8 сентября, 2024

“ЭЭҢ КАЙДА, АКЖОЛТОЙ?” –  ЗАМАН КƟЙГƟЙYН ЧАГЫЛДЫРГАН СПЕКТАКЛЬ

Ош улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты жакында кɵрʏʏчʏлɵрго тартуулаган “Ээң кайда, Акжолтой?” аталыштагы жаңы спектакль заман кɵйгɵйʏн чагылдырганы менен актуалдуу. Драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бурул Калчабаеванын социалдык драмасын театрдын режиссеру Назгʏл Мырзаканова сахналаштырган.

Чыгармада кыргыз драматургиясы ʏчʏн жаңы тема: эгемендʏʏлʏктʏн каатчылык жылдары карапайым элдин, анын ичинде чыгармачыл инсандардын кыйынчылыкка кептелген турмушу баяндалат. Жумуш жоктугунан базарга чыгып, майда-чʏйдɵ сатып ʏй-бʏлɵсʏн баккан Райгʏл менен Сонун,  жалгыз бой апасына каралашып сʏт сатып,  окуусун таштоого аргасыз болгон тестиер бала Рыспек, театрда спектаклдер коюлбай, ишсиз калган сʏрɵтчʏ-сценограф Бектур – бизге тааныш кейипкерлер.

 Ал эми «кʏн тийген жердин кʏкʏгʏ болгон» Асмат менен ɵз устатына кыянаттык жасап, сызга олтургузууга дити барган Чубак сыяктуу шылуундар да арабызда толтура.

Спектаклде адам менен ит жаныбардын ортосундагы кыйышпастык мамиле адеп-ахлактык деңгээлде кɵрсɵтʏлɵт. Акжолтой ит – Бектурдун ишенимдʏʏ досу, коргоочусу. «Аялым… досторум… окуучум… ушу сенчелик… бир итчелик болгон жок, ээ?!»- деп ɵкʏнɵт Бектур.

Адам кырсыкка кабылганда ойлонбой туруп жардам берʏʏгɵ умтулган Сонун менен Рыспек бала акжолтой ит ʏчɵɵлɵп Бектурду ɵлʏмдɵн сактап калды. Жакшылыктын акыбети кайтып сʏрɵтчʏ жаңы жолго тʏштʏ.

Спектакль позитив менен аяктайт

Кɵрʏʏчʏлɵргɵ бʏгʏнкʏ турмуштун оош-кыйыштарына ой калчап, ак-караны талдап, тыянак чыгарууга тʏрткʏ берет.

Жаңы спектакль жараткан чыгармачыл жамаатты Ош шаарынын мэринин кеңешчиси Салтанат Аманова жана театр директору Керим Калыкулов куттуктап, ийгилик каалашты.

Салтанат Аманова ата-энелерге, мугалимдерге кайрылып, бул спектаклди балдар менен бирге келип кɵрʏʏгɵ чакырды. «Анткени боорукер, улууну сыйлаган, чыныгы дос боло билген Рыспек баланын тунук дʏйнɵсʏ менен чоң адамдардан алган турмуштук сабагы окуучуларга тарбиялык таасир этпей койбойт», -деп белгиледи С.Аманова.

Спектаклде башкы каармандардын ролдорун аткаргандар: Бектур – Бакыт Мойдунов

Акжолтой – Жуманов Азимбек

Сонун –КыргызРеспубликасынын эмгек

сиңирген артисти Калидакан

Зейналиева

Райгʏл – Кыргыз Республикасынын эмгек

сиңирген артисти Кайыргʏл

Жуманова

Асмат – Надира Сарыкова

Чубак – Жамалдин Жолдошов

Гезит саткан киши – Нурсейит Кудайбердиев

Рыспек бала – Жумабек уулу Даниалдын

актердук чеберчилигине кɵрʏʏчʏлɵр жылуу пикирин билдирип жатышат.

Бул спектакль январь айынын этегинен тартып ʏзгʏлтʏксʏз коюлуп турмакчы.

Драматург  Бурул Калчабаева:

 “ЭЭҢ КАЙДА, АКЖОЛТОЙдогу” АР БИР КƟРYНYШ БААРЫБЫЗГА ТААНЫШ”

“Ээң кайда, Акжолтой?” социалдык драманын автору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Бурул Калчабаева  менен куш маек. 

– Бурул айым, «Ээң кайда, Акжолтой?» социалдык драмаңызды жазууга эмне тʏрткʏ болду?

– Бул драма бир кʏндɵ эле жазыла калган чыгарма эмес. Кɵп жылдык турмуштук байкоом шыкак берди. Эгемендик доорунун алгачкы жылдары карапайым элдин чакчелекей тʏшкɵн жашоосуна, эмнеден баштарын билбей буюккан адамдардын тагдырына кʏбɵ болдук. Айрыкча баладай баёо, ɵзʏнʏн чыгармачылыгынан башка нерсе менен иши жок, улунуп-жулунбаган, аласапырын коомдо жээкте калган кɵркɵм чыгармачыл адамдардын тагдыры кɵз алдыбыздан ɵттʏ. Бул драмадагы кɵрʏнʏш ар бир кыргыз баласына тааныш. Ички миграция, базар экономикасы, адам менен адамдын алакасы сыяктуу олуттуу ɵзгɵрʏʏгɵ учураган маселелер мени драматург катары ушул темада драма жазууга тʏрткʏлɵп келаткан.

– Пьесадагы акжолтой ит кандай идеялык жʏктʏ кɵтɵрɵт?

– Акжолтой – драмада ишенимдин символу.  Сʏрɵтчʏ Бектур чыгармачылык кризистен, аялынын жана шакиртинин карɵзгɵйлʏгʏнɵн майышып, жашоодон аша кечип турганда акжолтой кʏчʏк ага караан жана куткаруучу болду. Кыргызда «ат – адамдын канаты» болсо, Бектурга ит  берилгендиги жана ишенимдʏʏ таяныч боло алгандыгы менен ɵлʏмдɵн алып калат.  Сʏрɵтчʏнʏн : “ Аялым… досторум… окуучум… ушу сенчелик… бир итчелик болгон жок ээ?!”  деп тʏтɵгɵнчɵлʏк бар.

– Спектаклдин аягында Бектур чыгармачылык тагдырын башка театрдан издеп, алыска жɵнɵрʏндɵ Рыспектин балалык сезим менен: “Бизге мындай сʏрɵтчʏнʏн кереги жокпу?!”, – деген ачуу кыйкырыгы ойго салат. Чын эле азыркы акчабай заманга сʏрɵтчʏ, калемгер сыяктуу ɵнɵр адамынын кереги жок болуп калдыбы?

– Бектур ошол кризистен ɵтʏп,  башка театрга илгери ʏмʏт менен бара жатат. Мыкты сʏрɵтчʏнʏн таланты бир кʏнʏ жарк этет. Элдик болот. Ушундай болушун каалайм.

Премьерадан кийин режиссер менен куш маек.

Назгʏл Мырзаканова:

“АДАМДЫК САПАТТЫ ЖАНЫБАРГА ЖАСАГАН МАМИЛЕ ДА АНЫКТАП ТУРАТ”

– Назгʏл айым, премьера ийгиликтʏʏ ɵткɵнʏ менен куттуктайбыз! Драматург Бурул Калчабаеванын “Ээң кайда, Акжолтой?” драмасын сахналаштырууга эмне тʏрткʏ болду?

– Пьесаны окуганда анда сʏрɵттɵлгɵн окуяларды жана каармандарды жʏрɵгʏмɵ жакын кабыл алдым. Чыгармадагы окуялар 2000-жылдары элибизди социалдык-экономикалык кризис мʏңкʏрɵтʏп турган учурда ɵтɵт экен.  Менин жаштыгым жана театрда иштей баштаган убагым ушул мезгилге туш келген да. Драманын баш каарманы болгон театр сʏрɵтчʏсʏ Бектурдун  тагдыры биздин да баштан ɵткɵн. Каржынын жана театрга келген кɵрʏʏчʏнʏн жоктугунан спектаклдер коюлбай, айлык аз, ал дагы убагында берилбей, театр ишмерлери жан багуу кыйынчылыгын тартканбыз. Бурул Калчабаеванын пьесасын театрдын артисттери менен чогуу окуп чыктык, баарына темасы, козголгон маселе жакты да, ошентип сахнага алып чыгууну чечтик.

– Спектаклде сʏрɵтчʏ менен акжолтой итинин кыйышпас достугуна басым жасалат. Бу адамдарды табиятка, анын ичинде жаныбарларга, куду адамга жасаган мамиледей гумандуу болууга чакырык эмеспи!

–Ооба, кɵңʏлʏ кара, ташбоор киши гана жан-жаныбарга азар берет. Акжолтой итке Бектурдун, сʏт сатып апасын баккан тестиер бала Рыспектин, кɵчɵдɵ жол боюнда олтуруп кɵр-жер сатып, балдарын баккан Сонун аялдын боорукер жана сʏймɵнчʏк мамилеси алардын адамдык сапаттарын айгинелеп турат. Ошол эле мезгилде итке жексур же кайдыгер мамилеси менен Бектурдун жубайы Асмат, аферист Чубактын адамдык тɵмɵн же кайдыгер сапаттары кɵрʏнɵт.

– Кɵрʏʏчʏ бул спектаклден ɵзʏнɵ эмне алып кете алат?

– Адам кыйынчылыкта сыналат. Сʏрɵтчʏ Бектур турмуштан катуу сынды: иштен кол жууп, ʏйʏнɵн ажырады, аялы кɵзʏн жазгырып, шакирти алдап кетти. Жашоодо карманар таянычы калган жок. Ал пенделик мажʏрɵɵ тиргилик менен кʏн кечиргиси келбеди. Ɵзʏн асып аларда жакшы кɵргɵн ити ага асыла кучактап, жалооруй тиктегенин кɵрʏп, бул жарык дʏйнɵдɵ ɵзʏнʏн дагы бир кыйышпас досу бар экенин тʏшʏнɵт да оюнан кайтат. Ит болсо да берилгендиги менен анын жʏрɵгʏн жылытат, жашоого ʏмʏт берет. Акжолтойду кʏчʏк кезинде жолбун болуп кɵчɵдɵ жʏргɵнʏн кɵрʏп, ʏйʏнɵ алып келген. Аялынын жаман кɵргɵңʏнɵ карабастан сʏймɵнчʏк менен бакты.

Ошол жакшылыгы жерде калган жок. Эң оор кʏндɵрʏ жанында жалгыз ити болду. Ошондой эле таптакыр бейтааныш кайрымдуу адамдардын колдоосу менен жашоого кайтып келди, турмушун жаңыдан баштоого бел байлады. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов “Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан ʏйрɵнɵт”, – деп кандай таамай айткан!

Бул спектакль адамдарды бири-бирине кайрымдуу болууга ʏндɵп, жасаган жакшылыктар бирине бири жалганып, ɵнʏп-ɵрчʏп, бак-таалайга жеткирерин эске салат го деген ʏмʏттɵбʏз.

 Зинакан Пасанова