27 июля, 2024

АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВ – РЕСПУБЛИКАНЫН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИ “ОРУС КАДЫР”

Кыргызстандын совет доорундагы ири малекеттик ишмери. Кыргыз мамлекетин негиздɵɵчʏлɵрʏнʏн бири Абдыкадыр Орозбеков азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Охна кыштагында (мурдагы Россия империясынын Фергана облусунун Маргалан уездинин Бостон болуштугуна караштуу Жоокесек- Охна айылы) жарык дʏйнɵгɵ келген. Дыйкандын уулу атасынан эрте ажырап, жокчулуктун азап-тозогун куп тарткан. Эч жерде окуган эмес. Орус тилин ɵз алдынча ɵздɵштʏргɵн. Аны айылдаштары бекеринен орус Кадыр аташкан эмес. Ɵзбек, тажик тилдерин да суудай билген. Наабайчыга жардамчы катары эмгек жолун эрте баштаган. 1916-жылкы Анжиян кɵтɵрʏлʏшʏнɵ активдʏʏ катышкан. 1917-жылдын январында наабайчылардын забастовкасын уюштургандыгы ʏчʏн камакка алынган. 1918-жылдын августунда РКП(б) мʏчɵлʏгʏнɵ кабыл алынган. Ошол эле жылдары мастерлер, жумушчулар жана кызматчылар союзунун Фергана башкармалыгынын, Фергана облустук советинин жана Маргалаң уездик аткаруу комитетинин мʏчɵлʏгʏнɵ шайланып, советтик бийликти чыңдоонун алгачкы бай тажрыйбасынан ɵткɵн. Ферганада ал заманда орустардын таасири кʏчтʏʏрɵɵк болуп, Кыргызстанда Совет бийлиги тарыхта биринчилерден болуп Сʏлʏктʏ менен Кызыл-Кыяда орнотулганы да ошол себептен деп эсептелет.

Абдыкадыр Орозбеков жарандык согушка да активдʏʏ катышкан. Дал ошол маалдарда ал  ɵзбек элинин чыгаан уулу, Ɵзбекстан мамлекетинин бирнчи жетекчиси Юлдаш Ахунбабаев менен таанышып, ынак достордон болуп калышат. 1919-1920-жылдары Кызыл Гвардиянын Фергана штабында кызмат ɵтɵгɵн.  Фергана чɵлкɵмʏнʏн бир катар аймактарын басмачылардан коргоо отряддарынын тʏзʏʏчʏсʏ жана командири болгон.

АКСАКАЛ

Совет бийлигинин жер-жерлердеги алгачкы башчыларына ызаат-урмат кɵрсɵтʏʏнʏн белгиси катарында, аларды Ата же Аксакал деп аташканы тарыхтан белгилʏʏ (мисалы, тʏрктɵр Мустафа Кемалды Ататʏрк,  ɵзбектер  Юлдаш Ахунбабаевди Ата деп аташканы белгилʏʏ. Кыргыздар да убагында Абдыкадыр Орозбековду Аксакал деп аташкан. Кийинкилерден казактардын Нур атасынын тарых-таржымалы жалпыга маалым).

1920-1923-жылдары Абдыкадыр Орозбеков Чимион, Yч-Коргон  болуштук ревкомдорунун тɵрагасы, 1924-жылы Мархамат райондук аткаруу комитетинин тɵрагасы болуп эмгектенген. 1925-жылдын мартынан тартып партиялык ишке ɵтʏп, Тʏркстан Компартиясынын Ош окружкомунун жооптуу катчысы кызматын аркалаган. 1926-жылдын мартынан 1927-жылдын мартына чейин Кара кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетине тɵрагалык кылып, бир эле мезгилде  Фрунзе шааркеңешинин мʏчɵсʏ болгон. Андан ары 1937-жылдын сентябрына сейин оболу Кыргыз АССРи, Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун тɵрагасы кызматын аткарган. Кыргыз АССРинин Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон жана бул Конституция Кыргыз ССРинин Конституциясына негиз катары кызмат кылган.

Сталиндик репрессиянын  зор толкунунан ал да сʏзʏп ɵтɵ алган эмес.1937-жылы  жумуш ордунан камакка алынып,1938-жылы атылган.

Абдыкадыр Орозбековдун тɵрагалык кызматынын жылдарында Кыргызстанда ондогон ɵнɵр жай ишканалары курулуп, миңдеген жумушчу орундары тʏзʏлгɵн. Калктын сабаттуулугу 68 пайызга ɵскɵн. Революцияга чейинки расмий маалымат боюнча, бул жааттагы кɵрсɵткʏч 0,02 гана пайыз болгону белгилʏʏ.      

Анын: “Ажал бизди алып кетсе, эл эмгектен эскерет”, “Акыйкат акыры жеңет”, ”Бул дʏйнɵдɵ ким карып? Карышкырдан кайыр кʏткɵн кой карып, Каракчыдан кайыр кʏткɵн   калк карып” деген сыяктуу осуят сɵздɵрʏ бʏгʏн деле актуалдуулугун жоготпой келет. Айрым саясатчылар ошол кезде деле, азыр деле билимсиз деп сыпаттаган биринчи ɵлкɵ жетекчисинин ɵмʏр-таржымалынын алдында азыркы, мисалы эгемендʏʏ республиканын ондогон тонналап алтынын жула качкан илим-билимдʏʏ айрым жетекчилеринин айткан  “алтын” сɵздɵрʏ тʏккɵ турбай калаарын аңдоо кыйын эмес. Кептин баары билимге эмес, эл башкаруу жɵндɵмʏнɵ жана албетте, инсандык ынсабына барып такалаарын моюнга алуу керек. Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айына чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы болуп кызмат ɵтɵгɵн. Бул он эки жыл ичинде Кыргызстан экономикалык, коомдук жана маданий жактан ɵнʏккɵн мезгил эле. Анын жетекчилиги астында кыргыз жана орус драма театрлары, бир катар жогорку  окуу жайлар, мамлекеттик филармония курулган. Ал камалуусуна жарым жыл калганда  Бʏткʏл кыргыздардын бешинчи сьездинде жасаган баяндамасында: “1924-1937-жылдардын аралыгында ондогон ɵнɵр жай ишканалары курулуп, ɵндʏрʏш 7, дандын тʏшʏмʏ 4, пахтаныкы 7 эсеге кɵбɵйдʏ”,-деп белгилеген.

Абдыкадыр Орозбеков ККАОнун Борбордук аткаруу комитетинин тɵрагасы болуп шайлангандан кийин Москвадагы чоң жыйынга барып келʏʏ ʏчʏн дурусураак костюму жок, айласы куруп турганда Абдыкерим Сыдыков кʏрмɵсʏн чечип бергенин замандаштары эскергени бар, дагы эмнесин айтасың.

НКВДнын КАНДУУ КОЛУ

Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун урпактары жазыксыз репрессияланган атасынын сɵɵгʏ кайда кɵмʏлгɵнʏн табууга жардам сурап, ɵлкɵ жетекчилигине кайрылууну кɵздɵп турат. Сталиндик кандуу репрессиянын курмандыгы болуп, кайда кɵмʏлгɵнʏ белгисиз калган миңдеген кишилердин арасында Абдыкадыр Орозбеков да бар. Анын кантип жазага тартылганы, сɵɵгʏ кайда кɵмʏлгɵнʏ тууралуу имиштерден башка далилдʏʏ фактылар жокко эсе.

Тарых  илимдеринин доктору Байболот Абытовдун маалыматы боюнча,  Абдыкадыр Орозбеков  ɵзʏн суракка алып жаткан тергɵɵчʏнʏ  олтургуч менен башка чаап, ал тергɵɵчʏ атып салган болуш керек же тергɵɵчʏнʏ башка чапкандан кийин НКВДнын башка кызматкерлери туш келди тепкилешип, акыбетинде омуртка, кабыргалары, кол жана бут, баш сɵɵктɵрʏ сынып-жанчылган абалда кɵз жумган. Дагы бир маалымат боюнча, Орозбеков сурак учурунда тергɵɵчʏнʏн Коммунисттик партияны шылдыңдаган сɵздɵрʏнɵ чыдабай, “Эй, коммунист деген андай болбойт, мына мындай болот” деген сɵздɵр менен тергɵɵчʏнʏн алдындагы графин менен башка чапкан жана ошол сынган графин, айтымда КГБнын архивинде сакталып турат. Албетте,буга ишенгиң келет, ошол графиндин архивде сакталып калгандыгына ынангың келет, аттиң! Бирок, ал доорлордогу атайын кызматтын архивдерине деле кээде ишенгиң келбейт. Мисалы, айтылуу Уркуя Салиеваны мууздаган кандуу бычак бир нече убакыт бою Ноокат милициясында кызмат кылгандардын колунда жʏрʏп, аны самоорго от жагууда тарашаларды ичегилɵɵ кызматына колдонуп жʏрʏшкɵнʏн Фрунзеден келген текшерʏʏчʏлɵр кɵрʏп калганы жɵнʏндɵгʏ документалдык макаланы окуганым бар. Кантсе да Орозбеков партиянын намыс, абийирин акырына дейре коргоп, олтургучпу, графин менеби,  иши кылып тергɵɵчʏнʏ башка чапканы ырас. Орозбеков,   тулку-бою келбеттʏʏ, бойлуу инсан болгон экен, чапса чапкандыр. Кандай болгондо да,  КГБнын “Жашыруун” деп мɵɵрʏ басылган документтери баарын ачыкка чыгараарында шек жок. Акыркы маалыматтарга ылайык, андай жашыруун маалыматтардын кɵпчʏлʏгʏнɵ коңшулаш Казакстан жана Ɵбекстанда эшик ачылган. Бул жааттагы иш-аракеттер Кыргызстанда да башталып жатат. Насилинде саясий репрессияга учурап атылып кеткендердин жакасына суу ɵтпɵс предметке аты-жɵнʏ, бала-чакасы тууралуу маалыматтар жазылган кагазды сактап коюшаар салт болгонун, Ата бейитке кɵмʏлгɵндɵрдɵн да ошондой кагаздар чыкканын, Чыңгыз Айтматов кɵп жылдардан бери издеп келген атасы Тɵрɵкул Айтматовдун сɵɵгʏ да дал ошондой кагаздын жардамы менен табылганын Байболот Абытов маалымдайт. Демек, Абдыкадыр Орозбековдун сɵɵгʏ да кайсы бир дɵбɵдɵн же чуңкурдан табылып калса, Кыргыз мамлекетинин жʏз жылдык маарекесинин урматына ɵткɵрʏлгɵн маанилʏʏ иш-чаралардын  бири болуп калаар эле.

Абдираим Мамытов