8 сентября, 2024

Мээрболот Мырзабек уулу: “Турмуш ɵзʏ мугалимдикке багыттады”

-Жогорку окуу жайын аяктаган жылыбыз карантинге туш келип калды. Келишим боюнча мектепте 3 жыл иштеп беришибиз керек эле. Шаардан №86 мектепте музыка мугалимине орун бар экен.  ʏйдɵгʏлɵр менен шаарда иштеп каламбы же айылга барамбы деп кеңешип отуруп, шаарда музыка мугалими болуп иштеп калдым. Негизи  маданият ʏйʏндɵбʏ, же бала бакчада иштесемби деп ойлоп калдым эле. Турмуш ɵзʏ мугалимдикке багыттады. Мугалимдикке кызыгуум окуучуларды кɵргɵндɵн кийин ачылды. Окуучуларга бир нерсени ʏйрɵтсɵм деген жʏрɵктɵ кандайдыр бир махабат болот экен.

“Оорчулукту окучулардын жакшылыгы жууп кетет”

-Агай болуунун оорчулуктары менен жакшы жактары аябай айкалышат. Оорчулукту окуучулардын жакшылыгы жууп кетет. Окуучу сага салам айтканда, сени сыйлаганда бактылуу сезинесиң. Ар бир окуучунун жылмайган жʏзʏ, жакшы сɵзʏ эле сени “Мугалимсиң!” деп кɵкɵлɵтʏп коёт. Азыркы окуучулар жаш адистер менен жакшы иштешет. Заманбап технологиялар ɵнʏккɵнʏнɵ байланыштуу жаш адистердин келгени окуучуларга жакшы таасир этет. Ал эми оорчулуктары жаңы ишке киргенде айрым окуучулар менен тил табыша албай калышың мʏмкʏн. Биз жаңы иштеп баштаганда айлык аябай аз болчу. Аябай мээнет кылып, берилип иштейсиң. Анан айлык аз болуп калса, маанай чɵгɵт да. Кийин айлыкты кɵтɵрдʏ. Мугалимдердин да жʏзʏндɵ жылмаюу пайда болду. Азыр баары жакшы. Эң негизгиси тил табышуу эле. Тил табышып алгандан кийин оорчулук дагы, жакшылык дагы, жашчылык дагы аралашып, шайкеш кете берет.

“Музыка агай” деп чакырышат”

-Музыка мугалими болуу жагымдуу. Биздин мектепте окуучу кɵп. Жалаң 1-класстарга сабак берем. Алар ойногонду жакшы кɵрɵт. Музыка сабагы адамдын жан дʏйнɵсʏн жыргатуучу сабак да. Ошого окуучулар аябай жакшы кɵрʏшɵт. Музыка сабагында бир сергип, жыргап, ойноп, ɵздɵрʏн концертте отургандай сезип, сʏйлɵбɵгɵн окуучу сʏйлɵп, ойнобогон окуучу ойноп, эмоцияларын чыгарышат. Балдарга чыныгы жагымдуу сабакты чыныгы  жагымдуу жеткирсең, балдардын сыйы гана болуп жʏрɵсʏң. Атымды билбей калышса дагы, “Музыка агай” деп чакырышат. Качан музыка сабагы болот деп кʏтʏшɵт, сурашат. Кээ бир эжекелер: “балдарым сени сурап атышат” деп  калышат. Жумасына ар бир класска эки жолу музыка сабагы болот. Балдар менен жʏрʏп бала болуп кетесиң. Жан дʏйнɵң да жыргайт. Окуучуну тʏшʏнʏп алсаң, кыйынчылык жок. Кесипти канчалык сʏйсɵң, ошончолук жеңил.

“Агайлардын аздыгы ɵкʏнʏчтʏʏ”

-Район боюнча агайлар эң кɵп иштеген биздин мектеп. 17 агай иштейбиз. Агайлардын аздыгы абдан ɵкʏнʏчтʏʏ. Мугалимдик кесипти аяктаган мырзалар аябай кɵп. Башка жактарга иштеп кетишет, же башка кесипти аркалап кетишет. Эркек мугалимдердин жетишсиздиги балдардын тартибине да таасир тийгизет.

