18 октября, 2024

Делегаттар: “Биз айткан кɵйгɵйлɵр чечилерине ʏмʏттɵнɵбʏз”

2023-жылдын 15-16-декабрында ɵлкɵдɵ экинчи элдик курултай ɵткɵн. Шаарыбыздан барган делегаттар кандай кɵйгɵйлɵрдʏ айтышты? Экинчи курултайдын ɵзгɵчɵлʏгʏ жана жыйынтыктар тууралуу делегаттар менен болгон маекти сунуштайбыз.

Ташбʏ Жумабаева, делегат.

“Сунуштарыма жооп келип, тийиштʏʏ тараптардан аракеттер кɵрʏлɵ баштады”

— Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында жалпы 24 ʏй-бʏлɵлʏк жатакана бар. Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой бир бɵлмɵлʏʏ ʏйлɵр союз убагында текстилде иштеген адамдарга берилген. Сатканы сатып кетсе, сатпаганы дале ошол жерде жашашат. Балдар аянтчасы жок. ʏйдʏн астына майда дʏкɵн, тигʏʏ цехтерин ачып алышкан. Жашоочулардын кɵпчʏлʏгʏ пенсия курагындагылар, ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендери да бар. Ошолорго ипотекалык шартта арзандатылган ʏйлɵрдɵн берʏʏ боюнча сунушумду президенттин аппаратына жана министрликтин аппаратына таштаган элем. Алар мэрияга кат жɵнɵтʏшʏптʏр. Президенттин аппаратынан мага да чалып, жогоруда айтылган сунушум депутаттардын кароосуна ɵткɵнʏн айтышты. Ош шаардык мэриясынын ипотекалык ʏйлɵр боюнча адистери “тургундар менен чогулуш ɵткɵрʏп, сʏйлɵшʏп 4% ɵлчɵмʏ менен ʏйлɵрдʏ берели” деп билдиришти. Тийиштʏʏ тараптардан аракет кɵрʏлɵ баштаганына кубандым.

Мындан сырткары сʏйʏнчʏ пулду 4 миң сом эмес, 10 миңге кɵтɵрʏʏ маселесин кɵтɵрʏп чыккан элем. Анткени эсептей келгенде 4 миң сом баланын такма жалайыгына деле жетпей калат…

Карамат Нишанбаева, делегат.

“Ташталган балдарга тʏзмɵ-тʏз аялдарды кʏнɵɵлɵбɵшʏбʏз керек”

-Мен элдик курултайга Туран аймактык башкармалыгынан бардым. ʏч маселеге басым жасадым. Биринчиси Дача участкабызда сел жʏрʏʏ коркунучтары бар. Мен ошол жерде элʏʏ жыл жашасам, элʏʏ жылдан бери селди алдын алуу ʏчʏн кɵп аракеттер жасалып келет. Чоң-чоң тʏтʏктɵрдʏ да койгонбуз, тилекке каршы, аракеттерибиз жарымынан токтоп калган эле. Элдин коопсуздугу ʏчʏн ушул кɵйгɵйгɵ кайдыгер карабашыбыз керек. Экинчиси – зордук-зомбулуктун тʏрʏ кɵбɵйʏп, кɵчɵгɵ ташталган балдарга тʏзмɵ-тʏз аялдар кʏнɵɵлʏʏ болуп калууда. Эркектер да кайсы бир деңгээлде жоопкерчиликке тартылганы дурус. ʏчʏнчʏ маселе – миграцияда жʏргɵндɵрдʏн арасында 4-5 балалуулары да бар экени талашсыз. Аларга пособие берʏʏ боюнча айттым, 1200 сом жɵлɵк пул чынында аз.

Ырысалиева Айзада, делегат.

