27 апреля, 2024

“Yч кʏндʏк даават – ʏйрɵнʏʏ ʏчʏн, ʏйрɵтʏʏ ʏчʏн эмес”

Ар бир нерсени ʏйрɵнʏʏдɵ адиске гана кайрылабыз. Ал эми диний тармактын адистери кимдер, дааватчыларбы же билими бар дин кызматкерлериби? Динди таратууда даават маселесин коом кандай кабыл алып жатат? Аялдардын дааваты деген эмне? Айрым пикирлерди угуп кɵргɵнбʏз.

Эркин Абдыразаков, элдик курултайдын тең тɵрагасы.

“Билимсиз жаштарды ар кандай багытка тартып кетʏʏ мʏмкʏн”

-Акыркы кезде аялдардын диндеги ролу деген тема байма-бай кɵтɵрʏлʏп келе жатат. Даават маселесине каршы эмесмин, бирок каада-салтыбызга, менталитетибизге келе турган болсок, аялдын жанында кʏйɵɵсʏ болсо гана башка жакка чыгып келсе болот. Мамлекеттик бийлик ɵкʏлдɵрʏ, дин кызматкерлери, аялдар кеңеши менен биргелешип жер-жерлерде, окуу жайларда жыйындарды ɵткɵрʏп, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзсɵк жакшы болот эле. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ коомдо аялдардын эч кандай лицензиясы жок диний окууларда окуган сыяктуу негативдʏʏ иштер кетип жатканын билебиз. Ал жерде же диплом бербесе. Сертификат ыйгарат экен, сертификат аларга жумушка орношуп, акча таап же бир ишкердик жʏргʏзгɵнгɵ мʏмкʏнчʏлʏк бербегени ɵкʏнʏчтʏʏ. Алардын мектепте окуп, жогорку окуу жайга тапшырып, бир адистин ээси болуусуна шарт тʏзʏʏ жагынан ишти баштаганыбыз туура. Кыргыз дɵɵлɵтʏ, кыргыздын нарк-наасили, тил, маданияты деп айтып жатабыз, бул боюнча президенттин жарлыгы да бар. Ушунун алкагында эле келечекте эне боло турчу кыздарды жакшы билимге ʏгʏттɵгɵнʏбʏз оң. Эгер билим болбосо аялбы, эркекпи ар кандай багытка тартып кетʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ жогору болот. Мисалы, азырга чейин Сириядан бала-чакасы менен кеткен аялдарды алып келʏʏ иштери жʏрʏп жатпайбы. Ушундай иштерге кириптер болбосу ʏчʏн, башка кʏчтɵр пайдаланып кетпɵɵсʏ ʏчʏн этият болуубуз абзел. Мамлекет да ɵз жарандарын коргоо багытында алгылыктуу иштерди алып барса деген пикирдемин. Аялдардын ɵз алдынча дааватка чыгып кетʏʏсʏнɵ эч кандай зарылчылыктар жок. Эркектер барса барып келсин, болгону аларды да башка кʏчтɵр пайдаланып кетпегидей кылып. Мамлекетке пайда келтире турган адистике ээ болуу, аскерге баруу, ишкердик менен алектенʏʏ багыттары бар мына ушулардын бирин жасабай жаштардын динге берилип кетʏʏсʏнɵ карамайынча каршымын. Бул багытта баарыбыз чогулуп, бирдиктʏʏ саясатты алып барып, жаштарга туура багыт беришибиз керек.

Абдималик Турсунбеков, Ош облусунун казысынын орун басары.

“ʏйʏндɵ шарты болбосо, балдары кароосуз калса дааватка уруксат эмес”

-Даават бул жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу. Ар бир момун мусулманга парз. Даават кылганда колдон келишинче илим менен жакшылыкка чакыруу керек. Динди жайылтуу, динди жеткирʏʏдɵ даават кеңири тʏшʏнʏккɵ ээ. Азыркы дааватчылардын иш-аракетинен сырткары, бирɵɵ жʏрʏм-туруму менен даават кылат, бирɵɵ телеге чыгып же социалдык тармактар аркылуу, башкасы китеп жазып даават кылуусу мʏмкʏн. Мисалы, мечитте иштеп жаткан имам балдарга сабак берип, жума кʏнʏ жума баяндарын жасоосу даават. Муфтиятта, казыятта иштеп жаткандардын иштери да даават. Мисалы, фатва бɵлʏмʏ урушкан адамдарды жараштырып, талак маселелерин карайт, муну да даават катары кароого болот. Пайгамбарыбыздын убагында дааватчылар ʏйлɵрдʏ кыдырып, мечитке чакырып, мечиттен динди жеткирʏʏгɵ аракет кылышкан.

Аялдардын дааватын мастурат жамаат деп коет, махрамдары менен чыгуусу керек. Тагыраагы, жанында коштоп жʏргɵн кʏйɵɵсʏ же ага-инилери болуусу шарт. Эркектер мечитте ибадат кылса, аялдарды айыл тургундарынын ʏйлɵрʏндɵ кабыл алышат. Кʏйɵɵлɵр аялдары менен 3 кʏндʏк, 15 кʏндʏк, 40 кʏндʏк дааватка чыгышат. Эгер ʏйдɵ жаш балдары болсо, аны ишенимдʏʏ туугандарына таштоо зарыл. Эгер шарты жок болсо дааватка уруксат эмес.   

Дааваттагы алты сыпат

-Динден таптакыр кабары жок адамдар ʏч кʏнгɵ ʏйрɵнʏʏ ʏчʏн дааватка чыгышат. Ал жерде куран окууну, дубаларды ʏйрɵнʏшɵт. Дааваттын ɵзʏнɵ тиешелʏʏ алты сыпаттары бар, ошолорду жатташат. Алты сыпат кудайды таануу, намаз окуу, сʏрɵɵлɵрдʏ, илим-зикир, ар бир мусулмандын акысын берʏʏ, калыс ниеттʏʏлʏктʏ ʏйрɵтɵт. Демек, ʏч кʏнгɵ дааватка чыккандар башкаларды ʏгʏттɵɵгɵ эмес, ɵзʏлɵрʏ ʏйрɵнʏʏгɵ барышат. Кɵп чыгып, кɵбʏрɵɵк илим алганда гана башкаларга ʏйрɵтсɵ болот. Дааватчыларда кɵчмɵ медресе деген тʏшʏнʏк бар. ʏч кʏнгɵ бир мечитке барып окушат. Андан кийин 40 кʏнгɵ 4 айга чыкса болот. Чыгып баратканда азык-тʏлʏк чыгашасын эсептеп, даярданып барышат. ʏй-бʏлɵсʏнɵ да азык-тʏлʏктʏ камдап коюп чыгуусу керек. Ушул жаатта дааваттын шарттарын толук тʏшʏнбɵй, кемчилик кетирип жаткандар да жок эмес.

Ирсалат Базиева, шаардын ардагери.

“Дааватка чыкканда кийим менен да ʏлгʏ болуу керек”

-Негизи даават оңолуу, тʏзɵлʏʏ деген. Дааватка чыкканда жакшынакай ак жолуктарын салынып эле чыгышса, кара чʏмбɵт кыргызда болгон эмес, кийим менен да ʏлгʏ болуу керек. Аялдар эле эмес, эркектер да ак калпагын кийип, кʏнʏмдʏк турмуштагыдай окуу жайга же мекеме, ишканаларга кийингендей эле барышса болот деп ойлойм. Мыйзам чегинде, диндин башка агымдарына буруп кетпей, диний билими барлар даават кылганы дурус. Бир эле динди эмес, ʏй-бʏлɵнʏ сыйлоону, коомдо ɵзʏбʏздʏ адептʏʏ алып жʏрʏʏнʏ, мамлекетке пайда келтирʏʏ жактарын да кошо айтса болот деп ойлойм. Ɵзʏбʏздʏн улуттук кийимдерди кийип, дин тутууда улуттук баалуулуктарды эстен чыгырбай, жаштарга туура тарбия берʏʏгɵ эмнеге болбосун. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе дааватка чыкканда муфтияттын уюмдары, аялдар кеңеши, жогорку жакта иштеген илимдʏʏ-билимдʏʏ аялдар бар, ошолор менен биргеликте иш алып баруу керек. Ɵз алдынча топтолуп алып шаардагы кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏ, жер ʏйлɵрдʏ кыдырып даават кылам десе баары эле жакшы кабыл албоосу мʏмкʏн.

Айжылдыз Тойчиева