“Социалдык тармакты жакшы колдонуш керек”

— Социалдык тармакты азыркы жаштар, мугалимдер жакшы колдонуш керек. Технология ɵнʏккɵнʏнɵ байланыштуу активдʏʏ болууну кеңеш берет элем. Анткени, окуучу азыр миң жолу кыйын болсоң да, миң жолу укмуш нерселерди айтып берсең дагы  кɵз менен кɵрʏп, колу менен сезип тʏшʏнɵ турган заман. Мектепте кɵп иш-чараларды уюштуруп, кɵбʏнчɵ эркек балдар менен иш алып бардым. Ошондуктан эркек балдар менен сый-урматыбыз жакшы.

“Ыр арнаган ɵзʏмдʏн окуучу кызым”

-Бир окуучумдун ырын инстаграмга бɵлʏшкɵн элем. Ал ырды арнаган ɵзʏмдʏн классымдагы окуучу кызым. Чыныгы мугалимдик касиетимди баалап мага ыр жазган экен. Албетте, жашпыз. Башында 7-класска чейин сабак бергендиктен, инстаграмдан жазган окуучу кыздар болду. Ал убакта баракчаны жабык кылып турууга туура келди. Себеби, мен ал кезде иштеп, мугалим катары ɵзʏмдʏ кɵрсɵтʏшʏм керек болчу. Кийин чыныгы мугалимдик сапатымды кɵрсɵтɵ алгандан кийин баракчаны ачып койдум. Азыр окуучулар баракчама кирсе да пикир жазып эле тим болушат. Бардык эле жаш адистерде мындай нерселер болсо керек. Бирок, биз мугалим болгондуктан мугалим менен окуучунун ортосундагы аралыкты кармашыбыз керек милдеттʏʏ тʏрдɵ.

“Окуучума ашык болгон эмесмин”

—  25 жаштамын, бойдокмун. 22 жашымда жумушка кирдим. Ɵзʏмдʏ мугалим катары сезгенден кийин колдон келишинче ортодогу аралыкты сактаганга аракет кылам. Окуучулар менен тыгыз мамиледе болгондуктан, “алтындарым, кʏчʏктɵрʏм” деген сыяктуу сɵздɵрдʏ кɵп айтам. Бирок окуучума ашык болгон эмесмин. Андай болбосо да керек деп ойлойм.

“Окуучуларды таштап кетʏʏ кыйын”

-Быйыл мектеп менен 3 жылдык келишимибиз аяктайт. Мындан ары мектепте иштебей ,чыгармачылык менен кетсем да болот. Азыр алдымда чоң тандоо турат. Бирок, чыгармачылыкты эч качан таштабайм. Чыгармачылык менен мугалимдик айкалышып кете берет. Себеби, мугалим катары окуучуларга деген дʏйнɵ башкача кабыл алынып калды. Ошол ʏчʏн окуучуларды таштап кетʏʏ кыйын.

“Агай болуунун ырахаты “Агай” болгонуңда”

-Жашмын. Агай болуунун тʏйшʏгʏ мага келе элек.  Агай болуунун ырахаты, “Агай” болгонуңда.  Себеби, окуучунун сыйы, жакшы кɵз карашы, жакшы пикири, окуучуну кʏндɵ кɵрʏʏ мунун баары ырахат да! Каникулга чыкканда окуучуну кадимкидей сагынасың. Азыр 7- М классына жетекчимин.  2 чейректен бери бири-бирибизге кɵнʏшʏп калдык. Каникулда айылга кетем десем, “качан келесиз?” деп жазышыптыр. Бири-бирибизге болгон куса да ырахат. Окуучуңдун билимден билимге умутулуусу кандай ырахат!  Окуучуңдун олимпиадага чыгып, же башка конкурстардан ийгиликке жетишкени кандай ырахат! Текшерʏʏ келип калса да, сенин классыңдын макталып чыкканы кандай ырахат! Башка бирɵɵнʏн балдарын ɵзʏңдʏн балдарыңдай сезип калганың ырахат да. Бул ɵтɵ чоң нерсе.

“Элдин мактоосу чоң ийгилик”

-Мугалимдик кесипти аркалап элге таанылдым. Ар кандай мактоо баракчаларын алдым. Элдин алкоосуна татыдым. Ийгиликке жетишкен окуучуларым ʏчʏн ыраазычылык каттар келди. Эң негизгиси эл таанып, элдин сʏймɵнчʏлʏгʏнɵ татып келатканым чоң ийгилик деп ойлойм. Келечекке салым кошо турган балдарды тарбиялайм деп умтулуп жаткан агаймын.

Маматали кызы Бʏкалча