8 сентября, 2024

Айтматов Адилет: “Коомдо мугалимдин орду тɵмɵн кезде мугалим болуу кыйын…”

Мугалимдиктин баа-баркы көтөрүлүп кете албай турган кезде мектепти таштап кетпей, акчасына эмес, бийик максатына байланып иштеп жүргөн жаш агайлар жок эмес. Алардын арасында мугалим элем деп алкакка тыгыла бербей, заман менен кошо өнүгүп социалдык тармактардан өздөрүн агай катары таанытп келе жаткан Адилет Айтматов менен маектештик.

-Ноокат районунун Айбек айылында туулуп-ɵстʏм. Жаштайымдан мугалим болууну ниет кылган элем.  Атам да мугалим болгон. Ал учурда таятамдын койлорун бакчубуз. Ошол учурда эле койлорго сабак ɵтɵ берчʏмʏн. Мектепте да ар бир мугалимге ɵзʏмдʏ салыштырып, баскан-турганын ɵзʏмɵ сиңирип алчу экенмин да кɵрсɵ. “Ушундай мугалим болом” десем керек. Чоң энем да мугалим болушумду каалайт эле. Ошентип азыр элетте агартуучулук кесипти аркалап келе жатам. Коомдо мугалимдин орду тɵмɵн учурда мугалим болуу кыйын. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бала окутуудан да кыйын маселе – тʏшʏнбɵгɵн ата-энелер менен иштɵɵ болуп саналат. Коомдук жайларда, анча-мынча кезек кʏткɵн жерлерде, кɵчɵдɵ  “Саламатсыңбы, агай!” деп учурашып коюшса ичиң жылып кубанып каласың. 

“Сабакты тасмага тартып…”

-Мугалим ɵз билимин ɵркʏндɵтʏʏгɵ убакыт бɵлʏʏсʏ керек. Жеке инсандык жана кесиптик компетенциясын ɵнʏктʏрʏʏ – бул зарыл процесс. Себеби билим берʏʏдɵ технологиялар жана окутуунун стратегиялары мезгил-мезгили менен жаңыланып турат. 20 жыл мурун эффективдʏʏ болгондордун кɵпчʏлʏгʏ бʏгʏн жараксыз. Мугалим учурда ɵспʏрʏмдɵр эмне менен жашаганын билбесе, билгиси да келбесе, алар менен жакшы коммуникацияда боло албайт. Азыркы учурда социалдык тармактар ɵнʏккɵн учурда баланы биротоло андан ажыратып салуу кыйынга турат. Мен сабакта жаңы тема менен ар тʏрдʏʏ оюндарды байланыштырып, тасмага тартып, ɵзʏмдʏн социалдык баракчама жʏктɵйм. Бул метод жакшы жагын гана кɵрсɵтʏʏдɵ. Балага тема тʏшʏнʏктʏʏ болот. Бала ɵзʏн кɵрʏп да кубанат. “Агай, биз тарткан видеону 100,000ден ашуун кɵрʏʏчʏ кɵрʏптʏр!” деп кубанып келген учурлары да болот. Эң кɵп кɵрʏʏчʏ жыйнаган видео 4,6 миллионго жетти.

“Ɵлкɵнʏн келечеги курсагыбыздан бийик…”

-ʏйдɵ баланын тарбиясында атанын орду болгондой эле мектепте да агайлардын тарбиясынын орду толгус. Эркек мугалим окуткан окуучунун тартиби да, окуусу да ʏлгʏлʏʏ болорун тажрыйбамда кɵрʏп келе жатам, Мектептерде эркек мугалимдин аз болгондугу ɵкʏндʏрбɵй койбойт. Балким, маянанын аздыгынан мектептен кеткендер бар чыгар. Бирок ɵлкɵбʏздʏн келечеги ɵз курсагыбыздан бийик турары чындык. Ɵлкɵбʏздʏн келечеги ʏчʏн мектепке кайткыла! Мектептер агайларга муктаж!

“Кесиптен ɵз сʏйʏʏмдʏ таптым”

-Бизде 20дай агай иштейт. Бул мен ʏчʏн жагымдуу кɵрʏнʏш. Ар биринин жакшы жактарын ɵзʏмɵ алам.  “Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот” дегендей, мектепте иштегенден бери бир канча грамоталар менен сыйландым. “Ч.Айтматов атындагы эл аралык” орден жана “Мыкты мугалим-2023” ордендерине жетиштим. “Жыл мугалим-2023” кароо сынагында аймактык, райондук турда 1-орунду ээлеп, облустук турда “Педагогикалык дебют” номинациясы боюнча 1-орунду ээлеп, ОшМУнун тɵш белгиси, облустук профсоюздун сыйлыктары менен сыйландым. Кесиптен ɵз сʏйʏʏмдʏ таптым, жубайым да мыкты мугалим.

“…ошол ʏчʏн окуучулар мени жакшы кɵрʏшɵр”

-Мен ʏчʏн ар бир окуучум ɵзгɵчɵ, ар бирин ɵзʏнчɵ жакшы кɵрɵм. Сабакты менин кɵңʏлʏмдɵгʏдɵй окубаса да, мен айткандай болбой жатса да жакшы кɵрɵм. Анткени, ар бири ɵзʏнчɵ таланттуу. Эч качан бир окуучуну экинчи окуучудан тɵмɵн же бийик кɵргɵн эмесмин. Ошол ʏчʏн мени окуучуларым жакшы кɵргɵн чыгар.

Негизи, мага ашык болгон окуучуларым кɵп эле кездешет. Мага эмес, сабакка ашык болгула, мени жактырганыңар мен окуткан предметти жактырганыңар деп коем.

“Алгач сабак ɵткɵндɵ сʏрдɵп…”       

-Гимназияга келип алгачкы ɵткɵн сабагым дагы деле кɵз алдымда. Анткени, шаардан жаңы келген агай ʏчʏн 25 баланын алдында сабак ɵтʏʏ кыйын болгон. Сʏрдɵгɵнмʏн, толкунданып, кубанганмын. Жаштыгымдан берки кыялым орундалганына чексиз бактылуу болгонмун. Айрыкча, кɵздɵрʏнɵн ʏмʏт жанган келечегибизди кɵрʏп батына албай сʏйʏндʏм. Мына ошол ʏчʏн кʏн сайын мыкты даярданып, мыкты сабак ɵтʏʏ ʏчʏн ɵлкɵбʏздʏн келечектерине барам.

 “Эх, кандай керемет сɵз “Агай” деген!”

-Балким окурмандар арасында мугалим болом деген эркек балдар да бар чыгар.

Кʏргʏштɵп ага берем,

Кʏрɵшʏп далай менен.

Мендеги сезим ушул,

Мекендин керегине жарай берем!

Эх, кандай керемет сɵз,

Агай деген…. Агай деген!