23 мая, 2024

Фатима Насирдинова: “Бизде кʏйɵɵ балага кырк кʏн тамак ташуу жоюлган”

Кыргызстанда жашап жаткан ар бир улуттун салты, маданияты ар башка болот эмеспи. Ошол салты менен айырмаланып ɵзгɵчɵлɵнгɵн улуттар дагы кɵп, алардын бири ɵзбек улутундагылар. “Ысырапкорчулукту жоюуга киришип, ашыкча чыгымды жабууну кɵздɵйбʏз” дейт Амир-Темир аймагынын аялдар кеңешинин тɵрайымы.

Амир-Темир кичи районунун аялдар кеңешинин тɵрайымы Насирдинова Фатима:

“Нооруз менен айт майрамдарын белгилейбиз”

— Ɵзбектерде мисалы, Жаңы жыл, 8-март, 23-февраль кʏндɵрʏн майрамдабайбыз. Биз белгилɵɵчʏ майрамдар Нооруз, курман айт, орозо жана айт майрамдары. Мындан башка майрамдарды белгилейбиз. Колубуздан келсе белгилеп, эгерде шартыбыз туура келбесе белгилебейбиз. Бул ар бир адамдын ɵзʏнʏн каалоосу. Шартына карап кааласа белгилеп элди чакырып аш берет, каалабаса эч ким кыстабайт.

“Калың маселесин жойдук”

-Мурун кызга “чак пулу” деп 30-40 миң берилет эле. Кээ бир ʏй-бʏлɵлɵр кайра 20 миң кошуп баланын сарпайын жасап беришчʏ. Азыр бул нерсени да жок кылып жатабыз. Деги эле кызга калың берʏʏ, кайра кыз тарап сеп берʏʏ деген нерселерди жойдук.

“Кыздарыбыз эки гана кесиптин ээси болушат”

-Кыздарыбызды медайымдык, дарыгерлик же мугалимдик окуусуна гана окутабыз. Андан башка окууга окутпайбыз. Анткени эң керектʏʏ кесиптер. Кийин турмушка чыкса дагы ɵзʏн ɵзʏ каржылоосу бул жакшы нерсе деп ойлойбуз.

“Байлыкка карагандар кɵп”

— Учурда кыз жана бала кɵбʏнчɵ бири-биринин байлыгына карашат.Кээ бир кыздар ал байбы демек, ага эртерээк чыгып алсам дешет. А эгер бай эмес болсо анда кɵпчʏлʏгʏ тоготушпайт. Кыздар эмес, балдар деле кыздардын байлыгына карап сʏйлɵшʏшɵт. Бул такыр туура эмес деп ойлойм. Анткени кыздын байлыгы менен кошо албайсың да. Балдар эле эмес, кыздар да ойлонушу керек. Байлык эч нерсени чечпейт. Бактылуу жашоо ʏчʏн акчанын зарылчылыгы жок деп ойлойм.

“Кыздарыбыздын кийинʏʏсʏнɵ ɵзгɵчɵ маани беребиз”

-Кыздарыбыздын жабык кийинип, оронуп жʏрʏʏсʏн талап кылабыз. Анткени сапсайып жʏргɵн менен пайда жок. Ɵздɵрʏнɵ деле зыян менимче. Чачтарын жайып жʏрʏшсɵ, сылап жатып убара болушат. Тамак жасаса ага тʏшɵт дегендей. Кыскача айтканда, жоолукчан жʏргʏлɵ деп кеңеш беребиз. Ар бир кызыбыз денесин жаап, жабык кийинип жʏрʏʏсʏ абзел.

“Ашыкча чыгымдарды жоюудабыз”

-Ɵзбек калкында тойлор мурункудай болбой калды. Себеби мурун ашыкча чыгым кɵп болчу. Азыр ал чыгымдардын баарын жоюп, ысырапкорчулукту азайтып жатабыз. Мурун той болгондо кʏйɵɵ балага 40 кʏн тамак берилчʏ. Азыр аны дагы жойдук. Дээрлик мындай салт жок эле болуп калды десем болот. Азыркы учурда бир кыйла эле жеңилдик болуп калды, эгерде эки жаштын ʏйлɵнʏʏ тою болсо мурункудай 10-20 машина менен сейилдɵɵгɵ чыкпайт. Чыкса 4 же 5 гана машина чыгат. Эгер кызга ата-энесинин сеп бергенге шарты болсо 10 жастык, 10 тɵшɵк, 10 кɵрпɵ беришет. Ашыкча нерсе бербейбиз.

“Тойду музыкасы жок ɵткɵрɵбʏз”

-Биз ɵзбектер динге жакын болгондуктан тойлорду дагы музыкасыз ɵткɵрʏʏнʏ чечкенбиз. Ɵткɵрʏп келе жатабыз десем дагы болот. Тынч, маселелердин, сʏйлɵшʏʏнʏн, баарлашуунун алкагында гана той ɵткɵрʏп келе жатабыз. Жɵн гана керней-сурнай тартылат. Шарты укмуш бай адамдар гана той ɵткɵрɵбʏз деп ресторанга ɵткɵрбɵсɵ, карапайым калк аны деле каалабайт. Негизи тойдун кɵбʏн шаан шɵɵкɵтʏ жок эле ʏйдɵ ɵткɵрɵбʏз.

“Уул-кыздарыбыз ɵздɵрʏ каалаган адамга баш кошо алышпайт”

-Кыздарыбыз ɵздɵрʏ каалаган жерге же каалаган балага турмушка чыга албайт. Ата-энеси тапкан жана жактырган тектʏʏ жерге гана чыгат. Эгерде ɵзʏнʏн жактырган баласы ɵзʏнʏн аймагынан болсо, кызга куда тʏшʏп келсе, анда ал балага кызды беришет. Ал эми кыз менен бала бирин-бири жактырып, бирок жашаган жерлери эки аймак болуп, бири-бирине туура келбесе, анда кыздын ата-энеси беришпейт. Кызга куда тʏшʏп келген ʏй-бʏлɵнʏн баласы менен кыз кааласа дагы, каалабаса дагы сɵзсʏз тʏрдɵ бир жолу жолугушууга чыгат. Кызга кандай болсо, балага деле ошондой. Ата-энеси тапкан кызды сɵзсʏз жолугушууга чакырат. Жактырып калса ʏйлɵнɵт.

“Кыздарыбызды кʏйɵɵгɵ эрте беребиз”

-Кɵпчʏлʏгʏбʏз кыздарыбызды 17-18 жаштан турмушка узатабыз. Бирок мыйзамга карап, азыр кыздарыбызды кʏйɵɵгɵ кечирээк берип калдык. Бирок антейин десең азыркы кыздар ɵздɵрʏ эле эрте кʏйɵɵгɵ чыккысы келет экен. Бир чети буга деле каршы эмеспиз. Турмушка даяр болсо, кармап отургандан пайда жок. Балдар деле ошондой. Бага алабы, карай алабы, бир ʏй-бʏлɵнʏн ɵтʏлʏн ала алабы, анда аял алып бериш керек.

“Ашыкча чыгымга жол бербейбиз”

-Ким ашыкча чыгым кылып ɵлʏм-житимде же той-топурда ысырапкорчулук кылса кирип айтабыз. “Эмне ʏчʏн ашыкча чыгым кылып, ысырапкорчулук кылып жатасыз. Мындай кылганыңыз туура эмес” деп тʏшʏндʏрɵбʏз. “Ɵзʏңɵрдʏ дагы, башкаларды дагы кыйнабагыла” деп ачык эле айта турган болуп калдык.

 “Келиндик кызматты сɵзсʏз ɵтɵшʏ керек”

— Эгер кайненелер денибиз сак, ден соолугубуз чың болсо, ɵзʏбʏздʏ ɵзʏбʏз эптей алсак келинге оорчулук туудурбай эле кошо тирилигибизди жасай беребиз. Бизде тергɵɵ дагы салт. Ар бир келин барган жеринде ал ʏйдɵгʏлɵрдʏ сɵзсʏз тергɵɵсʏ маанилʏʏ. Себеби тергебесе ал ʏйдɵ жашап калышы кыйын. Келиндин тергегени кʏйɵɵсʏн жана кайын журтун сыйлагандыгынын белгиси болуп саналат.

  Таңсулуу Сʏйʏнали кызы