27 апреля, 2024

Кыргыз тилин даңазалаган жаштар

Муктаждык болгон жерде аракет да пайда болот. Бʏгʏн кыргыз болуп тɵрɵлʏп, бирок кыргыз тилин ʏйрɵнʏп жаткандар кɵп. Бул ɵкʏнʏчтʏʏ болгону менен жаман деп айтууга да болбойт. Биздин каармандар  жаш болгонуна карабай кыргыз тилинин ɵнʏгʏшʏнɵ жан ʏрɵп келишет. Бири – тээ Америкада америкалыктарга кыргыз тилин ʏйрɵтсɵ, экинчиси – Кыргызстанда, кадимки инстаграмда “Тилимпоз” деген баракча аркылуу кыргыз жаштарын туура жазууга, туура сʏйлɵɵгɵ ʏндɵп келет.

Блумингтондогу  Индиана университетинин кыргыз тили сабагынын окутуучусу Айтурган Нурдинова:

“Кыргыз тили АКШда ʏйрɵтʏлʏп жатканы мени сыймыктандырат”

— Ɵзʏңʏз жɵнʏндɵ маалымат берсеңиз.

— Ош шаарында туулуп, Жалал-Абад шаарында ɵсʏп-чоңойдум. Учурда ата-энем ошол жакта жашашат. “Сапат” билим лицейин окуп бʏтʏрдʏм. Кыргыз-Тʏрк “Манас” университетинде англис тили жана адабияты бɵлʏмʏнʏн бакалавр, ал эми 2017-2019-жылдары ошол эле университетте англис тили филологиясы бɵлʏмʏнʏн магистратура программасын аяктадым. Баарын кызыл диплом менен бʏткɵнмʏн. Кыргызстанда 8 жыл англис тили мугалими болуп эмгектендим. Америкага келерден мурда ɵзʏм бʏтʏргɵн З. Нурматова атындагы кыздар лицейинде англис тили кафедрасынын башчысы болуп иштедим.

— Америкага кантип окутуучу болуп барып калдыңыз?

— Америкага дʏйнɵдɵгʏ эң пресстиждʏʏ программалардын бири “Фулбрайт” программасы аркылуу келдим. 2021-жылы кʏчʏмдʏ сынап кɵрɵйʏн деп бир жылга созулган республикалык тандоодон ɵтʏп, АКШнын Блумингтондогу Индиана университетине кыргыз тилин ʏйрɵтʏʏ жана маданиятыбыз менен тааныштыруу максатында келгенмин. 2023-жылдын 10-августунан бери эмгектенип келем. “Фулбрайт” боюнча студенттер, мугалимдер жана илимий изилдɵɵчʏлɵр Америкага келип окуп жана иштеп кетсе болот.

— Америкада кыргыз тилин ʏйрɵнʏʏгɵ кимдер кызыкдар?

— Биздин университет АКШ боюнча эң кɵп, тактап айтканда 70тен ашуун тил ʏйрɵтʏлгɵн жер болуп эсептелет. Жана бул университетте “Борбор Евразия илимдери” бɵлʏмʏ бар. Ушул бɵлʏмдʏн студенттери Борбор Евразияга караштуу тилдерди ʏйрɵнʏʏсʏ абзел. Кɵбʏнчɵ тарыхчылар, антропологдор, эл аралык мамилелер бɵлʏмʏндɵ окугандар ʏйрɵнʏшɵт.

-Окуткан студенттериңиз жɵнʏндɵ айтып бериңизчи.

— Жылда кыргыз тилин 3-4 жаңы студент ʏйрɵнɵт. Бул жылы 3 студентим бар. Менимче кызыгуусу ашып, кɵздɵрʏ жанып, билим алып, чын жʏрɵктɵн кыргыз тилин ʏйрɵнгʏсʏ келген адамга бир нерсе ʏйрɵтʏʏ эч кыйын эмес. Студенттердин аракетчилдиги жана тырышчаактыгына аябай таң калдым. Ɵзгɵчɵ кыргыз тилин ʏйрɵнʏп жаткандарга ыраазы болдум. Алар тилди гана ʏйрɵнбɵстɵн, маданиятыбызды да жайылтууга ɵз салымдарын кошуп келишет. Мисалы, кечээ опера концертине барып, студентим Бессини жолуктурдум. Суукка карабай ʏстʏндɵ кыргыз кемселин кийип келиптир. Мындай кɵрʏнʏшкɵ аябай кубандым. Бен аттуу студент болсо, кыргыз фольклоруна кызыгып, фольклор аркылуу тарыхыбызды изилдеп жатат. Дагы бир студентим Кимберли ушул жылдын башында Кыргызстанга кетти. Ал жакта туризмге ɵзʏнʏн салымын кошуп жʏрɵт. Ушундай студенттер менен кантип сыймыктанбайбыз анан!

— Мугалимдиктен башка да жумуш кыласызбы?

— Бул жакта бир эле жумушум бар. Кыргыз тилин ʏйрɵтʏʏдɵн тышкары кээ бирде башка бɵлʏмдɵргɵ барып Кыргызстан жɵнʏндɵ лекция ɵтɵм. Негизи кыргыз тилин 3 деңгээлге бɵлʏшкɵн: башталгыч, улантуучу жана жогорку улантуучу. Бул жылы башталгыч жана улантуучу деңгээлге гана студенттер жазылган. Бир студентим 2 жыл мурун Кыргызстанга окуучу болуп барып кыргыз ʏй-бʏлɵдɵ жашаган. Ал алар менен байланышын ʏзгʏсʏ келбейт жана бир туугандай болуп калган кыргыз эже-сиңдилери менен кыргызча баарлашууну каалайт.

— Кыргыз тилинин азыркы абалына эмне дейт элеңиз?

— Бир окуя эсиме тʏштʏ. Кыргызстанга туризм жаатында иштɵɵгɵ кеткен студентим Кимберли менен ал-акыбал сурашып сʏйлɵшʏп калдык. Ал азыр Бишкек шаарында. Алгач эле: “Айтурган, мен Америкада жарым жыл эртең менен туруп, университетке барып кыргыз тилин аз болсо да ʏйрɵнʏʏгɵ бардык аракетимди жумшадым. Бирок бул жакта эч ким кыргызча сʏйлɵбɵйт экен. Кыргызча кайрылсаң да орусча жооп беришет. Мен ʏйрɵнгɵн кыргызчамды унутуп да калдым”,- деп бир жагынан таң калып, бир жагынан капаланды. Бул жакта аябай чоң сыймык жана аракет менен эне тилиңди ʏйрɵтɵсʏң, бирок ɵз мекенибизде эне тилибизге кɵп маани берилбей калып  жатат.

— Ɵзʏңʏз канча тил билесиз?

— Мен 4 тилде эркин сʏйлɵйм. Орус бала бакчасына барганмын, мектепте орус класста окудум. Тʏрк лицейинде жана университетинде сабактарды англис тилинде окудум. Бирок жалаң кыргызча сʏйлɵгɵн ʏй-бʏлɵдɵ жана кыргызча китептер толгон ʏйдɵ чоңойдум. Ата-энем да мугалимдер, улуттук баалуулуктарды аздектеген адамдар. Ар бир адам каалаган тилинде сʏйлɵɵгɵ акысы бар. Бирок эне тилибизди баарыбыз билʏʏгɵ милдеттʏʏбʏз. Жана кыргыз тилин ʏйрɵнʏп жаткан чет элдиктерге да колдоо кɵрсɵтʏшʏбʏз керек деп ойлойм.

“Тилимпоз” долбоорунун негиздɵɵчʏсʏ Тилек Нурдинов:

“Кыргызча туура жазып, туура сʏйлɵй алган муунду тарбиялагыбыз келет”

— “Тилимпоз” деген баракчаны ким алып барары мени аябай кызыктырды.

— Мен Бишкек шаарында тɵрɵлʏп, окуп, эмгектенип келатам. Бала чагымдын кайсыл бир бɵлʏгʏ айылда да ɵткɵнʏ азыркы ишмердʏʏлʏгʏмɵ тʏздɵн-тʏз таасирин тийгизип жатат деп ойлойм. Биринчи кесибим финансы-экономика адиси, экинчи кесибим – филолог, кыргыз тили жан адабият мугалими. “Тилимпоз” долбоору менен бирге туура жазуу, сɵздʏ туура колдонуу маселелери боюнча жеке сабактарды ɵтɵм. Чет тилдʏʏ, бирок кыргыз тилинде сʏйлɵгʏсʏ келген саясатчыларга да сабактарды уюштуруп келем.

— Бул долбоор качан башталды эле?

— Пандемия учуру себепкер болду. Анткени ошол убакытта биз аралыктан окуп калдык. Социалдык тармактарда дээрлик кыргыз тилинде кыска, так, даана маалыматтар жок экен. Муктаждык пайда болду. Эмне ʏчʏн бизде ушундай мʏмкʏнчʏлʏк болуп туруп аны жасабаска деп эң жɵнɵкɵй сʏрɵт редакторго постторду жасап, инстаграмга сала баштадык. Тез эле эл арасында таанымалдыкка ээ болуп, бул долбоор жʏрʏп кетти.

Биздин коомдогу туура жазуу, кеп маданияты, сɵз байлыкты кеңейтʏʏ маселелерине ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурууну, жаш муундун кыргыз тилине кызыгуусун жогорулатууну максат кылдык.

— Сабаттуу жаштарды тарбиялоо ишмердʏʏлʏгʏңʏз кандай ɵнʏгɵт, кандай пландар бар?

— 4 жыл аралыгында социалдык тармактар аркылуу эле “туура жаз, кыргызча сɵздɵрдʏн этимологиясы, тʏшʏндʏрмɵ, сɵздʏк кор, жер-суу аттары, инфографика, пунктуация” жана башка тʏрдʏʏ багытта рубрикаларды, иш-чараларды ɵткɵрʏптʏрбʏз. “Заманбап кыргыз тили” аттуу биринчи форум ɵттʏ. Экинчи форумду 2024-жылдын 15-мартына пландадык. Жыл сайын ɵткɵрʏлʏʏчʏ форум, жолугушуу, кыргыз тили тууралуу сʏйлɵшʏʏ аянтчасы болгону турат. Борбордо орус тилдʏʏ же башка тилдʏʏлɵр кɵбɵйʏп кеткендиктен, форум Бишкек шаарында ɵтʏп келет. Аймактарда, жер-жерлерде да туура жазуу, туура сʏйлɵɵ, сабаттуулукту жогорулатуу маселесин колго алсак деген ойдомун. Анткени, ɵлкɵнʏн бардык аймактарында бул маселелер орчундуу бойдон. Айдан ачык далили социалдык тармактарда кɵрʏнʏп турат. Постторго жазылган пикирлер кʏнʏмдʏк, жɵнɵкɵй кɵрʏнʏшʏ мʏмкʏн. Бирок, келечек муун ʏчʏн олуттуу. Туура сʏйлɵп, туура жазган улут гана ɵзʏнʏн тилинде илим-билим, технология тууралуу сʏйлɵшɵ алат.

— Канча адам эмгектенет?

— Биздин команда болжолдуу 8-10 адамдан турса, ыктыярчылар кɵп. Ыктыярчылар кɵбʏнчɵ “Катасыз кыргыз тили” долбоорунда активдʏʏ. Аймактардагы ар кандай кɵрнɵк-жарнактар, мекемелердеги кɵргɵзмɵ куралдардан ката кɵрʏшсɵ, сʏрɵткɵ тартып жɵнɵтʏшɵт. Кыргыз тилине кайдыгер эмес жарандардын жардамы менен ал каталар оңдолуп келет. Ката кɵрсɵ “ий, ката экен” деп кетип калбай, биргеликте оңдоого кызыкдар болгон жарандарга муктажбыз.

— Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин ʏйрɵтʏʏдɵ кайсыл эмгекке таянасыз?

— Жакында бир нече китеп дʏкɵндɵрʏнɵ бардым. Ар ким  ɵзʏнɵ тууралаган, ɵзʏ каалагандай жазып жана ушинтип жазса болот деген тʏшʏнʏктʏ киргизип жаткан китептер кɵп экен. Тил бул коммуникация куралы болгондуктан негизги иш милдетин аткаруу ʏчʏн баарыбыз бирдей жазып, бирдей сʏйлɵɵгɵ аракет жасашыбыз керек. Адабий тилдин нормасы конституциялык жаңы кабыл алынган мамлекеттик тил  тууралуу мыйзамда да кɵрсɵтʏлгɵн. Биз 2008-жылы  Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин  редакциясында  кандай жазылса, баарыбыз ошондой жазууга жана башкаларды жаздырууга ʏгʏттɵɵгɵ милдеттʏʏбʏз. Ошол жазуу эрежелеринин негизинде чыккан кыргыз тилинин орфографиясына дагы сʏйɵнɵбʏз. Бул эки эмгек туура жазуу, туура сʏйлɵɵ сыяктуу эмгектерибизге негиз болуп берет. Башка жазуу эрежеси, окуу китептери дал ушул эмгектерге таянышы керек. Бул кынтыксыз сакталуучу эреже.

— 8-10 адамдын каржы жагы кандай болот?

— Ар тʏрдʏʏ бир жолку колдоолор, кубаттаган жакшы пикирлер, грамота, ыраазычылык каттар болот. Бирок туруктуу каржы булагыбыз жок. Бул маселе бизди ойлондурат. Ага карабастан биздин мʏчɵлɵр ɵзʏбʏздʏн каражатыбызды топтоп эл агартуу, элди сабаттуулукка чакыруу ишинде алдыга жыла беребиз жана ыктыярдуу тʏрдɵ иштеп келатабыз. Эне тили, мамлекеттик тилибиз ʏчʏн кылган ар бир ишибиз бʏгʏн жана келечекте пайдасын тийгизсе, биздин жʏрɵгʏбʏз ток болот.

Маматали кызы Бʏкалча