“40 миңдей жаранды тейлеген бир эски эмканабыз бар”

-Туран аймагында калктын саны 2010-2011-жылдарда 28 миңге чукул болгон. Учурда 40 миңдин айланасында. Ошончо тургунга бир гана №6 эмкана бар. Ал да кɵп кабаттуу ʏйдʏн биринчи кабатында жайгашкан, талапка жооп бербейт. Ошол поликлиниканы башка жерге кɵчʏрʏп, кошумча эки ФАП куруу зарыл. Жолдор боюнча айтсам, борбордук жолубуз союз убагында курулган. Жылда жамоо иштери болот, бирок кайра эле начар абалга кептелет. Анча-мынча жерлерине шагыл тɵктʏрʏп койгон менен жамгырда жуулуп кетет. Мындан башка Туранга караган Кең-сай массивинин жолдорун оңдоо, суу менен камсыз кылуу, жарык жана башка шарттарды тʏзʏʏ, ошондой эле “Эдельвейс” дачасына транспорт бɵлʏʏ зарыл деген кɵйгɵйлɵрдʏ кɵтɵрдʏм. Кошумчалай кетсем, биздин аймак адырлуу болгондугуна байланыштуу канализация менен камсыздоо зарыл.

Адалат Темирбаева, делегат.

“4 буу казан курууну райондун эли суранышты”

-Анар кичи районунда мамлекеттик бала бакча жок. Мэрияга кайрылсак жер жок дешет. №19-21 кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн алдында 1 гектарга жакын бош жаткан жер бар. Бирок, ал жердин ʏстʏнɵн жогорку чыңалуудагы электр чубалгысы ɵткɵн. Ошол чубалгыларды жердин асты менен алып ɵтсɵ, ушул жерге балдар бакчасын жана поликлиника курууга мʏмкʏн эле. Эгерде жеке адамдарга тиешелʏʏ болгондо 30 жылдан бери, бир нерсе курмак. Таштанды аянты болуп жатат. Ушул маселе боюнча катты Энергетика министрлигине жана Архитектура, курулуш агенттигине таштаганмын.

Анар, Тɵлɵйкɵн, Черемушки, Кулатов кичи райондорунда жаңы кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн кɵп салынышынан улам жылуулук системасынын кубаттуулугу аз. Кошумча 4 буу казан курууну райондун элдери суранышты. Ошондой эле Кулатов кичи районунда Осмонов кɵчɵсʏндɵгʏ Барсбек айлампасынан авто унаа базарына (жер-жемиш базары да ушул жакка которулган) чейинки жол аралыгын жол тыгындарын болтурбоо ʏчʏн заманбап оңдоп берʏʏсʏн жалпы эл суранып жатышат.

Жаштар эл аралык мелдешти ɵткɵрʏʏгɵ ыңгайлуу чоң спорттук комплекс курулушун суранышты эле. Экинчи борбор болгонубузга карабай мамлекеттик спорттук чоң комплекстер жок, мамлекеттик гимнастикалык зал, бассейн, кʏрɵш залдарынын курулушун суранып жатышат. Жеке залдар бар, бирок, акча тɵлɵп катышканга кɵпчʏлʏгʏнʏн мʏмкʏнчʏлʏгʏ жок. 

Дагы бир олуттуу кɵйгɵй, Черемушки кичи районунда Кургак учук ооруканасы жайгашкан. Жанында мектеп, турак ʏйлɵр кɵп. Бейтаптар сыртка чыгып дʏкɵн, ашканаларда эркин жʏрʏшɵт. Жашоочулар ошол оорукананы да шаар четине абасы таза, жашыл бак-дарактуу жерге жылдырылышын каалашат.

Миразимова Айдина, делегат.

“Онкологиялык ооруканадагы акысыз делген препараттардын акысыз берилʏʏсʏн кɵзɵмɵлдɵɵ зарыл”

-Курултайга жети дубандын делегаттары республикалык деңгээлде чечиле турган маселелер менен барышты. Мен президенттин администрациясына “Баатыр эне”, “Эне  даңкы” сыйлыктары боюнча сунуш берип келдим. Бизде жети балалууларга “Баатыр эне”, 6 балалуу аялдарга “Эне даңкы” ордени берилет. Азыркы заманда 6 баланы чоңойтуунун ɵзʏ баатырдык. Ошон ʏчʏн ордендерди берʏʏдɵ балдардын санын дагы азайтуу керек. Экинчиден, ажырашкан ʏй-бʏлɵлɵр боюнча, эгер ортодо бала тɵрɵлɵ электе ажырашса башка кеп, бирок 3-4 бала менен ажырашкандар да бар. Мындай учурда аял барганга жер таппай калат. Тɵркʏнгɵ батуу кыйын. Демек ажырашкан кʏйɵɵсʏ аларга ʏй кылып береби же чоң сумма тɵлɵп береби айтор, шарт тʏзʏп берсин, ошондой бир мыйзам керек деп ойлойм.

Эми медицинадагы ɵтɵ орчундуу бир жагдай, бул онкологиялык оорукана. Бейтаптарга туура мамиле жасоо, врачтардын этикасы, коррупцияны болтурбоо. Химиотерапиялык препараттар менен операция аябай кымбат. Акысыз делген препараттардын акысыз берилишин кɵзɵмɵлдɵɵ зарыл. Бир чети онкологиялык оорукана шаардын ортосундагы А. Ахунов кɵчɵсʏндɵ жайгашкан. Аны мурдагы ордуна жылдыруу керектигин курултайда да айттым. Анткени мурдагы орду бейтаптар ʏчʏн тынч, абасы таза, суунун боюнда жайгашкан.

Ошондой эле Ленин кɵчɵсʏндɵ Шырдаков деген жеке ишкер бар. Ал адам менен ошол жердеги кырктай ʏй-бʏлɵ 5 жылдан бери жер талашып соттошуп келет. Жеке ишкер жерди мыйзамсыз ээлеп алган экен. Жакында 200дɵй адам кɵчɵдɵ калышы мʏмкʏн, ушуга адилет чечим чыгарып беришин сурандым.

Алмазбек Арзибаев, делегат.

“Мектеп мугалимдери IT тармагын жана биотехнологияны ɵздɵштʏрʏʏ боюнча сунушун айтышууда” 

-Ɵзʏм Озгур айылынан болом. 1995-жылы бизге 207 гектардын тегерегинде ʏлʏш жер бɵлʏнʏп берилген. Анын 87 гектарын Тʏштʏк суу курулуш чарбасы 2016-жылдан бери бизден талашып, соттошуп келебиз. Эл да чарчап бʏттʏ, ошонун жеке эле адамдын пайдасына эмес, оң тарапка, элдин пайдасына чечилсе деп президентке чейин барып отурабыз. Буга чейин мэрдин, губернатордун кабылдамасында болдук. Бул иш тергɵɵгɵ да ɵттʏ. Жакында жакшы жыйынтык болот деп ишенип турабыз.

Тɵлɵйкɵн айылындагы Жолон Мамытов мектебинин курулушу жарым-жартылай бойдон бʏтпɵй турат. Буга чейин мэрге да кирип айтканбыз. Окуучулардын сабак боюнча жетишкендиктери жогору. Эми мектеп толук бʏтʏп калса IT программалоону кошо ʏйрɵткɵн сабактарды киргизели деп мугалимдерден сунуш болуп жатат. Ошону менен бирге бак-дарактарды туура ɵстʏрʏʏ, мол тʏшʏм алуу сыяктуу биотехнологияны жаңыча ыкма менен жашыл экономиканын алкагында алып кетели деген демилгелери бар. Жапалак аймактык башкармалыгы союз убагынан бери шаар тургундарын жашылча-жемиштер менен камсыздап келген.

Мындан сырткары Сакалчаев кɵчɵсʏндɵ эскилиги жеткен илгерки ФАП бар. Биз мэрге кирип ФАП курууга демɵɵрчʏлɵр да даяр турганын айтканбыз. Мэр ɵзʏ барып, жаңы орун таап, кɵчʏрʏʏгɵ убадасын берген.

Эркин Абдыразаков, Курултайдын республикалык тɵрагасынын орун басары, Улуттук кеңештин мʏчɵсʏ.

-Эркин агай, экинчи курултай эмнеси менен айырмаланды?

-Биринчи курултай президенттин указы менен болгон. Ал кезде конституциялык мыйзамыбыз кабыл алына элек болчу. Быйылкы жылы конституциялык мыйзам кабыл алынды. Бирок, толук эмес. Анткени делегаттардын статусу, мɵɵнɵтʏ, милдети жɵнгɵ салынган жок. Биринчи курултайда 1074 делегат катышса, бул жылы административдик аймактык реформа болгондугуна байланыштуу 700гɵ кыскарды. Мындан кийин да азайышы мʏмкʏн. Себеби, аймактык реформа толук кандуу кирип баратат. Мурда аксакалдар кеңеши болсо, азыр улуттук кеңеш тʏзʏлдʏ. Улуттук кеңеш 17 кишиден турат. Белгилей кетчʏ нерсе, улуттук кеңештен мигранттарга да бир орун, Кыргызстан элдер ассамблеясына да бир орун берилди. Жаңы мыйзам боюнча улуттук кеңешке секретариат тʏзʏлдʏ. Алар 7 кишиден туруп, айлык акы алышат жана толук кандуу эксперттик кызматты аткарат. Мамлекеттик бийлик органдары менен курултайчылардын биргелешип иш алып баруусуна кɵпʏрɵ болот десек жаңылбайбыз. Курултайдын тɵрагасы ошол эле мезгилде катчылыктын башчысы болуп эсептелет. Ал кишинин эки орун басары бар, бирɵɵ тʏштʏк регионунан, экинчиси тʏндʏк региону боюнча. Демек, бул жолу башкаруу иштери да жеңилдейт. Ар бир район, шаарлардан бирден чыккан 60 координатор бар. Бизге кɵмɵкчʏ болуп, иштешебиз деп улуттук ассоциация да тʏзʏлдʏ. Негизги максат курултайчылардын статусун аныктоодо шайлоодон шайлоого чейин, 1 жылдык мɵɵнɵттɵ коомдук башталышта болсо да иштесин деп жатабыз. Же болбосо жылда эле шайлоо ɵткɵрɵ бербей ʏч жылга беришсин. Анткени жылда ɵткɵрʏлсɵ элди бɵлʏп-жарып, ар кандай кишилер тарабынан провокацияга алдырып койгудайбыз. Айтылган сɵздɵрдʏ кɵзɵмɵлдɵп алгы чейин эле мɵɵнɵтʏ бʏтʏп калат. Мамлекеттик бийликтерге барып калсак силердин мɵɵнɵтʏңɵр бʏттʏ, эки кʏндʏк эле дебедиби деп тоготпогондой мамиле жасалып калууда. “Толук кандуу болуусу ʏчʏн жергиликтʏʏ курултайды ордуна коюп бериңиздер, милдеттʏʏ тʏрдɵ шайлоодон шайлоого чейин же ʏч жылдык кылып кабыл алып бериңиздер” деп Жогорку Кеңешке жаңы эле эки сунуш кетти. Дагы бир ɵзгɵчɵлʏгʏ курултайчылардын ичинен сот бийлигин тандоо боюнча Жогорку Кеңеште ɵзʏбʏздʏн ɵкʏлʏбʏздʏ шайлап алдык. Ал эми жергиликтʏʏ бийликтегилер шайлоого киришпейбиз дешет, бирок менин жеке пикирим боюнча, тандоону элдин ɵзʏнɵ коюп, мыйзамдуу шайланбай ар тʏрдʏʏ деңгээлдеги кишилер шайланып калууда. Жок дегенде шайлоого чейин бир ай калганда сунушталгандардын анкетасын алып, тандоодон ɵткɵрʏп коюп анан шайлоого барышса туура болмок.