• Чт. Июн 11th, 2026

Популярные метки

ОшТУ Германия кызматташтык уюму (GIZ) менен семинар уюштурду

Автор:Osh Shamy

Фев 14, 2024

Ош технологиялык университети Германия кызматташтык уюму (GIZ) менен биргеликте 3 күнгө пландалган “Логистика” багыты боюнча семинар өткөрдү.

Семинардын максаты – иш берүүчүлөр менен университеттин кызматташуусун баштоо жана “Логистика” багыты боюнча окуп жаткан студенттерди өндүрүштүк практикадан өткөрүү, бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыздоо болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө ОшТУнун ректору Ж.Ж. Турсунбаев түштүк Кыргызстандагы 18 өндүрүштүк ишкана (фермердик, тамак-аш, кайра иштетүү, үрөн өндүрүү, кампаларды түзүүчү, ж.б.) менен кызматташуу келишимине кол койду жана ал ишканалардын менеджерлерине, университеттин окутуучуларына усулдук семинарлар уштурулду.

Семинарды Берлин шаарынан келген профессор Френк Гиллерт өттүдө.

Ош технологиялык университетинин менеджмент кафедрасы Германия кызматташтык уюмунун “Логистика боюнча коопаративдик программаны түзүү” долбоорун утуп алган. Бул иш-чара аталган долбоордун алкагында өтүүдө.

About The Author

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *