27 июля, 2024

Тоок бизнесин ʏйрɵткɵн Сыргак

Замандын талабына ылайык, азыркы ар бир жаштын ой ɵрчʏмʏ кенен жана кʏчтʏʏ болуп келе жатат. Ɵзʏнʏн аракетчилдиги менен ɵз бизнесин баштап, бир ʏй-бʏлɵнʏ багып келе жаткан жаштар дагы жок эмес. Мына ушундай ишкер жаштардын катарын толуктаган тик-токто“Ала тоолук жигит” деген ат менен таанылган Сыргак Куттубеков биздин каарманыбыз.

-Сыргак, тоок бизнеси боюнча блог жʏргʏзгɵнʏңʏзгɵ канча убакыт болду?

-Ɵзʏм тоодо жашап, айылда чоңойгондуктан соц тармактарына Ала-тоолук жигит деген ат менен кирем.

Блогерликке келгениме эки жылдан ашты. Негизги себеп бɵлɵм болгон. Мурун тик- токту кɵрʏп, кызыкчу деле эмесмин. Бɵлɵмдʏн бирɵɵсʏ тик- ток тартат экен. Анан мен ага “тартпай эле койбойсуңбу, психологияңды жаман жакка буруп коюшу мʏмкʏн. Кирбей эле кой” деген сыяктуу сунуштарды айтканмын. Бирок ɵзʏм пайдалуу видео чыгаруу оюма келе баштады. Кандай видео тартаарым ɵзʏмɵ да кызык болду. Тик-токтогу адамдардын видеолорун жана ошол жакта болуп жаткан нерселерди байкаштырдым. Кɵбʏнчɵ мааниси жок, трендтен калбай, бирин -бири туурагандар кɵп экен. Булардын баарын ʏлгʏлʏʏ бир максатка буруп, жакшы жакка ʏгʏттɵɵчʏ видео тарткым келди. Бул боюнча кɵпкɵ ойлонуп жʏрдʏм. Атайын видео тартуу ʏчʏн убактым болбогонуна байланыштуу кʏнʏмдʏк эле жумушумду тартып кɵрʏʏнʏ чечтим. Башкаларга пайдасы тийсин деген ниет кɵбʏрɵɵк болду. Буюрса, чындап ниетиме жетип келе жатам.

-Тоок багуу боюнча курсту кантип ачып калдыңыз эле?

-Тоок багуу боюнча курстун ачылуусунун негизги себеби, элдин жана кɵрɵрмандардын талабы болду. Анан ойлонуп, кандай курс ачсам, кандай кылып ʏйрɵтсɵм деген суроолордун ʏстʏндɵ иштей баштадым. Курсту онлайн тʏрʏндɵ ачууну пландадым. Азыркы учурда кɵптɵгɵн адамдар менден ʏйрɵнгɵн тажрыйбасы менен ɵздɵрʏнʏн чарбачылыгын ɵнʏктʏрʏп бизнестерин ачып жаткан учуру. Азырынча канча окуучу окутканымдын так эсебин билбейм. Бирок абдан кɵп адамдарга ʏйрɵтɵ алдым десем болот.

-Бул жумушуңузду мурда эле жасачу белеңиз же атайы контент кылуу ʏчʏн баштадыңызбы?

-Бул жумуштарды жеке чарбачылыгымды тик- ток жана инстаграмга келгенге чейин эле жасачумун. Контент жʏргʏзʏп баштагандан бери эле тик- токко чыгарган видеолорумду атайы убакыт бɵлʏп тартып отурбаймын. Жасап жаткан жумушумду эле тартып жʏктɵп коем. Убактымдын кɵпчʏлʏгʏ эле ушул жумуштарыма кетет. Бир кʏндɵ 1 саат же жарым саат бошоп калам. Кʏндɵ жасай турчу хоббим деле жок. Бош убактым ар кандай учурда, ар тʏрдʏʏ жумуштарга сарпталат.

-Дагы ишкерликтин кандай тʏрʏ менен алектенесиз?

-Тоок багуу гана боюнча эмес, балык жана аары чарбачылыгым дагы бар. Мындан башка ʏйдɵгʏ малды кароо жана башка толтура жумуштарым кɵп. Сезон сезону менен ар бири ɵз-ɵзʏнчɵ кʏчʏнɵ кирип турат. Кайсы учур болбосун дайыма  иштеп турган тоок чарбачылыгым. Соцтармактарында дагы дайыма активдʏʏ болуп жаткан видеолорум ушул боюнча. Балык менен ары сезондук жумуш болгондуктан аларды убагы менен тартып киргизип турам.

-Ɵзʏңʏздʏн кесибиңиз кайсы тармак боюнча эле?

-Ɵзʏмдʏн бʏтʏргɵн окуум жана кесибим актердук чеберчилик боюнча. Бирок азыркы учурда айылда ɵзʏмдʏн ушул чакан бизнестерим менен эле алектенем. Алдыда дагы окуйм, иштейм деген пландарым кɵп. Ɵзʏмдʏн жеке тоок багуу, балык жана аары багуу боюнча курсум  аркылуу кирешеге чыгам десем болот. Тапкан кирешем ɵзʏмдʏн ʏй-бʏлɵмɵ жетет. Тик- токтогу азыркы учурдагы катталуучум 138 миңден ашып калды. Катталуучум мындай болгону менен кɵрʏʏчʏлɵрʏмдʏн саны арбын. Миллиондон ашык кɵрʏʏчʏ топтой алдым. Эң кɵп 2-3 миллионго чейин кɵрʏʏчʏ топтодум. Эң аз дегенде 100 же 200 миң адам кɵрɵт.