• Вт. Июл 21st, 2026

Популярдуу темалар

20 энеге “Баатыр эне” ордени, 14 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды

Автор:Osh Shamy

Фев 9, 2024

Ош шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, орун басары Нурбек Кадыров, көп балалуу энелер жана алардын жакындары катышты.

Калаа башчысы коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон энелерге бекем ден соолук каалап, алган жогорку сыйлыктары менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 20 энеге “Баатыр эне” ордени, 14 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды. Ал эми Ош шаарынын мэриясы тарабынан ар бир айымга акчалай сыйлыктар берилди.

Ош шаарында “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин саны 567, алардын пенсия курагындагысы 483, эң жашы болсо 34 жашта. Ал эми “Эне даңкы” медалы менен сыйланган энелердин саны 185.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *