28 апреля, 2024

ЖYЗ ЖАШКА ТОЛ, КЫЛЫМ!

Тʏстʏʏ сыналгы жаңы эле жашоосун баштап, “сотка” телефон дегенди али тʏшʏбʏздɵ да кɵрɵ элек ɵткɵн кылымдын сексенинчи жылдарында дʏйнɵ коомчулугунун кɵңʏлʏ болжолдуу алганда, азыркыдай дʏрбɵлɵңгɵ тʏшʏп, тʏпɵйʏл тартып турганы ошол маалдын жаштарынын эсинен чыга элек болсо керек. “Жʏз жашка тол, кылым!” деп кыргыздын белгилʏʏ акыны Жолон Мамытов ошол маалда кыйкырык салганы маалым.

 АДАМДЫ КЫЙРАТКАН ƟНYГYY — ƟНYГYY ЭМЕС

Ал кезде геосаясатта “Кансыз согуштун” арааны жʏрʏп, кʏчтɵрдʏн паритетине гана басым жасалып калганы белгилʏʏ. Анда деле ар бир жаңы нерсени ɵнʏгʏʏ-прогресс катары кабылдап жʏргɵнбʏз. Бирок, орустун белгилʏʏ бир акыны ошондо эле: “все прогрессивное регрессивно, если рушится человек!” ( Адамды талкалаган ɵнʏгʏʏ ɵнʏгʏʏ эмес, кетенчиктɵɵ”) деп жазганы бар. Ошол сыяктуу “Кансыз согуш” дʏйнɵлʏк алааматка айланып кетпɵɵсʏн адамдардын эсине салып жазган окшойт бул саптарды. Андан бери кыйла мезгил ɵттʏ. Элʏʏ жылда эл жаңы, жʏз жылда жер жаңы. Адамзаттын ɵнʏгʏʏсʏн, албетте, эч ким жана эч нерсе токтото албайт. Дʏйнɵлʏк саламаттык сактоо уюму ɵнʏгʏʏнʏн акыркы мезгилдердеги жетишкендиктеринин бири катары азыркы замандын адамдарынын жаштык курагы 44 жашка чейин узарганын, ал эми карыялар категориясына 80 жаштан ашкандар гана кирээрин жакында маалымдады.

Жыйырманчы кылым акын эңсегендей жʏз жашка толду. Ɵнʏгʏʏ дегенибиз да токтоп калган жок жана белгиленгендей, кайра алдыга ылдам кадамдоодо. Геосаясаттагы кырдаалды азыр паритет менен ɵлчɵɵ бери эле дегенде аңкоолук болуп калганын дал ошол эле ɵнʏгʏʏнʏн эсебинен эл анча деле аңдап-бакпай калды окшойт. Кансыз согуш менен кандуу согуштун тʏпкʏ ɵбɵлгɵлɵрʏ шылтоо-шыкактары менен биригип калгандай таасир калууда. Согуштун мʏнɵзʏ, жʏргʏзʏʏ формасы, курал-жарактары менен кошо кɵз кɵрʏнɵɵ ɵзгɵрʏп, коомчулукту учурда жыйырма биринчи кылым жʏз жашка толобу деген  баягы эле тʏпɵйʏл собол кызыктырып баштаганын жашырууга мʏмкʏн эмес.

Энчиленген  ɵмʏрдʏ бактылуу  жашап ɵтʏʏ ʏчʏн пендеге аз гана нерсе жетиштʏʏ, ал-ден соолук. Аны бекеринен бардык байлыктын эң ʏстʏнɵ коюп, бекеринен биринчи байлык деп коюшпайт. Арийне “шашылышта жаралган пенде”  болгондуктан, адамды тойгузуу насилинде мʏмкʏн эмес. Бул салыштырмалуу гана тʏшʏнʏк категориясына кирген ɵзгɵчɵ философия экендиги талашсыз. Ачкадан ɵлʏп калбоо напсинин эң ылдыйкы-минималдык чеги болсо, напсинин жогорку-максималдык чеги жок эсеби. Геосаясатта бул маселе жалпы жонунан коомдук-саясий кызыкчылыктар деп аталаары белгилʏʏ.

