27 апреля, 2024

Арык болуу да, семиздик да маселе

Кортизол адамга эки тʏрдɵ таасир берет. Биринчисин анаболизм, экинчиси катаболизм. Бул экɵɵ бири-бирине карама каршы келет. Анаболизм арыктоо болсо, катаболизм семирʏʏ. Мына ушундай таасирлерден улам адам семирет жана арыктайт. Кɵпчʏлʏк кантип арыктасам десе, айрымдар семирʏʏнʏн аракетин кɵрɵт. Врач эндокринолог, диетолог жана нутрициолог  Тунукай Тагаева бул тууралуу айтып берет.

Адам эмнеден семирет?

-Адам эң биринчи туура эмес тамактануудан семирет. Май болобу, таттуу болобу, айтор, баарын аралаштырып жегендиктен семирип баштайт. Ошонун негизинде кʏнʏмдʏк кетирген килокалориябыздан сырткары, сырттан жеген килокалориябыз кɵбɵйгɵндɵ толуп баштайбыз. Бул ашыкча салмактын бири. Андан сырткары гормоналдык ɵзгɵрʏʏлɵр, организмдин клеткалык деңгээлдеги жетишсиз абалы да таасир берет. Витамин микроэлементтердин жетишпестиги жана ичегилердин микрофлорасынын бузулуусу семирʏʏгɵ алып келет.

Адам эмне ʏчʏн семирбейт?

-Семирбɵɵнʏн дагы ɵзʏнʏн себеби бар. Туура эмес тамактануу биздеги микрофлоранын бузулуусуна алып келет. Ошонун негизинде витаминдер, минералдар, белок, май, ушулардын баарынын абалы начарлай баштайт. Бир гана тамактар эмес, оорулар дагы таасир этет. Мисалы, ашказандын жакшы иштебɵɵсʏ же ɵттɵ кɵйгɵйдʏн болуусу, ушул сыяктуу эле уйку безиндеги ферменттердин дагы бузулуусунун начарлыгынан тамак-аш жакшы сиңбей калат. Мунун негизинде адам арыктап кетиши мʏмкʏн.

“Салмак таштоодогу эң биринчи кадам – адисти туура тандоо”

— Салмак таштоо бул аябай эле кɵп убакытты талап кылат. Витаминдерди толуктап, гормондорду, организмдин абалындагы системаларды теңдɵɵ ʏчʏн нормадагы салмакка жеткенге чейин адистин  кɵзɵмɵлʏндɵ болуш керек. Жакшы жыйынтыкка акырын келе жатып адис менен байланышты ʏзʏʏ дагы оң жыйынтыкка алып келбейт. Туура эмес тамактануу же туура эмес дарыларды ичʏʏ болуп калса, мунун баары ден соолукка залакасын тийгизбей койбойт. Ошондуктан  адисти туура тандаш керек деп ойлойм. Арыктоонун негизги адистери диетолог, эндокринолог жана нутрициолог. Эндокринолог гормондорду баланстаса, диетолог жеген тамакты тууралайт. Ал эми нутрициолог жетишпеген витаминдерди толуктап, тамак сиңирʏʏ системасын жакшыртуучу кеңештерди берет.

“Алдамчылар кɵбɵйдʏ…”

-Азыркы учурда арыктатуучу адистер аябай эле кɵп. Соцтармактан баракча ачып алып, ойго келгис жыйынтыктар менен бɵлʏшʏп, сʏрɵттɵрдʏ жайгаштырып коюшкан. Ал сʏрɵттɵргɵ пикир калтырайын десең аны да жаап коюшат. Жадакалса билими жок, эч нерсени тʏшʏнбɵй, аныгын билбей туруп эле элди алдагандар кɵбɵйдʏ.

