган аздыр-көптүр толук скелетке үмүттөнсө болот.

Сүрөт 4. Уурусай тилкесинде табылган динозавр скелетинин калдыктарынказып алуу2006-жылы (А) жана 2017-жылы (Б).

-Илимий көз караш менен динозаврлардын азыркы урпактары делип кайсы жаныбарлар эсептелет?

-Динозаврлар шарттуу түрдө толугу менен жок болгон топ катары каралса да, азыркы адистердин көпчүлүгү кладистикалык классификациянын принциптерин карманышат. Ага ылайык азыркы канаттуулар юра же бор мезгилинде пайда болгон теропод кладасынан чыккан канаттуу динозаврлар болуп саналат. Канаттуулардын келип чыгышы көптөн бери кызуу талкууланып келген. Канаттуулардын динозаврлардан келип чыгышы жөнүндөгү гипотеза биринчи жолу 1868-жылы Томас Гексли тарабынан айтылган. Ал юра мезгилинде  болжол менен 150 миллион жыл мурда жашаган жаныбар Археоптерикстин түзүлүшүн салыштырууга негизделген. Ал типтүү сойлоп жүрүүчүлөргө мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болгон — жамбаш сөөгүнүн жана кабыргаларынын өзгөчө түзүлүшү, тиштери, тырмактуу буттары жана кескелдирикдики сыяктуу куйругу узун. Ошол эле учурда Археоптерикстин калдыктары азыркы канаттуулардын канаттарына окшош, жакшы сакталган учкан канаттарынын издери болгон. Канаттуулардын скелет түзүлүшүндө динозаврлар менен көп окшоштуктары бар. Ошондой эле Авимим — бор мезгилиндеги кичинекей жырткыч динозавр, мүмкүн  канаттуулардын эң жакын туугандарынын катарына кирет.

-Бизде жаныбарлардын сөөктөрү коюлган атайы музей барбы?

-Ар кандай зоологиялык, геологиялык, тарыхый музейлеринде жаныбарлардын башка экспонаттары менен бирге алардын сөөктөрү да бар.

Археология менен палеонтология эмнеси менен айырмаланат?

-Палеонтологияны көп учурда археология менен чаташтырышат. Палеонтологияны жогоруда талкууладык. Археология болсо – материалдык булактар аркылуу адамзаттын өткөндөгү жашоосун жана маданий баалуулуктарын изилдейт.

Айжылдыз Тойчиева