27 апреля, 2024

Ветеринар: “Уйдун желини бир сезгенсе айыгуусу кыйын”

“Мал аман болсо эл аман болот” деп акылман элибиз бекеринен айткан эмес. Кʏнʏмдʏк турмушта эт, сʏт азыктарын кенен колдонобуз. Демек, малдын дени сак болуусу маанилʏʏ. Алдыда тɵрт тʏлʏк малдын айрым оорулары, аларды жайлоого даярдоо, вакциналардын этабы жана ветеринариядагы кɵйгɵйлɵр тууралуу кеп кылабыз.

Каныбек Бегиев, Ош шаардык ветеринардык башкармалыктын башчысынын орун басары. 

-Арыбаңыз, алгачкы суроо шаардагы ветеринардык кызмат малды жайлоого даярдоонун биринчи этабын эмнеден баштайт?

-Бар болуңуздар! Шаардын ветеринардык кызматында жалпы мамлекеттик 26 кызматкер бар. Андан сырткары мамлекеттик эмес 16 кызматкер лабораторияда, 5 ветеринардык адис шаардагы мал союлуучу жайда эмгектенет. Ветеринардык алты сервисибиздеги сегиз адис шаардагы тɵрт тʏлʏк малды эпизоотияга каршы, жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу иштерин жʏргʏзɵт. Жыл сайын Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматы Ош шаардык мэриясы менен макулдашып, план бекитип берет. Тагыраагы, 64 позиция берилсе, аны жылкыларды, кара мал, ири мʏйʏздʏʏ, майда жандыктарды, тоокторду, иттерди, аарыларды изилдɵɵгɵ жана жугуштуу ооруларга каршы эмдɵɵгɵ жумшалат. Эмдɵɵ айрыкча жаз-кʏз мезгилдеринде жасалат. Мына март айынан баштап жылкыларды ʏч ооруга, кара малды беш ооруга, ири мʏйʏздʏʏлɵрдʏ алты ооруга, тоокторду эки, иттерди бир ооруга каршы эмдɵɵ башталды. Азырынча эпизоотиялык абал туруктуу. Учурда кара санга, сибирь жарасына, шарпка, кара ɵпкɵгɵ, лептоспироз (сары оорусуна) каршы вакциналар келген. Вакциналарды берʏʏдɵ аралык сакталат. Мисалы, марттын 5-10дорунда сибирь жарасына эмдесек, 14-15 кʏндɵ иммунитет алып калгандан кийин шарпка эмдейбиз. Мына ушундай аралыкты сактап, жайлоого кеткенге чейин малга тийиштʏʏ вакцинасын берип ʏлгʏрʏшʏбʏз керек. Мунун баарын жеке ветеринарлар жасайт. Мамлекеттен вакциналар элге акысыз берилет, жеке ветеринарлар аткарган кызматы ʏчʏн гана акы алышат.

-Кайсы вакциналар мамлекет тарабынан акысыз берилет?

-Ири мʏйʏздʏʏ малга кара санга, лептоспирозго, пастереллезго, жылкыга да лептоспирозго, пастереллезго, кой-эчкиге пастереллезго, тоокторго чумага, ласотага каршы вакцина гана мамлекет тарабынан берилбейт. Жогоруда аталган вакциналарды мал ээлери ɵзʏлɵрʏ сатып алышат. Калганын мамлекет акысыз берет. Антигендер, бруцеллоз, туберкулез, аллергиялык изилдɵɵлɵрдʏ да мамлекет каржылайт. Иттердин эхинококк, альвеококкоз ооруларына каршы жылына тɵрт жолу акысыз дары каралган.

-Фермелерлер кɵпчʏлʏк учурда уйдун желинин жараксыз кылып алышат, мунун себеби эмнеде?

-Мастит же желиндин сезгенишин алдын алуу ʏчʏн бооз малдарга жана сʏт берип жаткан уйларга тоютту туура берʏʏ зарыл. Бооз уйду бир жерге байлап коюуга болбойт, ал тынбай басып туруусу керек. Туугандан кийин да туура азыктандырууну талап кылат. Тону бат тʏшсɵ жакшы, эгер тону тʏшпɵй же кыйлада кармалып тʏшсɵ да желини сезгениши мʏмкʏн. Желинди алгач жылуу суу менен таза жууп, массаж кылып туруп анан саайт. Музоосу канчалык тез-тез эмсе уйдун желинине массаж болот, музоонун да иммунитети жогорулап, бат чоңоёт. Кɵбʏнчɵ сʏттʏʏ уйлардын желини сезгенип мастит болушат. Бир мастит болгондон кийин айыктыруу кыйын. Желини шишийт, кызарат, кызыйт. Союз убагында Россияда башкы ветврач болуп совхоздо кɵп жыл иштедим. Мастит эң кɵкɵйгɵ тийген оорулардан болор эле. Ага катетир саласың, катетирге кошулуп кирген микроб дагы оорутушу мʏмкʏн. 1800гɵ чейин саан уй багылса, кɵпчʏлʏк учурда бир желини жарабай калат же эки желини. Азыр деле ушул кɵйгɵйдɵн улам фермерлердин кɵбʏ уйду союшка тапшырып жиберишет.

-Саан уйларды эртерээк байытып, саабай коюу да мастит кылышы мʏмкʏнбʏ?

-Ооба, эгер сʏттʏʏ уй болсо андан да болушу мʏмкʏн. Негизи уй туурга 2-3 ай калганда байытуу керек. Дароо саабай коюп эмес, акырындык менен эки кʏндɵ бир саап, бара-бара 3-4 кʏндɵ бир саап ушундай процесс менен байытса туура.

-Туура тоют деп калдыңыз, малдын тамак рационун кантип тʏзɵбʏз?

-Малдын тамак рациону ар тʏрдʏ. Мисалы, буканын салмагына карап ɵзʏнчɵ, сʏт берип жаткан уйга, бооз уйга ɵзʏнчɵ тоют каралат. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе, уй бооз болгондон баштап 6-8 айга чейин тоюттун курамы ар кандай болуу керек. Туурга 2 ай калганда силос, сенаж сыяктуу чыктуу тоют бергенге болбойт. Берсе да аз кɵлɵмдɵ берген оң. Уй туурга бир ай калганда жемди токтотуу керек. Туугандан кийин дагы 10 кʏнгɵ чейин жем берилбейт. Уузу тарап сʏт бере баштаганда чыктуу тоют аралаштырса болот.

-Уйлар жем жебей, суу ичпей калган учурда тогуз каты иштебей жатат деп жумуртка, спирт аралашкан суу беришет, бул туурабы? 

 -Кепшɵɵчʏ малдын тɵрт карыны болот. Алардын бири тогуз кат. Жем, от жебей калган учурда ветврач келип алгач малдын абалын байкаштырат. Жугуштуу оорубу же жугуштуу эмес экенин аныктайт. Жугуштуу ооруда температура чыгат. Тогуз каттын катып калуусу кɵбʏнчɵ микроэлементтин жетишсиздигинен улам болот. Экинчиден, жайлоолордо суу аз же алыс жайгашкан учурларда уй жамгырдан соң кɵлчʏктɵн суу ичиши мʏмкʏн. Мында миллиондогон микробдор ашказанга кирип, тогуз каттын иштɵɵсʏндɵ кɵйгɵй жаратат. Андан сырткары малга бир жумада туз берип турбаса туз сурап жердеги целлофан жана башка сиңбеген заттарды жегенде дагы тогуз катка терс таасирин тийгизет. Албетте, малды ɵз алдынча дарылоо кооптуу, ветврачтын кɵрсɵтмɵсʏ менен тийиштʏʏ дарыларды берʏʏ керек.

“Ветеринарларга айлык тɵлɵп берʏʏ зарыл”

-Мал менен иштеген ветеринарларга айлык тɵлɵнбɵйт. Мал ээсинен кызмат акыңы алып, тиричилигиңи кыла бер дегендей мамиле жасалып жатканы ɵкʏнʏчтʏʏ. Кадр жетишсиздиги да ошондон. Азыркы элдин малы менен иштеп жаткан ветеринарлардын эң билимдʏʏсʏ ашып барса техникумду эле бʏткɵн. Жогорку билимдʏʏ ветеринарлар иштебей коюшту. Шаарда мал аз болгон ʏчʏн билинбейт, алыскы райондордо адистер кескин жетишпейт. Айрым учурда мал ээлери дарыларын, вакциналарын ɵздɵрʏ алып барып сайып коюшат. Мисалы, малдын куртуна 100 грамм дары берʏʏ керек болсо, ээси тезирээк таасир этсин деп 150 грамм берип коюшу мʏмкʏн. Бул туура эмес, кийинкиде ал дары таасир этпей калат. Антибиотик сайылгандан кийин 10 кʏндɵн бир айга чейин уйдун организминен чыгып кеткенге чейин анын сʏтʏн ичкенге, этин жегенге болбойт. Сʏтʏн саабай музоосуна коюп берген жакшы. Аны менен чыккан антибиотик адам организмине кескин зыян. Ветеринарлар ишин мыкты аткарса эл таза продукция менен камсыз болот, таза продукция жеген эл оорубайт. Эл оорубаса мамлекетке он эсе пайда эмеспи. Ошондуктан аларга айлык каралуусу зарыл.

“Мал союлганга чейин союлгандан кийинки экспертиза”

-Эпизотиядан башка экинчи милдетибиз бул тамак-аш коопсуздугун сактоо. Санэпидемстанция мекемеси тамак-аш бышкандан кийинкисин кɵзɵмɵлдɵсɵ, бышканга чейинкисин биз кɵзɵмɵлдɵйбʏз. Бизде атайы ветеринардык инспекторлор иштейт. Мамлекет тарабынан формалар берилген. Мал союлгандан баштап ашканага келгенге чейинки процессти контролдошот. Учурда шаарда 6 мал союучу жай бар, ар бирине ветеринар адиси дайындалган. Компьютер жана башка керектʏʏ техникалар менен камсыз болушкан. Мал союлганга чейин биздин адистер алдын ала экспертиза жʏргʏзɵт. Санитардык экспертиза жʏргʏзгɵн тɵрт лабораториябыз иштейт. Ал лабораторияда эт, сʏт, жумуртка текшерилет. Мал союлган жерден лабораторияга этти алдын ала текшерилди деген мɵɵр менен алып келишет. Лабораторияда текшерилген соң сʏйрʏ мɵɵр басылып, текшерʏʏдɵн ɵткɵндʏгʏн тастыктоочу кагаз берилет. Союлган малдын эки бутуна, эки колуна жогоруда айтылган мɵɵр басылып, сатууга илинет. Ашканаларга да ошол мɵɵрʏ менен барыш керек. Мындан сырткары айыпка тартуу укугубуз да бар. 2023-жылы жалпы 446 обьектке буйрук чыгарганбыз, 323ʏнɵ эскертʏʏ берилди, 78 ишкерге кафе, ресторан, эт саткан дʏкɵн, мал союучу жайдын ээлерине айып пулдар салынган.

Айжылдыз Тойчиева