ТАЖАТКАН ЖАНА ТАЖАГАН УКРАИНА

A boy holds a Ukrainian flag in central Kherson, Ukraine, Sunday, Nov. 13, 2022. The Russian retreat from Kherson marked a triumphant milestone in Ukraine’s pushback against Moscow’s invasion almost nine months ago. (AP Photo/Efrem Lukatsky)

Учурда дʏйнɵлʏк тартиптин бузулуусу жана  цивилизациялык кризис жʏрʏп жатат дегенден алыс болуу керек. Дʏйнɵлʏк тартип трансмормацияланып жатат жана доордун агымы ушуну талап кылууда. Дʏйнɵ башкача болуп калганын эксперттер баса белгилешʏʏдɵ. Чет ɵлкɵлʏк окумуштуулардын эсебинде 2023-жыл планетадагы кандуу кагылышуулардын жана куралдуу каршылашуулардын рекордун жаратты. Изилдɵɵчʏлɵрдʏн эсебинде бул жылы дʏйнɵдɵ 183  куралдуу чыр-чатактар жʏз берди. Дʏйнɵ тартибиндеги бул трансмормациялануу процесси кандай акыбеттерге алып келет, азырынча аны айтуу кыйын. Бир гана нерсени ишенимдʏʏ белгилɵɵгɵ мʏмкʏн, мунун баары орус-украин жаңжалынан башталып, логикалык жактан бʏтʏʏсʏ да ошол жаңжалдын аяктоосу менен тыгыз байланышта каралууга тийиш. Салыштырмалуу алганда, Киевдин Майданынан башталган бул кайгылуу окуялар аз жерден Киевди кан майданга айландырып жибербɵɵ менен бʏтɵɵрʏ шексиз болуп баратат. Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы башталгандан 20 айдан ашык мезгил ɵттʏ. Орус-украин жаңжалы тʏпкʏлʏгʏндɵ башталаары менен эле бʏтʏп калчудай сезилген. Бирок, геосаясаттагы белдʏʏ оюнчулардын бул жаңжалды мʏмкʏнчʏлʏктʏн болушунча узакка созуу араакеттери бул процесске чекит койгону маалым. Баарынын башын айландырып, кɵңʏлʏн кɵк таштай аздырып  жаткан бул согуштан чыгууга азыр эч бир тарап даабай турган, “ымдаганга зар болгон” кырдаал тʏзʏлдʏ. “Башталаары менен эле бʏтʏп калчудай сезилген” дегенибиз, Россия тараптан СВО (атайын аскердик операция) башталган ошол 2022-жылдын апрелинде эле тынчтык келишимин тʏзʏʏ жагдайында сʏйлɵшʏʏлɵр жʏргʏзʏлгɵн. Келишимдин шарттары боюнча, Украина бир аз гана аймагынан айрылмак. Бирок, келишимге кол коюлууга дээрлик сааттар гана калганда Киевге ошол кездеги Англиянын премьер-министри Борис Жонсон келип эмне болгону белгисиз, украин тарап сʏйлɵшʏʏлɵрдɵн таптакыр баш тартканы маалым. Россиянын аскердик операциясы тʏпкʏлʏгʏндɵ башталбай деле калмак. Кеп мында Минск келишиминин шарттары жагдайында баратат. Бирок, кийин маалым болгондой жана Германиянын айтылуу канцлери Меркель ɵзʏ баш болуп моюндагандай, ал келишим Украинаны Россия менен боло турган согушка даярдык кɵрʏʏгɵ убакыт алуу ʏчʏн гана керек болгон экен. АКШ менен Батыш Россияны алды-кийин мынчалык даражада алдабаса, аныгыраагы, алагдылабаса керек. Кандай болгондо да дʏйнɵ тартибинин трансформациялануу шарт-кырдаалдары окуянын ушундайча башталуу агымын талап кылгандай таасир калат.

Орус-украин согушу канчага дейре уланат, белгисиз бойдон калууда. Бул белгисиздик азыр  жетимдин башын сылагандай болуп турган Европаны эле эмес, АКШнын ɵзʏн да сарсанаага батырып турганын эксперттер баса белгилешʏʏдɵ. Экономисттердин эсеп-чотуна бакканда, 2024-жыл Европа ɵлкɵлɵрʏ ʏчʏн бир топ оор жылдардан болуп калат. Экономика аксоосун улантат, каржылык тартыштык жаралуусу кʏтʏлɵт. Кыскасы, Украинада АКШ эңсеп-суусап тургандай” демократияны” тикелɵɵ ʏчʏн сунулган жардам колдор бир топ эле кыскарып, Украинанын АКШ менен Батышты кɵп ʏмʏттɵндʏргɵн каршы чабуулу оңунан чыкпай калгандан кийин Украинага жɵнɵтʏлɵɵр андай жардамдарга ат ʏстʏнɵн гана мамиле жасалаары турган сɵз. Пентагон  болсо украин армиясын мындан ары коргонууга ɵтʏʏгɵ шилтеме жасап жатканы эле кɵп нерседен кабар берет. Бирок, Украина армиясы Россияга окшоп беш тилкелʏʏ коргонуу линиясын тʏзɵ алабы жана аны кайсы ресурстардын эсебинен тʏзɵт,  билип болбойт. Белгилʏʏ болгондой, украин армиясы орустардын ошол беш тилкелʏʏ коргонуу линиясынын экинчи тилкесин да жарып ɵтɵ алган эмес.

ЭКИНЧИ ФРОНТ

Канткен менен азыр Байдендин айласы кетип турган чак. Украинадан башка кɵптɵгɵн баш оорутмалар аны тооруп турат. Бир жагынан президенттик шайлоодо сɵз жок кʏчтʏʏ аттандаш боло турган республикачыл Трамп демитип жатса, экинчи жагынан Палестина-Израиль чатагы Жакынкы Чыгышта чоң согуштун чыгып кетʏʏ ыктымалдуулугун жаратууда. Вашингтондун жакында эле  Блоонберг агенттиги эсептеп чыккан расмий 52 союздаштары жана ɵнɵктɵштɵрʏ бар. Алардын баарын эгерде кимдир бирɵɵ кол салса, келишим боюнча АКШ коргоого алуусу шарт. Азыркыдай кырдаалда андай кылуу албетте, абдан оор. Анан калса союздаштардын арасында  АКШнын квази-союздаштары деп аталган, америкалыктар техникалык жактан ɵзʏнчɵ мамлекет деп атоого да даабаган Тайвань аралы да бар. Вашингтондун эсеби боюнча ага Пекин кол салганы турат. Кыскасы, эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени демекчи, Палестина-Израиль жаңжалы расмий Вашингтонду ара жолго таштоочудай сезилет. Газадагы согуш барган сайын спиралдык пружинадай катуу оролуп баратат. Кокусунан тʏздɵлсɵ, регионалдык чоң согушту жаратып коюу ыктымалдуулугу бар. Учурда Газаны ʏлкɵн жоготууларга кайыл болгон израилдик кʏжʏрмɵн аскер бɵлʏктɵрʏ штурмалоодо. АКШ азыр Израилди тʏздɵн тʏз аскердик жактан колдоого ала элек. Израиль-Палестина жаңжалына тʏздɵн тʏз кийлигишʏʏгɵ азырынча Иран да даабай турат. Баягы спиралдык пружинанын тʏздɵлʏшʏ анын эркинде экендиги айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ. Азырынча “Хезболланын” чектелʏʏ аракеттине Йемендик хуситтердин чечкиндʏʏ  чабуулдары гана кошул-ташыл болууда. Хуситтер Израилге келʏʏчʏ ар кандай судоходдук компаниялардын кемелерине чабуул жасала турганын билдирип чыгышты. Ɵзʏнʏн ар кандай каракчылыгын ар дайым  кайсыл бир коалиция менен легитимдештирʏʏгɵ маш болгон америкалыктар мындай “крейсерлик согушка” каршы  туруу ʏчʏн “Гʏлдɵп ɵнʏгʏʏ сакчылары” коалициясын тʏзʏʏнʏ сунуш кылды эле, ага кирʏʏдɵн Бахрейнден башка бардык араб ɵлкɵлɵрʏ баш тартып коюшту.

Канткен менен Жакынкы Чыгышта дагы бир чоң согуш оту тутанып кетʏʏгɵɵ аз эле калганын эксперттер баса эскертишʏʏдɵ.

Абдираим Мамытов