18 октября, 2024

МЫЙЗАМГА  БЕКЕМ,  ИШКЕ  ТАК

 Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети депутат С Өмүрзаковдун төрагалыгында үстүбүздөгү жылда 32 жыйын өткөрүп, комитеттин карамагына тиешелүү 75 маселени караган.

Мыйзам долбоорлоруна байланыштуу 56 маселе;

Жогорку Кеңештин контролдук функцияларына байланыштуу 19 маселе каралган.

Ошондой эле 55 мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, анын ичинен 33ү андан ары кароо үчүн жооптуу комитеттерге жөнөтүлгөн. Экинчи окууда 22 мыйзам долбоору, ал эми үчүнчү окууда 21 мыйзам долбоору каралган. Ошондой эле 19 мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, 14 мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон.

ЖАРАНДАРДЫН УКУКТАРЫ МЫЙЗАМДАР МЕНЕН  КОРГОЛДУ

Депутат С. Өмүрзаковдун төрагалыгында комитет тарабынан Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга жана ошондой эле адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган «Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынып, эл тарабынан таанылган инсандар өздөрүнүн атак-даңкына таянып финансылык пирамидаларды жарнамалаган учурлар болгондугуна байланыштуу, финансылык пирамидаларды жарнамалаган адамдарга карата жоопкерчилик киргизилди.

Ал эми жерлерди ээлеп алуу тенденциясы күчөп жаткандыгына байланыштуу, жер мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстерине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Ошондой  эле Укук коргоо органдарынын системасында ооздуктоо жана тең салмактуулук принцибин камсыз кылуу максатында, анын ичинде тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салууга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамдары кабыл алынды.

АЙРЫМ КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСТЕРИНЕ  ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ

Жашыруун кумар оюндарын уюштуруу, уюштуруучулардын жана катышуучулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстерине, ошондой эле республикабызда, анын ичинде айрыкча, айыл жерлеринде мал уурдоо кылмыштарын болтурбоо же азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине  жана жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айып пулдун суммасына кошуп эсептелчү туумдарын алып салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилди.