27 июля, 2024

Балдардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө

Баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшү тутумунан чыгаруу тергөө стадиясында да, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө да ишке ашырылат. Ошону менен бирге, акыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 467-беренесинин талаптарына ылайык биринчи жолу коркунучтуулугу аз же  анча оор эмес кылмыш жасаган бала пробациялык көзөмөлдү же тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жолу менен сот тарабынан жазадан бошотуу аркылуу кылмыш-жаза сот адилеттиги тутумунан чыгарылат.

         Балдарга карата иштер боюнча сот тарабынан кабыл алынган чечимдердин басымдуу көпчүлүгү тараптардын жарашуусунан  же жабырлануучунун жеке ачык айыптоону колдоодон баш тартуусунан улам ишти кыскартууга байланыштуу болуп келет.

Соттук териштирүү стадиясында баланы кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгаруу сот тарабынан анын күнөөсүн таануу, кийин жазадан бошотуу жана баланы пробация органына эсепке коюу аркылуу гана мүмкүн болот. Андыктан, бул соттон толук кандуу соттук териштирүү жүргүзүүнү талап кылат. Алсак,  соттун мындай чечими КР КЖПКнын 27-беренесинин талаптарына ылайык реабилитациялык болуп саналбайт. Ошол эле учурда, тараптардын жарашуусу жөнүндө макулдашууну түзүү соттук чубалжытууну болтурбоого жана баштапкы этапта соттук териштирүүнү кыскартууга, ошондой эле айыпталуучу тараптын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жана пробация органдарынын көзөмөлүнөн качууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле соттор тарабынан жазанын түрүн аныктоодо пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындоо аркылуу баланы кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгаруу практикаланып жаткандыгы белгиленген.  Бирок, соттук өкүмдөрдү изилдөөдө,  соттор негизинен пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындоодо КР КЖПКнын 109-беренесин гана жетекчиликке алаарын көрсөттү, ал эми пробацияны дайындоо менен баланы кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгаруу учурунда КР КЖПКнын 467 жана 479-беренелерин жетекчиликке алуу зарыл.

Ош шаардык прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору С.Ибрагимов