27 апреля, 2024

“Мʏрзɵ ʏчʏн 50 гектар жер каралууда”

Башка нерседеги жетишсиздик менен талаштын орду анча билинбеши мʏмкʏн, бирок мʏрзɵ жетишсиздиги ар бир адамдын тынчын алат. Анткени качан о дʏйнɵгɵ аттанып кетерибизди алдын ала билʏʏ кыйын. Аталган кɵйгɵйдʏн кооптондурган жагы да ошол болсо керек. Шаар аймагында бейит жетишсиздиги тууралуу шаар мэрине эл менен жолугушуу учурунда жарандар тарабынан кɵп берилген суроолордон болду. Былтыр бул боюнча атайын иликтɵɵ даярдаганыбызда “борбордук кɵрʏстɵн бир жылга жетпей толот, жʏз эле орун калды” дешкен. Бул жаатта кандай иштер жасалып жатат, тиешелʏʏ тараптардын жообун угуп кɵргɵнбʏз. 

Эшмамбет Кармышаков, Ош шаардык  мэриясынын чарба жана транспорт бɵлʏмʏнʏн башчысы.

-Атайы мʏрзɵ ʏчʏн жер кайсыл аймактан, качан бɵлʏнɵрʏ кʏтʏлʏʏдɵ?

-Учурда жергиликтʏʏ бийлик Кең-Сай массивинен 50 гектар жерди караштырып жатат. Жыл аягына чейин ушул боюнча иш алып барабыз. Кең-Сайдагы жер даяр десек болот, бирок съемка кылуу, жердин категорияларын аныктоо сыяктуу иштери бар. Мындан сырткары Административдик-аймактык реформанын жʏрʏшʏндɵ шаарга кошулган аймактардан да кʏмбɵзгɵ жер карап жатабыз. Июнь айына чейин бʏтɵт. Учар тарапты ала турган болсок, кʏмбɵздʏн жанындагы жерлердин баары Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵтʏнɵ, тагыраагы, Кара-Суу районуна караган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Тɵлɵйкɵн айылы шаарга ɵттʏ, эми жер бɵлʏʏ жагы да кɵйгɵй болбойт.

-Негизи ар бир МАБда мʏрзɵ болуусу керекпи же баары борбордук мʏрзɵгɵ алып барабы?

-Кʏмбɵздʏ МАБдарга бɵлʏп, бир гана биздин айылдын тургундары коюлушу керек деген нерсе туура эмес. Анда калган шаардыктар каякка алып барат. Борбордук мʏрзɵгɵ бардык шаардыктар кое алышат, ошондуктан бɵлʏп кароого болбойт. Акыры баарыбыз эле ошол эки метр жерге барабыз. Жер мамлекеттин менчиги, шаар жери муниципалдык менчик.

Нурсултан Шакир уулу, Жарандарды тейлɵɵ бюросунун башчысы.

-Шаар аймагында канча мʏрзɵ иштеп жатат?

-Ош шаарында Жарандарды тейлɵɵ бюросуна караштуу жалпы 13 мʏрзɵ бар. Анын ичинен сегизи иштейт, бешɵɵ жабылган. Иштеп жаткандары борбордук кɵрʏстɵн, Эдельвейс, Коргон-Тɵбɵ, Ноомат-Ата, Калинин массиви, Кайырма 1 жана Кайырма 2 кɵрʏстɵндɵрʏ. Толуп калгандыгына байланыштуу Хохлова христиан кɵрʏстɵнʏ, Аг-гɵр, Мажʏрʏм-Тал, Сулайман-Тоонун алдынкы жана арткы беттери жабылган. Негизи жабылган мʏрзɵлɵр акыркы адам коюлгандан 50 жыл ɵткɵндɵн кийин гана рекультивацияга берилет. Учурда иштеп жаткан 50 гектарлык борбордук мʏрзɵ жалпы шаардыкы болуп эсептелинет. 25 гектары мусулман кɵрʏстɵнʏ, 25 гектары христиан кɵрʏстɵнʏ.

-Мʏрзɵ жетишсиздигинен улам айрым шаар тургундары “маркумдун сɵɵгʏн шалкылдатып алыскы райондорго алып барып коюудабыз” деп шаар мэрине кайрылышты эле. Негизи шаарда маркумдар ʏчʏн канча орун калды?

-Мусулман кɵрʏстɵнʏндɵ 500-600 сотыхтын тегерегинде жер калды, христиан кɵрʏстɵнʏндɵ 1,5 гектар бар. Буга чейин Ош шаарынын мэри Бакытбек Жеңишбековичтин протоколдук тапшырмасы берилген. Учурда мʏрзɵлɵр ʏчʏн 50 гектар жер бɵлʏнʏʏдɵ. Бʏт тиешелʏʏ кызматтар жана биздин мекеме ушунун аракетинде жʏрɵбʏз.

-Маркумду мурда каза болгон тууганынын ордуна койгон фактылар да бар, бул орун жетишсиздигинен болобу же адамдардын ɵз каалоосу менен ишке ашабы?

-20-30-40 жыл мурда ɵлгɵн атасынын ордуна уулун же небересин койгону келишет, буга уруксат бар. Казыяттан да фатва чыгарылып берилген. Орун жетишсиздигинен эмес, кɵбʏнчɵ маркумдун  туугандарынын сунушу менен ишке ашырылат.

-Жакыны жок тургундар кайтыш болсо же ɵлʏк канадан дайыны чыкпагандар да шаар аймагына коюлабы?

-Албетте, багары, ʏй-бʏлɵсʏ жок жарандар да бар. Ошол эле учурда ɵлʏк канада 20 кʏн сакталып, дайыны чыкпаган, жакындары издеп келбеген маркумдар тууралуу бизге кабарлашат. Аларды алып келип борбордук мʏрзɵгɵ коюу милдети бизде.

Арыпбек Айтбаев, Ош шаардык Кеңешинин депутаты.

-Бул кɵйгɵйдʏ бир нече жолу сессияда айтып чыккамын. Мэрдин ɵзʏнɵ да жолугуп, маселени тез арада чечип берʏʏсʏн сунуштаган элем. Бирок, мʏрзɵ ʏчʏн жер ажыратылбай келʏʏдɵ. Азыркы кɵрʏстɵн толоруна аз калды. Административдик-аймактык реформанын негизинде кошуна айыл ɵкмɵттɵр шаарга кошулгандан кийин бул маселени жергиликтʏʏ бийлик чечип берʏʏсʏ керек.