8 сентября, 2024

Мажʏрʏм тал кайрадан Оштун символу болот

Адам баласы жаралгандан баштап эле табият менен тыгыз байланышта жашаган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ адам менен жаратылыштын ɵз ара алакасы экологиялык глобалдуу маселелерге айланды. Ош байыркы шаар болгонуна карабай жыл ɵткɵн сайын кулпуруп, жашарып келет. Бирок, ошону менен катар экологиялык маселелер да курчубай койгон жок. Бул жаатта тиешелʏʏ адамдарга собол салдык.

“Оштогу кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын директору  Абайнур Большевиков:

“Абаны тазалай турган жазы жалбырактуу дарактарга басым жасайбыз”

-Шаарда экология маселеси курчуп жатканына байланыштуу биз дагы экологияны жакшыртуу максатында бак-дарактарды, бадалдардын кɵчɵттɵрʏн кеңейтип эгʏʏ боюнча аракеттерди кɵрʏп жатабыз. Эскилиги жеткен дарактарды алып, ордуна шаарга кɵрк берʏʏчʏ, абаны тазалоочу жашыл дарактарды тигʏʏ пландарыбыз бар. Жалпылап айтканда, 1500дɵй дарактын тʏрлɵрʏ, андан сырткары 15 миңге жакын ар тʏрдʏʏ бадалдардын тʏрлɵрʏн эгебиз. Учурда Ленин жана Курманжан Датка кɵчɵлɵрʏндɵгʏ дарактарды жаңылоо боюнча долбоор болуп атат. Себеби, бул кɵчɵлɵрдɵгʏ дарактар буга чейин туура эмес каралгандыктан, кɵпчʏлʏгʏ ооруга чалдыгып, башка дарактарга зыяны тие баштаган. Мэрдин дагы жолду кеңейтʏʏ, жол боюндагы дарактарды алмаштыруу планы бар. Буюрса, ошол пландар ишке ашып, тиешелʏʏ кызматтар менен макулдашуу болуп калса, Навои кɵчɵсʏнɵн Абдыкадыров кɵчɵсʏнɵ чейинки кɵрксʏз болуп калган дарактардын ордуна жаңы кɵчɵттɵрдʏ эгели деп турабыз. Дарактарды эгип баштоо мезгили келди. Буга чейин кээ бир жерлерде ооруган же куурап калган, сынган дарактардын ордуна жаңы кɵчɵттɵрдʏ  эгʏʏ иштери жʏргɵн. Ал эми жазы жалбырактуу дарактарды 10-мартка чейин эгебиз деп турабыз.

Кɵпчʏлʏк жактан айырмаланып гʏлдɵрдʏ, дарактардын тʏрлɵрʏн ɵзʏбʏздʏн бакчаларда, кʏнɵсканаларда даярдайбыз. Шаарга эгилген гʏлдɵрдʏн 99 пайызын биздин жумушчулар  кʏнɵсканада ɵстʏрʏшɵт. Гʏл уруктарын алуу ʏчʏн гана чет ɵлкɵлɵргɵ буюртма беребиз. Андан сырткары бакчада туя, арча, кайың, каштан, эмен, клён сыяктуу кɵптɵгɵн дарактын тʏрлɵрʏ даярдалып жатат. Кɵпчʏлʏгʏ шаарга эгʏʏгɵ 1-2 жылда даяр болот.

Калаада  кара жыгач, каштан, чынар терек сыяктуу дарактын тʏрлɵрʏ кɵп. Арча, туялар да ɵсɵт. Шаар мэриясы менен биргеликте жаңылык боло турган дарактардын ɵзгɵчɵ кɵчɵттɵрʏн алып келип, кыйыштырып кɵбɵйтʏʏ боюнча иш алып баруу ниетиндебиз. Ийне жалбырактуу дарактардын фотосинтези аябай тɵмɵн деңгээлде болгондуктан калаанын ичине эгʏʏ кɵп пландалбайт. Ошондуктан мындан ары фотосинтезди жакшы жʏргʏзʏп, абаны тазалай турган жазы жалбырактуу дарактарга басым жасайбыз. Алардын бир топтору биздин бакчаларда даярдалат.

“Мажʏрʏм талды дарыянын жээктерине гана эгʏʏгɵ болот”

-Мурда Ак-Буура дарыясын жээктей кеткен кɵчɵлɵргɵ мажʏрʏм тал эгилген. Алардын мɵɵнɵтʏ жеткендигине байланышнтуу кɵп мажʏрʏм талдар жок болуп кетиптир. Быйылкы жылы Ак-Буура дарыясынын жээгине миңге жакын мажʏрʏм талга орундар даярдалды. Учурда кɵчɵттɵр даярдалып жатат. Дарак эгʏʏ мезгили келгенде мажʏрʏм тал эгилет. Мажʏрʏм талды шаардын башка кɵчɵлɵрʏнɵ эгʏʏ агрономдор тарабынан сунушталбайт. Анткени, дарактын бул тʏрʏ ширени кɵп бɵлʏп чыгаргандыктан, шамал аркылуу башка дарактарга жукса, ал дарактардын да ɵсʏʏсʏ бир топ оор болуп калат. Ооруга чалдыгып, куурап калышы да мʏмкʏн. Ошондуктан дарыянын жээктерине эгʏʏ туура чечим.

“2 миллионго жакын гʏл эгилет”

-Быйылкы жылы да шаарга  30га жакын гʏлдʏн тʏрʏ этабы менен эгилет. Ошко келген чет элдиктер ɵзгɵчɵлʏк кʏтʏшɵт. Гʏлдɵрдʏ 3 этапка бɵлʏп эгебиз. Гʏлдɵɵ мɵɵнɵтʏ 2-3 ай болот. Ошондуктан этапка бɵлʏп эгʏʏ адатка айланган. Шаардын аянты, техникалык карта кеңейип жатканына байланыштуу быйыл гʏлдɵрдʏн санын 2 миллионго кɵбɵйтʏп эгебиз. Гʏлдɵрдʏн эң жакшылары, башка мамлекеттерде эгилип жаткан кооз гʏлдɵрдʏн баары кʏнɵсканаларга биздин жумушчулар тарабынан ɵстʏрʏлʏп, даярдалууда.

“Шаарды дарак менен камсыздоого чамабыз жетет”

-Негизги кɵчɵлɵрʏндɵ дарактар кɵп. Бирок айрым биздин техникалык картабызга кирбеген кɵчɵлɵргɵ эге албай калабыз. Шаар башчысынын айтуусунда кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн арасында ирригация маселеси каралат. Бул план ишке ашып калса, кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн арасына да кɵчɵттɵр эгилет. Дарак менен камсыздоого чамабыз жетет. Бирок, эккенден кийин аны кароо, сугаруу иштери маселе жаратат. Кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн алдылары биздин ишканага карабайт. Аймактык башкармалыктарда кɵрктɵндʏрʏʏ боюнча адистери караш керек. Алар караш керек деп биз экпей коё албайбыз. Бирок, ʏйдʏн алдыларын мыйзамсыз тосуп алгандар же дарак эгʏʏчʏ жердин астында ар кандай тʏтʏктɵр бар болуп чыгат. Ушул сыяктуу себептер менен эгилбей калып жаткан жерлер да кɵп. Дарак эгилип, бирок кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн айланасына арык казып, суу чыгаруу да оор маселе. Ал эми челектеп сугарууга кызыкдар адамдар аз. Аймактык башкармалыктарга ирригация маселелерин бирге карап чечели деп жатабыз. Эгерде маселе чечилип, кɵчɵт керек болсо камсыздап беребиз.

Абдижапар Аккулов, эколог:

“Шаардын экологиялык абалы аябай оорлоп кетти”

-Ош шаарында 35 жылдан бери туруктуу жашаган жаран катары, экология багытында адис катары шаардын экологиялык абалы аябай оорлоп кетти деп айта алам. Бир топ себептер, факторлор бар. Биринчиси – шаар калкынын ɵсʏшʏ, ошого жараша турак-жай массивдеринин горизанталдык да, вертикалдык багытта да кеңейиши. Автотранспорттун саны аябай кɵп. Шаардагы атмосфералык абанын булганганы бʏгʏнкʏ кʏндɵ аябай сындай турган абалга келип калды. Билинбегени менен кыш мезгилинде турак-жайы кɵп конуштарда ʏйлɵрдʏ жылытуу ʏчʏн негизинен кɵмʏрдʏ пайдаланабыз. Автотыгындар кɵп. Алардан чыгып жаткан кɵмʏр кычкыл газынын кɵлɵмʏ аябай чоң экендигин адистер дагы айтып келишет. Статистика кɵрсɵтʏп жатат. Баары келип абанын булгануусу элдин саламаттыгына тʏздɵн-тʏз таасир этет. Оорулуулар кɵбɵйдʏ. Булганган абада жашоо ɵтɵ тобокелчиликтʏʏ. Абаны тазалоодо бирден бир роль кɵбʏрɵɵк жашыл массивдерде, жашыл бактарда. Тилекке каршы, жашыл массивдердин абалы жылдан жылга начарлап баратат. Ɵзгɵчɵ 90-жылдардын этектеринен баштап шаардагы кең кɵчɵлɵрдɵгʏ бак-дарактарды туура эмес ɵстʏрʏʏнʏн натыйжасында бʏгʏн Оштогудай токолдонгон дарактар башка жерде жок. Акыл-эстʏʏ адам мындай жасабаш керек эле.

“Мажʏрʏм талды башкы дарак тʏрʏ катары колдонууну сунуштайм”

-Ош шаарында 5-10 дарактын тʏрʏн айтып эле токтоп калабыз. Тал-теректи тааныйбыз, чынар терек, кайрагач, клен деген дарактар бар. Жакшы ɵнʏгʏп жаткан шаарларда дарактардын тʏрлɵрʏ 100дɵп саналат. Бул багытта терең иштеп чыккан программа болуш керек. Оштун Сулайман тоо, Ак-Буурасы дарыясы, мажʏрʏм талы шаардын символундай болчу. Ак-Бууранын абалы бʏгʏн кандай экенин баарыбыз билебиз. Туура эмес реконструкциянын айынан дарыя жээктери таптакыр жылаңачтанып, дарактардын кыйылышы табигый келбетин ɵзгɵртʏп салды. Эми ошончо нерсени кайра калыбына келтирʏʏ боюнча дагы мэрдин дагы мажʏрʏм талды кеңири пайдалануу ою бар экен. Ош шаарынын жашылдандыруу чарбасынын бакчасында гʏлдɵр ɵстʏрʏлɵт.  Эми дагы кɵп жылдык дарактарды ɵстʏрʏʏнʏ колго алыш керек. Мажʏрʏм талды башкы дарак тʏрʏ катары колдонууну сунуш кылат элем.

Ош шаарынын тургуну Абдыкалык Матраимов:

“Жол бою кɵрктɵнʏп турсун деп 25 тʏп арча эктим”

-Жол боюна арчаларды пандемия башталарда эккен элем. Быйыл 4 жылдык болуп калды. Ɵзʏм аскердик кызматтан пенсияга чыккандан кийин жашылдандыруу тармагында иштедим. Кийин ооруп Россияда, Ɵзбекстанда дарыланып жʏрдʏм.  Ал ɵлкɵлɵрдɵгʏ аскердик бɵлʏктɵрдʏн айланасы кандай сонун деп суктанып келгеним бар. Ошондон кийин ɵзʏм жашаган аймакка, жол боюна 25 даана арча эктим эле. Ар бир тʏбʏн 400 сомдон эле сатып алганмын. Анын бешɵɵнʏ жулуп кетишти. Балдарым менен челектеп суу ташып эле ɵстʏргɵнбʏз. Ушу кʏндɵрʏ жакшы ɵсʏп жатат. Жолдун бою кɵрктɵнʏп турсун деген тилек менен арча эккенмин. Мен эккен жерде 1998-жылы эгилген талдар бар. Орундун болушунча деп талдардын арасына эккен элем. Талдын кɵлɵкɵсʏндɵ бир аз жʏдɵп калган жерлери бар. Азыр ал талдар куурап деле калды. Талды алдырып берʏʏ боюнча тиешелʏʏ жерлерге кайрылганмын. Эгер тал алынып калса дагы арча отургузам деген ниетим бар.

Бʏкалча Маматали кызы