• Чт. Ноя 12th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

ЖЕР ТИТИРƟƟДƟГY АЛГАЧКЫ КАДАМДАР КАНДАЙ?

Аватар

Автор:Osh Shamy

Мар 11, 2024

Жер титирɵɵдɵ ɵзʏн алып жʏрʏʏ эрежеси менен таанышып алыңыз. Табият кырсыгынын качан жана кʏчʏ канча болорун так айтуу ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ мʏмкʏн эмес. Андыктан ар дайым баарыбыз сак бололу.

— Эгерде сиз кɵп кабаттуу ʏйдʏн 1-кабатында же болбосо жер ʏйдɵ жашасаңыз тезинен коопсуз жерге чыгуу зарыл;

— Кɵп кабаттуу ʏйдʏн  экинчи  же  андан жогорку кабаттарында болсоңуз, имараттан чыгып кетʏʏгɵ аракет кылбаңыз;

— Лифт колдонууга жана тепкич менен тʏшʏʏгɵ болбойт;

— Керектʏʏ документтер, буюмдар салынган баштыкты даярдап коюңуз;

— Эң башкысы дʏрбɵлɵңгɵ тʏшпɵңʏз;

— Жер титирɵɵдɵ терезеден оолак болууну унутпайлы;

— Негизги дубалдардын бириккен жеринде туруңуз;

— Бийик имараттардын жанында болсоңуз, урандылардан жаракат албаш ʏчʏн ачык жерге баруу зарыл;

— Жогорку кабаттан секирбеңиз;

— Керебеттин жана столдун астына жашынбаңыз;

— ʏзʏлгɵн электр чубалгыларынан  оолак болуңуз.

— Ɵзгɵчɵ кырдаалдардан турак-жайыңызды камсыздандыруу зарыл.

— “101 жана 112” кызматтарына маалымат бериңиз.

ƟКМнин Ош  шаары боюнча башкармалыгынын  ƟƟААж АКИБнʏн офицери  капитан Тургунбаев С.

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *