22 декабря, 2024

Кинону бизнес кылып алышты

Биз жашоого эмне берип жатсак, жашоо да бизге ошону кайтарып берет. Дегеним, жагабы, жакпайбы  азыркы кыргыз кинолору кудум биздин ала-чолосу кɵп, жеңил-желпи, куру намысчыл жашообузду кайра ɵзʏбʏзгɵ кɵрсɵтʏп жаткандай. Мʏмкʏн ошол ʏчʏн жакпайт, чычалатат. Бир орто жаштагы агай: “мени азыркы кыргыз куудулдары кʏлдʏрɵ албайт, эмнесине кʏлɵм, эй” деген эле. Киного кайта турган болсок,  “комедия жанры” деп тартылып жаткан кинолорго да кʏлгɵндɵр азайып бараткан жокпу. Же тɵмɵндɵ Дастан айтмакчы, жɵн эле жумурткадан кыр издеп жатамбы деп ойлонуп коём.

Айрым аталыштары тɵбɵ чачты тик тургуза койгон кинолор жɵнʏндɵ кɵрɵрмандык пикир жазалы.

Сɵзʏм куру болбос ʏчʏн айрымдарын тизмектеп ɵтɵйʏн. “Аялыма кʏйɵɵ издейм”, “Кайненемден кантип кутулам?”, “Кʏйɵɵ сатам” ж.б. Бул кинолордун башаты “Кɵк салкын”, “Быйыл сɵзсʏз кʏйɵɵгɵ тийем”, “Быйыл сɵзсʏз ʏйлɵнɵм” дегендерден башталды го чамасы. “Супер кудалар”, “Супер келиндер” кинолорун да кɵргɵн чыгарсыз. Жалпысынан алганда бул кинолордун тематикасы бир. Аял-кʏйɵɵ, келин-кайнене, куда-кудагый, турмушка чыгуу, ʏйлɵнʏʏ дегендей. Карапайым элге таандык, бирок ички мазмунунда ашыра шилтенген окуялар, сɵздɵргɵ толо.

Саадаткан эне:

-Бишкекке барсам неберем: “Эне, сизди эс алдырып келейин” деп болбойт. Апасы экɵɵбʏздʏ салып алып киного алып барды. Бир эле кыргызча кино бар экен. Кирсек анысы да “Кайненемден кантип кутулам?” дейт ботом. Келиним деле былк этпейт (кʏлʏп)…

Дал ошол “Кайненемден кантип кутулам” жана “Кʏйɵɵ сатам” кинолорунун режиссеру менен байланышканыбызда бошобой жатам деп кутулду.

“Кʏйɵɵ сатам” дейт…

“Кʏйɵɵ сатам” киносу каргыш менен башталып каргыш менен бʏтɵт. Аялы кʏйɵɵсʏн “Ɵлʏгʏңдʏ кɵрɵйʏн” деп каргайт. Бул сɵз жʏз жолу, миң жолу айтылат, айланайын. Кʏйɵɵсʏнʏн карызын сурап келгендердин бири короодогу койдон бирди бер десе, аялы койдун ордуна ичип, карызга баткан кʏйɵɵсʏн сата турган болот. Кадимкидей 5-6 аял талашып, соодалашат. Акыры жашыраагы 100 миңге баалап алып коёт экен. Кʏлкʏлʏʏбʏ?  Алган аял жууп-тарап багып алат экен мындайча айтканда. Кʏйɵɵлɵрдʏн баркы ɵтɵ тʏшʏп кеткен жокпу, кандай ойлойсуз? Эми чындыгы да бар чыгар. Анткени, азыркынын эркектери мажʏрɵɵ, аялдары бир топ тың эмеспи. Кʏйɵɵсʏн сатып, карыздардан кутулуп, бирок кʏйɵɵсʏн кызганып ыйлайт, арыктап, сулуу болууга аракет кылат. Аялдын баркы кайда калды дегиң келет. Сатып алган аял менен нике окуп жатканда аял молдонун: “мурда канча никеде болгонсуз?” деген суроосуна “тɵрт” деп жооп берет. Анан баягы кʏйɵɵ айныйт. Антсе, ал аял кайра: “кечиресиз, адашып кетипмин, тɵрт эмес, беш” дейт экен. Бул жерине келгенде кʏлсɵңʏз уруксат. Бири-бириңердин кадырыңарды билип жашагыла деп сатып алган кʏйɵɵнʏ ɵзʏнʏн толмоч аялына берет тиги аял. Жакшы жери карыздан кутулуп кетишти.

А баса, эң кызыгы ютубда бул киного жазылган пикирлерди окуп андан бетер таң калдым. Кантсе да, жакшыны кɵрɵ билген калк боло береличи.

Жамалидин Жолдошов, театр жана кино актёру:

“Тажрыйбалуу, билимдʏʏ кино адистери аз”

— “Кайненемден кантип кутулам?” деген киного тартылган экенсиз. Азыркы кинолорго кандай баа бересиз?

-2020-жылдар комедия жанры ɵнʏгʏп жаткан кез болчу. Алар азыр деле ɵздɵрʏ аракет кылып акча таап тартып атышат. Кандай тартпасын кинонун ɵнʏгʏшʏнɵ салымдарын кошуп жатат. Такшалып келатышат. “Кайненемден кантип кутулам?” деген фильмге кастинг аркылуу ɵтʏп тартылып калдым. Режиссёру – Динара Эсенгулова, продюсери – Ырыс Жоомартова. Ошол фильмден кийин Ырыс Жоомартованын“Эшбай” фильминде башкы ролго тартылдым. “Кɵз ирмем”, “Кошоматчы” деген кинолордо ойнодум. Кинодо жылыш бар. Бирок, бизде кинону бизнес кылып алышты. Кино бизнес эмес, ɵнɵр да. Ал аркылуу артыңдан из калат. Азыр жʏздɵгɵн жаңы кинолор тартылып жатса да, кыргыз кереметин эстейбиз, суктанабыз. Анткени, алар  киного ɵнɵр, искусство катары мамиле кылышкан.

-Азыркы кыргыз киносу кимдердин колунда? Бизнеске айланып кетти дебедиңизби жогоруда.   

— Профессионал баары бир профессионал. Биздеги кɵп кино режиссёрлордун тажрыйбасы жок, окуган эмес. Жɵн гана кызыккан адамдар. Анан кантип профессионал актёр менен иштеше алат деген суроого жооп таба албай келем. Режиссёр деген баарын кɵзɵмɵлдɵй билген, актёрдон да кʏчтʏʏ адам болуш керек. Тескерисинче, актёр кʏчтʏʏ,  режиссёр жок болуп калган учур. Арасында жакшы иштеше билгендер да бар. Азыр кыргыз фильминде прогресс жʏрʏп аткан кез. 5-6 жылда профессионалдуу деңгээлге жетип каларыбызга ишенем.

— Эркектер аял болуп роль аткара берип, карып кетип, же жашарып кетʏʏ сыяктуу кайталанма, фантастикалуу сюжеттер менен элди ирээнжитип алышпайбы?

— Эркектер аялдын ролун ойногонун искусство катары карашыбыз керек. Дʏйнɵлʏк фильмдерде деле андай учурлар кɵп кездешет. Биздикилер кинодо “эмне ʏчʏн мындай болду?” болду деген суроонун жообун беришпейт. Ошол ʏчʏн  тʏшʏнʏксʏз, тажатма болуп калат.

 Калыбек Турдубаев, “Аялыма кʏйɵɵ издейм” киносунун режиссёру, тамашоучу

“Интрига болсун  дедик”

-Эмне ʏчʏн “Аялыма кʏйɵɵ издейм” ? Бул эмнени тʏшʏндʏрɵт?

-Азырынча биздин колдон комедия эле келет. “Универсал Продакшн” деп тартылган алгачкы кинобуз. Кинодо башкы каарман Садык ʏй-бʏлɵсʏнɵ карамы жок адам болот. Кийин кырсыкка учурап, айыккыс ооруга чалдыгат. Бир жарым ай ɵмʏрʏ калганын билгенден кийин баш каарман ɵзʏнʏн ордуна ʏй-бʏлɵсʏн карай турган камкор киши издейт. Ошондуктан аталышын “Аялыма кʏйɵɵ издейм” деп атап койдук. Башкача кылсак да болмок. Интрига болсун деп эле койгонбуз.

-Кинонун аталышы улуттук каада-салтка, тарбияга туура келбей калат деп ойлойсузбу?

— Кинонун аталышы боюнча: “Эмнеге мындай кылдыңар? Биздин каада-салтка туура келбейт” деп айткандар да кɵп болуп жатат. Эгер бул суроого жооп алгыңар келсе, кинону кɵргʏлɵ деп айтабыз. Бул аталышты  жалпы команда бирге чечиштик. Чынында кинолордо ашыкча нерселер кɵп.Каада-салтка, динге туура келбеген жерлери да болуп калат.

-Эмне ʏчʏн элди таасирленте турган кинолор аз тартылып жатат? Жалаң эле комедия.

— Жалаң эле тарбиялык кылып тартып коёюн десең кинону эч ким кɵрбɵйт. Замандын талабына ылайык кɵп режиссерлор жеңил кылып тартканга туура келип атат. Бир кыйла чыгым кылып, элди тарбиялайбыз деп тарткандан кийин карызга батып, тиричилик да болбой калат экен. Ошондуктан элди тарта турган нерселерди кошушка туура келет. Эл дагы бул нерсени туура тʏшʏнʏш керек. Биздин кинодо деле кемчиликтер, туура эмес деп эсептеген нерселер кездешет. Аны кездештирбей койсок элдин купулуна толбой калат.

Дастан Махамадмурзаев,  “Кайсар эженин” режиссеру, тамашоучу: 

“Кино тартуу мода эмес”

-“Кайсар эженин” максаты кандай эле?

— “Кайсар эже” ʏй-бʏлɵлʏк комедия. Жашоодо эч нерсе жакпаган эжелер болот го тукумдан кыр издеген. Ошол эжелердин образына таянып туруп жазылган. Максаты – ʏй-бʏлɵлʏк биримдикти бекемдɵɵ. Ата-эне, бир туугандардын, келин, кайнененин ортосундагы ынтымак жɵнʏндɵ. Бул роль менен инстаграмда 30 секунддук вайн тартып жʏргɵнбʏз, элге жаккан.

-Эмне ʏчʏн жигиттер аялдын ролун ойной бересиңер?

— Аялдын ролун аял ойногондо бул сериал мынчалык деңгээлде чыкпай калмак. Аялдардын маселесин берʏʏгɵ аракет кылганбыз.

-Тʏштʏк диалектини элди кʏлдʏрʏʏ  ʏчʏн колдоносуңарбы?

-Биз Баткенден болгондуктан ɵзʏбʏздʏн диалектибизди сата албайбыз. Шылдыңдап, кʏлкʏ кылгысы келгендерге терс пикирдемин.

— Кино тартуу мода болуп жаткан жокпу?

— Мода деп айта албайм. Биз, “Торнадо” командасы тамашоудон чемпиондукту алгандан кийин башка багыт керек болду. Токтоп калбай аракет кылыш керек. Бул нерсе “Тамашоудан”, “Кɵңʏлдʏʏ жигиттерден” чыккандардын аракети деп ойлойм.

-Кандай пайда кɵрдʏңɵр?

— Команда менен акча чогултуп,бардык чыгымдарды ɵзʏбʏз эле кɵтɵрдʏк. Акча кетсе, кетти. Пайдасын акча тʏрʏндɵ кɵргɵн жокпуз. Кадыр-барктан кɵрдʏк. Элге таанылдык. Аудитория кеңейди. Ошол.