8 сентября, 2024

Кутманалы Абдрахман уулу:  “Ипотекалык турак-жайдын баасы салыштырмалуу арзан тʏшɵт”

Батирди ижарага алып жашоо кыйла каражат талап кылат. Ал эми ɵзʏнчɵ ʏй сатып алууга кудурет жетпейт. Мындай учурда ипотека шартында кредитке ʏй алуу бул ыңгайсыз жагдайдан чыгууга ɵбɵлгɵ тʏзʏшʏ мʏмкʏн.

Ипотекалык кредит – бул, банк тарабынан кыймылсыз мʏлк кʏрɵɵсʏ алдында сунушталуучу, узак мɵɵнɵткɵ аралган максаттуу кредиттик продукт болуп саналат. Ипотеканы тариздетʏʏ –  олуттуу чечим. Башка кредиттик продукттарга караганда ипотека кредити олуттуу суммада, узак убакытка (5 жылдан 12 жылга чейин) жана алда канча аз пайыздык чен алдында берилет.

Ипотекалык кредит келишимин тариздетʏʏдɵ сатып алып жаткан турак жайдын ɵзʏ кʏрɵɵ катары банкка сунушталат. Келишим боюнча банк кредитор, ал эми ʏй сатып алып жаткан жаран карызгер болуп саналат. Мында кредитор бир эле учурда кʏрɵɵ кармоочу катары да иш алып барат. Ипотекалык кредитти белгиленген мɵɵнɵттɵ банкка кайтаруу, ошондой эле банктын каражатын пайдалангандыгы ʏчʏн ага кошуп эсептелинген пайыздарды тɵлɵп берʏʏ карызгердин милдети. Ипотека кредитин сунуштоо процесси кардарлардан талап кылган ири кɵлɵмдɵгʏ документтерди, башкача айтканда кʏрɵɵлʏк документтерди, карыз алуучунун ким экендигин тастыктаган документти, анын кирешелерин, башка каражат булактарын тастыктаган документтердин тариздетилишин болжолдойт. Тиешелʏʏ документтерди чогултуу, аларды кылдат кароодон ɵткɵрʏʏ, андан соң гана чечим кабыл алуунун ɵзʏ да кыйла убакытты талап кылат.

Эгерде ипотекага ʏй алууну максат кылып жатсаңыз, бул маектен кызыккан суроолоруңузга жооп таба аласыз деп ишенебиз. 

— Кутманалы Абдрахманович, ипотекага турак-жайды кимдер ала алышат?

— Ипотекалык турак-жайды Ош шаарында 3 жылдан кем эмес  каттоосу бар, турак-жайга, жеке турак-жай куруу ʏчʏн жер тилкесине ээ болбогон, тɵлɵɵ жɵндɵмдʏʏлʏгʏ бар Ош шаарынын тургундары алууга укуктуу.  Бул бардык шаар тургундары ʏчʏн алардын коомдук статусунан кɵз каранды болбогон муниципалдык ипотекалык программа болуп эсептелет. Бул программанын негизинде ипотекага батир алыш ʏчʏн турак-жайы болбогон жана Ош шаарында каттоосу бар, тɵлɵɵ жɵндɵмʏнɵ ээ жаран болуушу шарт.

— Ипотекага батир алгандар ай сайын канча сомдон тɵлɵшɵт?

— Жобого ылайык, алгачкы тɵлɵмʏ батирдин наркынын 20 % ын тʏзɵт. Калган 80 % кɵлɵмʏ он жылга, же 120 айга бɵлʏнʏп берилет. Жалпысынан бʏгʏнкʏ кʏндɵ ʏч кɵп кабаттуу турак ʏйлɵрʏн куруу уюштурулган. Алардын жалпы батирлеринин саны 251ди тʏзɵт. Азыркы мезгилде ипотекага батир алган жарандар ай сайын 14 миңден 30 миңге чейин тɵлɵшɵт. Бирок кийинчерээк бул сумма кɵтɵрʏлʏʏсʏ мʏмкʏн.

— Курулуштун сапаты бардык талаптарга жооп береби?

— Учурда курулуштун сапаты тыгыз кɵзɵмɵлдɵнʏʏдɵ. Кɵзɵмɵл долбоордун аткаруучусу башкача айтканда автордук кɵзɵмɵл, буюртмачынын техникалык кɵзɵмɵлʏ, ошондой эле мамлекеттик кɵзɵмɵл уюштурулган. Мындан сырткары, коомдук кɵзɵмɵл да уюштурулат. ʏйлɵрдʏн сапаты талаптарга жооп берет.

— Ипотекалык ʏйлɵрдʏн башка курулуштардан айырмасы эмнеде?

— Ипотекалык турак-жайдын башка курулуш компаниялар курган ʏйлɵрдɵн айырмачылыгы бул биринчиден, мамлекеттик программа болуп эсептелет. Экинчиден, турак-жайдын баасы салыштырмалуу арзан болот. ʏчʏнчʏдɵн, турак-жай толугу менен оңдоп-сырдоодон ɵткɵрʏлʏп, даяр болгондо берилет. Буюм-тайымды алып барып эле жашай беришет. Бул жарандар ʏчʏн бир кыйла эле жеңилдик. Анткени, курулуш материалдары кымбат, уста акысы, ага кеткен убакыттын баарынан утушат. Тɵртʏнчʏдɵн ɵлкɵбʏздɵгʏ ʏстɵк баасы эң тɵмɵн программа болуп эсептелет.

— Жарандар турак ʏйлɵрʏн качан ала алышат?

— Азыркы мезгилде 3 кɵп кабаттуу  турак ʏйʏ  ипотекалык шартта, ал эми 6 кɵп кабаттуу турак ʏйʏ ʏлʏштʏк курулуш шартында курулууда. Жалпы батирлердин саны 1200 дɵн ашат. Бул турак ʏйлɵр Керме-Тоо, Туран, Сулайман тоо МАБ дарынын аймактарында курулууда. Учурда кезекте турган жарандардын жалпы саны 800 дɵн ашуун. Анын ичинен 50 дɵн ашууну биринчи кезектʏʏлɵр. Жарандар турак ʏйʏнʏн бʏтʏʏсʏнɵ жараша кезек менен турак-жайын ала алышат.

— Жарандарга финансылык жеңилдиктер каралганбы?

— Программада атайын финансылык жеңилдиктер каралган эмес. Кыргыз Республикасынын турак-жай кодексинин 44-беренесинин 1- пунктунда каралган категориядагы жарандар кезексиз же биринчи кезектʏʏлʏктɵ турак-жайга ээ боло алышат.

— Турак-жайы бар, бирок кеңейтʏʏ муктаждыгы болсо, ʏй ала алышабы?

—  Программага катышууга максималдуу курак — 70 жаш. Эгерде турак-жайы болуп, аны сатса же башка бирɵɵгɵ ɵткɵрʏп берсе, ал аракеттерден кийин 5 жылдык мɵɵнɵт ɵтʏʏсʏ керек. Турак-жайы бар, бирок кеңейтʏʏ муктаждыгынан улам кайрылгандар кɵп. Бизде азырынча андай норма болбогондуктан бул маселени чече албайбыз.

— Эгерде жарандын башка тɵлɵп бʏтɵ элек насыясы болсочу?

— Эгерде кардардын тɵлɵп бʏтɵ элек насыясы болуп, бирок тɵлɵɵгɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ болсо, ипотекага турак-жай ала алышат. Азыр ʏйлɵрдʏн аянтын так айта албайбыз. ʏй курулуп бʏткɵндɵ конкреттʏʏ батирдин баасы аныкталат. Анан кайрылган жарандын тɵлɵɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ жараша бир, эки, же ʏч бɵлмɵлʏʏ батирлер сунушталат. Эгерде жарандын тɵлɵɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ бир бɵлмɵлʏʏ батирди тɵлɵɵгɵ да жетпесе, анда ал жарандын арызы четке кагылат. Тизмеден чыгарганга аргасыз болобуз.

— Ипотекалык турак-жай       алуу ʏчʏн кандай документтер керектелет?

— Ипотекага турак-жай алуу ʏчʏн керектелʏʏчʏ документтер:

Арыз;

Каттоосу жɵнʏндɵ маалымдама;

Турак-жайы жоктугу жɵнʏндɵ маалымдама;

Жашоо-шарты жɵнʏндɵ акт;

Паспортунун, нике кʏбɵлʏгʏнʏн, балдарынын туулгандыгы тууралуу кʏбɵлʏктɵрʏнʏн кɵчʏрмɵлɵрʏ.

Бʏкалча Маматали кызы