8 сентября, 2024

Самын сатып алып, соопко калыңыздар!

Кыргыз азиздер жана дʏлɵйлɵр коомдук бирикмесинин тʏштʏк ʏйрɵтʏʏ – ɵндʏрʏштʏк “Дыйкан” ишканасы 1986-жылдан бери кɵзʏ кɵрбɵгɵн жана угуу сезиминен жарым жартылай жана толук ажыраган жарандардын укуктарын коргоп,азаптуу тʏйшʏктɵрдʏ жана жашоодогу кыйынчылыктарды жеңип чыгууга, ошондой эле коомдогу ордун табууга кɵмɵк кɵрсɵтʏп келет. Мындай ɵндʏрʏштʏк мекеме бар экенин кɵпчʏлʏк биле бербейт.  Жасаган самындарынын тең жарымы сатылбай турат экен, ошондуктан Оштогу ооруканаларга кулак кагыш, ушул ишкананын жасаган самындарын сатып алыңыздар. Макаланын темасын да атайын ушундай аталышта атадык. Тиккен кийимдерин чарбалык  мекемелер сатып алып, колдоо кɵрсɵтсɵ деген тилекте макала даярдадык.

Кыргыз азиздер жана дʏлɵйлɵр коомдук бирикмесинин тʏштʏк ʏйрɵтʏʏ – ɵндʏрʏштʏк “Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Жеңишбек Аширбаев:

-Жеңишбек мырза, ишканада эмнелер тигилет?

-Кыргыз азиздер жана дʏлɵйлɵр коомдук бирикмеси катарында 7630 кɵзʏ кɵрбɵгɵн жана угуу сезиминен ажыраган майып жарандарды жумуш менен камсыз кылуу, аларга материалдык жактан жардам кɵрсɵтʏʏ боюнча тынымсыз иш жʏргʏзʏп келʏʏдɵбʏз. Бул максатта республика боюнча 11 ʏйрɵтʏʏ- ɵндʏрʏштʏк ишкана тʏзʏлгɵн. Анын экɵɵ Ош шаарында жайгашкан. “Дыйкан” жана “Оштогу ʏйрɵтʏʏ ɵндʏрʏштʏк” ишканалары. Аталган ишканаларыбыз 2009-жылдан баштап мамлекеттик буйрутмалар менен иштеп, курамындагы майыптарды жумуш менен камсыз кылып келʏʏдɵ. Бул ишканаларда атайын кийимдерди, жылууланган бушлат, пахтадан жасалган матрастарды, жууркан, жаздыктарды, тɵшɵк топтомдорду, медициналык халаттарды жана башка тигʏʏ буюмдарын жана кызматтык бɵлмɵгɵ эмеректердин тʏрлɵрʏн, темир кроваттарды, отургучтарды жасоого жана кир самындарды даярдап берʏʏгɵ  буюртмаларды кабыл алууга даярбыз.

“Yйрɵтɵ турган адистер жок…”

-Ишкана ɵндʏрʏштʏк ʏйрɵтʏʏ ишканасы деп аталат экен, майыптуулугу барларга ʏйрɵтɵ турган адистер барбы?

-Бизде ʏйрɵтɵ турган адистер жокко эсе. Кыргызстан боюнча 11000 дудук жана кɵзʏ азиздер болсо, анын 1жарым миңи Ош облусунда жашайт. Ишке жарактуусу 200. Оштогу 2 ишканада баары  биригип 60 адам иштейт. Иш орунду кеңейтиш ʏчʏн бизде курулуш жʏрʏп жатат. Майыптыгы бар адамдардын жогорку окуу жайга окууга мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар болгону менен, иш менен камсыз кылуу жагы каралган эмес. Бизде станокторду же тигʏʏ машиналарды иштете алышпайт. Дудуктар 9-класска чейин мектепте окуп, андан кийин жогорку окуу жайда окуй албайт экен. Себеби мындай мʏмкʏнчʏлʏк биздин ɵлкɵдɵ тʏзʏлбɵптʏр. Биздин ишканабызда тигʏʏчʏлɵр цехиндеги технологго,  эмерек жасаган усталарыбызга, атайы талап боюнча майыптар иштеш керек. Бирок бизде аны бʏтʏп келген адистер жок болгондуктан 30 пайыз аргасыздан дени сак адистерди алганга мажбур болобуз. Мисалы, кароол, администрациядагы директор, бухгалтер, технолог. 

“Жумушчулардын орточо маянасы 7 миң сом”

-Жумуш убактысы эрте мененки  9 дан кечки 17:00гɵ чейин. Тʏштɵнʏʏ убактысы да болот. Майыптыгы бар адамдар болгондуктан 1 саат дем алуу да беребиз. Орточо маянасы 7 миң сом. Эгерде  буюртма жакшы тʏшсɵ 30-40 миңге чейин таба алышат. 18 жаштан баштап пенсиялык куракка чейин иштесе болот. Кɵбʏнчɵ аялдарга тигʏʏ, эркектерге эмерек жасоо жумушу жакшы жʏрɵт.

“Самынды сатуу жагынан бир аз аксап жатабыз”

-Мамлекет бизге ушундай мʏмкʏнчʏлʏк берген, тендерсиз мамлекеттик ишкана, уюмдардан тʏздɵн-тʏз келишим менен буюртма алганга мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз бар. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кир самын чыгарып жатабыз. Ɵндʏргɵн самындарыбыз жакшы чыгып жатат. Октябрдан баштап чыгарып баштадык. 4 ай болду.  8000 даана чыгардык, 4000 даанасы сатылды. 4000 даанасы турат. Азыр сатуу жагынан бир аз аксап жатабыз. Оштогу бир эле оорукананын бир жылдык самынды колдонуу саны 2000 даана экен. Ушуга окшогон ооруканалар аябай кɵп. Ошолор бизге тʏздɵн-тʏз келишим аркылуу келип самын алса блот. Атайы сертификатыбыз дагы бар. Биз менен иштеше турган бардык ишканаларга эшигибиз ачык.

“Жаңы имарат курулуп жатат”

-Бул ишкана 1954-жылы курулган. Кайрадан кошумча жер бɵлʏнʏп берилип, 95-жылы кайрадан тʏзʏлгɵн. 2005-жылы административдик имарат жана тигʏʏ цехтери курулган . Ошондон бери замандын талабына ылайык курулуш биринчи жолу болуп жатат. Азыркы жаңы курулуп жаткан имаратыбыз 2 кабат. Биринчи кабаты эркектер ʏчʏн, экинчи кабаты аялдар ʏчʏн болот.

“Быйыл жатаканаларына жылуулук киргизип берели деп жатабыз”

-13 кызматкерге ылайык жатаканабыз бар. 2007-жылы курулуп, ошондон бери жылуулук кирген эмес экен. Ишкана дагы борборлоштурган жылуулук системасына кошулган эмес. Быйыл жатаканага жылуулук киргизели деген план бар. Демɵɵрчʏлɵр менен сʏйлɵшʏп жатам. Шарттарын тʏзʏп берели деп жатабыз

Волонтер катары келип, чешка тиккенди бекер ʏйрɵтʏп, сооп иштерди жасап жаткан Абдулла Мадракимов:

“Сооп ʏчʏн да иштеш керек”

-Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендерди атайы коомго кошуп, жашоосун жакшы нукка бɵлɵɵ ʏчʏн ушундай ишканалар курулган. А биз адамдар ага жɵн гана себепчибиз. Бардык адамдын миссиясы ушул болсо керек. Бул дʏйнɵгɵ келгениң  биринчи максатың сооп иш жасоо. Бардык адам сооп иш жасоо ʏчʏн аракет кылат. Мен бул ишти кылбасам, ʏйдɵ деле бекер отурмакмын. Андан кɵрɵ келип билгенимди ʏйрɵтʏп, жардам берип жʏргɵнʏм жакшы деп ойлойм. Азыркы учурда чешкаларды кандай тигʏʏ керек   ʏйрɵтʏп жатам. Майыптарга эң сонун иш. Кɵзʏ азиздер дагы оңой нерселерин жасаса болот. Заказын ɵзʏм алып берем. Бʏгʏн эле театрдан заказ тʏштʏ. Базардын баары толтура бут кийим, бирок жакшысын, ылайыктуусун табыш кыйын. Бардык нерсени акча ʏчʏн кылганга болбойт. Адамдарга жардам берип сооп ʏчʏн да иштеш керек. Рахматын, батасын алыш керек.

16 жылдан бери иштеген Марифат Акимова:

“Матрас тигип, пахта салам…”

-16 жылдан бери ушул жерде иштейм. 2 кызым менен ишкананын жатаканасында турам. Башында келгенимде кɵп кыйынчылыктар болгон. Себеби кɵзʏм кɵрбɵгɵндʏгʏнɵ байланыштуу жолумду таап басып келе албайт элем. Жыгылып да жʏрдʏм. Азыр баскан жолубузду жаттап калдым. Кыйынчылыктар артта калды. Жатакана дагы ушул эле короонун ичинде болгондуктан басуудан кыйналбаймын. Бул ишканада матрас тигип иштейм. Жаздыктарга пахта салам.

“Иштегениме жараша айлык алам”

-Айлык маянам иштегениме  жараша болот. Кɵбʏрɵɵк иштесем же кɵбʏрɵɵк заказ тʏшсɵ, маянам дагы ошого жараша кɵбɵйɵт. Азыркы учурда кɵп буюртма болбогону  ʏчʏн айлыгыбыз аз болуп жатат. Бирок кудайга шʏгʏр, Аллахым берекесин берип, ичкен -жегенибизге жетет. Кʏз мезгилинде, кышка жакын убактарда сезон жакшы болот. Ошол убакта жакшы маяна алабыз.

“ʏй ала албай жʏрɵм”

 -16 жылдан бери ʏй алуу аракетинде иштеп жʏрɵм. Кыздарым дагы жардам берип жатат. Бирок ошентсе да баары бир тамак-ашыбыздан, баскан- турганыбыздан ашпай калат. Жок дегенде 1 бɵлмɵлʏʏ жатакана алып алсам деген тилектерим бар. Кɵзʏм кɵрбɵсɵ дагы, кудайга шʏгʏр, денем бʏтʏн, алты саным аман, баарына шʏгʏр кылып жашап келем.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы