Чыгыш календарынын кытай, япон, вьетнам жана тайга бɵлʏнгɵн бир нече варианттары бар. Кээ бир жылдар кош ат менен айтылат. Мисалы: узап бараткан коён жылын вьетнам жана тай астрологдору “мышык жылы” деп аташат. Кирип келген балык жылы кытай гороскобу боюнча “улуу ажыдаар” жылы болуп саналат. Жылдардын аталышын вариантка бɵлʏп карап отуруу маанилʏʏ эмес, маанилʏʏсʏ келерки жыл бизге эмнелерди убада кылат?
Ажыдаар кытай астрологиясындагы реалдуу болбогон жападан жалгыз жаныбар. Бул 2024-жылы ар бир адамдын тагдырында кʏтʏлбɵгɵн жаркын окуялар болушу мʏмкʏндʏгʏнɵн кабар берет. Ɵмʏрлʏк жары менен таанышуу, атак-даңкка ээ болуу, карьералык тепкичке кɵтɵрʏлʏʏ же финансылык бакубаттуулукка жетʏʏ жана башка ушул сыяктуу окуялар. Ошондой эле бул мифтик жаныбар — бийликтин жана байлыктын символу. Кытай императорлоруна гана ажыдаардын символдору тʏшʏрʏлгɵн кийимдерди кийʏʏгɵ уруксат берилген. Демек, балык жылындагылар, тагыраагы, ажыдаарлар табигый лидер болуп тɵрɵлʏшɵт. Алар агрессивдʏʏ, амбициялуу, ɵзʏнɵ ишенген жана чечкиндʏʏ.

Дʏйнɵлʏк кырдаал кандай болот?
Орус астрологдорунун айтымында, тилекке каршы, дʏйнɵлʏк экономикалык мамилелерде туруксуздук уланат. Тагыраагы, 2023-жылы катталган келишпестиктер 2024-жылы токтой калбайт. Баары жакшы болот деп так айтуу кыйын, бирок кырдаалды тынчтык жолу менен чечʏʏ тенденциясы улана берет. Дʏйнɵнʏн калыптанып калган тартип, эрежелери тʏп-тамыры менен ɵзгɵрʏшʏ мʏмкʏн. Жалпысынан алганда, 2024-жыл мыйзамдардын, дʏйнɵлʏк тартиптин, технология жана жалпы адамдардын жашоосундагы реформалардын, революциялардын мезгили болот.
Нумеролог Кристина Егиазарова тɵмɵнкʏлɵрдʏ белгилейт.
“Бардык жарандык кагылышуулар жана чыр-чатактар 2026-жылга чейин чечилет”
“2024-жылды нумерология жолу менен эсептесек 8 санын берет(2+0+2+4). Бул жылдын коду 8. Акчанын жана экономиканын саны. Айрым мамлекеттер бул жаатта аксайт. Мисалы, Америка, Европа оор жагдайларды баштан ɵткɵрɵт. Мисалы, митингдердин, нааразычылык акциялардын кɵп болушу. Окуялар февраль, март айларында башталып октябрь, ноябрь айларына чейин уланат. Бул Тʏркия жана анын коңшу ɵлкɵлɵрʏнɵ да тиешелʏʏ. Долларга келе турган болсок аны жакынкы 30 жылда туруктуу бойдон кɵрʏʏ кыйын. Жашоонун жаңы циклинин башталышы, чукул бурулуштар бул жылы катталбайт. Ал кɵбʏрɵɵк 2026-жылга туш келʏʏдɵ. Бардык жарандык кагылышуулар жана чыр-чатактар 2026-жылга чейин чечилет.
Жаратылыш кырсыктарын жыл аягына чейин кɵп эле кɵрɵбʏз. Уюлга жакын башка континенттердей эле Россияда да суу ташкындары, бороондор, торнадо болушу мʏмкʏн. Ал эми Европа, Американын кɵпчʏлʏк шаарларында жер титирɵɵлɵр, токой ɵрттɵрʏ катталат.
2024-жылы жылдыз белгилерин эмнелер кʏтɵт?

Кой (21-март — 20-апрель)
Идеялардын, окуялардын жана таасирлердин жылы. Кой жылдызы ʏчʏн сыйкырдуу окуяларга бай жыл болот. Тайманбас идеяларыңыз ийгиликке жеткирет. Финансылык ийгиликке жетʏʏ ʏчʏн инвестицияларды жана каржы долбоорлору сыяктуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ колдоно билиңиз. Жаз мезгили жаңы мамилелер жана романтика менен коштолот. Сиздин туруктуулугуңуз жана ишенимиңиз ар кандай чɵйрɵдɵ ийгиликке жетʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берет.
Букачар (21 апрель – 21-май)
Карьералык тепкичке кɵтɵрʏлʏʏ ыктымалдуулугу жогору. Букачарлар фантазиясына эркиндик берʏʏсʏ зарыл. Бул белгинин ɵжɵр ɵкʏлдɵрʏ эс алып, жагымдуу ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ кʏтʏшɵт. Букачарлардын каржылык деңгээли байкаларлык жогорулайт, ошол эле учурда билимге, бизнеске инвестиция салып, келечекке ишенимдʏʏ караган оң. Букачарлардын жеке жашоосу кайнап бараткандай, апрель-май айларында сʏйʏктʏʏлɵрʏн табуу ыктымалдуулугу жогору.
Эгиздер (22-май — 21-июнь)
2024-жыл эгиздерге технология жана заманбап инновациялар тармагында чоң перспективаларды ачат. Жашоонун ар кандай чɵйрɵсʏндɵ жɵндɵмʏңʏздʏ кɵрсɵтʏңʏз. Интернет сиздин кʏнʏмдʏк жашооңуздун ажырагыс бɵлʏгʏ болуп калат. IT тармагынын мыкты адиси болуп чыгышыңыз мʏмкʏн. ʏйʏңʏздʏ, унааңызды жана башка жабдууларыңызды акылдуу башкарууга ɵткɵрʏʏнʏ каалайсыз. 2024-жыл сизди жаңы технологияларды активдʏʏ изилдɵɵгɵ чакырат. Жашооңузда тең салмактуулукту жана гармонияны сактап калуу менен, тенденцияларды ээрчип, заманбап дʏйнɵ берип жаткан мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ ɵнʏктʏрʏп, колдонуңуз.
Бɵйɵн (22-июнь — 22-июль)
Эмоция, мамилелер чɵйрɵсʏндɵ жолдуу болосуз. Бул мезгилде сиз ички тынчтыгыңызды жана тең салмактуулукту таба аласыз. Бул сиздин ден соолугуңузга оң таасирин тийгизет. ʏй-бʏлɵгɵ, жакын адамдарыңызга кɵңʏл буруңуз. Жан дʏйнɵңʏзгɵ кам кɵрʏʏ, медитация менен машыгуу, жаратылыш менен тыгыз байланышта болууну жылдыздар эскертет.
Арстан (23-июль — 21-август)
2024-жыл сизге адамгерчилигиңизди жана лидерлик сапаттарыңызды кɵрсɵтʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк берет. Башкаларды шыктандыруу ʏчʏн харизмаңызды колдонуңуз. Кызматташуу ʏчʏн ачык болуп, идеяларыңызды башкалар менен бɵлʏшʏңʏз. Тобокелдиктерге жана жаңы долбоорлорго даяр болуу зарыл. Бизнесте же карьерада ийгиликке жетʏʏ ʏчʏн чыгармачылык жана лидерлик жɵндɵмдɵр жардамга келет. Ошондой эле стратегиялык ɵнɵктɵштʏктʏ тʏзʏʏ, эл аралык долбоорлордун активдʏʏ катышуучусу болуу маанилʏʏ.
Бийкеч (22-август — 23-сентябрь)
Физикалык жана эмоционалдык ден соолугуңузга кɵңʏл буруңуз. Билимиңизди ɵркʏндɵтʏп, жаңы нерселерди ʏйрɵнʏңʏз. Аналитикалык кɵндʏмдɵр каржылык жана кесиптик маселелердеги чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Жаратылыштын алдында жоопкерчиликти сезе билʏʏ керек. Айлана-чɵйрɵнʏ коргоого багытталган долбоорлорго катышуу сунушталат.
Тараза (24-сентябрь — 23-октябрь)
Сизди колдогон жана ɵсʏʏгɵ жардам берген адамдарды байкап, аларга жакын болуу сунушталат. Таразалар кɵбʏрɵɵк жардамга муктаж болот, башкалардан жардам суроодон тартынбаңыз. Таразалар ачык болууга ʏйрɵнʏшʏ керек. 2024-жылы адамдар башкалар менен баарлашууну жана ɵз ара аракеттенʏʏнʏ баалай башташат. Байланыштарды тʏзʏп, башкаларды угууну ʏйрɵнɵ алган таразалар жеке жана кесипкɵй жашоосунда ийгиликтʏʏ болушат.
Чаян (24-октябрь — 22-ноябрь)
Илимий изилдɵɵлɵр чаяндардын жашоосуна таасирин тийгизип, жаңы кɵз караштарды пайда кылат. Чаяндар терең ойлуу адамдар катары илимий ачылыштардан ырахаттанып, ички дʏйнɵсʏн кеңейтип, ɵзʏн-ɵзʏ таануу менен алектенишет. Келечек алардын колунда, ал эми 2024-жыл алардын потенциалын ачып, жашоонун ар кандай тармактарында жаңы бийиктиктерге жетʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берет.
Жаачы (23-ноябрь — 22-декабрь)
Жаачы ɵз максаттарына жана амбицияларына кɵңʏл бурушу керек. 2024-жыл келечектеги пландарыңызды так тʏзʏʏгɵ жана аларды ишке ашырууга ыңгайлуу шарттарды сунуштайт, мындан пайдаланып калуу кажет. Жаңы идеяларга жана тажрыйбаларга ачык бойдон калуу маанилʏʏ.
Текечер (23-декабрь — 20-январь)
Жаны технологияларды мыкты колдонууну ɵздɵштʏрʏңʏз. Сиз программалык камсыздоону иштеп чыгуу, жасалма интеллект ошол эле киберкоопсуздук менен байланышкан долбоорлорго активдʏʏ катышасыз. Бул багыттар боюнча жɵндɵмʏңʏз эмгек рыногунда жогору бааланат.
Суупери (21-январь — 19-февраль)
Сиздин уникалдуу жɵндɵмдɵрʏңʏз ийгиликтʏʏ бизнес стратегияларын тʏзʏʏгɵ жардам берет. Башкалар менен баарлашууда сабырдуулукту жана угуу жɵндɵмʏн кɵрсɵтʏңʏз. Туруктуу компанияларга инвестиция салыңыз жана жалпы жашоону жакшыртуучу долбоорлорду колдоңуз.
Балыктар (20-февралдан 20-мартка чейин)
Заманбап эмгек рыногу билимди тынымсыз жаңылоону жана санариптик кɵндʏмдɵрдʏ ɵркʏндɵтʏʏнʏ талап кылат. Квалификацияны жогорулатуу жана рыноктун талаптарына ыңгайлашуу ʏчʏн онлайн курстарды жана окуу платформаларын колдонуңуз. Перспективдʏʏ идеяларга кɵңʏл буруп, ɵзʏңʏздʏн долбооруңузду ишке киргизʏʏнʏ же стартапка кошулууну ойлонуңуз. Руханий ɵнʏгʏʏгɵ кɵңʏл буруңуз. Бул сизге ички тең салмактуулукту табууга жана кʏнʏмдʏк жашоодогу кыйынчылыктар менен кʏрɵшʏʏгɵ жардам берет.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы