8 сентября, 2024

БАКЫТТЫ КУРУП АЛУУГА ДА, САТЫП АЛУУГА ДА МYМКYН

Окумуштуулар кубанычтуу ɵмʏр сʏрʏʏнʏн жɵнɵкɵй сырларын таап чыгышты. Бакыт туурасындагы парадоксалдуу ойлору менен Ломоносов атындагы МГУнун социология факультетинин ʏй-бʏлɵ жана демография кафедрасынын доценти Елена Новоселова мындайча бɵлʏшɵт.

БАКЫТТЫН ЖАРЫМЫ – КОЛУБУЗДА

Адам баласына бактылуу жашоо туулганда эле берилгенби же ар бир адам ɵз бактысын ɵзʏ курабы деген суроонун жообун Елена Новоселова Винни-Пух жɵнʏндɵгʏ мультфильмден издɵɵнʏ сунуш кылат.

-Иа-Иа эшеги жана Пятачок бирдей реалдуулукта жашашат. Бирок, бири ар качан Асан кайгынын кейпин кийип муңканып жʏрсɵ. Экинчиси кɵтɵрʏңкʏ кɵңʏл менен  кʏн кечирʏʏгɵ кɵнгɵн.

Америкалык психологдор  Соней Любомирски жана Кеннон Шелдон тарабынан жыйырма жыл мурда тʏзʏлгɵн белгилʏʏ модель бар.Бакыт эмнеден кɵз каранды? Окумуштуулар аны пайыздык ɵлчɵм аркылуу мынтип бɵлʏштʏрʏшкɵн:

50 пайыз- личностун туруктуу калыптанган сапаты (темперамент, эмоционалдуулук, козугучтук сыяктуу мʏнɵздɵмɵлɵрʏ, мунун баары генетикасы менен байланышкан). Кулк-мʏнɵзʏнʏн тʏзʏлʏшʏ менен эле бакылуу болгон адамдар бар. Элдик акыл андайларды эзелтен эле билет. “Чырайлуу болуп эмес, бактылуу болуп тɵрɵл” деп бекеринен айтышпайт.

40 пайыз – ɵзʏбʏз жасап-жараткандын баары. Биз алдыбызга койгон,  жеткен жана жетет элек деген  максаттар, ой-тилектер, жасаган жана жасоого тийиш болгон  мамилелер.

10 пайыз – биз таасир эте албаган же оңунан чыккан же туулгандан эле оңунан чыкпаган  шарттар, тышкы факторлор.

-Мен алгачкы 50 пайыздан кайсы бир азыраак бɵлʏктʏ ɵзʏбʏз кургандан башкаларга  бɵлʏшɵɵр элем. Адам эмне менен тɵрɵлɵт да,  тɵрɵлгɵн моментинен жана  алгачкы жылдарынан тартып эмнелерге жетишкенин кантип ажыратууга болот,- деп акыл калчайт изилдɵɵчʏ.

ЧОҢ ЖЕТИЛИК

Бактылуулуктун экономикасы – британ экономисти Ричард Лэйард ɵмʏр бою алектенип келе жаткан илим (азыр ал 90 го чыгып олтурат). Анын эсеп-кысабында бул темада ɵзʏнʏн  “чоң жетилиги”- биздин бактылуулугубузду аныктоочу тɵмɵнкʏдɵй факторлор бар:

-ʏй-бʏлɵлʏк мамилелер;

-финансылык кырдаал;

-жумуш, коом;

-достор;

ден соолук;

-жеке эркиндик;

-жеке баалуулуктар.

Бактылуулуктун багытында уникалдуу, эң узак мɵɵнɵттʏʏ изилдɵɵнʏ Гарвард университети жʏргʏзʏп келе жатат. Катары менен 86 жыл болду!  Биринчилерден болуп Гарварддын студенттери жана алардын жакыр ʏй-бʏлɵлɵрдɵн чыгышкан  курдаштары  сыноо-тажрыйбадан ɵтʏшкɵн. Жылдар ɵттʏ. Тажрыйбага алынгандар карьера жасашты, ʏйлɵнʏштʏ, балалуу болушту, кɵчʏп-конушту, байышты, жакырланышты, оорушту, карышты, ажырашышты. Окумуштуулар аларды ар дайым кɵзɵмɵлгɵ адып турушту, тестирлешти жана анализден ɵткɵрʏп турушту. Азыр да алардын уул-кыздары жана неберелерине дал ошондой тартипте тажрыйба жасоону улантышууда. Бул жылдардын ичинде алынган эң башкы ачылыш –бактылуу болуп  жашоо ʏчʏн башка адамдар менен мамиле тʏзʏʏдɵн ɵтɵɵр маанилʏʏ маселе жок. Чын  жʏрɵктɵн чыккан жылуу жана узакка созулган мамиле. Ар кандай мамилелер эске алынат. Достук мамиле – айрыкча  жоро-жолдоштор мектеп партасынан же жогорку окуу жайынан бери карай болуп келатса. Ата-энелер жана алардын уул-кыздары менен болгон жакындык, коллегалардын колдоосу.

Мамилелер неге мынча маанилʏʏ?

-Эң эле ынанымдуу гипотеза: жалгыз, социалдык изоляцияда жашагандар ɵнɵкɵттɵшʏп кеткен чымыркануу менен убакыт ɵткɵрʏшɵт, аларда стресстин гормону- кортизолдун деңгээли догорку ɵлчɵмдɵ болот,-дейт Гарвард долбоорунун жетекчиси, психатриянын профессору Роберт Уолдингер.

АКЧА ПАРАДОКСУ

Дагы бир тʏбɵлʏктʏʏ собол-бакыт акчада эмес дегени чындыкпы? Елена Новоселова таңдантат: кɵрсɵ, акча жɵнʏндɵгʏ ырлар сʏйʏʏ ырлары канча болсо, ошончо экен.

-Ырлардан респонденттен алалбаган маалыматтарды табууга мʏмкʏн,- дейт эксперт.

-Эгерде мен кимдир-бирɵɵдɵн бакыт ʏчʏн ден соолук маанилʏʏбʏ деп сурасам ал албетте, ооба, маанилʏʏ деп жооп берет. А эгерде акчачы деп сураганда, ал айтат: бакытты сатып ала албайсың, бакыт акчада эмес… Бул эми социалдык жактан кɵнʏмʏш болуп калган жооп. Бакыт менен акча тигил же бул калыпта байланышта экендигин эч бир окумуштуу жокко чыгара албайт. “Бактылуулук экономикасынын” дагы бир жылдызы, америкалык Ричард Истерлин “Истерлиндин парадоксун формулировкалаган. Ал кандай? Акча чындап эле бакыт алып келет. Бирок, акча бакытты Истерлинг “тоюу чекити “ деп атаган моментке чейин алып келет. Эгерде акча бала-чаканы бакканга, кийиндирип-тоюндурганга жетпесе же ɵп-чап келсе, андан  жогорураак айлык акы адамды бактылуураак кылат сыягы. Ал эми анын базалык талаптары орундалса – жашай турган ʏй-жайы, киерге кийими, ичээрге тамагы болсо, дал ошондо парадокс келип чыгат: кирешенин ɵсʏʏсʏ бактылуулуктун деңгээлине абдан эле аз таасирин  тийгизет да, бирок таасир берʏʏсʏн улантат. Эксперттер  жетиштʏʏ таризде бат-бат сурамжылоо жʏргʏзʏп келишет: бактылуу болуу ʏчʏн сизге канча акча зарыл?

-Реалдуу кирешенин деңгээли канчалык жогору болсо,  адамдар ошончолук деңгээлде каалап турган цифраны айтышат,-деп баса белгилейт эксперт.- Эгерде сиз  200 миң айлык алсаңыз, ал сизге бакыт алып келбейт, сизге 300 миң айлык акы керек. Керектɵɵлɵр мʏмкʏнчʏлʏктɵн ашып тʏшɵт, артынан кууганга ылаажы жок.

Pretty young teenage girl laying on a grass

МАГА – ЭКИ КИЛОГРАММ  КУБАНЫЧ

Бакытты сатып алууга мʏмкʏнбʏ?

-Иш жʏзʏндɵ мʏмкʏн,-дейт Елена Новоселова. -Маселе кантип? –деген суроодо жатат. Биз дʏкɵнгɵ кирип: мага эки килограмм кубаныч берип коюңузчу деп айта албайбыз да. Бирок, биз саякаттай алабыз, окуйбуз, таасирленебиз. Башкаларга жардам бере  алабыз. Мына мындай эксперимент ɵткɵрʏлгɵн: америкалык студенттерге  азгантай эле суммада-5-10 доллар таратылып, аны чыгашалоо ɵтʏнʏчʏ келтирилген. Ошондо бактылуулуктун деңгээли апаларына гʏл сатып алгандарда, жоро-жолдошторун кофе менен сыйлагандарда жогорураак болгон. Кокусунан колго тийип калган бул азгантай сумманы студенттер башкаларга сарпташкан жана андан канааттануу алышкан.

Роберт Уолдигер мынтип бышыктайт:

-Дʏйнɵнʏн бардык диндери бекеринен жоомарттыкты жана берешендикти жактабайт. Мени Далай Ламанын:  акылдуу эгоисттер башкаларга камкордук кɵрɵт деген сɵзʏ абдан  толкундатат. Андыктан,  жардам берʏʏ жана кам кɵрʏʏ  биринчи кезекте биздин ɵзʏбʏзгɵ кубаныч жана канааттануу  алып келет жана кичине болсо да бактылуураак болуп чыга келебиз.

Абдираим Мамытов