27 июля, 2024

Аялга ʏй-бʏлɵ менен жумушту айкалыштыруу оор

Тарых менен бʏгʏнкʏнʏ карап отуруп чын эле кыргыздын кыздары кыйын экенине ынанасың. Yй-бʏлɵлʏк мамилелерди бекем карманган биздин чɵлкɵмдɵ ʏй-бʏлɵгɵ, бала-чакага, мамлекеттик кызматка да жетишип жаткан айымдар бʏгʏнкʏнʏн мыктылары деп айтар элек. 8-март аялдардын эл аралык кʏнʏнɵ карата ар тармакта эмгектенип жаткан энелер менен кызмат жана ʏй-бʏлɵ тууралуу маектештик.

Чинара Айдаралиева – ƟКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Ыкчам нɵɵмɵт кызматынын байланыш тʏйʏнʏнʏн нɵɵмɵтчʏсʏ, улук прапорщик, 4 баланын энеси:

“Бала кезимде аскер кийимдери жакчу”

-2003 — жылдан бери ушул тармакта эмгектенип келем. Жолдошум экɵɵбʏз 4 бала тарбияладык. 3 неберебиз бар. Иштегениме 21 жыл болду. Кесибиң ɵзʏңɵ жаккан болсо, иштɵɵ кызыктуу. Мен кесибим менен сыймыктанам. Жолдошум кызматымды жакшы тʏшʏнɵт, жардам берет, колдойт. Ошол ʏчʏн ага ыраазымын. Эгер кааласаң баарына жетишсең болот экен. Бала кезимде аскер кийимдери жакчу. Аскер кызматкери болуп калдым.  Албетте, менин кесибим мен ʏчʏн кызык. Бул кесипке ɵз тандоосу менен келип иштеген адам ɵкʏнбɵйт.

“112 кызматына балдар тууралуу келген маалыматтар эне катары аябай тʏйшɵлтɵт”

-Мен ʏчʏн кыйын болгон кезди эстесем, биринчи жумушта ооруп отурганым эсиме тʏшɵт. Бизде тумоолоп ооруп калсаң,  ооруган кездеги ɵргʏʏгɵ чыгарбайт. Ошого оорубаганга аракет кылам. Жумушуму жакшы кɵрɵм. Кʏндɵ эрте менен жумушка  “шаарыбыз, элибиз тынч болсо экен” деп Кудайдан тилеп келем. Эне болгон ʏчʏн жаш балдар кулптанып калса, ɵспʏрʏм балдар бир нерсе болсо кыжалат болом. Жумушта  “112” кызматынан маалымат тʏшкɵн ɵспʏрʏм балдар тʏндɵсʏ атасынан машинаны сурабай айдап чыгып, каналга тʏшʏп кеткен сыяктуу маалыматтар эне катары аябай тʏйшɵлтɵт. 

Надира Сарыкова – Ош улуттук драма театрынын актрисасы, 4 баланын энеси:

“Yй-бʏлɵлʏʏ аял ʏчʏн театрда иштɵɵ татаал”

-Театрга келгениме 13 жылдын жʏзʏ болду. 2 балам мектепте окуйт, 2 балам бакчага барат. Алардын тамак-ашын жасап кадимкидей эле ʏйдɵ аялмын. Жумушта ɵз жумушум менен алектенем. ʏй-бʏлɵлʏʏ аял ʏчʏн театрда иштɵɵ, деги эле маданият тармагында карьера жасоо абдан татаал, оор. Ошого карабай искусство факультетин бʏтʏрʏп, ɵзʏмдʏн кесибим менен иштеп жатканыма кубанам. Кудайга шʏгʏр, ʏй-бʏлɵгɵ дагы, жумушума дагы, анча-мынча ырдаганга дагы жетишип жатам. Эки жакты тең алып кете алган аялдарга чын жʏрɵктɵн суктанам, сыймыктанам. Айрыкча маданият чɵйрɵсʏндɵ карьера куруу аял киши ʏчʏн ɵтɵ кыйын. 

“Кɵптɵгɵн образдарды жаратууда жолдошумдун кабак-кашын карайм”

-Кɵптɵгɵн образдарды жаратууда эң башкысы жолдошумдун кабак-кашын карайм. Кандай кабыл алат экен деген кыжалатчылык болот чынында. Сахнадагы ролдорумду жолдошум кандай кабыл алышын билбейм (кʏлʏп). Бирок жумушума ɵтɵ деле кийлигише бербейт. Анын чɵйрɵсʏ, кызматы такыр башка тармак болгондуктан кээ учурда “ушул жумуштан чыксаң жакшы эле” дегендей сɵздɵрдʏ айтып калат. Театрда аздыр-кɵптʏр образдарды жаратып, ордум болгон ʏчʏн, кесибим менен иштегенди каалаганым ʏчʏн мен дагы кɵгɵрʏп иштеп келатам. Ийгиликтерге жетишип, сыйлыктарды алган кездерде жолдошум сʏйʏнʏп калат. Кээде борбордон сыйлык ыйгарып, аны барып алып келʏʏ керек болгон кездерде ɵзʏ эле дароо билет алып коёт. Ɵзʏмɵ айтпаса дагы ичинен жакшы эле кɵз карашта. Театр жаман нерсе эмес. Адамдардын жан дʏйнɵсʏн, ой-кыялын агартуучу ордо болгону ʏчʏн тʏшʏнʏʏ менен кабыл алат. Кээде башкалардан артисттер жɵнʏндɵ пикир угуп калса, “адамдар кызык, артист десе эле башкача ойлонушат экен” деп калат. Муну жолдошумдун колдоосу деп билем. Ошол колдоо менен иштеп келатам.

Бактыгʏл Жантаева – Ɵзгɵн райондук электр тармактар ишканасынын улуу диспетчери, 3 баланын энеси:

“Энергетика тармагы кесибин сʏйгɵн аялга оор эмес”

-2008-жылдан бери Ɵзгɵн райондук электр тармактар ишканасында улуу диспетчер кызматын аркалап келатам. Быйыл 16 жылдын жʏзʏ болду. Кесибим – инженер-энергетик. Адам ɵз кесибин сʏйсɵ, бул иштин аял киши ʏчʏн да оорчулугу жок. Кесибин сʏйгɵн адамга иштин оору болбойт деп ойлойм. Энергетика системасын мектепте физикадан окуп, ɵтɵ кызыгып калгандыктан оңой эле болду. Мектепте багытым физика-математика болгондуктан, физиканы аябай жакшы окуганмын. Жогорку окуу жайында да кайра физиканы улантып кетʏʏнʏ туура таптым. Окууну бʏткɵн жылы жумушка кɵп нерсени тʏшʏнбɵй эле келгенмин. Ошол кезде ʏйрɵтʏп, алдыга жетелеген инсандар болгон. Алардын аркасы менен жакшы тажрыйба алып иштеп кеттим.

“Жаан-чачында ызы-чуу болуп иштеп жатсаң, “эмне кылып отурасыңар” деп чалгандар болот”

-ʏй-бʏлɵм жакшы кабыл алат. “Иштеген ишиң жакшы, ɵзʏңдʏн сʏйгɵн кесибиң” деп ар тараптан колдоо кɵрсɵтʏп турушат. Кээде балдарың ооруп калат экен, башка иштериң чыгып калат. Ошондой кездерде эле оор болбосо, мага бул ишти ʏй-бʏлɵ менен биргеликте алып кетʏʏнʏн оорчулугу сезилбейт. Ишимди аябай жакшы кɵрɵм. Энергетика системасы биздин келечегибиз, Кыргызстандын байлыгы деп ойлойм. Энергетика тармагын ɵнʏктʏрʏʏгɵ салым кошсом деген жакшы тилектерим бар. Ɵмʏрдʏн кɵп убактысы иште ɵтɵт экен. Бизде кɵбʏнчɵ жаан-чачын жаап, аба ырайы бузулган кездерде аябай катуу иш болот. Балдардын баарын авариялык кɵчɵлɵрдɵгʏ линияга салып коюп, бул жактан команда берип ызы-чуу болуп иштеп отурган кʏндɵрʏ да кээ бир абоненттер чалып: “эмне кылып отурасыңар, кыйратып атасыңарбы, светти жандырбайсыңарбы” деп уруша кетишет.

Жазгʏл Аданбаева – врач, акушер-гинеколог, 4 баланын энеси:

“Кудайдын берген кереметин ар бир эне кɵкʏрɵгʏнɵ кысып чыкса, биз ʏчʏн жеңиш”

-ʏй-бʏлɵлʏʏмʏн. 4 балабыз бар. 3 жашымда врач болом дечʏмʏн. “Р” тыбышына тилим келип-келе элек кезде  “Сары чымчык боломун, сары гʏлгɵ кономун. Эгер апам ооруса, ɵзʏ доктор боломун” деп ырдайт элем. ʏй-бʏлɵдɵ 3 агам, 3 иним бар. Жалгыз кыз болгондуктан атам менен апам врач болушума каршы болушкан. Ординатурага тапшырып жатканда да апам: “кардиолог же пульмонолог бол, бир аз болсо да жеңил, тʏнкʏ кʏзɵттɵрʏ жок” деп аябай суранган. Ага карабай врач акушер-гинеколог болууну тандадым. Аябай жоопкериликтʏʏ кесип, ɵзʏмɵ жагат. Мен жашоодо бардык нерсеге тактык менен караганды жакшы кɵрɵм. Бул кесип мени дагы да чечкиндʏʏлʏккɵ, ишенимдʏʏлʏккɵ ʏйрɵттʏ. Себеби, Кудайдын берген кереметин ар бир эне кɵкʏрɵгʏнɵ кысып чыкса, ошол биз ʏчʏн жеңиш, бакыт.

“Кеткен бойдон 40 саат жоголосуң, ошол жакта эле жашачы деп…”

-Нɵɵмɵткɵ туруу облустук тɵрɵт ʏйʏндɵ аябай оор. Себеби, ал жер ʏчʏнчʏ баскычтагы оорукана. Облустар жана райондордогу эң оор бейтаптардын бардыгы биздин тɵрɵт стационарына жɵнɵтʏлɵт. Нɵɵмɵт учуру оор ɵтɵт. Келип эле уктап кетип калуу деген такыр жок. Жɵнɵкɵй тɵрɵт деген болбойт. Ар нɵɵмɵтʏбʏз – ар бир жашоону сактап калуу.  Жандандыруу бɵлʏмʏндɵ 3-4 оорулууну карап чыгабыз. Жолдошум  башында “кеткен бойдон 40 саат жоголосуң, баланын деле, ʏй-бʏлɵнʏн деле кереги жок. Директоруңдан уруксат алып ошол жерге 2 бɵлмɵлʏʏ ʏй салып берип коёюн, ошол жакта эле жашачы сен”,- деп урушчу. Себеби, нɵɵмɵткɵ эрте менен саат 8де жумушка келип, эртеси кечки 5те чыгабыз. Жолдошумдун 40 саат деп кɵбɵйтʏп айтканы ошондон. Тʏнʏ менен  уктадыңбы, уктабадыңбы, эртеси 5ке чейин иштешиң керек. Убакыттын ɵтʏшʏ менен баары ордуна келди. Азыр мени менен кошо ар бир бейтап ʏчʏн кабатырланат.

“Yй-бʏлɵгɵ жетишип жатсаң кеңири иштей бер дейт”

-Бул жумуш менен ʏй-бʏлɵнʏ бирге алып кетʏʏ кыйын. Кыргызда аял ʏйдʏн куту делет да. Башында ʏй-бʏлɵ менен жумушту алып кетʏʏдɵ бир аз тʏшʏнбɵстʏктɵр болгон. Азыр жакшы тʏшʏнʏп калды. Жолдошум тʏнʏ-кʏнʏ келген чалууларга кабатырланып, оорулуунун абалын менден сурап турат. Азыр балдар да ар тараптуу чоңоюп жатпайбы. Ар бир баланын кызыкчылыгына жараша машыгуу сабактарына алып барам. ʏйʏм таза, даамдуу тамак даяр болсо, балдарым сабактарына, кошумча машыгууларына убагында жетишип жаткан болсо, демек кʏйɵɵмдʏн талабы аткарылганы. “Эгер ушул нерселер так аткарылып, анан жумушуң болсо, анда кеңири иштей бер, алтыным” деп айтат.

Бʏкалча Маматали кызы