27 июля, 2024

“Апоу, эмне тамак жасайын?”

Бир ишти жасоо ʏчʏн сɵзсʏз тʏрдɵ жɵндɵм керек. А эгер жɵндɵмʏң болбосо жасап алып кетʏʏ кыйын. Учурда соцтармактарда “апоу, эмне тамак жасайын?” деген сɵзʏ менен таанылып келе жаткан Эрлан Нурланбек уулу менен маектештик.

“Апоу деген кʏндɵ айтчу сɵзʏм”

-“Апоу, эмне тамак кылайын?” деген жашоодон эле келип чыккан дайыма айтылуучу сɵзʏм. Кечки тамакты кʏндɵ мен жасагандыктан, “апа, эмне тамак кылайын?” деп анан жасачумун. Кʏнʏмдʏк жумушумду тартып блогума киргизип койсом, кɵп кɵрʏʏчʏ топтой баштады.  Ушул кылгандарымды видеого тартып инстаграмга жана тик- токко салып турам. Негизи апам айтат, “сен тилиң чыккандан баштап сʏйлɵгɵнʏң апоу” деп. Кɵчɵдɵн кɵрʏп калгандар дагы “апоу деген балабы?” деп айтып калышат.

“Алгачкы видео ролигим дагы апам аркылуу башталган”

-Апам кандай иш кылбасын кошо кармашып жардам берип жʏрчʏмʏн. Бир жолу апам экɵɵбʏз компот жаап калдык. Ошондо биринчи видеомду тартып инстаграмга чыгарганмын. Кɵп кɵрʏʏчʏ топтой баштаган. Бирок алгачкы видеомду сʏйлɵбɵй эле чыгарып койгон элем. Кийин сɵз сʏйлɵсɵм кандай болот деген идеялар келе баштады. Ошондон кийинки видеолорумду сʏйлɵп тартып киргизе баштадым.

“Тамактардын баарын эле жасай алам”

-Башында жаңыдан блог жʏргʏзʏп баштаганда тамактарды жакшы эле жасачумун. Бирок азыр андан да жакшы жасайм. Мен бир гана камыр жайганды анча ɵздɵштʏрɵ албайм. Кɵбʏнчɵ апам жайып берет. Кудайга шʏгʏр, башка тамактардын баарын эле жасай алам. Блог жʏргʏзʏп баштагандан кийин тамак жасоону ɵрчʏтʏп, тʏрлɵрʏн ʏйрɵнʏп баштадым. Кандай тамак жасап, кандай видео тартсам элге жагат деген суроолор пайда боло баштады. Азыркы учурда тамакка деген сʏйʏʏм аябай кʏчɵдʏ. Ошого жараша ар бир тамакты берилип кылдаттык менен жасайм.

“Алдыда пландарым кɵп”

-2024-жылы тоо койнунда видео тартсамбы деген планым бар. Жаратылыштын ичинде, тоолордун жанында тамак жасап видео тартып контентимди алып барсамбы деп ойлоп жатам. Кудай буюрса, жакынкы кʏндɵрдɵ кɵрʏп каласыздар.

“Башында каршылыктар болду”

-Мен мынтип блок жʏргʏзʏʏмɵ эч кимдин сунушу болбоду. Жеке ɵзʏм эле кʏнʏмдʏк ишимди чыгарып, сʏйлɵп блог жʏргʏзɵмʏн. Башында баары каршы болушкан. Азыр баары жакшы.

Эрландын апасы Анарбаева Халида.

-Балам Эрлан  блогер болуп баштаганда тамактарды ɵзʏм кошо жасашчу элем. Азыр болсо дээрлик баарын эле ɵзʏ жасай алат. Баламдын жасаган тамактарына дагы канааттанам. Тамакты жакшы жасаганы бул атасын тартканы деп ойлойм. Анткени атасы тамакты жакшы жасачу. Баламдын мындай иш аракети мага дагы бир топ эле жеңилдик жаратты десем болот.

“Мага келин болчулар кɵп…”

-Кɵчɵгɵ чыкканда тамашалап кʏлʏп, “кызымды силерге эле келин кылып берейинчи”. “Ɵзʏң эле келин кылып ал кызымды” деп тамашалагандар кɵп. Тааныгандар, кɵрʏп-билгендер дагы “балаңыздын иш кылганы, тамак жасаганы бизге аябай жагат, жакшы  кɵрɵбʏз. Ɵзгɵчɵ апоу дегенин жактырабыз. Балаңызды жакшы тарбиялагансыз” деп айткандар кɵп.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы