27 июля, 2024

Агартуучулук менен архивге арналган ак кызмат

 “Жумшак сʏйлɵп, жылуу мамиле жасаган, жароокер инсан” деп айтышат Эсенали Нышанбаевичти жакындан тааныгандар. Ɵмʏрʏн билим берʏʏ менен кагаз ишине арнаган бʏгʏнкʏ каарманыбыз 28-февралда 60 жашка чыгат. Маарекесин куттуктап, бейнесин баяндайбыз.

Атасы киномеханик, апасы алдыңкы саймачы болгон

Жолдошев Эсенали Нышанбаевич 1964-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Шаңкол айылында (мурдагы «Ленинизм» колхозу) туулган. Атасы Жолдошев Нышанбай Ноокат районундагы маданият ʏйʏндɵ киномеханик, апасы Жолдошева Сабира алдыңкы тамекичи-тизимчи, саймачы жана ɵрмɵкчʏ болгон. Ата-энеси тууралуу Амантур Акматалиевдин  “Кыргыздын уз-усталары” китебинде кеңири жазылган. Чоң энеси Пиратова Токто 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде тылда эмгектенип, Улуу Жеңишке салымын кошуп ɵмʏрʏнʏн аягына чейин колхоздо эмгектенген. Чоң атасы Пиратов Жолдош 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка кетип кайтпай калган.

Шаңколдогу Ленин атындагы сегиз жылдык мектебинде, 1980-1981-жылдары Свердлов атындагы орто мектебинде окуп бʏтʏргɵн. Мектептеги убагын каарманыбыз мындайча эскерет:

-Ленин атындагы  сегиз жылдык мектебинин директору Артыков Кайназар агай география сабагынан берер эле.  Тамашакɵй, катуу айтпаган, кʏлʏмсʏрɵп сʏйлɵп эле тʏшʏндʏргɵн, ɵз предметин окутууда ɵзʏнʏн кɵргɵн жерлери  Крым жана башка жерлер тууралуу баяндап берчʏ.

Ал эми Свердлов атындагы орто мектептин директору Мамажунусов Аран агай эмгек тууралуу кɵп айтты бизге, “ар ишти жасаганда майын чыгарып жасагыла” дечʏ.

Эл агартуу тармагында ак кызмат ɵтɵгɵн

Эсенали Жолдошев 1982-1988-жылдары Ош педагогикалык институтун, 1990-1995-жылдары Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика факультетин аяктаган. 1983-1985-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат ɵтɵгɵн. 1988-1992-жылдары Ноокат районундагы Максим Горький атындагы мектеп интернатында,  1993-1996-жылдары Арбын орто мектебинде тарых, адам жана коом предметтерин окутуп, жаш муундарга билим тарбия берип эмгектенген. 1996-2002-жылдары Ош технологиялык университетинде философия жана социология кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. “Маданият таануу”, “Этика жана Эстетика”, “Философия” предметтеринен студенттерге лекциялык жана практикалык сабактарды окутуп, жаш муундарга билим, тарбия берген.

2005-2018-жылдары Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер жана башкаруу, тарых-юридика факультеттеринин кыргыз философиясы жана социалдык иштер кафедраларында улук окутуучу болуп эмгектенген. Ал мезгилдерде “Архив таануу”, “Маданият таануу”, “Кыргыз философиясы”, “Аксиология”, “Социалдык этнография жана демография”, “Социалдык конфликтология” предметтеринен студенттерге лекциялык жана практикалык сабактарды окутуп, билим берʏʏгɵ ɵмʏрʏн арнады.

 Архивдеги 20 жыл

Агартууучулук менен катар 2003-2005-жылдары Ош облустук мамлекеттик архивинин документтерди иретке келтирʏʏ бɵлʏмʏндɵ башкы архивист, 2005-жылдан тартып тʏштʏк аймактар аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинде башкы архивист болуп эмгектенип келʏʏдɵ. Эсенали Жолдошев 1996-жылдан бери «Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы айылдык социомаданий саясаты» аттуу темада ф.и.к. профессор Э.Жоробекованын жетекчилиги астында илимий изилдɵɵ иштерин жʏргʏзʏп келет. Этика жана эстетика  боюнча эки усулдук колдонмонун жана сегиз илимий макалалардын  автору.

Эсенали Нышанбаевич мамлекеттик архив кызматында 2003-жылдан бери жыйырма жылдан ашык убакыт ичинде эмгектенип келʏʏдɵ.

Оштогу жогорку окуу жайларынын окутуучуларына, илимий кызматкерлерине жана студенттерине илимий методикалык  жардамын берип, алар менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Ош мамлекеттик университетининде “Башкаруунун документациялык камсыздоо жана архив жʏргʏзʏʏ” адистигинде окуган студенттерге семинарларды ɵтʏп, мамлекеттик  архивдеги практикаларын ɵткɵрʏп,мамлекеттик аттестацияларына катышып, окуу программаларын тʏзʏʏдɵ кеңештерин берип келет.

Yй- бʏлɵнʏн ʏлкɵн тиреги

Жубайы Турдуева         Зыйнатбʏ экɵɵ эки уул, бир кызды тарбиялап-ɵстʏрʏштʏ. Баары жогору билимдʏʏ. Эсенали уулу Бакытбек ОшМУнун байланыш адистигин аяктап, учурда Ош аэропортунда эмгектенʏʏдɵ. Нышанбаев  Самат Ош технологиялык университетинин энергетика адистигин аяктап, учурда Ноокат электр тармагында иштейт. Эсенали кызы Акылай ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетин аяктап, учурда ошол эле факультетте эмгектенʏʏдɵ. Беш неберенин чоң ата, таятасы.

Сыйлыктары

Ош мамлекеттик университетинин тарых–юридика факультетинин ардак грамотасы, Профсоюздардын Ош облустук кеңешинин ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏнʏн ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнɵ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ардак грамотасы, “Мамлекеттик архив кызматынын мыктысы” тɵш белгиси жана Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын ардак грамоталары менен сыйланган.  Агартуу тармагында архив ишин жаш адистерге ʏйрɵтʏʏдɵ Эсенали Жолдошевдин эмгеги зор. Агайга ден соолук, ʏй-бʏлɵлʏк бакубатчылык, дɵɵлɵттʏʏ ɵмʏр, ишине ийгиликтерди каалайбыз.

Акылай Эсенали кызы, ОшМУнун окутуучусу