13 мая, 2024

“Ош шаарында кооптуу аймактарда 75 ʏй-бʏлɵ жашап келʏʏдɵ”

Жылдын тɵрт мезгилинде тең ɵрт, сууга чɵгʏʏ, кар кɵчкʏ сыяктуу кырсыктардан жана жаратылыш кырсыктарынан адам ɵмʏрʏн сактоого тырышкан ардактуу кесип ээлери бар. Алар кооптуу, ары жоопкерчиликтʏʏ кызматты аркалаган Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин ыкчам жамааты. Аталган министрликтин Ош шаарындагы башкармалыгынын ишмердʏʏлʏгʏ, айрым кɵйгɵйлɵрʏ тууралуу кеп кылууну туура кɵрдʏк.

Алтынбек Абылаев, Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, майор.

-Алтынбек мырза, кандай иштер аткарылды, кепти ошондон баштасак?

-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана укуктук-ченемдик актылардын негизинде шаар аймагында Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды ишке ашырууда Жарандык коргонуу боюнча 12 кызматтар, 16 мекеме-ишканалар, 6 муниципалдык аймактык башкармалыктар жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы иштеп келишет. Табигый жана техногендик мʏнɵздɵгʏ ɵзгɵчɵ кырдаалдардын коркунучун азайтуу жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча ар тараптуу иштер жʏргʏзʏлʏп келʏʏдɵ. Атап айтсак куткаруу кызматы тарабынан Ош шаарынын калкына 2023-жыл ичинде жалпы 310 жолу ар кандай суу каптоо, жол кырсыгы, турак жайдан сɵɵктʏ алып чыгуу сыяктуу кырдаалдарда жардамдар кɵрсɵтʏлдʏ. Кошумчалай кетсем, 2023-жылы сууга агып каза болгондордун саны бешɵɵ болсо, анын ичинен экɵɵ жаш балдар.

“Шаар аймагында 68 ɵрт кырсыгы катталган”

-Былтыр Ош шаарынын аймагында  68 ɵрт кырсыгы катталып, ɵрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгым 66 340 471 сомду тʏзгɵн. КР ƟКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ɵздʏк курамынын жардамы менен 5 200 000 сомдук материалдык балуулуктар сакталып калды. Ɵрт коопсуздугун алдын алуу боюнча  лекциялар, тʏшʏндʏрʏʏ иштери байма-бай жʏргʏзʏлɵт. Белгилей кетсек, баарыбызга маалым болгондой ɵткɵн жылы суук катуу болгон. Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги тарабынан аба-ырайынын ɵзгɵрʏʏсʏнɵ байланыштуу жалпы 67 шашылыш билдирʏʏлɵр (телефонограмма) келип, Ош шаардык Жарандык коргонуу кызматтарга, мекеме, уюмдарга жана муниципалдык аймактык башкармалыктарга жɵнɵтʏлʏп, аткарылуусу ар дайым кɵзɵмɵлгɵ алынып турду.

-Кооптуу аймакта жашаган шаардыктарды кɵчʏрʏʏ боюнча иштерге токтоло кетсеңиз?

-Ош шаары боюнча кооптуу аймактарда 75 ʏй-бʏлɵ жашап келʏʏдɵ. Алардын ичинен 15 ʏй-бʏлɵ жер тилкелерин Ноокат районунан алып, турак жай салуу иштерин башташкан. КР Ɵкмɵтʏнʏн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 токтомун жетекчиликке алып, 2023-жыл ичинде Ош шаарынын аймагында орун алган кооптуу тилкелерде жашап келген жарандарга жана соода тʏйʏндɵрʏнɵ жалпы 83 эскертме-кɵрсɵтмɵ берилди.

“2023-жылы жалпы 8209 адам окуудан ɵттʏ”

-Ɵзгɵчɵ кырдаалдардын тʏрлɵрʏ, алардан кесепеттерин жоюудагы кечиктирилгис иш-чаралар, ɵзгɵчɵ кырдаалдарда коргонуу, Жарандык коргонуу кызматтарын жана алардын функционалдык милдеттери, ɵзгɵчɵ кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлери ошондой эле Жарандык коргонуу жɵнʏндɵгʏ жоболор тууралуу, окутуу жана практикалык иш-чаралар КР ƟКМнин Ош шаардык башкармалыгынын, КР ƟКМне караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун жана “Кызыл Ай” коомунун Ош шаары жана Ош облустук ɵкʏлчʏлʏгʏнʏн адистери менен биргеликте билим берʏʏ, кызмат адамдарынын жана калк арасында окутуу жана практикалык иш-чаралар ар дайым жʏргʏзʏлʏп келʏʏдɵ. Тактап айтканда,  жалпы 8209 адам окутулду.

-Кадр саясатын жʏргʏзʏʏдɵгʏ жетишкендиктер?

-КР нын ƟКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ишмердʏʏлʏгʏн жогорулатуу максатында штаттык ырааттамасына ɵзгɵртʏʏ-толуктоолор киргизилди;

— Тʏштʏк Корея Республикасына (KOIKA уюму тарабынан) жогорку башкармалыктын макулдашуусу менен ɵрт коопсуздугу программасы боюнча ɵздɵрʏнʏн тажрыйбасын ашыруу максатында ɵрт ɵчʏрʏʏчʏ куткаруучулар иш-сапарга жиберилди;

— Аскер кызматчыларынын чет тили боюнча билимин ɵркʏндɵтʏʏ максатында Республикалык ɵзʏнчɵ куткаруу отрядынын окуу борборунун базасында англис тилин окутуу боюнча курстар уюштурулду;

— Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин 2021-жылдын 18-мартындагы № 189 жана 2022-жылын 14-июнундагы № 594 буйруктарына ылайык башкармалыктын аскер кызматчыларын жана ɵрткɵ каршы-куткаруу бɵлʏктɵрʏндɵгʏ эркин жалданган кызматчыларын, моралдык жана иш сапаттарына обьективдʏʏ баа берʏʏ, алардын ɵнʏгʏʏгɵ жана кызматта карьералык кɵтɵрʏлʏʏгɵ мотивациясын жогорулатуу жана кадрдык потенциалын пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле кадрлар резервин тʏзʏʏ максатында аттестация ɵткɵрʏлдʏ. 

Кошумча белгилей кетсем, демɵɵрчʏлɵрдʏн жардамы  менен 2 075 900 сом акча каражатына ɵздʏк курамга  шарт тʏзʏʏ максатында ар тʏрдʏʏ жумуштар аткарылды. Алар: 20 жылдан бери оңдолбой  келген башкармалыктын жана №13 ɵрттɵн куткаруу бɵлʏгʏнʏн жылытуу системалары алмашылды, 2 даана аба муздаткычтары, 2 даана тʏстʏʏ принтерлер, 3 даана кресло алынып, 14 даана пластикалык терезе коюлду. Мындан сырткары 3 КАМАЗ щебень демɵɵрчʏлɵр тарабынан сатып алынды.

-Техникалык жабдыктардын абалы кандай?

   -Биздин башкармалыкка бɵлʏнгɵн 6 КАМАЗ 65115  ʏлгʏсʏндɵгʏ, 7 ХОВО ʏлгʏсʏндɵгʏ ɵрт ɵчʏрʏʏ автоунаалары, 1 АКП 54 автошаты жана 2 авариялык куткаруу автоунаалар  келип материалдык базабыз 100 пайызга жаңыланды.

Аталган техникалар менен кошо бардык ɵрт-техникалык шаймандары комплект болуп  толук камсыздалган.

Жалпысынан ƟКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы 16 бирдик  техникалар менен жаңыланды.

-Кɵйгɵйлʏʏ маселелерди атап ɵтсɵңʏз…

-Ош шаарынын аймагында кооптуу аймактарда жана кооптуу кɵп кабаттуу ʏйдɵ жашаган жарандарды коопсуз аймакка кɵчʏрʏʏ маселеси турат. Ош шаарынын аймагын аралап ɵткɵн каналдардын жээгинде жакын жайгашкан турак ʏйлɵрдʏ суу жеп кетʏʏ коопсуздугун камсыздоо ʏчʏн алдын ала чараларды кɵрʏʏ зарыл.

Муниципалдык аймактык башкармалыктарга караштуу ар кварталдардын ичиндеги ички ирригациялык арыктарды казып тазалоо зарыл. Кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн айланасында жана базарларда орнотулган тосмолорду алуу менен ɵрт ɵчʏрʏʏчʏ авто унааларга жол ачып, шарт тʏзʏʏ абзел. Ɵрткɵ каршы суу булактарына (гидрант) оңдоп-тʏзɵɵ иштерин жʏргʏзʏʏ. №12 жана №13 Ɵрткɵ каршы куткаруу бɵлʏктɵрʏн аймактарын  асфальттоо. Электр энергиясы менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыздоо ʏчʏн генератор алуу. Жаңы ɵрт ɵчʏрʏʏчʏ автоунаалары пайдаланууда болгон ɵрт имараттар (гараж) 1970-1980-жылдары  курулган. Ошол убакта курулган  ɵрт имараттар ошол кездеги ɵрт ɵчʏрʏʏчʏ автоунааларга ыңгайлуу болуп салынган. Азыркы учурдун талабы, кɵйгɵйлʏʏ маселеси ɵрт ɵчʏрʏʏчʏ автоунааларды  жогорку деңгээлде сактоо, кармап туруу ʏчʏн заманбап ɵрт имараттарын куруу (гараж) зарылдыгы бар.