18 октября, 2024

Адатка айланган адабий уурулук

Адамзат менен ак-кара кошо жашагандай эле адабият жашап атканда адабий уурулук да кошо келе берчʏдɵй. Бирɵɵнʏн чыгармасына автор болуп, мамлекеттик деңгээлде сыйлык алган аксакалдын окуясы таң калтырып турганда Кыргызпатент чыгарып келген жаш авторлордун “Саамалык” альманахынын “Саамалык -17” (2023-ж.) жыйнагы да чуу тʏшʏрдʏ. Аталган жыйнакка биздин журналистибиз, акын Маматали кызы Бʏкалчага таандык 8 ыр (“Ырдап барам”, “Сонун”, “Жигиттер”, “Эки бирдей жылуулук”, “Жаз”, “Балалыкка”, “Сʏрɵтчʏ кыш”, “Ыр канат”) Ноокат районунун Т. Бекиев орто мектебинин 9-классынын окуучусу Аскарова Алиянын авторлугунда басылып чыккан. Бул ырлар 2018-жылы Бʏкалча Маматали кызынын “Оттуу ирмемдер” жыйнагына чыгып, китептин бет ачар аземи ɵткɵн. Автордук укуктарды коргоочу мекеме тарабынан кетирилген чекилик коомчулукта талкуу жараткандыктан биз да бул темага кайрылдык. Кыргызпатент “Саамалык-17” жыйнагын жыйнап алып, кайра басып чыгарууну убада кылышкан. Ырларын уурдаткан айрым авторлорду жана Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун жетекчисин кепке тарттык.

Плагиат (латынча – уурдоо) – адабияттагы уурулук, бирɵɵнʏн чыгармасын эч кандай эскертʏʏсʏз, шилтеме бербей эле ɵзʏнɵ таандык кылып алуучулук. Плагиат жазуучу, акын автордук укук боюнча мыйзам алдында жоопкер болуп саналат.

Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун жетекчиси Эркин Эргешов:

“Окуучу кыз ырларды кɵчʏрʏп алгандыгын мойнуна алды”

-Кыргызпатент чыгарып келген “Саамалык” альманахына 2017-жылдан бери калемгерлер ырларын ɵздɵрʏ жɵнɵтʏп жʏрʏшкɵн. 2023-жылы чыккан “Саамалык-17” альманахына дагы Ноокат районунан ыр жɵнɵткɵн калемгерлер айрымдары мугалимдери менен, айрымдары ɵздɵрʏ жɵнɵткɵн. Ал эми алардын ичинен Маматали кызы Бʏкалчага таандык ырларды автор катары альманахка жɵнɵткɵн Аскарова Алия менен байланышып, канааттандырарлык жооп ала алган жокмун. Бирок, ырларды кɵчʏрʏп алгандыгын кийин мойнуна алды. Уурдалганы боюнча ата-энеси  “кокустуктан болгон” дешти. Бирок, кылган ишин туура эмес деп мойнуна койдум. Ал кыздын ырды уурдаганы да туура эмес, автор болуп альманахка жɵнɵтʏп койгону дагы туура эмес. “Саамалык” альманахы боюнча Ноокат районуна жарыя берген адам катары кайра бардыгын сʏйлɵшʏп чыкканга аракет кылдым. Азыркы кʏндɵ ɵзʏмɵ тиешелʏʏ окуучулардагы “Саамалык-17” китебин  мен аркылуу алган адамдардан кайра жыйнап тапшырдым. Ал эми ырларын ɵздɵрʏ жɵнɵткɵндɵр ɵздɵрʏ келип алып кетишкен. Кайра ɵздɵрʏ топтоп алып келип беришти.

Акын Максат Жангазиев:

“Плагиат абийирдʏʏ калемгердин иши эмес”

-Плагиаттык ачык эле кɵнʏмʏш болуп калганы аябай ɵкʏнʏчтʏʏ. Жашыраак калемгерлер, балким адабияттын астанасын аттаган таланты, идиреги бар калемгерлер ɵзʏ сыйлаган, баалаган калемгерлерден таасирленип башка чыгарма жаратса, ал башка нерсе. Бирок, ɵзʏнʏн катарында жʏргɵн, замандаш, тааныган эле адамдын чыгармаларын кɵз кɵрʏнɵɵ уурдап алган учурлар болуп атпайбы. Менин жеке оюмда ɵзʏн адабиятка арнаган, чыныгы таланты бар калемгерлер плагиатчылык менен алектенбейт. Анткени, алардын абийири болот. Ыр жазса, чыгарма жазса, “ушундай ой мурда айтылбады бекен, кимдир бирɵɵнʏн чыгармасына окшошуп калбады бекен. Мындайды мурда башка бирɵɵ жазбады бекен” деп  чочулайт абийирдʏʏ калемгерлер. Бул нерсе чыныгы акын-жазуучулардын сыпаты деп ойлойм.  Плагиаттык деген калемгердин иши эмес. Убактылуу атак кʏткʏсʏ келген, атын чыгарып, мактоо уккусу келген адамдардын иши деп ойлойм. Учурда бул нерсе биздин адабиятка аралашып, жадакалса, сыйлыктарды алып аткан окуялар катталып атпайбы.  Муну  менен жалпы кʏрɵшʏшʏбʏз керек болуп турат.  Коомчулук бирɵɵнʏн чыгармасын уурдоо кадимки кылмыш кылганга барабар экенин сезсе, плагиат экенин билген окурман журту уяткарып турса, уурулук кылгандарды ачыктап, ашкерелесе бара-бара тыйылат эле.

Анан чыгармасы уурдалган авторду кʏнɵɵлɵш акылга сыйбайт. Адамдык ресурс, абийир маселеси маанилʏʏ да. Буга чейин бирɵɵнʏн материалдык менчигин уурдагандар мыйзам жолунда жазаланып келсе, бирɵɵнʏн эмгегин уурдоо буга чейин калыпка салынбаптыр. Мыйзамдар бар экен. Кийинки 3-4 жылда айып пул кɵбɵйтʏлʏптʏр. Бирок, чыгарма боюнча жазаланган адамдарды эл билбеген ʏчʏн бул нерсе дагы эле уланып, кʏч алып келатат. Бала кезден ʏйдɵ ата-энелер, мектепте мугалимдер бирɵɵнʏн ыйыктыгына, баалуулугуна, чыгармаларына ээ болуп алуу туура эмес нерсе  экенин ʏйрɵтʏш керек. Бирɵɵнʏн цитатасын, сɵзʏн колдонсок дагы, макал колдонсок дагы элдики экенин айта жʏрʏʏнʏ ʏйрɵтʏшʏбʏз керек го.

Акын Мая Осмонкулова: 

“Он жыл кʏттʏм. Ал ыр менен “Волга” автоунаасын утуп алгандан кийин…”

-Плагиаттык бул — уурулук. Жана уурдаган адамдын ɵзʏн (авторду эмес) сыйлабагандык. Эл бар, журт бар, бири болбосо бири таап чыгышы мʏмкʏн, шерменде болбоюн деп ойлобойбу. Менде ыр уурдоо боюнча окуя болгон. Он жыл кʏттʏм. Бир ооз кечирим сурайт го деп ойлогом. Анан ошол ыр менен «Ош — 3000» деген конкурстан “Волга” автоунаа утуп алгандан кийин Кыргызпатент сотко берди. Эми бул узун сɵз. Кийин ал эже аргасыз моюнга алып, кандайча уурдап алганын журналисттерге айтып, телеканалдан маек берип жатканын уктум.  Мындай нерсе мурда кандай болуп келсе, тилекке каршы, азыр деле ошондой болуп жатат. Социалдык баракчаларга  ыр жазгандан да чочулап турчу болдук.

Акын Жумагʏл Газыбаева:

“Акын болбосок да, адам бололучу”

-Кыргыздар адамгерчилиги артык, айкɵл элбиз. Бирок, пайгамбар жашынан ɵтʏп калган адамдар, мыйзамды мыкты билген маданият кызматкерлери уурулукка жол бергенде, анан да алардын кээ бирине расмий тараптар «мыкты» деп сыйлык бергенде, «уурусу кʏчтʏʏ болсо, ээси доого жыгылат» болуп калат экенсиң. Менин да ɵзгɵчɵ бир ырымдын тагдыры ушундай. Ɵкʏнʏчтʏʏ. Мен: «кой, улуу киши экен, уул-кызы, тууган-уругу билсе ыңгайсыз болбосун” деп келем. Чектен ашкан кең пейил, жоош адам окшоймун. “Ушундай да болобу” деп таң калып турган маалым.

«Акылдуу болбочу сен» — дебегиле,

Адамды аяр сактап, жебегиле.

Ааламдан кɵзʏ ɵткɵндɵр артка кайтпайт,

Алтындан эстеликтин кереги не?

Бул ыр саптар “Барында барктай билели” аттуу менин калемиме тийиштʏʏ ырдан. Мамарасул Мавлянов обон жазган. Ырга автор болгусу келип, социалдык тармактарга жарыялап, элдин алкоосун угуп жʏргɵндɵр бар. Айрымдары кечирим сурашкан. Айрымдары мени менен байланышкысы келбейт. Акын болбосок да, адам бололучу. Ыр жазбасак да, ыймандуу бололучу. Айтар кɵп сɵздɵр алдыда окшойт.

Чыгарма уурдагандар кандай айыпка жыгылышат?

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, 2014-жылы автордук укукту коргоо максатында мыйзамга ɵзгɵртʏʏ киргизилип, айыппулдун кɵлɵмʏ 10 эсеге кɵбɵйтʏлгɵн.

Эгерде автордук укукту бузуу ири зыян келтирбесе (50 000 сомдон ашпаса), же ɵзгɵчɵ ири зыян (100 000 сомдон ашпаса), анда КРнын Укук бузуулар жɵнʏндɵ кодексинин негизинде жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17000 ɵлчɵмʏндɵ айып пул салынат.

Бирок укук бузуу ири зыян келтирсе (50 000 сомдон ашса), же ɵзгɵчɵ ири зыян (100 000 сомдон ашса), анда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде 20 000 сомдон 50000 сомго чейин айып салынат.