27 июля, 2024

“Чɵп майдалагычтан, электр араасынан балдарды абайлагыла!”

Кырсык каш-кабактын ортосунда дейт. Кʏнʏмдʏк турмушта балдардын кооптуу нерселер менен иштɵɵсʏнɵ жол бербеңиз. Ал тургай чоңдор да тиричилик техникаларын, станокторду колдонууда коопсуздук эрежелерине бекем болуусу зарыл. Ош облустук балдар ооруканасынын балдар травматологу муундарга доо кетирген жаракаттар жана буга чейин балдар арасында катталган кырсыктар тууралуу айтып берди.

Тамырлан Абдыкадыров, балдар травматологу, ортопед.

“Кичинекей балдар техникалык коопсуздук эрежелерин билишпейт”

-Жаш балдар ʏй тиричилигине керектелген тʏрдʏʏ шаймандарды колдонууда техникалык коопсуздук эрежелерин билишпейт. Ошондуктан олуттуу жаракаттарды алып калуулары мʏмкʏн. Ал тургай оор травмалар майыптуулукка чейин жеткирет. Буга чейин Ош облустук балдар ооруканасына колун, бутун алдырып алган бир нече балдар кайрылган. Колу дээрлик ампутацияга учураган, тагыраагы, кесип таштоого туура келген жагдайлар да кездешет. 2021-2023-жылдар аралыгын алып карасак, 30га жакын бала ʏй тиричилигине керектелʏʏчʏ шаймандардан тʏрдʏʏ жарааттар менен ооруканага келишкен. Айта кетсек, Ноокат районунан тургуну, кыш заводдун айлампасына буту кирип, тизесинен ылдый ампутация боло турган абалда келип тʏшкɵн. Шашылыш операциялык кийлигишʏʏ менен бутун аман алып калганбыз. Операция учурунда баланын жʏрɵгʏ бир токтоп, тийиштʏʏ жардам менен кайра калыбына келди. Биринчи операциядан кийин этаптуу операциянын экинчиси Ɵзбекстан ɵлкɵсʏндɵ жасалып, кичине жото жиликтин нерви кайра калыбына келтирилди. Азыр башка балдардай басып жʏрɵт, абалы жакшы.

“Талкаланган муундарды кеспей, аман алып калууга аракет кылабыз”

-Кырсыктан улам билек сɵɵктɵрʏ талкаланган бала ооруканга тʏшкɵн учурда, билектин айрым сɵɵктɵрʏ таптакыр майдаланып кеткенине байланыштуу, жетпей калган бɵлʏгʏнɵ бутунан сɵɵк алып улаганбыз. Айыл жергесинде колдонулган чɵп майдалагычтан да балдарды эттияттаңыздар, анткени бизде чɵп майдалагычка манжалары кирип кеткен эки учур катталды. Биринчиси Лейлек районунун тургуну. Алар фермерлик менен алектенген ʏй-бʏлɵ экен. Кырсык болгон кʏнʏ баланын манжа сɵɵктɵрʏ бʏт талкаланып, ампутациялансын дегенге толук кɵрсɵтмɵ бар болчу, бирок ошого карабай муундарды ордуна коюп отуруп, 6 сааттык операциянын жыйынтыгында бир гана бармагы ампутацияланды, калган манжаларды сактап кала алдык. Пресс подборщикке манжаларын талкалап алган баланын да операциясы 4 саатта бʏтʏп, ийгиликтʏʏ аяктаган. Албетте, мындай жагдайлар пландуу, этаптуу операцияны талап кылат. Калган муундарды дагы акырындап тʏздɵп кетишибиз керек. Жогоруда айтканымдай чɵп майдалагычка манжаларын алдырып келген экинчи баланын манжалары дээрлик жок калган. Мындай учурда ашыкча кан кетпɵɵ ʏчʏн микрохирургиялык операция жасалып, кыркылып калган манжаларды калыбына келтирʏʏ мʏмкʏн болбой калат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бизде дарыланып жатат, жаракаты таңылган. Абалы биринчи келгендегиге караганда кыйла жакшы, жылыш бар. Сɵɵк муундары косметикалык деңгээлде сакталып калса да биздин жеңиш. Калган этаптуу операцияларда акырындык менен тарамыштарын калыбына келтирсе болот.

“Электра араасы кичинекей кыздын бетин кесип кеткен”

-Кичинекей кыз байкеси менен электр араасын иштетип жатып бетин кестирип алган. Кызга 3 сааттык операция жасалды, бул дээрлик пластикалык операция болуп эсептелет. Бактыга жараша операция жемиштʏʏ аяктап, кыздын абалы жакшы, ʏйʏнɵ чыгардык. Электр араасы демекчи Араван районунан акыркы келген бейтаптардын бирɵɵсʏ буттун шыйрак сɵɵгʏн электр араага кесип, жараты жеңил болгондуктан бат эле айыгып кеткен. Экинчи бала агасы менен отун чаап жатып тамандын ахиллова деп аталган тарамышын балта менен толук чаап алган. Жалпы наркоздун жардамы менен ахиллова тарамышын издеп таап операция кылынды.

Ата-энелерге эскертʏʏ!

-Бизге катталган учурлардын кɵпчʏлʏгʏнɵ токтолуп ɵттʏм. Белгилей кетчʏ нерсе, балдарды турмуш-тиричиликке тың кылып ʏйрɵткɵн жакшы, бирок мындай оор, кооптуу техникаларды карматпоо керек. Ал тургай электр араасына окшогон тиричилик буюмдарына кичине балдарды такыр жолотпоңуздар. Коркунучту алдын алып, балдардын ден соолугуна кайдыгер болбоңуздар!