22 октября, 2024

Жɵнɵкɵй каражаттар  менен окуучуларына химиялык реактив жасаган элеттик агай

Бегалы Жонсаидов химия сабагынын мугалим. Бул предмет татаал болгондуктан, окуучуларга тʏшʏндʏрʏʏ бир топ кыйынчылык жаратат. Бирок балдардын эсинде калуу ʏчʏн практикалык эң жɵнɵкɵй жолдор менен тʏшʏндʏрʏп, кол менен жасап кɵргɵзʏп берет. “Алдыда демɵɵрчʏлɵр табылып химиялык лабораториялык жабдыктар алынып калса, Кыргызстанга мыкты кадрлар даярдалмак” дейт.

— Саламатсызбы? Ɵзʏңʏз тууралуу айтсаңыз…

— Мен Бегалы Жонсаидов Аксы районунан болом Ɵзʏм 2007-2012-жылдары Ош мамлекеттик университетинен биофакты аяктагамын. 6 жылдан бери Жолдошбек Кожобеков атындагы №47 орто мектепте химия мугалими болуп эмгектенип келем. Негизи биология сабагына  мектеп учурунда эле кызыкчумун, кийин медик болуу кыялым ишке ашпай калган. Ушул адистикке жакын болгон ʏчʏн химия-экология мугалими болдум.

— Мектепте сабак ɵтʏʏ ʏчʏн кандай шарттар тʏзʏлгɵн?

— Шарт баары жетиштʏʏ деп айтыш кыйын. Биздин эле мектеп эмес, бардык билим берʏʏ мекемелеринде эле химия сабагынан жабдыктар (шаймандар) жетишсиз. Химия сабагы татаал илим болгондуктан миң уккандан бир кɵргɵзʏп берген жакшы жыйынтык бермек.

— Сабак учурунда кандай практикалык иштерди кɵргɵзɵсʏз?

—  Химия сабагын ɵтʏʏ татаал болгондуктан, сабакты китеп менен гана чектелсе жеткиликтʏʏ болбойт. Бʏгʏнкʏ ɵткɵн сабагыңды эртең сурасаң эртең кайра унутуп калышат, жɵнɵкɵй реакцияларды да эстей алышпайт. Ɵткɵн темаңды практика менен айкалыштырсаң канча жыл болсо да эстеринде сакталат. Бир кʏнʏ окуучуларыма сабак ɵтʏп жатсам суроо беришет, “агай, химиянын эмне кереги бар?” деп. Анан сабакка жакшы кызыкпаган, шок бирок, практикалык сабактарга активдʏʏ катышкан окуучум бир видео кɵргɵзʏп “ушуну кɵргɵзʏп бере аласызбы”деп айтты. Карап кɵрсɵм кол менен кɵргɵзсɵ болот экен. Ошону аткарып атканда видеого тартып алышкан экен, ошону фейсбукка жʏктɵп койдум эле. Мугалимдер ɵз пикирлерин айтышып, жакшы кабыл алышты. Буюрса, жакын арада да 3-4 видео даярдап кɵргɵзɵм деп турам. Мисалы, ширеңкесиз от жагуу. Таблеткадан жалын чыгаруу жана башка.

— Олимпиадалык сынактарга окуучуларыңызды кандай даярдайсыз?

— Негизинен маселе чыгарууда биринчи элементтерди жаттоодон баштайбыз. Ар бирин эсте каларлык кылып мисалы, алтындын кымбат баалуулугу  менен тыгыздыгы боюнча, ал эми суутек жеңил, кʏйʏп кете турган газ абалында болот деп ар бирине басым жасайбыз. Андан кийин акырындык менен ɵздɵштʏрʏп отуруп 9-10-11-класс болгондо ɵздɵрʏ маселе чыгарып даяр болуп калат. Быйыл 8-класстагы окуучум абдан идиректʏʏ экен, райондук деңгээлден 3-турдан ɵттʏ.

— Келечекте дагы кандай жаңы нерселерди пландап жатасыз?

— Алдыда демɵɵрчʏ табылып калса, ɵтɵ мыкты деңгээлде лабораториялык жабдыктар менен классты жабдып алсам деп турам. Анализ чыгарганга абдан жакшы болот эле. Биздин айыл дыйкан чарбачылыгы менен алектенет, топурактын тʏзʏмʏн анализдеп жʏрɵм. Ошондой эле бизге жакын Таш-Кɵмʏр кени бар, анын составын анализдеп жана башка нерселерди изилдеп, мектептин бюджетине да чоң салым кошсо болот. Вакуумдук аппараттар, ɵтɵ кʏчтʏʏ кислоталар керек. Окуучулар деле кɵрʏп чогуу практика кыла турган болсо, алар келечекте ɵлкɵгɵ жетишсиз болгон инженер-технолог, химик-инженер деген кесиптерди аркаламак. Кыргызстанда келечекте лабораториялык жабдыктар абдан керек. Сырттан азык-тʏлʏктɵрдʏ экспорттоо- импорттоодо техникалык лабораториялар начар. Окуучуларыбызды азыртадан бул тармакка кызыктырып ʏйрɵтсɵк, ɵзʏбʏздɵн эле мыкты кадрлар чыкмак.

Бурулай Уланбек кызы