27 июля, 2024

Жоокерден кат: “Ата, аскерге жɵнɵткɵнʏңʏз ʏчʏн рахмат”

Аскердик милдет – ɵз ɵлкɵсʏнʏн куралдуу кʏчтɵрʏндɵ мыйзам чегинде аскердик кызмат ɵтɵɵ милдети. Кыргыз Республикасынын жараны болгон бардык эркектер тегине, мʏлктʏк жана кызматтык абалына, билимине, тилине, динине, расасына, улутуна, жашаган жерине, саясий жана башка ынанымдарына карабастан, мамлекеттин куралдуу кʏчтɵрʏнʏн катарында аскердик кызмат ɵтɵɵгɵ милдеттʏʏ. Аскерге чакырылгандар ата мекенин, элин сʏйгɵндʏгʏн, ага берилгендигин, жан дили менен кызмат кылууга умтулгандыгын билдирип, аскердик ант беришет. Аскерге барган ар бир бала тактыкты жана тазалыкты, жоопкерчиликти ʏйрɵнɵт. 23-февраль —  Мекен коргоочулар кʏнʏн утурлай Коргоо министрлигине караштуу Ош шаарындагы 47156 аскер бɵлʏгʏндɵ аскердик милдетти аткарып жаткан жоокерлер кат жазышты.

“Аскерге келгиле”

-Мен катардагы жоокер Осмонов Арзыбек Закиралиевич  Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылынан болом. Жашым жыйырмада. Учурда армияда кызмат ɵтɵп жатам. Бул жактан кɵп нерсени ʏйрɵндʏм. Ар бир эркек аттууларга айтарым аскерге келиңиздер. Биздеги кʏн тартип 6:00 туруу, 6:10 дене чыңдоо, 6:50 тамакка даярдануу, 7:00 эрте мененки тамак, 8:20 катарга туруу, 9:00 бɵлʏштʏрʏʏ. Бул жакта аскердик милдетти ɵтɵɵ менен бирге ɵзʏбʏзгɵ да кам кɵрɵбʏз, жакабыз таза, курсагыбыз ток.  Убакыт деген учкан куш сымал болот эмеспи, армияда ошол убакыттын кадыр-баркын тʏшʏнʏп жеттим.

Катардагы жоокер Жалалидин уулу Кудайберди:

“Бизде баары жакшы”

-Мен Кудайберди уулу Жалалидин. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Камалдинов айылынан болом. Мен атам Кудайберди Хамдамовго жана апам Махпуба Хамдамовага салам жолдойм. Мени армияга жɵнɵткɵнʏңʏздɵр ʏчʏн сиздерге чоң рахмат. Мен бул жактан 4 айдын ичинде курал жарактарды, тазалыкты, аскердик уставтарды ʏйрɵндʏм. Армияга келер балдарга айтарым, армияга келгиле, баары сонун. Келип ɵз кызматыңарды ɵтɵп кеткиле.

Катардагы жоокер Таштемиров Мелис:

“Аскердик кызмат  ɵтɵɵ кыялым эле”

-Мен Таштемиров Мелис Акылбекович. Сузак районуна караштуу Жоон-Кʏнгɵй айылынан болом. Атам Акыл Кочкоровго, апам Тахмина Эркуловага салам жолдойм. Ата, апа кандайсыздар? Мен 47156 аскер бɵлʏгʏндɵ кызмат ɵтɵп жатам. Армияга келʏʏ бала кезимдеги кыялым эле. Мекеним ʏчʏн, ɵз милдетимди аткарып жатканыма сиздердин салымыңыздар чоң. Сиздерге ыраазычылыгымды билдирем. Менде баары жакшы, кыжаалат болбоңуздар.

Катардагы жоокер ʏсɵн уулу Бекзат:

“Аскердик кызматта калууну чечтим”

-Мен ʏсɵн уулу Бекзат. Аксы районунуна караштуу  Итагар айылынан болом. 2023-жылы 21-октябрда армияга келгенмин. Биз бул жакта курал жаракты колдонууну, ок атуунун эрежелерин ʏйрɵндʏк. Мен армияга келгениме кубанам. Анткени аскердик тартипти ʏйрɵндʏм. Жаңы досторду таптым. Тартип боюнча жашоону ʏйрɵндʏм. Аскердик кызматымды ɵтɵп бʏткɵн соң аскер тармагына окууну чечтим.  Сиздердин гезит аркылуу сагынычтуу саламымды айта кетейин, атам ʏсɵн Султаналиевге, Апам Арзыкан Токтоболотовага салам жолдойм.

Катардагы жоокер Токонов Шаматалы:

“Армияга келип, эрте турууну ʏйрɵндʏм”

-Мен катардагы жоокер Токонов Шаматалы Кыялбекович.   Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтʏнʏн Благовещенка айылынан болом. 2005-жылы 8-январда туулганмын. 2023-жылы 20-октябрда аскердик кызматымды ɵтɵɵгɵ келдим. Аскерге келгичекти эрте менен эрте турбайт элем, саат 10-11де турчумун. Аскерге келип, эрте турууну ʏйрɵндʏм. Бул жакта эрте тураарыбыз менен денебизди чыңдайбыз, жаткан жерибизди оңдойбуз. Аскерге келип, Ош, Баткенден жаңы досторду таптым. Досторум менен биргеликте ок атуу талаасына чыгып, атууну жана куралды оң абалда кармоону, аны тазалоону ʏйрɵндʏм. Албетте, ата-энемди сагынган кʏндɵрʏм да болот. Учурдан пайдаланып, апам Абдурахманова Бусалима, атам Шерипбек Нурдиновго салам жолдойм.

Катардагы жоокер Курсантбеков Мээрбек:

“Апа, сиздин ысык наныңызды сагындым”

-Мен Курсантбеков Мээрбек Медербекович. Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Кɵмʏр шаарынын Теңдик айылынан болом. Азыркы учурда Ош шаарында кызмат ɵтɵп жатам. Бул жакта жʏрʏп, ата-энемдин кадырын тʏшʏндʏм. Атам Медербек Досалиевге, апам Батма Бешбаковага жана бир туугандарыма салам жолдойм. Апа, сиздин ысык наныңызды, тамактарыңызды сагындым, кадырыңызды билдим. Бул жакта баары сонун, бирок баары бир сиздей болбойт экен. Ата, менин ант берʏʏмɵ келбей калдыңыз го. Сизди дагы аябай катуу сагындым. Мени ушундай эрежеге жеткиргениңиз ʏчʏн чоң рахмат. Буюрса, мекен алдында ɵз милдетимди аткарып эсен-аман кайтамын. Ата, апа, менде баары жакшы, кыжаалат болбоңуздар.

“Убакытты баалап калдым”

-Бул жакта баары убагы менен болот. Ɵз убагында туруп, ɵз убагында уктайбыз. Тамактар дагы убагында берилет. Мурун кечинде кɵчɵ кыдырып, айланып жʏрʏп, ʏйгɵ кеч келчʏмʏн. Анысы аз келгенсип тʏн бир оокумда уктачумун. Азыр убакытты баалап калдым. Армия мага эрте уктоону ʏйрɵттʏ. Саат 22:00 дɵ уктоого буйрук берилет. 

Катардагы жоокер Жумабаев Абил:

“Армия бизге берди тарбия”

-Мен катардагы жоокер Жумабаев Абил Исламбекович. Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынан болом. Азыркы учурда Ош шаарында аскердик кызматымды ɵтɵп жатам. Кызмат ɵтɵгɵнʏмɵ 4 айдын жʏзʏ болду. Армияга келип кɵп нерсени ʏйрɵндʏм. Эрте  менен эрте турганды, кʏн тартип менен жʏрʏп, ɵз убагында тамактанганды. Ар бир кʏнʏ эрте менен денебизди чыңдайбыз. Бир жумада 3 жолу спорт залга барып топ ойнойбуз. Кызыктуу кʏндɵр ɵтʏп жатат. Биз 36806 аскер бɵлʏгʏнɵ тамактанганы барабыз. Тамактары даамдуу , ашканасы талапка жооп бере алат. Жаткан жерибиз дагы жылуу. Учурдан пайдаланып Кочкор-Ата шаарында жашап жаткан ата-энеме, бир туугандарыма, досторума, классташтарыма салам жолдойм. Ата апа, кандайсыздар? Карындаштарым, иним жакшы жʏрʏшɵбʏ? Менде баары жакшы. Буюрса, кызматымды ɵтɵп алдыңыздарга аман-эсен жетип барам. Атам Исламбек Жумабаевге, апам Саламат Дарманкуловага, иним Адилетке, карындаштарым, Акбермет, Ɵмʏркан, Хадичага саламымды жолдоймун.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы