8 сентября, 2024

“Жʏз миң сомго Умрага барып, жʏз миңге жылкы сойгон ыксыз чыгым”

Акыркы учурда Умрага барууда укмуштай атааңдаштык жаралгандай. Коомдо жаш-кары дебей кичи ажыга барып-келʏʏ модага айландыбы? Келгенден кийинки чоң тойлорчу? Дегеле коомго Умра же кичи ажылык тʏшʏнʏгʏ кандай тарап жатат?

Балтагул Нурунбетов, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Оштогу  жетекчиси, шаар аксакалы.

-Кичи ажылыктан келген соң жылкы союп, той ɵткɵрʏʏ канчалык деңгээлде туура?

-Ажылык – мусулмандардын мойнуна тагылган парздардын бири. Муну ар бир мусулман эңсейт, пландаштырат, эгер колунан келсе, бала-чакасына кыйынчылык жаратпаса барат. Пайгамбарыбыз ɵзʏ да болгону эки ирет умрага барып, бир ирет ажылык кылган. Азыр биздикилер эмне кылып жатат? Колунан келгени да, келбегени да агылып, 5-6 жолудан баргандар да жок эмес. Умра деген жɵн эле зыярат кылуу. Келип ресторандарда той ɵткɵрʏп, ɵзʏн ажы деп алуу туура эмес. Зыяратты ɵзʏ ʏчʏн кылат, эл кɵрсʏн ʏчʏн эмес. Кичи ажыга барабы, чоң ажыга барабы ыйык сууну алып келишет да калганын ɵзʏбʏздʏн эле базардагы курмадан, теспе, жайнамаздардан алып даярдап турушат, мунун баары эл кɵрсʏн ʏчʏн деп ойлойм. Мен мындан 20 жыл мурда чоң ажылыкка барып келгемин. Ал жерге баргандын касиети ɵзʏнчɵ башка. Мисалы, мен башка дʏйнɵгɵ тʏшʏп калгандай эле болгом. Ɵтʏп кеткен ата-энем эсиме тʏштʏ, кантип чоңойдум, кантип окудум, кантип иштедим, бʏт турмушуму ойлондум. Барып келгенден кийин ошол таасирлерди унутуп калбай, “ажы” деген атты кармап жʏрʏʏ да маанилʏʏ.

-Борбордук Азияда умрага баруу боюнча атааңдаштык кʏчɵгɵндɵй?

-Борбордук Азияда эмес, Кыргызстанда эле кʏч алды. Мисалы, коңшу Ɵзбекстанда бул нерсе тартипке салынган. Жашы жеткени гана бара алат, ата-энесин жɵнɵтʏшɵт. Ал эми бизде жаш балдар-кыздар, эч кимиси калбай жарышып жатышат. Ар бир нерсенин убакыт-сааты болот. Умрага барып келгендер ажы деп аталбайт. Ажы болгондо да бирɵɵгɵ милдет кылбаш керек. Кайра-кайра бара бергендерге да бир нерсе деп айтуу кыйын, негизи ɵзʏм ойлонуп жʏрɵм, эгер дагы ажыга баргым келсе, ага кеткен акчаны эл-журтка же бей-бечарага берип койсом сообу андан кʏч болот эмеспи. Буга чейин угуп жʏрɵм, ажыга деген акчасына айылына кɵпʏрɵ салып, жолун оңдоп берип же дагы башка иштерди жасагандар да арбын, андан улук иш барбы. Карыз алып шордоп баруунун эмне кереги бар?! Ɵзʏбʏздɵ деле жасай турган канча сооп иштер бар, айталык, мектеп, бакчаларды салуу, жолдорду оңдоо, бей-бечарага, ооруп жаткандарга жардам берʏʏ.

-Сауд Аравиясы кичи ажыга баргандарга эч кандай чектɵɵ койбойт. Ал эми биздеги Умрага жɵнɵткɵн айрым компаниялар 10 адам тапсаң 11-билет сага акысыз деген ыкмаларды колдонушат, буга кандай кɵз караштасыз?

-Туура маселени айтып жатасыңар, чын эле кышын-жайын токтобогон компанияга айланып баратат. Максат – акча табуу, анан чогултканыбыздын баарын алып барып ошол жакка таштап келʏʏ деген сыяктуу кɵрʏнʏш. Анан ортодо жанагы уюштуруучуларды багуу. Мунун баары кɵз боемочулук, коммерция. Умраны уюштуруп жаткандарга да кудай ынсап берсин. Зыяратты унутуп калып эле акчасын эсептеп калышпадыбы. Бирɵɵ 10 адам тапса, бир билетти ага бекер берип коюу пайда келтирип жатпайбы. Ага кызыгып биздин балдар адам табам деп жʏгʏрʏп жʏрɵт.

Абдималик Турсунбеков, Ош облусунун казысынын орун басары:

“Ажылык боюнча муфтият жооптуу, ал эми кичи ажыга муфтияттын тиешеси жок”

-Чоң ажылык менен кичи ажылыктын айырмасы эмнеде?

-Ибадатта умра ибадаты жана ажылык ибадаты деген болот. Ажылык ибадат 5 парздын бири болуп эсептелет. Шарты болсо, жетишээрлик жашаса, ɵмʏрʏндɵ бир жолу барууга милдеттʏʏ. Кичи ажылык — бул сʏннɵт амалдарына кирет, парз же ажылык амалдардан эмес. Мында да шарты болсо, эркектерге жана аялдарга жолдун ишенимдʏʏлʏгʏ, аялдарга сʏннɵт болуу менен бирге махрамы (алып бара турган эркек адамы) болсо барат. Эгер алып барган адамы жок болсо, барууга милдеттʏʏ эмес. Парзды намаз сыяктуу милдеттʏʏ тʏрдɵ аткаруу зарыл. Ажыга бара турган дарамети жетип туруп барбай койсо кʏнɵɵкɵр болуп калат. Ал эми сʏнɵттʏ аткарса сооп болот.

-Умрадан келип эле кой, жылкы союп чоң салтанат ɵткɵргɵндɵр кɵп, буга кандай ойдосуз?

-Алла Таала бир ʏй курду, мʏмкʏнчʏлʏгʏ болгондорго ажыга баруу парз болду, ошол ʏйдʏ (каабаны) зыярат кылгыла деген буйругу бар. Алланын ʏйʏн зыярат кылуу. “Ажы” деген ат менен кадыр-баркка ээ болуп, тɵргɵ ɵткɵрсʏн, абройго ээ болоюн дебей, негизги максат Алла Тааланын ыраазычылыгын табуу болуш керек. Меккеде окулган ар бир намаз жʏз миң рекет окуганга барабар. Ошол эле учурда меккеге урушпай-талашпай, кʏнɵɵ иштерди кылбай, чын ыклас менен барып-келсе жаңы туулган баладай болуп кайтат делет. Шариятта ажыга барып келгенден кийин той кылсын деген нерсе жок. Кɵпчʏлʏгʏ, айрыкча тоолуу райондордо жʏз миң сомго Умрага барып келсе, жʏз миң сомдук жылкы союп ихсан кылып, астына ак килемдерди салып жатышат. Бул ашыкча чыгым. Той кылбай эле ала келген зам-зам суудан коңшуларына, туугандарына ооз тийтип койсо болот.

 -Кичи ажылыкты муфтият кɵзɵмɵлдɵйбʏ?

-Эскерте кетчʏ нерсе, ажылык боюнча муфтият жооптуу, ал эми кичи ажылыкка муфтияттын тиешеси жок. Саякат катары жɵнɵтʏп жаткан жеке компаниялардын кызыкчылыгы, умра башчылардын кызыкчылыгы. Умра башчылардын кɵпчʏлʏгʏ диний сабаттуу кишилер болушу мʏмкʏн, айрым динден кабары жок ишкерлер да бар. Бир-эки ирет кɵрʏп келип эле, алып барып жаткандар да жок эмес.  Же кɵп адам алып барып, ар бирине кɵңʏл бурулбай, ибадаттары эмне болгонунан кабар албай калган компаниялар да бар. Бизнеске айланып кетпей, ибадат максатында болуу керек. Муну дин башкармалыгы дейбизби, айтор мамлекет тааныган жооптуу бир уюмга кɵзɵмɵл кылдырууну сунуштайт элем.

Турду Жолдошев, Ɵзгɵн районун тургуну:

-Чоң ажылык сапарга барып келгем. Мындан кɵп жыл мурда. Балдарыма аэропорттон эле айттым колу-коңшунун килемдеринен бери салып дарбазадан тосуп албай эле койгула. Мен ɵз амалдарымды аткарып келдим, ɵмʏр бою ушул динге кызмат кыла турган кишимин десем балдарым болбойт, “уят эмеспи, жылкы даяр” дешет. Менин бир сʏйлɵгɵн киши экенимди билишкен соң бири эртерээк кетти, чамасы килем салдырып койгон белем. Экинчи уулум майда-чʏйдɵ алабыз деп атайлап кеч алпарды. Барсам жакын туугандар, байбичем эле тосуп алышты. Кемеге жакты карап коем, тʏтʏн жок. Демек, союш сое электе токтотуп калган экем. Азыр эми умра сапарына баргандар кой, жылкы союп кафеде салтанат менен ɵткɵргɵнʏн кɵрʏп зээним кейийт. Президент бир аракет кылып кɵрдʏ, бирок эл деген эл экен да. Ыксыз чыгымдарды жойгондун ордуна той-аштар ошончо ысырапкерчилик менен ɵтʏʏдɵ…

Ал эми туристтик компаниялардын бири Умрага баруудагы талаптар тууралуу тɵмɵнкʏлɵрдʏ айтты.

-Кичи ажыга барууда жашына чектɵɵ жок. Картаң адамдарды жашыраак туугандары коштоп баруусун сунуштайбыз. Чет элге чыкчу паспортунун мɵɵнɵтʏ 6 айдан жогору болуусу зарыл. Баалары барган айына жараша ар тʏрдʏʏ болот. Мисалы, кийинки айда барууңуз керек болсо, барып келгендеги чыгым 900 доллардан баштап, 2500 долларга чейин болушу мʏмкʏн. Орозо айларында 200-300 долларга кымбаттайт.

Айжылдыз Тойчиева