“Дары ичип, арыктоодон сак болуңуз”

-Тилекке каршы, азыр жарнамаларды кɵп чыгарып калышты. Ошонун негизинде ар кандай арыктатуучу дарыларды ичип, реанимацияга чейин тʏшʏп калгандар жок эмес. Мындай каттар мага аябай кɵп келет. Кɵп адамдар бул нерсени айтуудан намыстанышат. Ошол ʏчʏн дагы айта албай калып кеткендер кɵп. Жадагалса арыктайм деп ɵлʏп калгандар дагы болот. Алардын кɵбʏн биз билбей  же укпай калабыз. Ошондуктан эч качан дары-дармек менен арыктайм деп ойлобош керек. Ал дарылардын курамында эмне бар, кандай нерселер кошулган, чындыгында тʏшʏнʏксʏз. Мындай дарыларды ичʏʏ организмге ɵтɵ  зыян.

“Тамакты  тыйсаң эле арыктайсың дешет”

-Ачка жʏрʏп, минералдык витаминдер жетишпеген абалга тʏшʏп калсаң, организм андан бетер минералдар жетишпей, алсырай баштайт. Ошол ʏчʏн сɵзсʏз тʏрдɵ тамакты калтырбай убагында ичʏʏ керек. Болгону туура тамактанганды билʏʏ жетиштʏʏ.

Дарыгерлер арыктатуучу дарыларды ачык сунуштабайт. Себеби дарынын уйку безди талкалап,  боорго, бɵйрɵкɵ зыян болоорун билишет. Бирок бизнес, акча кɵздɵɵ менен сатып жаткан айрым врачтар да болушу мʏмкʏн. Атайын зыяны жок арыктатуучу, врачтын гана кɵзɵмɵлʏндɵ иче турган дарылар болот. Аларды 100 пайыз кепилдиги менен дарыгер кардардын абалына карата ɵздɵрʏ жазып беришет. Кан басымы бар адамдарга дагы болбойт. Хит болуп жаткан, жарнамалоо менен сатылган дарыларды эч убакта ичʏʏгɵ мʏмкʏн эмес. Жʏрɵк, кан тамыр оорулары бар, калкан безинде кɵйгɵйʏ бар адамдарга дагы чоң зыян.

“Арыктатуучу чайлар тʏгɵнгɵндɵ кайра семире баштайсыз”

-Белгилʏʏ болуп жаткан матча чайлар организмдеги пайдалуу суулардан бери чыгарып, адамды арыктатат. Бирок ал дары бʏткɵндɵн кийин кайра эле клеткалар сууну толтуруп, семирʏʏгɵ алып келет. Мындай дары- дармек, чайлар аппетитти бууп коет. Мээге таасир бергендиктен адамдын жʏрɵгʏ лакылдап, кан басымы кɵтɵрʏлʏʏсʏ мʏмкʏн. Оозу кургап уйкусу качып, ушундай бир жаман абалга алып келет.

Кандай адамдар кɵп арыктайт?

-Канча арыктагысы келген адамдар болсо, ошондой эле семирʏʏнʏ каалагандар дагы бар. Бул деле тамак сиңирʏʏнʏн бузулуусунун системасында. Ичегилердин микрофлорасы бузулуп, дайыма стрессте жʏргɵндɵр кɵп арыктайт.

“Арыктоо эң узак дарыланууну талап кылган процесс”

-Арыктоо бул салмак кошууга караганда кыйла эле жеңил. Салмак кошуу бул аябай эле кɵп убакытты талап кылат. Кɵп убакыт чыдап, кыйынчылык болсо дагы врачтардын кɵзɵмɵлʏндɵ жʏргɵндɵр гана эң жакшы жыйынтыкка жете алат.

Эгер адамдын бою 1.60 болуп, салмагы 105 килограмм болсо, 45 килограммды кʏнʏ- тʏнʏ ташып жʏрʏʏ бул ден соолук ʏчʏн чоң зыянга алып келет. Эң чоң зыян бут оорунун пайда болушу. Кан тамыр системасына дагы кɵйгɵй жаралып, жʏрɵк ооруга да алып келиши мʏмкʏн. Арыктоо бул адамды стресстен арылтып, бут оору сыяктуу кɵйгɵйлɵрдʏ жок кылат.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы